2025-жылдын башында Ош облусунда ботулизм илдетине кабылган 10 адам катталып, анын экɵɵ илдеттен улам кɵз жумду. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ Ɵзгɵндɵ бир ʏй-бʏлɵ колдо жасалган компоттон ууланып 5, 12 жаштагы балдар ɵмʏр менен коштошкон.Адам ɵмʏрʏнɵ коркунуч жаралбашы ʏчʏн тамак-аш коопсуздугуна байланыштуу кандай эрежелерди сактообуз керек, консерваланган азыктар эмнеси менен кооптуу жана ботулизмди алдын алуу жолдору тууралуу Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун тамак-аш гигиенасы боюнча башкы адиси Дария Жапарова жооп берет.

-ʏй шартында консерваланган азыктар ар бир ʏйдɵ кезигет, аны жебей коюу мʏмкʏн эмес. Этияттап жеш керек болгон азыктарды белгилеп ɵтсɵңʏз?
-Туура, негизи кыш мезгилинде ʏй шартында консерваланган азыктар тынбай колдонулат. Алардын ичинен кыямдар (варенье, джемдер) кооптуу деп саналбайт. Анткени керектʏʏ ɵлчɵмдɵ кошулган кумшекер (50% ашык кошулса) ботулизмдин таякчалары кɵбɵйбɵйт жана токсин (уу) бɵлʏп чыгарбайт. Ошондой эле жемиштерден даярдалган компоттор да коопсуз делет, себеби алар жерге тʏшпɵй, бышып турган жеринен дарактан терилип алынат.
-Демек, жерге тʏшкɵн жемиштер кооптуубу, ага кайсыларды мисал келтирʏʏгɵ болот?
-Мисалы, азыркы учурда компоттордун арасынан ɵрʏктʏн ширеси эң кооптуу болууда. Айрым ʏй кожейкелери эзилип кеткен ɵрʏктʏ жерден терип, таза жуубай консервалашууда. Азыктарды бир эле чайкап койбой, ар бирин таза жууш керек. 2025-жылдын 8 кʏн ичинде 10 адам ботулизмден жабыркап, тилекке каршы, алардын ичинен 5 жана 12 жаштагы балдар каза болуп калды. Алар ɵрʏктʏн ширесин ичишкен экен.
-Ботулизм илдети деген эмне жана ал кайсы азыктарда кɵп кездешет?
Ботулизм латын cɵзʏнʏн – ботулис микробу бɵлʏп чыгарган уудан (токсин) пайда болуучу, капысынан башталып, катуу кармаган оору. Ал нерв системаларынын жабыркашына, оору ɵтʏшʏп кетсе шал оорусуна, жадагалса ɵлʏмгɵ алып келиши ыктымал. Ботулизмдин козгогучтары жаратылышта кеңири таралган жана анаэробдук шартта жашап, споралары айлана-чɵйрɵдɵ ɵтɵ чыдамдуу. Оорунун козгогучу эмес, ал пайда кылган токсин коркунучтуу болуп саналат. Ботулизм кɵбʏнчɵ ʏй шартында консерваланган азыктардын ичинен ɵрʏк ширеси, помидор, баклажан, кɵк чɵптɵр кошулган салаттар, туздалган бадыраңда. Анткени жерде ɵскɵн жер жемиштерге топурактан ботулизмдин таякчалары кошо жакшы жуулбаган учурда азыкка ɵтʏп, кычкылтексиз чɵйрɵдɵ токсин бɵлʏп чыгара баштайт.
-Капкагы кɵɵп калган банканын кооптуулугу канчалык?
-Ботулизм токсини бар консерваланган азыктар кɵбʏнчɵ жыты, ɵңʏ, тʏсʏ, даамы ɵзгɵрбɵйт. Бирок, банкалардын капкагы кɵɵп калган учурда азыктардын бети кɵгɵрʏп, кɵктɵп калган азыктарда сɵзсʏз уулануу болот. Ботулизмдин негизги ɵзгɵчɵлʏгʏ бир банкадан бир нече адам жесе арасынан кээ бирлери ууланат, кээ бирлери ууланбай калышы мʏмкʏн, бул ботулизмдин таякчалары жыш жайгашкан жерде токсиндин топтолгондугу менен байланыштуу.
“Жеңил тʏрлɵрʏ 8 кʏнгɵ чейин билинбеши мʏмкʏн”
-Ботулизм илдетине кабылган адамдын белгилери канча убакта билине баштайт же азыкты канчалык кɵлɵмдɵ жеп-ичкенине байланыштуубу?
-Ботулизмдин белгилери 12-36 сааттын ичинде билине баштайт, канчалык эрте билинсе ошончолук оору оор формада ɵтɵт. Жеңил тʏрлɵрʏ 8 кʏнгɵ чейин билинбеши мʏмкʏн. Ботулизм башталганда бейтаптар биринчи кʏнʏ 1-2 жолу кусуп, 1-2 жолу ичи ɵтʏп, алсырап, башы айланат. Андан кийин жутунуу, дем алуу кыйындап, ич катып, кɵздɵрʏ жумула баштайт, кɵзгɵ предметтер экиден кɵрʏнʏп, туман, торчолор кɵрʏнɵ баштайт. Бул нерв системасынын жабыркашына байланыштуу.
“Оорунун оор тʏрʏ эрте билинет”
-Оорунун оор тʏрʏ – адамдын организмине кирген токсиндин ɵлчɵмʏнɵ байланыштуу болот. Канчалык токсин кɵп кирген болсо оору ошончолук оор жана белгилери эрте билинет. Ботулизмден жабыркаган бейтаптардын дээрлик кɵпчʏлʏгʏ реанимация бɵлʏмʏнɵ оор абалда тʏшʏшɵт. (Практика жʏзʏндɵ), атайын кечиктирилгис медициналык жардам кɵрсɵтʏлʏп, ботулизмге каршы сыворотка берилгенден кийин абалдары жакшырат.
-Сыворотка кандай жардам бере алат?
-Ботулизмди дарылоодо ботулизмге каршы сыворотка колдонулат. Булар А, В жана Е тибиндеги сывороткалар. Сывороткалар антидот сыяктуу токсинди нейтралдаштырат. Эгерде сыворотка берилбесе, башка эч нерсе жардам бербейт. Сыворотка да биринчи кʏнʏ берилбесе, токсин организмге тарап кетсе эффект болбойт. Ошондуктан канчалык эрте медициналык жардамга кайрылса, ошончолук жакшы. Оорулууга сыворотка берилбей калса, медицанлык жардамга кеч кайрылса ɵлʏмгɵ учурашы мʏмкʏн.
Ботулизмдин таралуусу Ош шаарында кɵп кездешеби?
-Ботулизм Ош шаарында кɵп эле кездешет. 2024-жылы шаарыбызда 9 учур катталып, 14 адам жабыркаган. Жылдык кɵрсɵткʏчтʏ карасак 20-30 адамдын тегерегинде ботулизм илдетине кабылышат.
-Бул илдетке каршы вакцина же профилактика барбы?
-Ботулизмге каршы вакцина жок. Профилактика катары азыктарды даярдоодо эрежелерди толук сактоо керек. Жашылчаларды абдан таза жууп, банкаларды стерилдештирʏʏнʏ, технологиялык талаптарды сактоо менен заводдо консервацияланган азыктарды колдонууну, ʏй шартында консервацияланган азыктарды туш келди жерден сатып албоону сунуштайбыз.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы