20 августа, 2025

Мамлекеттик медициналык лабораториялардагы мʏмкʏнчʏлʏктɵр

ʏстʏбʏздɵгʏ жылдын март айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети медициналык лаборатория кызматтарындагы баа саясатын жɵнгɵ салуу боюнча жеке менчик клиникалардын жетекчилери менен жолугушууларды ɵткɵргɵн. Анда калкка кɵрсɵтʏлʏʏчʏ кызматтардын сапаты жана баа саясаты талкууланган эле. Жыйынтыгында бир нече клиникалык лабораториялык изилдɵɵлɵрдʏн бардык позицияларындагы бааларды 30% га чейин тɵмɵндɵтʏʏ боюнча макулдашылган. Муну менен катар республика боюнча кабыл алуу пункттарынын эң кɵп санын эске алуу менен “Бонецкий лабораториясы” ЖЧКсы менен мамлекеттик медициналык мекемелерден дарыгерлердин жолдомосу боюнча келген бейтаптарга 50% га чейин жеңилдетилген кызматтарды кɵрсɵтʏʏ боюнча келишим тʏзʏлгɵн. Ага карабай Монополияга каршы жɵнгɵ салуу кызматы “Интелмед” (Бонецкий) лабораториясына 423 миллион сом айып салды. Жеке менчик лаборатория COVID-19 пандемиясы учурунда ПЧР-тестирлɵɵ жʏргʏзʏʏ ʏчʏн бааны жогорулатканы аныкталган. Ал эми мамлекеттик лабораториялардагы баалар кандай бекитилет, жеңилдиктери, мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ тууралуу кызыгып кɵргɵнбʏз.

Бермет Жусупова, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын лаборатория бɵлʏмʏнʏн башысы.

-Орточо эсеп менен кʏнʏнɵ канча адамдан анализ алынат?

-Оорукананын клиникалык-диагностикалык лабораториясында биохимиялык, клиникалык жана иммунологиялык анализдер чыгарылат. Мындан сырткары бактериологиялык лаборатория ɵзʏнчɵ бɵлʏм болуп эсептелет. Оорукананын алдында тʏзʏлгɵн тɵрɵт стационарынын да ɵзʏнчɵ лабораториясы бар. Биздин бɵлʏмдʏн лабораториясында клиника боюнча гематологиялык анализдерди жасоо ʏчʏн автоматташтырылган 3 анализатор орнотулган. Гематологиялык анализдер кʏнʏнɵ 300дʏн тегерегинде жасалат. Анын ичинде стационардык, тагыраагы, ооруканада жаткан бейтаптар жана амбулатордук тʏрдɵ кабыл алынгандары да бар. Аталган анализатордун жардамы менен бир мʏнɵттɵ кандын жалпы курамын, гемоглобин, лейкоформулаларын, тромбоциттердин баарысын чыгарууга болот. Мындан сырткары экспресс лабораториябыз кʏнʏ-тʏнʏ оор абалда келген бейтаптардын анализин чыгарат. Мурда кол менен жасалчу жумуштар кɵп болгон. Мисалы, микроскопко карап, анализдерди изилдɵɵдɵ кɵп убакыт талап кылынчу. Технологиянын ɵнʏгʏшʏ менен жаңы анализаторлор жумушту жеңилдетип, убакытты ʏнɵмдɵп жатат. Биохимиялык анализдин 100дɵн ашуун тʏрʏ жасалат. Анализаторлорубуз бир убакта 68 бейтаптын анализин чыгарууга жɵндɵмдʏʏ.  ИХЛА анализатору иммунологиялык анализдерди аныктайт. Мисалы, гепатиттин тʏрлɵрʏн, гормондорду, аллергия, витаминдердин тʏрлɵрʏ, урологиялык инфекция жана башка оорулар. ИФА жарым автоматташтырылган анализатору да бар.

-Лабораториянын бʏт жабдыктары жетиштʏʏ деп айтууга болобу?

-Жылда жаңы анализдерди киргизип жатабыз. Быйылкы жылы органдарын  алмаштырып келген бейтаптарга такролимус, циклоспорин анализдерин, ошондой эле ревматологиялык бейтаптарга АЦЦП, витамин Д анализин жасоого мʏмкʏнчʏлʏк  жаралды. Ооруканабызда анализ жасоодо жабдыктар дагы, жогорку категориядагы врач-адистер дагы жетиштʏʏ. Болгону жеке клиникалардан айырмаланып ПЦР (полимеразная цепная реакция) анализатору жетишпейт. Мисалы, бир бейтаптан гепатит вирусу бар экени аныкталса вирустардын санын эсептегенге ПЦР керектелет. Жыл сайын жаңы чыккан анализаторлор менен таанышуу ʏчʏн конференцияларга барып келип, саламаттыкты сактоо министрлигине кат жолдоп турабыз. Жакынкы кʏндɵрʏ дагы кошумча жаңы типтеги  анализаторлордун коюлушу кʏтʏлʏʏдɵ.

-Баалардагы айырма кандай?

-Прейскурант мамлекет тарабынан бекитилип берилет. Мында дээрлик 80% бейтаптар жатып дарыланат. Алардын анализдери акысыз жасалат. Жеке клиникалардагы баалардан 3-4 эсе арзан экенин айтууга болот. Мамлекеттик кепилдик программасына кирген бейтаптар, мисалы согуш ардагерлери, майыптыгы бар жарандар, кош бойлуу келиндер мʏмкʏн болушунча жолдомо менен келсе анализдер акысыз жасалат. Биздин оорукана облустар аралык клиника болгондугуна байланыштуу тʏштʏк региону боюнча бейтаптар кайрылышат.

Баходир Адахамов, Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун лабораториялык изилдɵɵ бɵлʏмʏнʏн башчысы.

-Сиздердин борбордо оорунун канча тʏрʏнɵ анализ жасалат? 

-Биздин мекеме лабораториялык изилдɵɵлɵр тʏзʏмʏ беш чоң бɵлʏмдɵн турат. Алар: санитардык-гигиеналык, санитардык-бактерологиялык, субулуттук-вирусологиялык, паразитологиялык жана радиологиялык лабораториялар. Санитардык-бактериологиялык лабораториябызда менингит, коклюш, параколюш, тамак-аштан уулануу токсикоинфекциялар, ботулизм жана башка ушул сыяктуу бактериалдык оорулары аныкталат. Субулуттук вирусологиялык лабораториябыз вирустук этиологиядагы илдеттерди, мисал ʏчʏн ковид, грипптин тʏрлɵрʏ, курч респиратордук вирустук инфекцияларды, андан сырткары кан аркылуу жугуучу инфекцияларды, гепатиттердин бардык тʏрʏн изилдейт. Ал эми респиратордук оорулардан кызамык жана кызылча илдеттерин дарттапма медициналык изилдɵɵлɵрдʏ жʏргʏзɵт .

Субулуттук-вирусологиялык, санитардык-бактериологиялык жана паразитологиялык лабораторияларыбызда санитардык изилдɵɵлɵрдɵн сырткары, медициналык дарттарга изилдɵɵлɵр жʏргʏзɵт. Субулуттук вирусологиялык дегенибиздин себеби, борбор калаада биздин департаменттин базасында улуттук деңгээлдеги ушундай вирусологиялык лаборатория орун алган. Мисалы, азыр кызамык кʏчɵп жатпайбы тʏштʏк региону боюнча Жалал-Абад, Баткен облустарынан оорунун биоматериалдарын ушул жерге алып келип, андан ары тастыктоо иштери жʏргʏзʏлɵт. Учурда эки лабораториябыз ISO 15189 деп аталган эл аралык стандарттын талабы боюнча аккредитациядан ɵтʏʏ боюнча документтерди жɵнɵткɵн. Азыр Бишкектеги Кыргыз аккредитациялоо борборунда экспертизадан ɵткɵрʏʏ боюнча комиссия тʏзʏлʏп жатат.

-Баалар боюнча айтсаңыз, жеңилдиктер, акысыз кызмат кɵрсɵтʏʏлɵр кандай каралган?

-Биздин коомдук саламаттыкты сактоо кызматындагы лабораториялык изилдɵɵлɵрʏбʏз Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган токтому менен бекитилген мамлекеттик кепилдик программасына кирген эмес. Ал программага алгачкы медико-санитардык жардам кɵрсɵтʏʏ уюмдары же ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер тобу, мамлекеттик медициналык борборлор камтылып, алар милдеттʏʏ медициналык камсыздандыруу фондунан (ФОМС) кошумча финансылык каражат алышат. Ошондуктан лабораториялык изилдɵɵлɵрдʏ жеңилдиктер менен же акысыз ɵткɵрʏшɵт. Ал эми биздин мекеме ФОМСтан кошумча каражат албайт, негизги айырмачылыгы ушунда. Коомдук саламаттыкты сактоо тармагы болуп эсептелип, бюджеттен алган каржылоодон сырткары акы тɵлɵɵ, кызмат кɵрсɵтʏʏнʏн эсебинен киреше табат. Бааларды монополияга каршы жɵнгɵ салуу кызматы менен макулдашылып, министрлик тарабынан бекитилип берген ɵлчɵмдʏн негизинде кызмат кɵрсɵтɵбʏз. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе грипптин А, Б тʏрлɵрʏ, курч респиратордук вирустук инфекциянын он тʏрʏнɵ, дозордук эпидемиологиялык кɵзɵмɵл программасынын негизинде чогуу иштешкен белгилʏʏ медициналык мекемелерден бейтаптын шектʏʏ анализдерин жɵнɵтʏшсɵ акысыз изилдейбиз. Ошондой эле кызамык менен кызылчаны гуманитардык жардамдан алынган системанын негизинде акысыз аныктайбыз. Ковидди аныктоо 7 жашка чейинки балдарга, 65 жаштан жогоркуларга, 1-2 группадагы майыптарга, чернобыль окуясынын, афган согушунун ардагерлерине акысыз.

-Лабораториядагы жабдыктардын жаңылануусуна жараша адистердин кесипкɵйлʏгʏ кандай ɵнʏктʏрʏлɵт?

-Лабораториялык изилдɵɵ бɵлʏмʏбʏздɵ жалпы 62 кызматкер эмгектенет. Адистерибиз компетенттʏʏ, тажрыйбалуу деп айта алам. Саламаттыкты сактоо системасындагы окууларга жана Бʏткʏл дʏйнɵлʏк саламаттыкты сактоо уюмунун окуу-тренингдерине тынбай катышып турушат. Изилдɵɵ каналарыбыз заманбап жабдуулар менен жабдылган. Лабораторияны мындан да ɵнʏктʏрʏʏ ʏчʏн улуттук жана санитардык-бактерологиялык лабораториябызды эл аралык деңгээлге чыгарып, аккредициядан ɵткɵрʏʏнʏ пландап жатабыз. “Vitek 2” деп аталган анализатор саламаттыкты сактоонун улуттук программасын негизинде жана БДСУнун колдоосу менен жаңы эле келтирилди. Жаңы анализаторубуз кандагы микробдорду жана алардын антибиотиктерге сезимталдыгын аныктайт. Эки жылдык программада анализдер акысыз аныкталып, дарылоо иштери жʏрɵт. Бул боюнча биздин базада, Бишкек шаарында окуулар ɵткɵрʏлмɵкчʏ.

-Санариптештирʏʏнʏн алкагында бейтаптарга кандай шарттар тʏзʏлʏп жатат?

-Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы электрондук санариптештирʏʏ борбору бар. Аталган борбор тарабынан “ILAB” лабораториялык маалымат системасы иштелип чыгып, бардык мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарына киргизилген. Оорулуу адамдар келгенде паспорт же туулгандыгы тууралуу кʏбɵлʏгʏ аркылуу базага катталып, кайсы анализдер тапшырылды, жыйынтыгы тууралуу мааламаттар камтылган. Анализдердин жыйынтыгын аралыктан туруп эле карап, телефон же компьютерге жʏктɵп алып врачка кɵрсɵтсɵ болот.

Айжылдыз Тойчиева

About The Author