Ош шаарындагы №30 А.Алиев атындагы орто мектебинде 23-апрель “Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө” карата “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында уюшулган “Авторлор кербени” аттуу жолугушуу кечеси болуп өттү. Кечеге мектеп директору Н.А. Сулайманова, окуу бөлүмүнүн башчылары Ш. Раева, Ф. Умаралиева, К. Юсупалиева жана башталгыч класстын окуучулары, класс жетекчилер катышышты.


Чолпон Карабаева, китепканачы.
“Бул иш чарабыздын максаты, окуучуларыбызды китеп окууга шыктандыруу, кызыктыруу. Ата-энелерди жана коомчулукту мектепке тартуу. Аталган кечебизге “Кирпи”, “Таштандылар аралы”, “Митайым чымчык”, “Кумурада эмне бар” жана башка аңгемелердин автору, балдар адабиятынын жаш жазуучусу Айжылдыз Тойчиеваны чакырганбыз. Кече суроо-жооп менен коштолуп, аябай кызыктуу өттү. Окуучулар авторго берген суроолоруна канааттандырарлык жоопторун ала алышты



Окшош макалалар
«ЭКИ ДОС» ТАНДЕМИ: Президент бардык суроолорго жооп берди
ООГАН СОГУШУ — УНУТУЛГУС САБАК
Тʏзʏлгɵнʏнɵ эки жыл боло элек ишкананын бюджети эки эсеге ɵсʏʏнʏн алдында турат