• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Баткен шаарында

Автор:Osh Shamy

Апр 22, 2024

Баткен шаарында тажрыйба алмашуу, ɵз ара байланыштарды чыңдоо жана сергек жашоо мʏнɵзʏн пропагандалоо максатында республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтʏʏ кеңештеринин ɵкʏлдɵрʏнʏн катышуусунда иш чара болуп ɵттʏ. Бул иш чара расмий жолугушуу менен башталып, аны Баткен шаардык кеңешинин тɵрагасы ачты. Андан кийин Президенттин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу ɵкʏлʏ, Баткен шаарынын мэри сɵз сʏйлɵп, конокторго жылуу саламдарын айтышып, иш-чарага ийгиликтерди каалашты. Шаардык кеңештердин тɵрагалары, алардын ичинде Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы Назылбеков Салман Сатыгулович иш чаранын катышуучуларына Ош шаарынын элинин жана депутаттарынын атынан ысык салам айтып, тажрыйба алмашууну арттырууда, ийгиликтʏʏ ɵткɵрʏʏнʏ каалап кетти.

Расмий жолугушуудан кийин Баткен шаарынын “Жаштык” паркында “Мадина” эстелигинде кыргыз-тажик чек арасында курман болгондорго куран окулуп эскерʏʏ болду андан соң Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышта дээрлик толугу менен талкаланып, жаңыдан тʏптɵлгɵн Достук айылы менен таанышуу болуп ɵттʏ.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *