8 сентября, 2024

Мухтар Шаханов Тɵлɵйкɵнгɵ келген

Тɵлɵйкɵнʏм туулган айылым, туйлап аккан булагың,

Жашыл талааң, менин жаштык курагым.

Тʏнʏ бою калат окшойм сагынып,

Таң уйкумдан ɵзʏңдʏ эстеп турамын.

Жолон Мамытов

1990-жылдардын алгачкы мезгили болчу. Февраль айынын ортолоп калган кези. Кадимки иш боюнча тапшырма берилди. “Бʏгʏн эрте менен саат 10:00до Оштун аба майданына барасыңар. Бишкекте жайланышкан элчиликтин ɵкʏлдɵрʏ келишет. Алар Ош, Жалал-Абад шаарларында болушат. Шаарлардын абалы менен таанышып, байланыш катнашты жакшыртуу иштерин арттыруу” дешти. Демек, соода, ɵнɵр жайдын эртеңине кɵңʏл буруу иштерин жандантуу экенин айтып, бизге багыт беришти жетекчилик.

 Ош шаарынын аба майданына учактар байма-бай келип конушту. Келген конокторду тейлɵɵчʏ атайын имаратка алып келди. Меймандар жайланышып, кɵп ɵтпɵй Сулайман-Тоодогу музейге жɵнɵштʏ. Орто-Азиядагы уникалдуу музей менен таанышуу башталып, ар бир бɵлʏмдɵрдɵгʏ кызыктуу экспонаттар менен таанышып, экинчи кабатка бет алдык.

Мында таанышуу уланып, музейдин тоо боорунан жайгашкан аймагынан шаар алаканга салгандай кɵрʏнɵт. Ушул учурду пайдалануу менен казак элинин улуу акыны, прозачы, драматург Мухтар Шахановду кепке тартып, микрофон сундум. Алгач ɵзʏмдʏ тааныштырып, Ош студиясынан экенибизди айттым. (А кезде Ош студиясы, “Ош кɵрсɵтɵт” деген титр менен обого чыкчубуз).

Суроолорго жооп айтуу менен кепке кызып калган улуу акын Мухтар Шаханов кɵп ɵлкɵлɵрдɵ болгонун айтып, кыргыз эли менен казак калкынын тили, каада-салты, ʏрп-адаты окшош, эгиз журт экенин берилʏʏ менен сʏйлɵп, аңгемени кызытты. Ыңгайы келе калганда суроо узаттым:

— Мухтар ага, 1968-жылы СССРдин жаш акындарынын фестивалы Крымдагы Симферополь шаарында болгон экен. Сиз Жолон Мамытов экɵɵңʏз ошол фестивалга катышып достук, боордоштук мамилеңиздер кʏчɵп турган учур болуптур. Фестиваль аяктарына саналуу  кʏндɵр калган учурда Жолон Мамытов досу Мухтар Шахановго жолугуп кеп салат.

-Мухтар, мен эртең Ошко учуп кетем, самолетко билет алып койдум,-дейт.

Анда досу Мухтар ага:

-Кана билетиңди кɵрсɵтчʏ деп сурайт.

-Мына досум деп Жолон авиабилетти сунат.

-Келчи, кɵрɵйʏнчʏ деп Мухтар билетти колуна алып окуп туруп айрып салат.

Жолонду бир башкача сезим дене боюн каптайт. Аны карап турган Мухтар ага:

-Ай, Жоке, Ош эмес, Тʏштʏк Казакстанга бирге учабыз дейт. Демек, Чимкент тарапка сунуш кылып жатканын акын Жолон сезим тʏпкʏрʏнɵн достуктун ынтымагына, адамгерчилигине, кадырлоосуна ынанат.

Ушул тасмага тартылган маектешʏʏдɵн соң менден сурап калды.

«Ай кабарчы иним, Жолондун аулы кай тарапта? Кɵзʏ барында мени кɵп жолу Ош шаарына, анын четиндеги ɵзʏ тулуп-ɵскɵн Тɵлɵйкɵн айылына барууга суранган эле, кайран Жокем,- деп муңкана кебин токтотту.

-Мухтар агай деп сɵздʏ уланттым. Тээтиги боз адырлардын ары жагындаТɵлɵйкɵн айылы бар. Макул десеңиз тʏш ченде баралы дей салдым. Анткени, ал кишинин кɵңʏлʏ жибий тʏштʏ. Тʏшкɵ жакын Ош шаарынын администрация башчысынын орун басары Абдрахман Маматалиевден уруксат алып, Тɵлɵйкɵн айылына багыт алдык. 

(Мен, оператор жана Ош шаарынын мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкери Курманбек Ташыбаев Мухтар Шахановду досу Жолондун туулуп-ɵскɵн айылы Тɵлɵйкɵнгɵ алып бардык).

Адегенде жол боюнда катар ʏйлɵрдʏн арасынан Кудайберди агай Мамытовдун ʏйʏнɵ тийип ɵттʏк. (Кудайберди агай кɵп жыл агартуу тармагында эмгектенген. Кыргыз тили жана адабияты сабагынан билим берчʏ. Кара-Суу районундагы алдыңкы саптагы мугалимдерден эле).

Сураштыра келсек, Жалал-Абад шаарында  эс алып жатканын айтышты. Чуркап келип машинага олтуруп, артка жʏрʏңʏз дедим. Бир аз жʏрʏп айдоочуну токтотуңуз деп сурандым. Ичимден ʏйдɵ бирɵɵ болсо деп жол четиндеги ʏйгɵ ээрчите бараттым.

Бул да акын Жолондун агасынын ʏйʏ болчу. Кудайберди акенин иниси Турат аке деген айылдагы кадыр-барктуу инсандардан эле. Бизди кɵрʏп утурлай басып, жайдары жʏз менен тосуп учурашты.

Yйгɵ кирип дасторкон четинде беш-алты саат моокум кана маектештик. Мухтар ага Жолон экɵɵнʏн ынак достугу жɵнʏндɵ кызыктуу кеп салды. Анан бир убакта «Жолондун ысымы кайда коюлду?» деп суроо кылды.

-Биз ар кайсы кепти айтып орто мектепке аты коюлганын Ж.Мамытовдун ысымы дагы чоң жолго ыйгарылганын дагы да жакшы нерселер болорлугун айтып, ыңгайсыз боло тʏштʏк. Кеп тизгинин алган залкар акын М.Шаханов “баурларым, мен кɵп бир тууган ʏй-бʏлɵдɵн элем. Кɵбʏ кайтыш болуп кетти. 14 бир тууган элек. Эки райондо менин эстелигим бар. Дагы да нечен сый-урмат кɵрсɵтʏлгɵн иш-чаралардын кʏбɵсʏмʏн. Yлкɵн акын Жолонду элим унутпайт. Бирок Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргызстан Ленин комсомолу  сыйлыгынын татыктуу автору экенин жумурай журт билет го” деп риторикалуу суроо салды.

Мынча болду айылды бойлой аккан Ак-Буура дайрасы да керемет экенин, Жолондун акындык кереметин ак кɵбʏктɵр ыр саптары сыяктуу агып жатканын  суктануу менен кеп салып олтурду.

Чын эле эгер Жолон акын тирʏʏ болуп, Мухтар аганы ушул аймак менен тааныштырса, кандай сонун элестер башкача жаңырмак…

“Жолугушуунун соңу болуп калды окшойт. Эми биз кайталы, Турат аба” деп уруксат сураган таризде ордунан козголду. Жаздын жыты айылдагы колоттордо сезилип калган учур. “Не болсо да кабарчы иним досумдун аулуна алып келип, сиздер менен кездешʏʏм ɵмʏргɵ ɵмʏр кошту”,-деди. Ошентип, Ошту кɵздɵй сапар алдык. Жаз мезгили айылга сɵɵм карыш жакындап калган эле. Жолондун ыр саптары сезимде жаңырып, биз менен кошо келатты.

Бажырайып ɵрʏктɵрдʏн бир тʏндɵ,

Аппак болуп алышканы бакыт  бул.

Кɵпкɵ чыдап бʏчʏрлɵрдʏн ʏрпʏндɵ,

Жаздын жыты жашырынып жатыптыр.

Айылыбызды каптап кетти ошол жыт,

Баарыбызды энтиктирип жыргатып.

Кыштын кызыл аязынан суурулуп

Жазга кирип келгенибиз бул бакыт…

деген Жолондун ыр саптары жашоого кумар кылат эмеспи. Кыштан кийин жерге да, элге да жаз келет. Жаз алды чыгаан казак акыны Мухтар аганынТɵлɵйкɵнгɵ келиши достуктун символу болуп кɵɵдɵндɵ сакталып калды. Залкарлар тʏбɵлʏк жашай берет.

Маалымат ʏчʏн:  Жолон Мамытов 1940-жылы 1-апрелде Ош облусунун Тɵлɵйкɵн айылында тɵрɵлгɵн. Атасы Мамыт 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип кайтып келген эмес. Ага чейин айылда бригадир болчу. Апасы Алмакан ошол чɵлкɵмдɵ белгилʏʏ чебер, уз, кошокчу жана ашкан сулуу аял болгон экен. Жолон Мамытов беш бир туугандын кичʏʏсʏ болгон. Акындын жубайы Меңди Мамазаирова да чыгармачыл адам, жазуучу, журналист. Чыгармачыл ʏй-бʏлɵ бир кыз, ʏч уулдуу болушкан. Экинчи уулу 2011-жылы жʏрɵк оорусунан кɵз жумган. Маяк жана Азамат аттуу уулдары учурда режиссер болсо, кызы Айгерим модельер. Жолон Мамытов 48 жашында лейкоз (ак кан) илдети менен ооруп кɵз жумган.

Жолон Мамытовдун «Отту сʏйɵм», «Жашыл аалам», «Убакыт», «Ырлар», «Мезгилдин элеси», «Буурул таңдын жомогу», «Суунун ɵмʏрʏ», «Жарышкан суулар», «Атка токум салгыла», «Жʏз жашка тол кылым», «Башат жана Мухит» аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып, адабият кʏйɵрмандарынын алкоосуна татыган. Айрым чыгармалары орус жана башка чет тилдерге которулган. Ɵзʏ да Федор Тютчевдин, Афанасий Феттин, Владимир Маяковскийдин, Миколас Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Байыш Тɵлɵнов,

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ош шаарынын ардактуу атуулу.