13 мая, 2024

Мыйзамсыз курулуштар боюнча прокурордук кɵзɵмɵл

Ош шаары Кыргыз Республикасынын экинчи борбору болуп, калк жыш жайгашкандыктан жарандардын турак-жайга болгон суроо-талаптар жогору. Ошондуктан мыйзамсыз курулуш курууга байланышкан маселелер орун алып келет. Ош шаарынын аймагында 2017-жылдан тартып бʏгʏнкʏ кʏнгɵ карата жалпы 149 кɵп кабаттуу турак-жайдын курулушу жʏргʏзʏлгɵн. Алардын ичинен аталган мɵɵнɵттɵ 40 кɵп кабаттуу турак-ʏйлɵрдʏн курулушу бʏтʏп, тийиштʏʏ органдар тарабынан расмий пайдаланууга (эксплуатациялоо) берилип, 8 кɵп кабаттуу турак-ʏйлɵрдʏн курулушу бʏтʏп, бирок пайдаланууга бериле элек, калган 101 кɵп кабаттуу турак-жайлар бʏгʏнкʏ кʏндɵ курулуп жатат. Алардын ичинен жалпы 17 кɵп кабаттуу турак-ʏйлɵр 2018-2020-жылдары тийиштʏʏ архитектуралык иш кагаздары жок ɵзʏм билемдик менен курулушу жʏргʏзʏлʏп, айрымдарынын курулуштары бʏтʏп, элдер жашап келет.

Бул багытта Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жʏргʏзʏлгɵн текшерʏʏлɵрдʏн жыйынтыгы менен 2017-жылдан тартып 25 кылмыш иши козголгон, алардын ичинен 14 кылмыш иш ɵзʏм билемдик менен кɵп кабатуу турак-ʏй курган фактылар боюнча козголуп, тийиштʏʏ кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылышкан. Ошондой эле шаардык прокуратура  тарабынан мыйзамсыз курулуштарды токтотуу жана буздуртуу боюнча доо арыздарды келтирʏʏ жɵнʏндɵ Ош шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгына сунуштамалар келтирилип, жогорудагы 17 мыйзамсыз курулуштардын бардыгы боюнча  аларды буздуруу ʏчʏн сотко доо арыздар келтирилип, алардын ичинен 6 мыйзамсыз кɵп кабаттуу курулуш сот тарабынан курган адамдардын эсебинен буздуруу боюнча чечимдер кабыл алынган. Калгандары боюнча соттук кароолор уланууда.  Бул багытта кɵзɵмɵл иштери улантылууда.