19 мая, 2024

ЧЕРНОБЫЛЬ АПААТЫ: талкаланган ден соолук

1986-жылы 26-апрелде В.И.Ленин атындагы Чернобыль атомдук электр станциясы жарылып, бʏтʏндɵй СССРди жана Европа аймагын тике тургузган. Бул окуя адамзат тарыхындагы эң каргашалуу, экологияга, экономикага болуп кɵрбɵгɵндɵй зыян келтирген кырсык катары эскерилет. 1989-жылга чейин Кыргыз ССРинен 3200гɵ жакын адам кооптуу делген тилкелерде иштешкен. Ардагерлер кырсыктын кесепетин жоюуда кандай кызмат ɵтɵгɵндɵрʏн айтып беришти.

Адыл Мырзакамилов, чернобыль ардагери.

“Айылдагы радиация тʏшкɵн жерлерди тазаладык”

-Чернобыль Атомдук электр станциясындагы (АЭС) жарылуунун кесепетин жоюуга СССРдин курамына кирген ɵлкɵлɵр кɵп жыл аракет кылышты. 1989-жылы бизге да чакыруу келип, Оштогу шаардык аскер комиссариатына чогулдук. Анда мен 32 жашта элем. Ал жерде паспорт менен аскердик билеттерибизди алып коюп, облустук аскер комиссариатына жɵнɵтʏштʏ. Ошол учурда Жалал-Абад, Баткен облустары да Ош облусунун курамында эле. Комиссариатка барган кʏнʏ кечинде аскерлер дароо жолго чыктык. Алгач Андижанга барып, андан ары поезд менен Белоруссиянын Хойники деген станциясына тʏштʏк. Аскерлерди ошол жерден роталарга бɵлʏп, Украинанын аймагына алып кирип кетишкен. Токойдун четине чатырларды тигип, аскерлер шаарчасын орноттук. 15 кʏндʏк даярдыктан кийин бɵлʏнгɵн роталар боюнча жарылуу болгон ЧАЭСке жакын участкаларга алып барып ташташты. Бизге айыл ичиндеги радиация тʏшкɵн жерлерди тазалоо милдети жʏктɵлдʏ. Ал убакта тургундар толук эвакуацияланып бʏткɵн эле. Радиацияны ɵлчɵгɵн изилдɵɵ тобу аскерлердин алдында жʏргɵн. ʏйлɵрдʏн ичиндеги радиациянын ɵлчɵмʏн аныктап, эшигине “буздурулсун” же “калтырылсын” деген жазууну илип кетишчʏ. Ошого карап бузулуш керек болгон ʏйлɵрдʏ бульдозер менен сʏргʏзʏп салар элек.

Телевизор, радиолору жанган бойдон калган ээсиз ʏйлɵр

-Айыл тургундары документтен башка эч нерсеге тийбей таштап кетишкен. Кээ бир ʏйлɵрдɵ телевизор, радиолору жанган бойдон калган. Ит, мышыктары, кой-эчки, чочколору тентип, тооктору короолорго, жол четиндеги чɵптɵргɵ тууп, жумурткалары топтолуп кеткен экен. Алтургай ɵзʏлɵрʏ жумуртка басып жɵжɵлɵрдʏ чыгарып алышкан. Желини сʏткɵ толгон уйларды саап, атайы УАЗ сыяктуу унаага жʏктɵп берген эки-ʏч орус кемпир-чалдар болор эле. Келген машине аларга 1-2 литрден таза сʏт алып келип берип, ичʏʏгɵ жараксыз сʏттɵрдʏ жʏктɵп кетип турган. Уй-эчкилер радиация тʏшкɵн чɵптʏ жегендиктен сʏтʏн ичʏʏгɵ, тооктордун жумурткасын жегенге мʏмкʏн эмес болчу.

“Башым ушул кʏнгɵ чейин токтобой ооруйт”

-Изилдɵɵчʏ топтун атайы аппараты бар эле. Топуракка орноткондо жерди дʏкʏлдɵтɵ уруп, топурактын ууланган канча катмарын алып салуу керектигин эсептеп берген. Ошентип сʏрʏлгɵн ʏйлɵрдʏ топтоп алып кетип, ордуна таза топурак тɵгʏп турушкан. Бет капсыз жʏргɵнгɵ болбойт. Эрте менен тагынган бет каптан тʏшкɵ барып аба ɵтпɵй калып, дароо алмаштырчубуз. Апаат болгон аймакта 4-5 ай кызмат ɵтɵдʏм. Кесибим бульдозер айдоочусу, келгенден кийин кесибим боюнча иштедим. Учурда медициналык диагноздорубуз абдан кɵп. Кызмат ɵтɵп бʏтʏп, 1-2 жылча жакшы эле жʏрдʏм, андан кийин баш оору башталды. Ошол кʏндɵн ушул кʏнгɵ чейин башым токтобой ооруйт. Жашым улгайган сайын оору кʏчɵп баратат. Кɵпкɵ чейин бутумда тике тура албайм, сɵɵктɵрʏм, муундарым ооруп отурууга туура келет. Кызматка кеткенге чейин ʏч балам бар эле, келгенден кийин бир балалуу болдум. Тилекке каршы, балам аябай алсыз, муундары кубатсыз болуп тɵрɵлдʏ. Азыр анын балдары да бат-баттан оруп, майыптык топко киришет.

Мурат Арджиманов, чернобыль ардагери.

“Куткаруу кызматтарынын 90 пайызы радиациянын курмандыгы болушту”

-Жарылуу болгон убакта анын кесепети мынчалык оор болору эч кимдин оюна келбесе керек. ЧАЭСте ɵрт чыгып, ал жерге биринчилерден болуп барган ɵрт ɵчʏрʏʏчʏлɵр радиация экенин толук тʏшʏнбɵй, баары ууланып каза тапкан. Андан сырткары кабарчылар, куткаруу кызматтарынын 80-90%ы радиациянын курмандыгы болушту. 1986-жылы 25 жашымда Ош шаарынан жɵнɵтʏлгɵн алгачкы аскерлердин тобу менен Украинага жол тарттык. Биздин рота жарылган АЭСтен жылжып чыгып жаткан радиацияны жабуу ʏчʏн бетон куюуга милдеттендирилди. Германиядан келген бетон куюучу эки оор техниканы беришкен. Ал техника кыйла бетон куйгандан кийин тʏтʏктɵрʏ толуп калат. Аны тазалап тʏшʏʏ ʏчʏн бизге 2 мʏнɵттɵн убакыт берилер эле. Команда берилгенде чуркайсың, чыгып ʏлгʏрсɵң да, ʏлгʏрбɵсɵң да белгиленген убакытта кийинки аскер менен алмашасың. Бункерде аскерлер кезекте туруп тынбай бетон куюшкан. Таң калтырган жери радиация бетондон да чыгат экен. 1986-жылы жабылып, бетондолгон болсо, 1990-жылы кайрадан коргошундан жасалган жабдуулар менен жабышкан. Акыркы жолу жабылганда барган журналисттик топ ал жерде турган бийик кранга вертолет менен урунуп каза болгон экен. Ушундай апааттуу жерге айланган. 30 километр аралыкка кооптуу зона коюлуп, 50 жылга чейин жашоого мʏмкʏн эмес.

“15 миллирентген алдым”

-Биздеги радиациянын кɵлɵмʏн тынбай ɵлчɵп, белгиленген дозага жеткенде аскердик кызматтан чыгарып салышкан. Мен да 15 миллирентген алып, август айында кетсем, ноябрда кайра кайттым. Куруучулук кесибимди улантып иштеп калдым. Бара-бара тиштерим, чачтарым тɵгʏлɵ баштады. Азырга чейин кулагымда шуулдап ʏн угулуп турат. Баарынан да радиациянын балдарга зыяны тийгени жаман экен. Менин бир балам оорукчан туулуп, кийин ɵтʏп кетти. Экинчи дʏйнɵлʏк согуштан айырмаланып фашисттер менен эмес, абадагы уулуу зат менен кʏрɵштʏк десем жаңылбайм. Эң ɵкʏнʏчтʏʏсʏ абадан дем албай коюуга болбойт, ошону менен организмге жайгашып алып, азабын тарттырат экен.

Кырсык тууралуу фактылар

Чернобылдагы кырсыкты ɵзɵктʏк куралды биринчи жолу колдонуу менен салыштырып келишет. Тагыраагы, 1945-жылы Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарлары бомбаланганы баарыбызга белгилʏʏ. Андан айырмаланып Чернобыль 500 эсе кɵп кыйратуучу массага жеткен. Радиоактивдʏʏ материалдын кɵлɵмʏ 50 миллион кюрини тʏзʏп, кʏйʏп жаткан реактордон пайда болгон тʏтʏн ар кандай радиоактивдʏʏ заттарды, йод жана цезий радионуклиддерин Европанын кɵпчʏлʏк бɵлʏгʏнɵ чейин тараткан.

600 миң адам кырсыктын кесепетин жоюуга катышкан

Кырсык болгон учурда станция иштеп жаткандыктан, ал жерде кызматкерлер болгон. Бирок 134ʏ зыяндуу нурга (рентген) чалдыгып, бир айдын ичинде 30га жакыны каза тапкан. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга 600 миң адам тартылып, алардын кɵбʏ радиациянын жогорку же азыраак дозасын алышкан. Куткаруучулардан сырткары, чектелген зонага жакын жашаган ɵлкɵлɵрдʏн жашоочулары да жапа чеккен. Жалпысынан Украинада, Белоруссияда жана Россияда жана башка СССРдин курамындагы бир нече ɵлкɵлɵрʏндɵ 8,4 миллиондон ашуун тургун радиацияга дуушар болгон. Рентгендик нурлануунун таасири ДНК мутагенезин кʏчɵтɵт, натыйжада радиацияга кабылган адамдарда рак жана ДНК чынжырынын ʏзʏлʏшʏ менен байланышкан башка оорулар пайда болот.

Чектɵɵ зонасында жашагандар бар

2014-жылдын маалыматы боюнча Чернобылдагы чектелген зонадагы шаар-кыштактарда ʏч жʏзгɵ жакын адам жашары маалым болгон. Алардын кɵпчʏлʏгʏ жерин таштап кеткиси келбеген карыялар экени айтылат.

Туристтер ʏчʏн жагымдуу жай

Украинанын Припятка жана Чернобыль шаарларына турларды уюштуруучу агенттиктер аймакты таптакыр коопсуз деп эсептешет. Дʏйнɵгɵ таанымал “Forbes” басылмасы Чернобыль АЭСинин чектелген зонасын туризм ʏчʏн эң ɵзгɵчɵ жерлердин бири катары тааныган. Алардын ою боюнча Чернобылда биздин планетанын башка жерлеринде кездешпеген нерселерди кɵрʏʏгɵ болот.

Айжылдыз  Тойчиева