• Пн. Сен 14th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Курулушу токтоп калган 275 орундуу мектеп быйыл пайдаланууга берилет

Автор:Osh Shamy

Апр 22, 2024

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов бир катар билим берʏʏ мекемелерине барып, жеринде жʏргʏзʏлʏп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жʏрʏшʏ менен таанышып чыкты.

Алсак, мэр №49 «Таң шооласы», №29 «Дарман», №62 «Каныкей», №60 «Арча Бешик» балдар бакчаларында жана «Келечек» балдардын чыгармачылык борборунда болуп, аталган имараттарда жʏрʏп жаткан ремонттоо иштерин кɵрʏп, бардык жумуштарды тийиштʏʏ деңгээлде сапаттуу жана ɵз мɵɵнɵтʏндɵ бʏткɵрʏʏнʏ тапшырды.

Ошондой эле калаа башчы “Алымбек Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын «Ирригатор» участкасында курулушу 2015-жылы башталып, токтоп калган 275 орундуу мектептин курулуш иштери менен таанышты.

Дээрлик 10 жылга жакын убакыттан бери бʏтпɵй турган мектептин курулушу кайра жанданды. Учурда бɵлмɵлɵрдɵ шыбак иштери жасалууда.

Мектептин аймагында спорттук зал, откана жана эки суу кампасы болуп, керектʏʏ бардык шарттары каралган.

Аталган мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кɵзɵмɵлʏндɵ турат. Билим берʏʏ мекемесин жаңы окуу жылынын карата пайдаланууга берʏʏ болжолдонууда.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *