18 октября, 2024

Кызматтык жана экономикалык кылмыш иштердин тергɵɵсʏнɵ жʏргʏзʏлгɵн кɵзɵмɵлдʏн абалы

Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан “Кылмыштардын бирдиктʏʏ реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасына катталган кызматтык жана экономикалык кылмыш иштер боюнча Кара-Суу РИИБнин тергɵɵ кызматы тарабынан козголуп, тергелип жаткан кылмыш иштер боюнча кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугуна ʏзгʏлтʏксʏз кɵзɵмɵл жʏргʏзʏлʏп келʏʏдɵ.

Аталган багытта иш алып барууда прокуратура тарабынан ар бир жогорудагы категориядагы козголгон кылмыш иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде кɵрсɵтʏлгɵн прокурордун ыйгарым укуктарына ылайык, тергɵɵнʏ сапаттуу, толук, ар тараптуу жана объективдʏʏ жʏргʏзʏлʏʏсʏ тергɵɵчʏлɵргɵ берилген жазуу жʏзʏндɵгʏ кɵрсɵтмɵлɵрдɵ талап кылынып келет.

Алсак, 2023-жылдын 12 айында Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жалпы 17 кылмыш иш козголуп, мурдагы жылдан калдык болуп ɵткɵн кылмыш ишерди кошкондо райондук прокуратура тарабынан жалпы 27 кылмыш иш боюнча тергɵɵ амалдары жʏргʏзʏлʏп, тергɵɵнʏн жыйынтыгы менен 5 иш соттук кароого жиберилип, 7 кылмыш иш ɵндʏрʏштɵн кыскартылып, 11 иштин тергɵɵсʏ токтотулуп, 4 иш ɵндʏрʏштɵ калган.

Тергɵɵсʏ аяктаган кызматтык кылмыш иштер боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ичинен жалпы 10 776 213 сом ɵндʏрʏлгɵн, анын ичинен акчалай тʏрдɵ 8 328 327 сом, ал эми натуралай тʏрдɵ 2 447 886 сомду тʏзɵт.

Ал эми аталган мɵɵнɵттɵ Кара-Суу РИИБнин тергɵɵ кызматы тарабынан кызматтык кылмышка байланышкан жалпы 41 кылмыш иш боюнча тергɵɵ амалдары жʏргʏзʏлʏп, тергɵɵнʏн жыйынтыгы менен 2 иш соттук кароого жиберилип, 11 иш ɵндʏрʏштɵн кыскартылып, 5 иш башка иштерге бириктирилип, 20 иштин тергɵɵсʏ токтотулуп, 3 иш ɵндʏрʏштɵ калган.

Тергɵɵсʏ аяктаган кызматтык кылмыш иштер боюнча келтирилген зыяндын ичинен жалпы 11 276 906 сом ɵндʏрʏлгɵн, анын ичинен акчалай тʏрдɵ 365 906 сом, ал эми натуралай тʏрдɵ 10 911 000 сомду тʏзɵт.

Мисалга алсак, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын жана Савай айыл ɵкмɵтʏнʏн кызматкерлери ɵздɵрʏнʏн кызмат абалынан пайдаланышып, мамлекеттик фонддун балансындагы жер тилкелеринин багытын аныктоочу документтерди жасалмалап, жеке жактарга сатып жиберишкен. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 336-бер. (коррупция) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергɵɵнʏн жыйынтыгы менен тийиштʏʏ кызмат адамдарына айыптары угузулуп, кылмыш иш соттук кароого жиберилген.

2024-жылдын 1-кварталында райондук прокуратура жана РИИБ тарабынан жалпы 3 кылмыш иш козголуп, РИИБнин тергɵɵ кызматы тарабынан жалпы 13 кылмыш иш боюнча тергɵɵ амалдары жʏргʏзʏлгɵн. Тергɵɵнʏн жыйынтыгы менен 3 кылмыш иш ɵндʏрʏштɵн кыскартылып, 2 иштин тергɵɵсʏ токтотулуп, 8 иш ɵндʏрʏштɵ калган. Белгиленген мɵɵнɵттɵ, экономикалык кылмыштар боюнча 1 кылмыш иш козголуп, тергɵɵнʏн жыйынтыгы менен ɵндʏрʏштɵн токтотулган. Ошондой эле жер маселесине байланышкан 1 кылмыш иштин тергɵɵсʏ аяктап соттук кароого жиберилген.

Мисалы, “Дачалар боюнча башкармалыгы” ассоциациянын тɵрагасы Кара-Суу районунун Тɵлɵйкɵн айыл аймагынын жайыт комитетине тишелʏʏ жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алууну кɵздɵп, жер тилкеге тиешелʏʏ жасалма документтерди жасап, жеке жактарга сатып жиберген.  Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын 209-бер., 212-бер. жана 379-бер. каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергɵɵнʏн жыйынтыгы менен кылмыш иш негизинен кароо ʏчʏн соттук кароого жиберилген.

Кызматтык жана экономикалык кылмыштар мамлекеттин экономикасына жана коопсуздугуна терс таасирин тийгизип, мамлекеттин ар тараптуу ɵнʏгʏʏсʏнɵ бут тосот.

Учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кɵрсɵтмɵсʏнɵ ылайык кызматтык жана экономикалык кылмыш иштер боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдердин мыйзамдуулугуна кɵзɵмɵл жʏргʏзʏлʏп, бул багытта иштер улантыла бермекчи.

Кара-Суу районунун прокурорунун улук жардамчысы  Ж.Малабаев