Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке жактардын бирдиктʏʏ салык декларациялары боюнча тынымсыз прокурордук кɵзɵмɵл жʏргʏзʏлʏп келʏʏдɵ. Атап айтканда, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан бул багытта отчёттук мезгилде жалпы 11 текшерʏʏ жʏргʏзʏлʏп, жыйынтыгында 129 мыйзам бузуучулук аныкталып,108 мыйзам бузуучулук четтетилип, ченемдик укуктук актыларды четтетʏʏ боюнча 2 сунуштама келтирилген. 43 кызмат адамына карата укук бузуу ɵндʏрʏш иши козгоо менен негизинен кароо ʏчʏн сотко материалдар жиберилип, Ош шаардык соту тарабынан аларга айып пулдар салынган. Анткени, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-берененин 1-бɵлʏмʏндɵ ушул берененин кʏчʏ тɵмɵнкʏдɵй жеке жактарга карата колдонулат: 1) саясий, атайын мамлекеттик кызмат ордун ээлеген адамга; 2) административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлеген адамга; 3) мɵɵнɵттʏʏ аскер кызматын ɵтɵп жаткан аскер кызматчыларын, жогорку аскердик окуу жайларынын курсанттарын жана угуучуларын кошпогондо, укук коргоо органдарынын, дипломатиялык кызматтардын кызматкерине жана аскер кызматчысына; 4) саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жана ээлеген адамга; 5) Улуттук банктын тɵрагасына жана анын орун басарына деп кɵрсɵтʏлгɵн. Ушул эле кодекстин 106-беренесинин 7-бɵлʏгʏнʏн 2-пунктуна ылайык, бирдиктʏʏ салык декларациясы календардык жыл ʏчʏн тʏзʏлɵт жана ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бɵлʏгʏндɵ кɵрсɵтʏлгɵн жеке жак тарабынан — отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин бериле тургандыгы кɵрсɵтулгɵн.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы 687 сандуу токтому менен бекитилген «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктʏʏ салык декларациясында кɵрсɵтʏлгɵн маалыматтарды изилдɵɵ тартиби жана талдоо жʏргʏзʏʏнʏн негиздери жɵнʏндɵ» Жобонун 11-пунктуна ылайык, толтуруунун тууралыгын жана толуктугун текшерʏʏдɵ декларацияда каралган бардык параметрлерди чагылдыруу жана толтуруу, ошондой эле ага декларантка жана анын жакын туугандарына таандык бардык мʏлктʏ киргизʏʏ фактысы изилденет деп белгиленген.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жɵнʏндɵ» Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бɵлʏмʏнʏн 1-пунктунда кызматчы Конституцияны жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алуу менен кызматтык милдетин жана кызматтык ыйгарым укуктарын, тиешелʏʏ мамлекеттик органдардын жана жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган чечимдерин ак ниеттʏʏ аткарууга милдеттʏʏ деп белгиленген.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенʏʏ жɵнʏндɵ” Мыйзамынын 7-беренесинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларацияда маалыматтарды бербегени же болбосо билип туруп анык эмес же толук эмес бергени ʏчʏн ээлеген кызмат ордунан бошотуу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тизмекке киргизилген мамлекеттик жарандык кызмат же муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамды мамлекеттик жарандык кызматтан же муниципалдык кызматтан ээлеген ордунан бошотуу ʏчʏн же ага карата юридикалык жоопкерчиликтин башка чараларын колдонуу ʏчʏн негиз катары белгилɵɵ жагы кɵрсɵтʏлгɵн.
Андыктан, Ош шаарынын прокуратурасы учурдан пайдаланып, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдарга ɵздɵрʏнʏн кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мʏлкʏн бирдиктʏʏ салык декларациясына ɵз убагында, толук жана анык кɵрсɵтʏʏ зарыл экендигин эскертет.
Ош шаарынын прокуратурасынын бɵлʏмʏнʏн улук прокурору С.Жунусов
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы