21 августа, 2025

Тоок бизнеси: Кʏнʏнɵ 100 миң жумуртка

Тоок багуу бизнеси айыл чарба тармагында перспективалуу жана кирешелʏʏ иш болуп эсептелет. Бул тармакка киришʏʏ ʏчʏн туура даярдык, билим жана так пландоо талап кылынат. Тоок бизнеси жумуртка жана эт ɵндʏрʏʏ менен гана чектелбестен, рынокто туруктуу киреше табууга мʏмкʏнчʏлʏк тʏзɵт. Мына ушул тармакта ишин жʏргʏзʏп жаткан ишкер Кара-Суудагы канаттуулар фермасынын, “Бибикей Групп” компаниясынын башкы директору Сардор Салимов менен баарлаштык.

Сардор Салимов тоок багуу менен 5 жылдан бери алектенет. 2020-жылы ɵнɵктɵштɵрʏ менен канаттуулар фермасын жана “Бибикей Групп” компаниясын негиздеген. 2021-жылдан баштап бул компаниянын башкы директору болуп иштеп келет. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ аталган ири тоок ферма кʏнʏнɵ 100 миңден ашуун жумуртка алышат.

-Сардор мырза, тоок бизнесин кантип баштагансыз?

-Мен 2017-жылдан 2020-жылдын октябрь айына чейин “Туран Групп” компаниясында инженер болуп иштегем. Анда иштеп жʏрʏп ферма сатылып жатканын угуп калдым. Сатып алып иштетʏʏнʏ пландадым. Адегенде бир канча адамдар менен сʏйлɵшʏп, базар боюнча маалымат алып, сооданы ʏйрɵнʏп баштадым. Эгерде тоок ферманы ɵзʏнʏн эле багытында иштетсек кандай иш болотт деп кɵп издендим. Кɵрсɵ биздин ɵлкɵдɵ ɵзʏн- ɵзʏ камсыздоо начар экен. Кɵбʏнчɵ жумуртка сырттан келет экен. Бизнести баштаганда адегенде ушуга окшогон кɵйгɵйлɵрдʏ чечʏʏнʏн жолун издедим.

-Тоок багуудагы кыйынчылыктар кайсылар?

-Тоок багуунун негизги кыйынчылыгы санитардык режимде. Стресстен тоокторду сактап калуу бул эң кыйын нерсе. Жемин же башка нерсесин азыраак же кɵбʏрɵɵк, кээде убактысында бербей койгон дагы болбойт. Биз тооктордун жемин Бишкектен алып келип берчʏ элек. Анан Казакстанга ɵттʏк. Ошол кезде тоокторубуз азыкты ылгап, ичи ɵтʏп, бир жума жумуртка бербей калган. Жемге кɵнгʏчɵ жумуртка бербеди. Ушундай учурда тоокторду сактап калуу аябай кыйын.

Жергиликтʏʏ тоок жумурткалары бизде эң жакшы деп эсептелет. Биздин климатка жакшы кɵнгɵн, ооруларга туруктуу болушат жана туруктуу ɵндʏрʏм беришет. Мындан тышкары, жергиликтʏʏ тоокторду багуу жеңил, анткени алар биздин шарттарга ылайыкташкан. Алар таза, табигый азык менен азыктанып, экологиялык жактан ɵзгɵчɵ витаминдерге жана пайдалуу ɵндʏрʏш ʏчʏн жакшы болушу мʏмкʏн. Ошондуктан, жергиликтʏʏ тоокторду багуу пайдалуу, алардын азыктары да дени сак жана экологиялык жактан таза деп ишенимдʏʏ айта алам.

-Тооктордун ден соолугун сактоо, ооруларын алдын алуу боюнча кандай кеңештерди бере аласыз?

-Тооктордун ден соолугун сактоодо санитардык-гигиеналык шарттарды камсыз кылуу абдан маанилʏʏ. Тооктор бир адамга кɵнʏп калса, сырттан башка адам кирсе, стресс алып калышы мʏмкʏн. Ошондуктан, тоокторго дайыма бир эле адам карап, башкаларды киргизбеген оң. Стресс тооктордун иммунитетин тɵмɵндɵтʏп, ар кандай оорулардын чыгышына шарт тʏзɵт. Ошондой эле башка чарбадан же башка жерден тоок алып келип кошуу да оорулардын таралышына себеп болушу мʏмкʏн, анткени жаңы тооктор инфекция же ооруларды алып келиши ыктымал. Канаттуулардын ден соолугун сактоо ʏчʏн алардын тамак- ашына да ɵзгɵчɵ кɵңʏл буруу керек. Тамактандыруу балансталган жана витаминдерге бай болушу шарт. Жергиликтʏʏ шартка ылайык келген азык менен камсыз кылуу тооктордун иммундук системасын бекемдеп, ооруларга туруктуулугун арттырат. ʏзгʏлтʏксʏз желдетип,  таза кармоо да абдан маанилʏʏ. Санитардык эрежелерди сактоо менен тооктордун ден соолугун жана ɵндʏрʏмдʏʏлʏгʏн жогору кармоого болот.

-Азыктандырууда эмнелерге кɵңʏл буруу керек?

-Тоокторду азыктандырууда ар бир тооктун ɵзʏнɵ ылайык тамак-аш рецеби болушу керек. Бул рецепттерди ɵз алдынча ɵзгɵртʏʏгɵ же эксперимент кылууга болбойт. Анткени ар бир тооктун тамактануу талаптары ветеринарлар, технологдор жана зоологдор тарабынан иштелип чыккан. Ошол себептен тооктордун тамактануусун адистердин сунуштары боюнча так сактоо керек. Эгер туура азыктандыруу режими сакталса, тооктор ден соолукта болуп, ʏзгʏлтʏксʏз тʏрдɵ жумуртка берет. Мындан сырткары тоокторго берилʏʏчʏ азыктар тең салмактуу, керектʏʏ витаминдер жана минералдар менен камсыз болушу зарыл. Тоокторду туура тамактандырганда, алар ооруларга туруктуу болуп, ɵндʏрʏмдʏʏлʏгʏ жогорулайт. Тамак-аштын сапаты, курамы жана ɵлчɵмʏ маанилʏʏ. Андыктан туура ɵсʏшʏ жана кɵп жумуртка бериши ʏчʏн аларды туура азыктандыруу багуучунун эң негизги милдеттеринин бири.

-Климаттык шарттар тоокторго кандай таасир тийгизет жана аны кандайча эске алуу керек?

-Климаттык шарттар чоң таасир тийгизет. Ɵзгɵчɵ суук мезгилде, тооктордун организминдеги энергия жана калориялар денени жылытуу ʏчʏн жумшалат. Бул учурда алардын бардык азыгы дене температурасын сактоого кетип, ɵндʏрʏмдʏʏлʏгʏ, айрыкча жумуртка туушу тɵмɵндɵп кетет. Тооктор суукта жумуртка туубай коюшу мʏмкʏн. Климаттык шарттарды эске алуу ʏчʏн тооккаана жылуу жана кургак болушу керек. Суук аба ɵтпɵгɵн, жылуулук сактоочу шарттарды тʏзʏʏ тооктордун энергиясын сактап калууга жардам берет. Ошону менен жумуртка берʏʏ да ʏзгʏлтʏксʏз жʏрʏп турат. Ошондой эле суук мезгилде кɵбʏрɵɵк азыктарды берʏʏ зарыл. Анткени жылуулук ʏчʏн кɵбʏрɵɵк калория талап кылынат.

-Бул тармакта иш баштоону каалаган адамдарга кандай кеңешиңизди бересиз?

-Эң биринчи тоокторду багуу боюнча жетиштʏʏ билим жана даярдык алуу керек. Тоок багуу жɵн гана жем берип, жумуртка алуу эмес, жоопкерчиликти жана пландоону талап кылган тармак. Алгач багууга ылайыктуу тоок жумурткаларын тандоо абдан маанилʏʏ. Климаттык шарттарды эске алып, тоокканага жылуулук жана санитардык шарттарды тʏзʏʏ керек. Экинчиден, туура тамактандыруу, витаминдер менен камсыздоо алардын ден соолугун жана ɵндʏрʏмдʏʏлʏгʏн камсыздайт. ʏчʏнчʏдɵн, ветеринардык кɵзɵмɵлдʏ дайыма сактоо керек. Эмдɵɵлɵр жана санитардык тазалык ооруларды алдын алат. Ошондой эле бул иште сабырдуулук жана туруктуулук керек. Себеби дароо чоң киреше кʏтʏлбɵйт. Убакыт талап кылынат. Ишти пландап, сапатка кɵңʏл бурсаңыз, ийгиликке жетесиз.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author