19 мая, 2024

Окурман кʏткɵн китепканалар

Басылмаларды жана жазмаларды коомдук колдонуу ʏчʏн чогулткан жана сактаган, ошондой эле маалымат-библиографиялык иш алып барган мекеме бул – китепкана. 23-апрель – бʏткʏл дʏйнɵлʏк китеп жана автордук укук кʏнʏнɵ карата Ош шаарындагы китепкɵй журтту ɵзʏнɵ тарткан китепканалар жɵнʏндɵ сɵз кылалы.

73 жылдык шаардык китепкана

Ош шаардык китепканасы 1951-жылы ачылган. 1976-жылы борборлоштурулган китепкана тармагы болуп уюштурулган. 2016-жылы маданият башкармалыгынан бɵлʏнгɵн. 2018-жылы китепканага Кармышак Ташбаевдин аты коюлуп, Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагы болуп калган. Азыркы учурда борбордук китепкананын №7а филиалы, №7б филиалы, №10 филиалы иштеп жатат.

Ош шаардык Кармышак Ташбаев атындагы борборлоштурулган китепкана тармагынын директору Салима Токтомаметова:

 “Китептерди колдонуу бекер”

-Бизде адабияттарды топтоо жана иштеп чыгуу, электрондук окуу борборубуз бар. Студенттер ʏчʏн 40 орундуу окуу зал иштейт. 25 ноутбук бар, аладын баары интернетке туташтырылган. Студенттер электрондук окуу бɵлʏмʏнɵ байма-бай кирип, сайттардан, электрондук китептерди пайдаланышат.

“Ноутбуктардан оюн ойноого болбойт”

-Китеп алып окуу бекер жʏргʏзʏлɵт, китептер окуу ʏчʏн ʏйгɵ дагы берилет. Окуу залда дагы каалашынча олтуруп китеп окууга болот. 25 ноутбук дагы колдонууга бекер. Ар бир окурман олтуруп пайдалана алат. Бирок ноутбуктардан оюн ойноого уруксат берилбейт. Китеп алып окуу ʏчʏн паспорт болсо эле болду. Эч кандай акы тɵлɵнбɵйт.

95 жылдык тарыхы бар Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепкана

Облустук китепкана1929-жылы «Шаардык китепкана» аталышына ээ болот. Андан соң 1949-жылы «Облустук китепкана» статусун алган. 1974-жылы  улуу демократ акын Т.Сатылгановдун 110 жылдык мааракесине карата китепканага акындын ысымы ыйгарылган. 1989-жылы китепкананын азыркы имараты  пайдаланууга берилген. Ошондон бери ʏзгʏлтʏксʏз иштеп келе жатат.

Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын директору Бактыгʏл Мырзаева:

“Кʏнʏнɵ орто эсеп менен 300-500 окурман тейленет”

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош облустук китепкана Кыргызстандын тʏштʏк   аймагындагы китепканалар ʏчʏн координациялык-усулдук, маданий-маалыматтык борбор. Аймактагы китепканалык ишмердʏʏлʏктʏн  алга жылышын кɵзɵмɵлгɵ алып, ɵнʏгʏʏ багыттарын  аныктайт. Кадрлардын   кесиптик билимин жогорулатууда  усулдук   жардам кɵрсɵтɵт. Китепкананын фонду Китеп палатасынан бɵлʏнгɵн китептер жана авторлор, окурмандар тарабынан белекке берилген китептер менен толукталып турат. Ошондой эле окурмандардын суроо-талабына ылайык адабияттарды китепкана ɵз каражатына сатып алат.

Окурмандар кɵбʏнчɵ ɵзʏн-ɵзʏ ɵнʏктʏрʏʏ боюнча адабияттарга, дʏйнɵлʏк лидер адамдардын автобиографияларына, классикага айланган кыргыз адабияттарына басым жасашат. Китепкана ресуртарынан пайдалануу ʏчʏн окурман катталып, окурмандык билет алуу менен китепти ʏйгɵ 15 кʏнгɵ бекер алып кетип окуса болот. Мɵɵнɵтʏндɵ окуп бʏтпɵй калса дагы узартып алуу мʏмкʏн. Окурмандык билет алуу ʏчʏн 3х4 ɵлчɵмʏндɵгʏ 2 даана сʏрɵт, 100 сом тɵлɵнɵт. Окурмандык билет менен 1 жыл бою китепкана ресурстарынан бекер пайдаланууга болот. Мɵɵнɵтʏ бʏткɵндɵ узартылат. Эгерде окурмандык билети жок болсо 5 сом тɵлɵп убактылуу окурмандык билет алып каалаган китебин окуса болот. Пенсионерлер, ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандар ʏчʏн акысыз тейлɵɵ каралган.

“Китепканадагы долбоорлордун баары окурмандар ʏчʏн акысыз»

-Маданий-массалык иш чараларды уюштурууда жаңы инновациялык ыкмаларга басым жасалып, окурмандар менен акция, флешмобдор, интерактивдʏʏ оюн-зооктор, лингвистикалык суроо-жооп, викториналар ɵткɵрʏлʏп турат. Мындан сырткары китепканада тил ʏйрɵнʏʏ курстары балдар ʏчʏн жана чоңдор ʏчʏн англис тилинде сʏйлɵшʏʏ клубдары ишмердʏʏлʏгʏн жʏргʏзʏп келишет. Китепканада элдин ʏзгʏлтʏксʏз билим алууга жана ɵнʏгʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏгʏн кеңейтʏʏ долбоорунун алкагында “Мʏмкʏнчʏлʏктɵр клубу” тʏзʏлʏп, убактылуу жумушсуз, улгайган адамдарга кошумча ɵнɵр ʏйрɵтʏʏ боюнча бир нече курстар иштейт. 2023-жылы Кыргызстан Аялдар Конгресси менен биргеликте аялдар ʏчʏн акысыз компьютердик окутуу борбору ачылып, кыз-келиндер акысыз билим алып жатышат. Негизгиси, китепканадагы долбоорлордун баары окурмандар ʏчʏн акысыз.

ОшМУнун илимий китепканасы 85 жылдан бери кызматта

Ош мамлекеттик университетинин илимий китепканасынын директору Азамат Орозбаев:

“Китепканада   59 кызматкер эмгектенет”

-ОшМУнун илимий китепканасы 1939-жылы ОшМУ тʏптɵлгɵндɵн баштап кошо ачылып, келечек муунду, ɵз кесибинин тасыккан адистерин даярдоодо 15 окуу залы, 9 абонемент, “Scopus” жана 2 студенттик борбору,  китепти комплекстɵɵ жана сактоо,  электрондук ресурстар жана тейлɵɵ бɵлʏмʏ менен ɵз салымын кошуп келе жатат. Китепканада   59 тажрыйбалуу, ɵз кесибин сʏйгɵн кызматкерлер  эмгектенишет. Окурмандарыбыз профессордук-окутуучу курам жана студенттер болуп эсептелет. Адистиктерге тиешелʏʏ окуу китептери менен камсыздоо  университет тарабынан жакшы жолго коюлган. Жаңы келген китептер комплекстɵɵ бɵлʏмʏ тарабынан кайрадан иштелип, электрондук каталогу тʏзʏлʏп, тиешелʏʏ факультет, институт, колледждерге жеткирилет. Окуу процессинде жетишпеген бир/ нускадагы китептер кɵчʏрмɵлɵнʏп, электрондук китепканага жайгаштырылат. Тейлɵɵ салттык жана электрондук негизде жʏргʏзʏлɵт. Окурмандар электрондук каттоодон ɵтʏп, ɵздʏк кабинетин тʏзʏʏдɵ логин жана сыр сɵз алышат. Керектʏʏ болгон окуу китептерин алууда аралыктан буйрутма берʏʏ жана электрондук тʏрдɵ жайгаштырылган китептерди окуу, баалоо мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ ээ. Каттоодон ɵтпɵгɵн окурмандар  конок катары кирʏʏ менен керектʏʏ адабияттардын каерде, канча санда бар экендиги боюнча маалымат ала алат.

“Иш чараларга активдʏʏ катышабыз”

-Шаардык жана университеттеги ɵткɵрʏлʏʏчʏ коомдук маданий-массалык иш- чараларга активдʏʏ катышабыз. Ар бир даталуу  кʏндɵргɵ карата китеп кɵргɵзмɵлɵрʏ уюштурулат. Улуу инсандардын, акын-жазуучулардын, окумуштуулардын ишмердʏʏлʏгʏнɵ “Китеп жана автордук укук кʏнʏ”, “КРнын китепканалар жана китепканачылар кʏнʏнɵ” арналган иш-чараларды ɵткɵрʏʏ салтка айланган. Университетте эмгектенген авторлор жана окурмандар арасында “Мыкты автор” жана “ Мыкты окурман” аталышындагы сынактар ɵткɵрʏлʏп, жетекчилик тарабынан сыйлыктар менен сыйланып турат.

“Китеп.kg” дʏкɵнʏнʏн директору Кенжебек Паязов:

“Китеп дʏкɵндʏ ачуу менин кыялым эле…”

-“Китеп.kg” дʏкɵнʏ бирде ачылып, бирде жабылып ар тʏрдʏʏ кырдаалда иштеп келе жатат. 2007-жылы агаларым тарабынан тʏптɵлʏп, арада иштебей токтоп калган учурлар да болду. Учурда туруктуу иштетʏʏгɵ аракет кылып жатабыз. “Китеп.kg” менин балалыгымдагы кыялым болчу. Ошол кыялым орундалып, элге кызмат кылып, билимине, илимине салым кошуп келе жатабыз.

“Китептер бир кʏнгɵ 20 сомго ижарага берилет”

-Учурда “Китеп.kg” дʏкɵнʏндɵ китептердин 3000ден ашуун тʏрʏ бар. Айрымдары ачылгандан бери сатылбай эле турган болсо, айрымдары тез сатылган мыкты китептер. Азырынча 2 функцияны аткарып жатат: китеп сатуу жана ижарага берʏʏ. Чакан окуу залыбызга олтуруп китеп окуп кетсе да болот. Эгерде алып кетип окушса 1 суткага 20 сомго алышат. Мисалы, 500 сомдук китепти 2 кʏндɵ 40 сомго окуп келип тапшырып койсо болот.

“Окурмандар кɵбʏнчɵ котормо китептерди алууда”

-Дем-шык берʏʏчʏ китептер дале болсо кɵп суралат, андан кийин адабий китептер. Ал эми тармактык китептер дээрлик ɵтпɵйт. Азыркы коом “Бир ɵлкɵнʏн ɵнʏгʏʏ тарыхы” “Кылычсыз самурай”, “Пайгамбарыбыздын ɵмʏр баяны”, “Эң мыкты адам” деген сыяктуу китептерди кɵбʏрɵɵк окуса жакшы болот эле. Анткени бул китептер адамды жакшы жакка ɵзгɵртɵ турган абдан кызыктуу китептердин катарын толуктап турат.

“Мамлекеттик кызматкерлер китеп окушпайт”

-Туруктуу окурмандарыбыз бар, алар келип, карап, сʏйлɵшʏп отуруп кетишет. Кээде эртеден кечке 7-8 адам гана келип, жалгыз олтуруп калган учурларым дагы болот. Окурмандардын саны кескин ɵстʏ деп айтсам адашкан болом. Китеп окугандардын дээрлик кɵпчʏлʏгʏ бизде кадырлуу мугалимдерибиз менен жеке ишкерлер жана  жаштар. Ал эми мамлекеттик кызматкерлер, дыйкандар китеп кɵп окушпайт.

Китептин баасы кантип коюлат?

— Сатууга алынып келинген чыгымдарга карата орточо 20 % коюлат. Мисалы, 200 сомго сатылып алынган китеп бизге келгенге чейин жол акы сыяктуу чыгымдары менен 250 сом болсо, ага 20 % кошулуп, 300 сомго сатууга чыгат. Азырынча 100 сомдон башталып, 20 000 сомго чейинки томдук китептер бар. Орточо баасы 250-300 сом болот.

Сʏйʏнали кызы Таңсулуу