27 июля, 2024

Таланттарга бай айтылуу Тɵлɵйкɵн айылы

Ош шаарынан алыс эмес, Ак-Бууранын баюнда, бак-дарактуу жерде жайгашкан атактуу бир айыл бар. Кичинекей Гапар атасын ээрчип ушул айылдан чоң ааламга аттанган. Жолон аба менен Меңди эжени сʏйʏʏсʏ башталган айыл. “Бир квартал тарыхы” рубрикабызда чыгаан акындарды, сʏрɵтчʏлɵрдʏ, спорт чеберлерин жана башка кɵптɵгɵн мыкты мекенчил улан-кыздарды чыгарган Тɵлɵйкɵн айылы тууралуу баяндайбыз.

Тɵлɵйкɵн айылынын тʏптɵлʏшʏ

Азим Эрматов, айыл аксакалы, аксакалдар сотунун тɵрагасы.

-Болжол менен мындан 300 жыл мурда, 1700-жылдары Муңгуштун баласы Тɵлɵйкɵн уруусунун конушу Сулайман-Тоонун айланасындагы айылдарда жашаган. Кыргыз мал-жанга жакын эл эмеспи, тɵлɵйкɵндʏктɵр да тɵрт тʏлʏк малын багабыз деп жайытты карай жылып отуруп бул жакка келген. Ошол бойдон Сулайман-Тоодон баштап Даңгинин оозуна чейин Тɵлɵйкɵн аталып калат. Советтер союзу учурунда биздин айыл шаардын запастык жери катары эсептелгендиктен генпланы болгон эмес. Ошондуктан ɵнʏгʏʏсʏ бир аз кечеңдеп, газ, суу кийинчирээк келди.

Асылбек Аданбаев, айыл аксакалы.

-Чоң аталарыбыздын айтышы боюнча мурда Тɵлɵйкɵн ɵзʏнчɵ район болуп турган. Аймагы чоң болгондуктан, азырга чейин кичи райондор Тɵлɵйкɵн деп аталып жʏрɵт. 1936-жылдары Кара кыргыз автономиялуу облусунун тушунда Тɵлɵйкɵн сельсовети болгон. Ал учурда азыркы айыл ɵкмɵттɵр сельсовет деп аталчу. СССР убагында сельсовет башка, ал эми жерлер колхоз-совхоздуку болор эле. Мурда Тɵлɵйкɵн совхозу, кийин Кеңеш совхозу болуп тʏзʏлгɵн. Эгемендикти алгандан кийин колхоз-совхоздор жоюлду. Айыл ɵкмɵт болгон алгачкы жылдары Тɵлɵйкɵндʏ шаар аймагына кошушкан. Шаар анчейин эптей албадыбы, айтор Кара-Суу районуна ɵттʏк. Азыр эми административдик-аймактык реформанын негизинде кайрадан шаар аймагына кирди.

“9-класста Меңди эже сабак берди”

Азим Эрматов: Айылыбыздан чыгармачыл адамдар, коомдук ишмерлер, агартуучулар, дегеле ар тармактан мыктылар кɵп чыккан. Мисалы, Жээнбек Абдиев Кыргыз ССРнин коммуналдык чарба боюнча эмгек сиңирген ишмери, эки жолку «Даңк» орденинин жана «Эмгек, кызыл туу» ордендеринин ээси аталып, ысымы ВДНХнын ардактуу китебине тʏбɵлʏк киргизилген. Мындан сырткары Гапар Айтиев. Айти аба менен менин чоң атам Эрмат бир тууган болгон. Дагы бир сыймыктанган акыныбыз Жолон Мамытов. Окурмандардын жʏрɵгʏнɵн тʏнɵк тапкан, тʏбɵлʏктʏʏ ырларды жазып кетти. Азыркы Жолон Мамытов атындагы мектептен тɵмɵнʏрɵɵк басканда Жолон аганын ʏйʏ, суунун наркы бетиндеги коңшу Озгур айылында Меңди Мамазаированын ʏйʏ болгон. Биздин айылдагы мектеп 8 жылдык болгондуктан, 1967-жылы калган окууму Маяковский атындагы орто мектепте, тагыраагы азыркы Ж.Мамытов мектебинде уланттым. Меңди эже да ошол мектепте иштейт экен, бизге 9-класста сабак бере баштаган.

Расулберди Раимбердиев, ОшМУнун окутуучусу, юридика илимдеринин кандидаты.

“Агамын ысымы Жолой мергенден алынган”  

-Жолон Мамытов агам тɵрɵлгɵн жылы атам Касымалы Жантɵшовдун “Каныбек” романын окуп жʏргɵн болот. Чыгармада Жолой деген кыйын мерген жɵнʏндɵ жазылат. Ошондой мерген болсун деп атам Жолой деп койдурган экен. Документтерин жазганы барганда ал жердеги орус кызматкерлер Жолон деп жазып алышыптыр. Ошол бойдон Жолон болуп калган. 1943-жылы чоң атабыз согушка жɵнɵрдɵ Жолон агам 3 жашта болгон. Кийин чоң атам согуштан кайтпай калган экен.

Жолон агам алыспы-жакынбы ар бир адамга туура, салмактуу сɵздɵрʏн айтып, кеп-кеңешин аябайт болчу. Ɵзʏ тамашакɵй киши болгону менен кɵпчʏлʏктʏн алдында токтоо эле. Туугандарга абдан кʏйʏмдʏʏ болгон. Менин атам Раимберди Жолон агамын агасы. 1970-жылы атам катуу ооруп калат. Жолон агам ошондо Москвадагы М.Горький атындагы жазуучулар институтунда окуп жʏргɵн. Жай мезгилинде каникулга келгенде, атамы ооруканага жаткырдык. Сентябрда окуусуна кетпей биздин ʏйдɵ калып, агасын караган. Мен анда 7-класста окуйт элем. Мага китептерди кɵрсɵтʏп, мазмуну тууралуу айтып берип, экɵɵɵбʏз кɵп сʏйлɵшʏп калчубуз. Ошентип 2-октябрда атам каза болду. Жерге коюп, тажыясын ɵткɵрʏп бир жумадан кийин агам Москвага кетти. Кийинки жылы чачтары ɵскɵн абалда келиптир. Ɵзʏн эч андай алып жʏрчʏ эмес. Кɵрсɵ агасына аза кʏткɵн экен. Атамын жылдыгын ɵткɵргɵндɵн кийин чачын алып, кайрадан окуусуна кеткен.

Гапар Айтив менен жолугуу

-1973-74-жылдары пединститутта окуп жʏргɵндɵ кʏрɵш боюнча Бишкекке мелдешке барып калдым. Ал жакта окуган тɵлɵйкɵндʏк студент балдарга жолугуп, Гапар Айтиев менен учурашканы бардык. Эки кабаттуу сʏрɵт ʏйʏндɵ тɵлɵйкɵндʏк студенттер Жумаев Эргеш, Эрматов Азим агалар жашайт экен. Гапар аке менен отуруп кенен сʏйлɵштʏк. Ошол учурда биздин айылдагы Максутов Ырысбай агай математика илимдери боюнча кандидаттыгын коргогону тууралуу айтканымда аябай сыймыктанып “силер да ушундай чоң эмгектерди жасагыла” деп акыл-насаатын айтканы эсимде.  

Сонунбʏ Кɵчкɵнбаева, №37 Г.Айтиев мектебинин директору.

“Учурда 473 окуучу билим алат”

-Бул мектепке 1988-жылы жумушка келип, ошол жылдан бери иштеп келе жатам. Азыркы учурда Гапар Айтиев мектебинде 473 окуучу билим алат, 11 жылдык. Ɵткɵн жылы Элнура Алекова деген англис тилчи мугалимибиз жылдын мыкты мугалими аталган. 2012-жылы мектептин 8 каанасы ɵрттɵнʏп кеткенде жаңы имарат салынган эле. Калган эки корпусубуздун эскилиги жеткен. ƟКМ буга чейин авариялык абалда деп корутунду да чыгарган. Учурда шаардык билим берʏʏ башкармалыгы менен сʏйлɵшʏп, жаңы мектеп салдыруу боюнча тийиштʏʏ жактарга кайрылып жатабыз. Мектептеги сʏрɵт музейди Эрматов Азим агайыбыз тʏптɵгɵн. Гапар Айтиев мектеби болгондон кийин бизге музей керек болчу. Азим агай демилге кɵтɵргɵндɵ сʏйʏнʏп колдодук. Азыр мугалимдер музейди кɵздʏн карегиндей сактап карайбыз.

“Сʏрɵт музейине жаңы имарат курсак дейбиз”

Азим Эрматов: Коңшу Озгур айылында биздин класташыбыз Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, сʏрɵтчʏ Самидин Жоробаев жашайт. Ал киши менен кеңешип, 2022-жылы Гапар Айтиевдин 110 жылдыгын утурлай иш-чараларды сʏйлɵшʏʏ ʏчʏн Баатыр акеге бардык. Баатыр Жалиев Кыргыз ССРдин эл сʏрɵтчʏсʏ. ʏйʏнɵ барып отурсак Гапар Айтиевди тарткан бир сʏрɵтʏ бар экен. “Мына сʏрɵтʏмдʏ кимге беришти билбей жатам. Айтиев атындагы искусство мектебине берсемби же Тɵлɵйкɵнгɵ берсемби” деп калды. Биз туулган жерине бербегенде кайда бересиз деп сʏрɵттʏ алып алдык. Келип сʏрɵттʏ каерге илишти билбейбиз. Директордун кабинетинде турса мында кирген кɵрɵт, кирбесе жок деп ойлонуп отуруп акыры музейин ачмак болдук. Сʏрɵтчʏлɵрдʏн Оштогу союзуна барып, бирден-экиден сʏрɵт берʏʏнʏ сʏйлɵштʏк. Ошентип кырктай сʏрɵт чогулттук. Айрымдарын кɵргɵзмɵнʏн жеңʏʏчʏлɵрʏнɵн сатып алдык. Азыр музейде жʏздɵй экспонат бар. Бирок, музейибиз талапка жооп бербейт. Анткени бɵлмɵдɵгʏ нымдуулук, жарыктандыруу талапка жооп бербейт. Эң негизиси кароол болуусу зарыл. Анткени музейде абдан кымбат сʏрɵттɵр бар. Буюрса, жаштар менен биргеликте жаңы имарат салабыз деп аракет кылып жʏрɵбʏз.

Жаныбек Сагынбаев, айыл башчы.

Айылдын инфраструктурасы

-Учурда Тɵлɵйкɵн айылында 267 тʏтʏн жашап келет. Калктын басымдуу бɵлʏгʏ дыйканчылык, багбанчылык, мал чарбасы менен алектенишет. Кокон гилас, кулпунай эгип, асыл тукумдуу малдарды багып, кирешелʏʏ ишкердик кылып жаткандар арбын. Инфраструктурасына токтолсом, бир мектеп, бир бала бакчабыз бар. Учурда жаңы бала бакчанын курулуш иштери жʏрʏп жатат. Кɵчɵлɵргɵ жарыктандыруу толук кирген.

-Буга чейин айылда таза суу кɵйгɵйʏ болгон. Буюрса, быйыл киргизилет деп жатат, иштердин 70%ы бʏтʏп калды. Бакчадан мектепке чейинки аралыкта канализация казуу иштери жʏрʏʏдɵ. Газдын да биринчи этабы бʏтʏп айылга келген. Калган этабын баштоо ʏчʏн трубаларды, керектʏʏ материалдарды алып келгенбиз. Быйыл калган ʏйлɵргɵ да киргизилет.

Айжылдыз Тойчиева