Баткенде отуруп эле бир катар мыкты ырларды жазып, обон чыгарган Орозбек Сапаров деген ырчы бар. “Айжамал”, “Кош эмесе, мектебим” сыяктуу ырларды эстесеңиз, азыр да ырдалып келет. “Издеп келем жер кыдырып, келбес жакка кеткен экенсиң…”деген саптары бар ырдын автору да Орозбек Сапаров. Ырлары башка ырчылардын аткаруусунда кɵп ырдалып жʏрɵт. Учурда кайрадан жаңыланып ырдалып аткан бул ырдын тарыхына кошо ырчыдан ɵнɵр жолу тууралуу сурадык.
“Алгачкы обонумду 11-классымда чыгардым”

— Чыгармачылыкка окуучу кезимде эле кызыгып баштаганмын. 11-классты бʏтʏп жаткан мезгилим эле. Обончулук талантым бар экенин адегенде ɵзʏм деле билчʏ эмесмин. Окууну бʏтʏп жаткан мезгилибиз болгон ʏчʏн бир досум “Кош эмесе, мектебим” аттуу ыр жазып келген экен. Гитара чертип олтуруп ошол ырга обон чыгарып калдым. Биринчи обонум мына ушинтип жаралган. Ошондон баштап талантым ачылып баштады. Анан эле ɵзʏмдʏн альбомумду чыгарып 10дой ырды жаздырып, касетага тʏшʏргɵнмʏн. Чыгарган ырларым элдин купулуна толуп, ошондон баштап обон жазуу талантымды ɵнʏктʏрʏп баштадым.
“Кичинекей кезимде эле кыйын бала элем”
— Кичинекей кезимде 4-5-класста окуп жʏргɵндɵ красканын идишинен барабан жасаганым эсимде. Айлантып ар бир звукту зым менен чыгарып, чапкылап ырдачумун. Анан мектепте окуп жʏрʏп 7-8-классымда эле колдо комуз жасаганмын. Мектептеги досторумдун гитара чертип жʏргɵнʏн кɵрʏп, кызыгып, гитараны да ошол убакта ʏйрɵнʏп алганмын. Гитараны ʏйрɵнгɵнʏмдɵн кийин эң биринчи “Кош эмесе, мектебим” жана “Жуучу келет жаным, бʏгʏн босогоңо” деген эки обон жаздым. Менин мындай ырларды жазып обон чыгаруума эң биринчи себепкер атам. Атам ɵзʏ сɵзʏн жазып берчʏ эле, анан мен обонду жазып барсам атам угуп кɵрʏп баалайт. Жакса жакты деп, жакпаса жакпады дечʏ. Атамдын купулуна толгон ырларымдын баары архивде сакталуу. Мындан сырткары 30-40тай обондорумду жоготуп алдым. Кээде социалдык тармактардан жоголгон ырларымды таап алган учурларым да болот. Мындай учурда дароо ɵзʏмɵ жʏктɵп, архивге кошууга аракет кылам.
“Чыгармачылык ата-бабамдан ɵткɵн белек”
— Чыгармачылыкты мен ɵзʏм тандап алган жокмун, Жараткан тарабынан берилген белек деп ойлойм. Негизи чыгармачылык мага ата-бабаларымдан ɵткɵн талант. Анткени чоң атам, атам, абам баары чыгармачыл инсан болгон. Бири обончу болсо, бири ырчы, бири акын. Ɵзʏмдʏн атам Топчубай, ʏнʏ аябай кооз киши болгон. Тамашалап достору атамды Радж Капур деп атап коюшчу экен.

“Обон эргʏʏ келгенде гана жаралат”
— Обондордун, ырлардын жазылышына адегенде алгач кандайдыр бир сезим тʏрткʏ болот. Балким, ал кубануу сезими болушу мʏмкʏн, же капалануу же кайгыруу. Устаздарыбыз айткандай “жʏрɵктʏ таза кармабасак, илхам булактары жабылып калат”. Ошол сыңары жараткан тарабынан ар бирибизге илхам деген нерсе берилген. Болгону аны туура пайдаланып, келген учурда кармап калышыбыз керек. Эргʏʏсʏз обон, ыр да жарата албайбыз. Бул бизге берилген кʏч десек да болот. Бул нерсе, жʏрɵгʏ тынч жана таза адамдарга келет экен. Ɵзʏбʏз деле ойлосок, жʏрɵгʏбʏздɵ кыжаалатчылык, кɵйгɵй деген нерселер кɵп болсо, башыбызга ыр эмес, ой дагы келбейт эмеспи. Бирок кандай болгон кʏндɵ да, жʏрɵгʏбʏздʏ таза сактаганга аракет кылышыбыз керек деп ойлойм. Анткени тынч жʏрɵктɵ бактылуулук, тынчтык жаралат, анан обон ырлар жаралат (кʏлʏп).
“Эркинбек агамды эстеп…”
— 1998-жылдары кандайдыр бир себептер менен катуу ооруп тɵшɵктɵ жатып калдым. Адамзаты бир нерсенин кадырын башына келгенде билет эмеспи. Анын сыңарындай мен дагы ооруп калганымда ден соолугумдун кадырын билип, анан жатып алып кɵп нерсени ойлондум. Адамдар ушинтип эле о дʏйнɵгɵ кетип калышабы деген ойлор келди. Мен ооруп жаткандан бир-эки ай мурда Эркинбек деген агам дʏйнɵдɵн кайткан эле. Бир чети ошого дагы кусаланып, кɵп нерселерди ойлоп сыгылдым. Анан жɵн жатпай ойлорумду кагаз бетине чиймелеп, ыр жазчумун. Ошол мезгилде “Издеп келем” аттуу ырым жаралган. Ооруп жаткандагы биринчи оюма келген нерсе, ушул ырымдын сɵзʏ эле. Кийин сакайып, ордумдан туруп калганда ырымдын обонун жараттым. Андан кийин элге тартууланып, эл дагы аябай жакшы кабыл алды. Негизи бизде мындай маанидеги ырлар, обондор аз жаралат окшойт. Себеби эл дагы айткысы келген сезимди ырдан уктубу, айтор ыр чыгаары менен эле кɵп адамдын жʏрɵгʏнɵн орун тапты.

“Хит болуп жаткан ырымды бир айда жазып бʏткɵнмʏн”
— “Издеп келем” ыры 1 айдын ичинде толук жазылып бʏткɵн. Бирок мен ʏчʏн бул убакыт нормалдуу эле кɵрʏнʏш. Анткени бир жыл, жарым жыл дегенде деле жазып бʏткɵн ырларым бар. Ырлардын кеч жазылышынын себеби кайра эле келип, илхам деген нерсеге такалат. Анткени ыр жазып жатып, эргʏʏ качып кетсе ырың бʏтпɵй калат. Ал ырды улантыш ʏчʏн кийинки келишин кʏтɵсʏң. Кеч жазылган ырлардын себеби дагы ушундан болот. Бул кɵзгɵ кɵрʏнбɵгɵн кʏч болгондуктан, кайсы убакта келет, кайсыл убакта кетет, аны эч ким билбейт.
“Ырларымдын жаралуусуна сезимдерим тʏрткʏ болот”
— Мен жараткан ырларымдын, обондорумдун жаралуусуна сɵзсʏз тʏрдɵ бир нерсе себеп болот. Ар бир нерсени сезип, туюп ошого жараша ыр же обон жаратам. Эгер басып баратсам, кулагыма жагымдуу музыка же ыр угулса, ошол жерде катып калам. Балким, чыгармачыл адамдар же музыканы сʏйгɵн адамдар ушундай болсок керек. Музыкага ɵзгɵчɵ сезим менен карайбыз. “Адамдар уга албаган ʏндɵрдʏ обончулар уга алышат” деп да айтып коюшат го. Анын сыңары гитараны же комузду бурап жатканда деле кайсыл ʏн кайсыл жерге туура келет, баарын сезип туя алабыз. Мындай купуяны сезʏʏ деле ɵзгɵчɵ талант. Мен бул менен эмнени айткым келет. Жазган ырлдарымды, чыгарган обондорумду дагы кандайдыр бир уйгу- туйгу сезимдин тʏрткʏсʏ менен гана чыгарам.

“Баткенде отчеттук концертимди ɵткɵрʏп, студиямды ачтым”
— Былтыр Баткенде ɵзʏмдʏн жеке чыгармачылык отчеттук концертимди ɵткɵрдʏм. Жалаң ɵзʏмдʏн ырларым ырдалды, шакирттерим, устаттарым конок болду. Эл дагы ɵтɵ сонун тосуп алышты. Эми калган мʏмкʏнчʏлʏктɵр, пландарым алдыда. Буюрса, Бишкек шаарында дагы концертимди берем деп пландап жатам. Андан сырткары 7 дубанга дагы концерт коюуну максат кылып койдум. Ал эми чыгармачылыкта обондорду жазып жатам. Буюрса, элибизге тартуулайбыз. Азыркы учурда жеке студия ачканмын. Шакирттерим менен биргеликте иштеп жатабыз. Дагы жаңы чыгармаларды жаратабыз деген ʏмʏтʏбʏз чоң.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы