Достор болуп мектептен чыгып, биздин ʏйдɵ сабакты чогуу даярдаганы бара жатканбыз. Кɵчɵ боюнда, ʏйʏнʏн алдындагы узун отургучта дубалга жɵлɵнʏп олтурган Керим атага салам берип калдык. Жанында Каным эне да бар экен. Экɵɵ кобурашып отурушуптур.

– Сен кимдин баласысың? – деди мага карап.
Кимдин баласы экенимди билет да деп мен ичимден таң калып калдым. Ошентсе да:
– Бакыттын! – дедим.
– Атаңды билем, чоң аталарыңды айтчы? – деди Керим ата.
Мен атамды, чоң атамды айтып, андан ары билбей калдым.
– Сенин чоң атаң мыкты комузчу болгон.
– А сен Рустамдын баласысың да, жети атаңды айтчы, – деп Керим
ата Садыкка карады.
Садык тɵрт атасын айтып, такалып калды. Аңгыча биздин
жаныбызга Зейнеп да келип калды.
– Сенин чоң атаң Кадыркулбу, кызым? – деп Керим ата Зейнепке
кайрылды.
– Ооба, ата! Мен Кадыркул чоң атамдын небересимин.
– Мына, туура таптымбы?!
– Сенин чоң атаң, чоң энең менен жакшы тааныш элем. Бетиңдеги
меңиңди кɵрʏп, чоң энеңе окшоштурдум. Басканың, сʏйлɵгɵнʏң болсо Кадыркулдун эле ɵзʏ экен. Чоң энең чебер ууз эле, шырдактарды мыкты жасачу.
– Зейнеп да чебер, ɵткɵндɵ шырдакча жасап, райондо биринчи орунду алды, – деп Садык классташыбыз Зейнепти мактап жиберди.
Керим ата менен Каным эненин биздин жети атабызга кызыгып, алар жɵнʏндɵ кантип билип жаткандарына таң калдым. Кээде мени чоң атаңа окшошсуң деп калышчу. Ал сɵзгɵ кɵңʏл бурчу деле эмесмин, эми ойлонуп калдым.
Зейнеп, Садык, мен – ʏчɵɵбʏздʏ эмне ʏчʏн чоң ата, чоң энелерибизге окшоштуруп жатышкандары кызык болду. ʏйгɵ барып, ата-энелерибизден сурап кɵрɵлʏ деп чечтик.
– Бул – генетика, – деп менин суроомо жооп берди атам.

Ата-энем жети атам тууралуу айтып беришти. Окшоштуктар укумдан-тукумга ɵтɵ тургандыгы жɵнʏндɵ угуп, генетикага кызыгып интернеттен издеп баштадым. Бул илимдин аныктоосу боюнча, адамдын денеси триллион клеткадан турат. Клетка – денебиздин куруучу материалы. Алардын ар биринин ɵз жумушу бар. Бир клетка – кɵргɵнгɵ, бири – укканга, дагы бири – сезгенге жардам берет. Дагы башка клеткалар денеге кычкылтекти ташып, аба менен камсыз кылса, бирɵɵсʏ бʏт организмге жеген-ичкен тамактарды жеткирип берет. Ар бир адамда клетканын эки жʏздɵй тʏрʏ болот. Эки жʏз клетка ɵздɵрʏнʏн ар тʏрдʏʏ кызматтарын аткара берет. Ал иштеп турганы ʏчʏн адам тирʏʏ жʏрɵт. Клеткалар молекула аркылуу бизге басуу, тамак ичʏʏ, ыйлоо, кʏлʏʏ, сʏйлɵɵ сыяктуу, эмне кылуу керектигин билдирип турат. Ошол молекула ДНК деп аталат. ДНК – бул нускама сыяктуу, анын жардамы менен кɵп клеткаларга буйрук берилет. ДНК – ɵзʏ кооз, ийри кош спиралдан тʏзʏлʏп, тепкич сыяктуу болот. Ар бир тепкичтин аты бар. Алар A, T, C жана G. Бул тɵрт дос бири-бири менен ɵтɵ ынак, ынтымак болуп жʏрʏшɵт. Мисалы, A менен T – эң жакын достор, C менен G – бири-бирисиз жашай алышпайт. Илимде ушул тɵрт тамга менен белгиленген клеткалар адамдын денесин тʏзɵт деп айтылат. Клеткалар тууралуу ачылышты биринчи жолу 1664-жылы англиялык ойлоп табуучу Роберт Гук изилдеп тапкан. Дагы бир маанилʏʏ нерсе – клеткалар бир адамдагы маалыматтарды чогултуп, аларды кийинки урпактарына ɵткɵрʏп берет. Маалыматтар магнитофонго жазылгандай, сакталып кала берет. Ошол маалымат генетика илими деп аталат. Бул илим адамдын генин жана анын адам денесиндеги ролун изилдейт. Ушул илимдин ачылыштары белгилегендей, ата-эненин гени аманат катары анын баласына, кыскасы, укум-тукумуна ɵтʏп турат. Ошону ʏчʏн бир тукумдан тараган адамдардын мʏнɵздɵрʏ, жʏрʏш-турушу, ɵңʏ-тʏсʏ, бой-келбети бири-бирине окшошуп калышы мʏмкʏн. Кээде оорулары да ɵтʏп калат. Эртеси биз жолугуп, окуган жана билгендерибизди ортого салдык. Балдар да кɵп кызыктуу маалыматтарды таап келишиптир. ʏчɵɵбʏз эми ʏй-бʏлɵбʏздʏн генеалогиялык дарагын жасамай болдук. Ал даракты Керим ата менен Каным энеге да кɵрсɵтɵбʏз…
Автор: Абдыкерим Муратов
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы