20 августа, 2025

Жылкыны узак жолго “портер” менен ташыбаңыз!

Калкыбыздын басымдуу бɵлʏгʏн айыл тургундары тʏзɵт. Айыл-чарбасы да ɵлкɵнʏн приоритеттʏʏ багыттарынын бири. Демек, айыл-чарбасынын маанилʏʏ бɵлʏгʏ болгон мал кармоо тууралуу да айрым эрежелерди биле жʏрʏʏбʏз керек. Уй, кой, жылкыга тиешелʏʏ бир нече кеңештерди сунуштайбыз.

Жылкы кайсы учурда жɵтɵлɵт? Тузду аз жегенден же суук ɵткɵндɵн улам мал жɵтɵлʏп калуусу мʏмкʏн. Жылкыны катуу чаап, кʏч келтиргенде же жеген тоюту чаң болуп, жем тазаланбай берилсе да жɵтɵлɵт. Негизи 50-60 пайызы тоюттун сапатына байланыштуу. Азыр техника жеткиликтʏʏ болуп калгандыктан тердеп турган аттарды портерлерге салып алып узак жактарга ташышат. Мындай учурда кɵп аттардын ɵпкɵсʏнɵ суук ɵтɵт.

Жылкыларга ар дайым таза жана жеткиликтʏʏ суу болушу зарыл. Кʏнʏнɵ жылкы 25-45 литрге чейин суу ичет.

Антибиотик сайылган уйдун этин 28 кʏнгɵ чейин колдонгонго болбойт. Сʏттʏ бир аптага чейин пайдаланууга жараксыз деп эсептелинет. Ал эми майда жандыктардан кой, эчкинин эти 21 кʏнгɵ чейин, сʏтʏ бир аптага чейин колдонулбайт.

Айрым учурда фермерлер койдун жугуштуу оорусу жок болсо да, себепсиз ооруп калган кой, эчкилерди адалдап коюуга аракет кылышат. Эгер койду союу аракети болсо, ага антибиотик сыяктуу эч бир дарыны бербɵɵ керек. Болбосо этин ыргытууга туура келет.

Эксперттер жана ветеринарлар бʏгʏнкʏ кʏндɵ кɵбɵйʏп жаткан онкологиялык ооруларга ветеринариянын да таасири чоң деп эсептейт. Алардын кɵз карашында эт, сʏт азыктары кулинарияда ɵтɵ кеңири колдонулат. Ошондуктан фермерлер дарыларды ветеринардын кɵрсɵтмɵсʏ аркылуу алууну сунуштайт. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ балдардагы аллергиялык оорулардын кɵбɵйʏшʏнɵ малга сайылган химиялык препараттардын кесепети тийбей койбойт. Адам организминде дароо кʏчɵп кетпесе да акырындап организмди жабыркатат.

Малды бит, кене басып кетсе атайы каражаттар менен жууп, капельница же витаминдерди колдонгон оң. Тоюттун рационун ɵзгɵртʏп дарыласа да болорун ветеринарлар сунушташат.

Уй бооз болгондон баштап 6-8 айга чейин тоюттун курамы ар кандай болуу керек. Туурга 2 ай калганда силос, сенаж сыяктуу чыктуу тоют бергенге болбойт. Берсе да аз кɵлɵмдɵ берген оң. Уй туурга бир ай калганда жемди токтотуу керек. Туугандан кийин да 10 кʏнгɵ чейин жем берилбейт. Уузу тарап сʏт бере баштаганда чыктуу тоют аралаштырса болот.

Мастит же желиндин сезгенишин алдын алуу ʏчʏн бооз малдарга жана сʏт берип жаткан уйларга тоютту туура берʏʏ зарыл. Бооз уйду бир жерге байлап коюуга болбойт, ал тынбай басып туруусу керек. Туугандан кийин тону бат тʏшсɵ жакшы, эгер тону тʏшпɵй же кыйлада кармалып тʏшсɵ да желини сезгениши мʏмкʏн. Кожойкелер желинди алгач жылуу суу менен таза жууп, массаж кылып туруп анан саайт. Музоосу канчалык тез-тез эмсе уйдун желинине массаж болуп, музоо да бат чоңоюп, иммунитети бекем болот.

Ветеринарлар уйдун от жебей калуусун тʏрдʏʏ себептерге байланыштырышат. Балким жугуштуу оорудан улам же микроэлементтин жетишсиздигинен улам жем жебей калуусу мʏмкʏн. Экинчиден, уйлар кɵлчʏктɵн суу ичкенде миллиондогон микробдор ашказанына кирип, тогуз каттын иштɵɵсʏндɵ кɵйгɵй жаратат. Андан сырткары малга бир жумада туз берип турбаса туз сурап жердеги целлофан жана башка сиңбеген заттарды жегенде дагы тогуз катка терс таасирин тийгизет. Витамин жетпей калган учурда да адаттан тыш нерселерди жей баштайт. Билип-билбей ɵз алдынча дарылоо уйдун абалын ого беттер начарлатышы мʏмкʏн.

Тоют катары саманды такай колдонуу туура делбейт. Самандын курамындагы клетчатка тамак сиңирʏʏгɵ гана жардам берет, бирок, ичке жугумдуу эмес. Мындан сырткары беде 20 сантиметр болгондо орулса, курамындагы протеин 90%га чейин сакталат. Беденин бою канчалык ɵсʏп, гʏлдɵгɵн сайын кʏчʏ кетип, пайдалуулугу азаят. Жʏгɵрʏ, арпа, кʏнжара сыяктуу жемдерди тɵрт тʏлʏк малдын рационуна сɵзсʏз кошуңуз.

Кɵпчʏлʏк фермерлер малга жемди кышта же жазга чыгарда гана беришет. Бул туура эмес. Малга жайлоодон келиши менен жем бере башташ керек. Ошондо гана ич майы сакталып, семиз турат. Август, сентябрь айларында кайткан малды октябрь, ноябрга чейин сыртта кармоонун кереги жок. Биздин климаттын шартында 1-октябрдан тарта уйларды сарайга байлаган туура. Мал деле адам сыяктуу жылуу жерде азыкты кɵп жеп, тамагы жакшы сиңет. Суукта турса тоютту аз жеп, арыктайт, кене, бит басат. Арыктаганда суук тийип, ичи ɵтʏп, сʏтʏ азаят.

Жылдын ысык мезгилдеринде паразиттер малга сарык ооруларын кɵп жугузушат. Кээ бир адамдар мал сойгондо ɵпкɵ, боору жараксыз чыгып калса итке берип коюшат. Андагы коркунучтуу эхинококкоз курттары иттин ичинде ɵрчʏп, ит бакчаны аралаганда заңы аркылуу жашылча-жемиштерди булгашы мʏмкʏн. Абада эки саатка чейин тирʏʏ жʏрʏʏгɵ жɵндɵмдʏʏ курттун жумурткалары (тенииддер) болот. Негизи мал союлуучу жайларда жараксыз органдарды эки саат кайнатуу жолу менен ит, мышыктарга, куштарга кайра пайдаланууга беришет. Айылда мындай органдарды кɵмʏш керек.

Айжылдыз Тойчиева

About The Author