19 мая, 2024

Профессор Абдимиталип Баймуратов:   “Илим жолу – татаал жол”

Каарманыбыз Абдимиталип Баймуратов бала чагынан эле илимдин сересине жетип, коомубуздун алгалоосунда из калтырууну максат кылып келген. Ошондуктан мектеп партасынан эле максаттарына жетʏʏ ʏчʏн аталардын акылын угуп, энелердин алкоосуна ээ болуп ɵскɵн. 1972-1977-жылдарда  “СССРдин 50 жылдыгы” атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетинде билим алып «Финансы жана кредит» квалификациясына ээ болгон. Жалпы эмгек стажы 50 жыл, анын ичинен 29 жылдан бери ОшТУда тажрыйбалуу илимпоз-насаатчы  катары  эмгек жолун улантып жатат. ʏй-бʏлɵлʏʏ, 4 баланы тарбиялап ɵстʏргɵн. Эгемендʏʏ кыргыз мамлекетинин илим-билим тармагына зор салым кошкон инсандарыбыздын бири, М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин профессору, экономика илимдеринин кандидаты, быйыл кутман курак 70 жашка чыккан Баймуратов Абдимиталип Абдиллаевич жɵнʏндɵ сɵз кылмакчыбыз.

“Ааламга жол айылдан башталат”

-Агай, кутман курагыңыз кут болсун, эмгек жолуңузду айтып берсеңиз…

-Рахмат. Мен 1954-жылдын 19-апрелинде Ош облусунун Ɵзгɵн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл аймагынын  Тʏз-Бел  айылында туулганмын. 1960-1970-жылдары Тʏз-Бел айылында “ʏлгʏлʏʏ” орто мектебин артыкчылык менен аяктадым. Эмгек жолум мамлекеттик банктын Ɵзгɵн районундагы бɵлʏмʏндɵ экономист болуу менен башталган. Андан кийин ошол эле банктын Алай райондук бɵлʏмʏндɵ башкармалыктын орун басары кызматында иштедим. Кɵп ɵтпɵй Ɵзгɵн районуна караштуу «Заргер», “Кыргызстандын 50  жылдыгы” совхоздорунда башкы экономисттик,  Ɵзгɵн райондук Партиялык администрациясынын уюштуруу бɵлʏмʏндɵ инструктордук кызматтарында ʏзʏрлʏʏ эмгектендим. Кийинчерээк   Ɵзгɵн райондук Социалдык камсыздоо мекемесинде жана “Куршаб Агротехсервис” ишканасында жетекчилик кызматын аркаладым.

Союз таркаган жылдары мамлекеттик ишканалар, жерлер менчикке айланып, ɵндʏрʏш токтоп, элдин жашоо шарты начарлап турган кезде ишканамдагы техникаларга кʏйʏʏчʏ май жана запастык тетиктерди таап ремонттоо бир топ кɵйгɵйлɵрдʏ жаратты. Ошого карабастан Ɵзбекстан Республикасы менен мамиле тʏзʏп, комбайндарыбызды оруп-жыюу иштерине катыштырып арендасына кʏйʏʏчʏ майларды ж.б. шаймандарды алып элдин жерин айдап, оруп-жыйнап кызматын кылып келдик.

“Студент болуу ɵзʏ чоң кадам”

-Жаштык, шаттык кезиңизди эске салсаңыз…

-Адам баласы жаралгандан тартып эле жашоо ʏчʏн кʏрɵшʏп баштайт. Ата-эненин тарбиясын алуу менен бирге алгачкы билимди орто мектептен алган болсо, белгилʏʏ бир адистиктин ээси болуш ʏчʏн орто жана жогорку окуу жайына тапшырат. Ошол жерден ɵмʏрдʏн кайталангыс керемет учурун – жаштык мезгилин ɵткɵрɵт. Окуу менен бирге оюн-кʏлкʏ, келечекке карай жакшы тилектер менен ɵз жашоосунун пайдубалын тʏптɵй баштайт. Студенттик кезимде кыйынчылыктар да, кызыктуу кʏндɵр да дурус эле кɵп болду. Окуу орус тилинде, жашоо студенттик жатакана, ата–эне алыста. Курсак тоюп–тойбой окудук. Жайкы каникулда курулуш отряддарында иштеп акча тапчубуз. Ошол эле кезде айылда ата–энебизге да келип кол кабыш кылчубуз.

Жаштык кез-жалын кез демекчи, маданий жана спорттук спартакиадаларга да катышып, эл-жер кɵрдʏк, жоро жолдош ашырдык.

“Илимий даража сɵзсʏз керек”

-Илим жолундагы тандап-изилдеген темаңыз кандай?

-Жогорку окуу жайда иштегенден кийин илимий даража сɵзсʏз керек экендигин тʏшʏнʏп илим жактаганга кириштим. Илимий темам замандын актуалдуу темаларынан эле тагыраак айтканда, Кыргыстандын финансы кредит тармагындагы кɵйгɵйлɵр жана анын келечеги тууралуу болчу, диссертациялык ишимди коргодум. Ошол кездерде ɵлкɵнʏн экономикалык финансылык абалы начар эле. Улуттук валютабыз сом жаңыдан рынокко кире баштаган эле. Илимий иштердин артынан студенттерди рыноктогу атаандашуучулукка туруштук бере турган компетенттʏʏ кадларды даярдоого бел байлап иштеп келе жатабыз.

Илимий эмгек жолумда 50дɵн ашык илимий макалаларым кɵбʏнчɵ чет элдик басылмалардан басылган. 20дан  ашуун илимий усулдук эмгектеримдин кɵпчʏлʏгʏ мамлекеттик тилде иштелип чыккан. Мындан башка 2 монографиям  жарык кɵргɵн. Эмгектерим жогорку билим берʏʏ стандарттарынын талаптарына ылайык  даярдалган кадрлардын эмгек рыногунда атааңдашуучулукка туруштук берʏʏ жɵндɵмдʏʏлʏккɵ багытталган.

 Сыйлык – сыймык

Баймуратов Абдимиталип Абдиллаевич студенттерди жана жаштарды тарбиялоодо талыкпас эмгеги ʏчʏн ОшТУнун ардак грамотасы, Ош шаардык мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкʏлʏнʏн жана КРнын Билим берʏʏ жана илим министрлигинин ардак грамотасы, “Билим берʏʏнʏн мыктысы” тɵш белгиси менен сыйланган. “Профсоюздарынын мыктысы” тɵш белгисине, ОшТУнун “Жылдын мыкты лектору” наамына ээ болгон. 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен мамлекеттик коомдук ишмердиктеги, илимий-техникалык, чыгармачылык жана билим берʏʏ ишмердʏʏлʏгʏндɵгʏ ɵзгɵчɵ кызматтары ʏчʏн кɵп жылдык ʏзʏрлʏʏ эмгегин баалап Даңк медалы менен сыйлаган. Ошондой эле ОшТУнун 60 жылдык юбилейинин “Эмгек сиңиргендиги ʏчʏн” медалы, КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жɵнгɵ салуу жана кɵзɵмɵл  кызматынын, КРнын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ардак грамотасы менен сыйланган.                             

Абдимиталип  Баймуратов ɵзʏнʏн илимий, илимий-методикалык жана илимий-педагогикалык тажрыйбасын бакалаврларга, аспиранттарга, магистранттарга илимий жетекчи, кенешчи, сын- пикирчи болуу менен бирге ОшТУнун илимий-техникалык Кенешинин мʏчɵсʏ, факультеттин окумуштуулар Кенешинин мʏчɵсʏ катары талбай эмгектенип келʏʏдɵ.