Кандай козу карындар коркунучтуу болушу мʏмкʏн?
Жалпысынан алганда, козу карындар ʏч категорияга бɵлʏнɵт:
• толугу менен жегенге мʏмкʏн болгон;
• шарттуу тʏрдɵ жегенге мʏмкʏн болгон;
• коркунучтуу (уулуу) козу карындар.
ʏйдɵ ɵстʏрʏлгɵн жапайы козу карындар уулуу болбосо да организмге терс таасирин тийгизет. Козу карындар ар кандай заттарды ɵзʏнɵ сиңирип алгандыктан аларда мисалы, жамгырдан же чаңдан келген оор металлдардын туздары топтолот.
Талаага жакын козу карындарды чогултуу да кооптуу болушу мʏмкʏн, анткени пестициддер айыл чарбасында кеңири колдонулат. Организмге анча-мынча зыяндуу заттар кирсе алсыздык, баш айлануу, жʏрɵк айлануу сезилиши мʏмкʏн. Мындай симптомдор болжол менен бир кʏнгɵ созулат.
Эски козу карындар да коркунучтуу, анткени алар пайдалуу гана эмес, зыяндуу заттарды да ɵзʏнɵ топтоп алат. Эгерде сиз эски козу карын таап алсаңыз аны жегенге болбойт. Кууруу да, кайнатуу да, туздоо да жардам бербейт!
Эң коркунучтуу токой козу карындарынын тʏрлɵрʏ – жолдордун боюнан чогултулган. Жол боюндагы козу карындар ɵтʏп бараткан унаалардан чыккан газдарды жана бардык зыяндуу заттарды соруп алат. Маршрут канчалык кɵп болсо, козу карын ошончолук кɵп химиялык заттарды сиңирип, организмге терс таасирин тийгизет. Сезондун кызуу маалында ушундай ууланууларды кɵп кездештиребиз.
Козу карындарды ким, кантип жана каяктан чогултулганын, кантип сакталып, банкаларга салынганын билбейсиз. Бактериялар менен кичине эле байланышуу токсиндер менен катуу ууланууга алып келишин унутпаныз!
Уулануу учурундагы тез жардам
Козу карындардын 50дɵй тʏрʏ уулуу касиетке ээ экени белгилʏʏ. Эң коркунучтуулары – мухомор жана поганка, кызыл чымын агарын, ɵрмɵк,була чɵп аттуу козу карындар. Уулуу козу карындарды жегенден кийин жабырлануучу кусуп, кɵңʏлʏ айланып, ичи ооруйт. Бул белгилер уу келгенден 1-2 сааттан кийин аныкталат. Андан кийин гиперсаливация, каректердин кысылышы жана дем алуу активдʏʏлʏгʏнʏн борбордук типтеги бузулушу пайда болот. Жʏрɵк ритминин бузулушу жана конвульсиялар пайда болушу мʏмкʏн. Оор учурларда эс-учун жоготуп, дем алуу тездеп жана жʏрɵк жай согуп калат.
Уулануунун белгилери пайда болгондо биринчи кезекте тез жардам чакыруу керек. Бирок, тез жардам келгенге чейин олуттуу кесепеттерди алдын алуу ʏчʏн чаралар кɵрʏлʏшʏ керек:
1.кустурууга аракет кылуу (эгер жок болсо);
2.туз эритмеси менен ашказанды чайкоо (бир литр сууга бир чай кашык, жок дегенде жети литр ичʏʏ);
3.активдештирилген кɵмʏрдʏ (активированный уголь) 10 кг салмакка бир таблеткадан алыңыз.
4. Эгерде адам кандай козу карындар менен ууланганы белгисиз болсо, алардын четке кагылган сыныктарын кийинки изилдɵɵлɵр ʏчʏн сактап коюу сунушталат.
Кимдер козу карын жебеши керек?
Уулануу коркунучунан тышкары, козу карындарды керектɵɵдɵ жалпы каршы кɵрсɵтмɵлɵр жɵнʏндɵ эстен чыгарбоо керек.
Аларга гастрит, жаралар, ичеги-карын оорулары, ошондой эле бɵйрɵк жана боор менен байланышкан кɵйгɵйлɵр кирет. Козу карындардын курамында организм ʏчʏн кыйын сиңирʏʏчʏ хитин деген зат бар. Ошондуктан, сиз аларды этиятсыздык менен колдонбошуңуз керек, ар кандай азыктар сыяктуу эле, качан токтотуу керектигин билʏʏңʏз сиз ʏчʏн жана сиздин жакындарыңыз ʏчʏн пайда алып келет.
Туура бышыруу зарыл
Туура эмес сактоо же даярдоо тамактануунун бузулушуна же ууланууга алып келиши мʏмкʏн.
Ошентсе да эгерде сиз чогулган жапайы козу карындардын сапатына ишенсеңиз жана аларды бышыра турган болсоңуз, анда аларды эң аз дегенде 15 мʏнɵт кайнатуу керек экенин унутпаңыз. Андан кийин гана кууруу же бышырууга болот. Козу карындар канчалык жакшы кайнатылса, организмдин ууулануу коркунучу ошончолук аз болот.
Сиз козу карындарды жети айдан ашык эмес каалаган формада сактай аласыз. Ошондуктан даярдап жатканда таңгакталган датасы жазылган этикетка чаптаганды унутпаңыз.
Козу карын терʏʏдɵгʏ этияттык
Эгерде сиз жɵн гана козу карын терʏʏгɵ чыгууну пландап жатсаңыз, анда сакталышы керек болгон бир нече маанилʏʏ эрежелерди унутпаңыз:
1.Барардан мурун кайсы козу карын жесе болот, кайсынысы уулуу экенин жакшылап изилдеп алыңыз.
2.Сиз билген козу карындарды гана териңиз. Эгерде сиз бул козу карынды жесе болоруна ишенбесеңиз, аны терип албаңыз.
3.Тажрыйбалуу адамды ээрчитип алыңыз.
3.Козу карындарды баштыктарга эмес, экологиялык баштыктарга же себеттерге чогултуңуз.
4.Козу карынды ар дайым сабагы бʏтʏн кесиңиз.
5.Козу карындарды терген кʏнʏ эле тандап, кайнатыңыз. Аларды кылдаттык менен кайра карап чыгууну унутпаңыз.
6.Эгерде кээ бир козу карындар ʏйдɵ кʏмɵн жаратса мисалы, алардын жалбырагы, буттарынын жоктугу, курттардын издери же ашыкча бышкан болсо — аларды ыргытуудан коркпоңуз.
Санитардык дарыгер Д. Жапарова
Окшош макалалар
ОшТУда “Манас” күнүнө карата тегерек стол болуп өттү
ЖИКС – саламаттык сактоодогу глобалдуу көйгөй
Жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшырылды