19 мая, 2024

Бухгалтерия — 1 тыйынга чейин издеткен кесип

Ар бир иште тактык жана тартип болгондо гана ийгилик жаралат. Ишкананын эсеп-кысабынын тактыгын камсыздап, киреше-чыгашаларын максаттуу бɵлʏштʏргɵн маанилʏʏ кесип ээлери бар, алар – эсепчилер. Математикага жакын, цифраны сʏйгɵн адамдарды эмоциясын билдирбеген, чыгармачылыктан алыс келет деп калышат. Сиз да ошентип ойлойсузбу? Анда бухгалтер айымдар менен болгон маекти сунуштайбыз.

Бурмакан Алимова, Ош шаардык №1 тиш дарылоо бейтапканасынын башкы бухгалтери.

-Бухгалтерлер унаада баратса алдыдагы унаанын номерлерин деле бири-бирине кошо беришет дешет, цифраны кɵргɵндɵ чын эле ушундай реакция болобу?

-Цифрага ɵзгɵчɵ маани берерибиз чын. Мисалы, мага бир сɵздʏ айта барыңыз десең толук жеткизе албашым мʏмкʏн, сɵз ташый албайм. Эгер бир цифраны айта барыңыз десең толук эстеп калам (кʏлʏп).

-Бухгалтердик кесипти кантип тандап калдыңыз эле?

-1979-жылы финансы-экономика кесиби боюнча техникумду бʏтʏп, Кара-Кулжага ал убакта Совет району деп аталчу, экономист болуп бардым. Бухгалтер болуп иштеп калуума мекеменин башкы бухгалтери себеп болгон. Экɵɵбʏз бир кабинетте отурчубуз, башкы бухгалтер иш менен эки жакка кеткенде бухгалтерияга тиешелʏʏ иштерин дайындап калчу. Ошентип ɵз ишимен сырткары бухгалтерияны да ʏйрɵнʏп алгам. Негизи окуу жайда деле бухгалтердик эсепти окутат, бирок, ишке келгенде экономист менен бухгалтердин иши бɵлɵк. Экономист болуп иштеп жʏрʏп кийин Кара-Кулжа районунан Ɵзгɵнгɵ, анан Ош шаарындагы Сбербанк башкармасына бухгалтер – инспектор болуп иштеп калдым. 1984-жылы Сбербанк башкармасы жоюлуп кеткендиктен, облустук “Зооветснаб” ишканасынын экономист кызматына келдим. Андан кийин Оштогу облустук кургак учукка каршы ооруканага жана облустук балдар ооруканаларынын башкы бухгалтер кызматына которушту.

Иштеп жʏрʏп облагропромго экономист керек экенин угуп калдым, бир чети ал жерде жаш адистерге ʏй берилет экен. ʏй алуу максатында аталган ишкананын мал-чарба бɵлʏмʏнɵ экономист-бухгалтер болуп кирдим. 6 жыл иштеген соң иш чɵйрɵм алмашып, облустук администрациядагы  экономика, финансы башкармалыгында жетектɵɵчʏ адистен баштап башкы адиске чейин иштедим. Кийинчерээк облустук архив кызматына башкы бухгалтер кылып жɵнɵтʏштʏ. Убакыт учкан куш деп бекер айтышпаса керек, ошентип архив кызматында 19 жыл иштептирмин. Ардактуу эс алууга да чыктым. 4 жылдан кийин ковид учурунда азыркы поликлиникага ишке чакырып калышты. ʏйдɵ отуруп кɵнɵ тʏшкɵн экем, башында макул болбодум. Тамашалап “сандыктагы кийимдериңизди бирден кийип чыгасыз, элге аралашып, алаксыганча иштеп жʏрɵ бересиз” деп улам чакырышканынан кайрадан башкы бухгалтер болуп иштеп калдым.

-Союз убагынан берки бухгалтер катары кесибиңиздеги ɵзгɵрʏʏлɵргɵ токтолсоңуз?

-Бухгалтер-экономист болуу ʏчʏн кʏнʏгɵ окуп туруу керек. Илгери чот менен иштеп отуруп колдорубуз ийрейип кетсе, жыл ɵтʏп, заман алмашкан сайын кесипте чоң-чоң ɵзгɵрʏʏлɵр болду. Мурда барып-барып компьютер менен иштеп калышат экен десе ишенбейт элек. Азыр баары электрондоштурулуп, компьютерде иштеп калбадыкпы. Бирок, бухгалтерияда кагаз иштери кыскарды деп айта албайм. Маалыматтарды компьютерге сактаганда ар кандай кырдаал болуп кетиши мʏмкʏн. Ɵчʏп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Эгер электр жарыгы жок учурда текшерʏʏ келип калса кагазды гана кɵрсɵтɵ алабыз да. Ошондуктан ар бир маалыматты кагазга чыгарып сактап турабыз.

-Бош убактыңызда эмнелер менен алектенгенди жакшы кɵрɵсʏз?

-Мына куракта неберелер менен кɵбʏрɵɵк алектенип калат экенсиң. Неберелерим менен чогуу ойноп, ырдаса чогуу ырдап, бийлесе чогуу бийлейм. ʏч уул, бир кызым бар. Эки уулум юридика факультетин бʏтʏп, кесиби боюнча иштеп жатышат. Кичʏʏ уулум мага окшоп иштейт го деп экономист-финансист багыты боюнча окуттум эле, ал да кайра юридика факультетине тапшырып, азыр IT багытында иштейт. Инфоком ишканасы тарабынан “электрондук документ жʏгʏртʏʏ” боюнча системалар чыгып жатпайбы, ошол боюнча программисттик кызматын да алып барууда.

-Жакшы бухгалтер болуу ʏчʏн эмне кылуу керек?

-Жакшы бухгалтер болуу ар бир адамдын ɵзʏнɵн. Эч ким жɵндɵмсʏз болуп жаралбайт. Окуп-ʏйрɵнʏп, изденгенден тажабаш керек. Ошондо гана адам ɵнʏп-ɵсɵт. Мен кɵптɵгɵн кыздарды-балдарды тарбиялап чыгардым. Бат эле ɵздɵштʏрʏп, азыр жакшы жерлерде иштеп жатышат. 

Рысбʏ Кебекбаева, Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын башкы бухгалтери.

-Убакыт артка кайтып, кайрадан кесип тандоо мʏмкʏнчʏлʏгʏ келсе кайсы кесипти тандамаксыз?

-Кайрадан бухгалтердик кесипти тандамакмын. Мектепте окуп жʏргɵндɵ эле эсеп-кысапты жакшы ɵздɵштʏрчʏмʏн. Алгач мугалимдик кесип боюнча билим алып, 1996-жылга чейин Оштогу насос заводунда техникалык кɵзɵмɵлдɵɵчʏ болуп иштегенмин. Ишкана жоюлгандан кийин ремонт кылуучу эксперименталдык насос заводунда кассир кызматын аркалай баштадым. Ошентип билимимди ɵркʏндɵтʏп, бухгалтердик кесипти аркалап кетʏʏ ʏчʏн бухгалтерлердин 1 жылдык мектебине окууга кирдим. Ошондон бери №12 кесиптик лицейде, айлана-чɵйрɵнʏ коргоо башкармалыгында, токой чарбасында иштедим.

-Балдарыңыздан да ушул кесипти аркалагандар чыктыбы?

-Менин кесибимди улап уулум менен кызым бухгалтер болду. Уулум кɵптɵгɵн мекемелерде жакшы иштеп, учурда кесиби боюнча Дубай шаарында эмгектенип жатат. Кызым да Сулайман-Тоо музейинде, кийн Москвада бухгалтерлик кесипте иштеп жʏрдʏ, азыркы учурда ʏй-бʏлɵсʏ менен Америка Кошма Штаттарында жашайт.

-Иштеги кызыктар тууралуу айтып берсеңиз?

-Иште кызыктар кɵп эле болот. Мисалы, айлыкты эсептегенде жыйынтыгыбыз вертикалдуу да, горизонталдуу да “0” чыгыш керек. Бир жолу айлыкты жазып жатып, “3” деп дапдаана жазылып турган жерди “8” деп эсептей бериптирмин. Балансым эч туура чыкпай, кайра-кайра эсептегеним эч эсимден кетпейт. 

Жумагʏл Талканбаева, Ош шаары боюнча ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун башкы бухгалтери.

-«Эсепчилердин мʏнɵзʏ катаал, анан чыгармачылыктан алыс болот» дешет бул сɵзгɵ кошуласызбы?

-Жок, мен кошулбайм. Ички дʏйнɵм чыгармачылыкка жакын. Жашыраак кездеримде тамадалар менен тең тайлашып, ишканадагы иш-чараларды алып бара коюп жʏрчʏмʏн. Ɵткɵн жылы эле медицина тармагындагы кызматкерлердин кыз-жигит сармердени болуп ɵттʏ. Ал жерде “Каныкейдин тайторуну чабышы” боюнча Манастан ʏзʏндʏ айтып бердим. Абдан ийгиликтʏʏ болуп, жигиттер командасын жеңип алдык. Мындан сырткары тарыхый, адабий китептерди кɵп окуйм. Мʏнɵзʏм жумшак, бул бухгалтерлерге аябай тоскоол болот.

-Бухгалтер болуу жаш кезден берки кыял беле?

-Негизи журналистика тармагына тапшырам деген оюм болгон. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дейт, апам беш баланы жалгыз чоңойткон. Мен мектепти бʏткɵн убакта журналистика же театралдык окуу жайга окуу ʏчʏн Ошто мʏмкʏнчʏлʏк жок эле. Ошондуктан азыркы кесибимди тандап калгам.

-1990-жылы соода техникумуна тапшырып, окууну бʏткɵндɵн кийин 1992-жылы эмгек жолуму калкты тейлɵɵ борборунда бухгалтер болуп баштадым. Ошол эле учурда Жусуп  Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде финансы-кредит боюнча билим алгам. Шаардык санэпидемстанциядагы башкы бухгалтердик жумушум 1997-жылы башталган. Медицина тармагында толук 10 жыл, калган 20 жыл ар кыл тармактар, анын ичинде баалуу кагаздарда, чет мамлекеттен келген товарлардын да эсеп-кысабын жʏргʏздʏм. Курулуш тармагынан башка бухгалтериянын бардык тармактарында иштедим десем болот. Бухгалтерия 1 тыйынына чейин издеткен кесип. Эсеп жʏргʏзʏʏдɵ баары так болушу керек. Кызыктуу кесип деп айта алам. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе кандай гана тармак болбосун жасаган ишиңди сʏйгɵнʏңдɵ гана берекесин берет. Анан жыл сайын салык жана укук тармагында, мыйзамдарда, программаларда ɵзгɵрʏʏлɵр болуп турат. Ошондуктан кесипкɵй бухгалтер болуу ʏчʏн изденип туруу эң маанилʏʏ.

-Турмуш кургандан кийин ʏй-бʏлɵ менен жумушту алып кетʏʏ оңой болбосо керек? Кыздарга кеңешиңиз?

-Текшерʏʏ, отчет мезгилдеринде бухгалтер ʏйгɵ кечирээк барышы мʏмкʏн. ʏй-бʏлɵнʏ тʏптɵп, бир нукка салып кеткенге  чейин келишпестиктер болбой койбойт. Башында курчтук кыласың, жаш кыздарга айтар элем, ʏй-бʏлɵ кургандан кийин курчтук кылбай, кыйынчылыктарды ʏндɵбɵй жеңʏʏгɵ аракет кылгыла. Убакыт ɵткɵн сайын сени тʏшʏнɵ башташат, колдоо кɵрсɵтʏшɵт.

-Балдарыңызга мендей бухгалтер бол деп талап койбойсузбу?

-Жок, бала сʏйгɵн кесибин тандоосу керек. Чоң балам IT(информациялык технологияларга) кызыгат, чет ɵлкɵлɵргɵ чыгып иштейм деп жʏрɵт. Кичʏʏ уулум ашпозчу болгусу келет, аларды колдойм.

-Иштен чарчаган убакта кантип эс аласыз?

-Учурда ʏч система менен иштеп жатабыз, “1С бухгалтерия”, “ИСИ бухгалтерия” жана “Казына”. Бир эле ишти ʏч программада аткарууга туура келет. Кечке отурганда кɵз, мээ чарчайт. Бирок, санариптештирʏʏнʏн жакшы жактары кɵп. Мисалы, жолго убакыт кетирбей, кезек кʏтʏʏ кɵйгɵйлɵрʏн жойду. Учурда борборлоштурулган бирдиктʏʏ бухгалтерия боюнча жаңы система ишке кирген. Республиканын бардык бухгалтерлери чыгаша-кирешелерин, отчетун ошол жактан кɵрсɵтʏшɵт. “Тʏндʏк” тиркемеси аркылуу электрондук кол тамга менен бир жолку пин код берилет. Экинчи ирет киргенде дагы башка пин код берилет, коопсуздугу ушунда. Ишкананын ички сырлары ишенимдʏʏ сакталат. Чарчаган убакта кɵбʏнчɵ музыка угуп же табиятка чыксам чарчоом жазылат. Кышта карды, жазда гʏлдɵгɵн дарактарды, кʏзʏндɵ шуудураган жалбырактарды жакшы кɵрɵм. Жайында сууда сʏзгɵн жагат, баарына убакыт тапканга аракет кылам.

Айжылдыз Тойчиева