8 сентября, 2024

Спортту акыл-кʏчʏ менен багынткан сулуулар

Илгертеден эле кыргыздын кыздары ат чаап,  кыз куумай, тыйын эңмейлерде жигиттер менен  теңтайлаша алышкан. Азыркы кʏндɵ спорттун тʏрʏ менен алектенип, Кыргызстандын атын чыгарган кыздар аз эмес. Спортту акыл-кʏчʏ менен багындырган сулуулар  Бакдɵɵлɵт Капарова менен Гʏлзат Эсеналиева бизде конокто.

Каратэ-до менен 6 жылдан бери машыккан 22 жаштагы  Бакдɵɵлɵт Капарова:

“Чыныгы спортчу себепсиз кол кɵтɵрбɵйт экен…”

-Эң биринчи спортту айылдан 7-классымдан баштаганмын. Туура, ар бир нерсенин башталышына бир нерсе себеп болот эмеспи. Анын сыңарындай менин дагы спортко келишиме тʏрткʏ болгон нерсе болду. Бирɵɵ менен урушуп калып, ɵчʏмдʏ алам деген ойдо спортту баштадым. Спортко 1-2 жыл катышкандан кийин ал оюм ɵзгɵрдʏ. Анткени чыныгы спортчу андай болбойт экен. Сыртта кʏчʏн пайдаланып, обу жоктук кылбайт жана кол кɵтɵрбɵйт. Жада калса бирɵɵ сʏйлɵсɵ дагы, ооба, сеники туура деп кетип калуу керек. Спортко келгенимден кийин бирɵɵдɵн ɵч алуу, кыздар менен тартышып-тʏртʏшʏʏ деген нерсем жок болду.

“Ар жерде иштеп, залдын акчасын тɵлɵчʏмʏн”

-Спорт менен алектенгениме 6 жыл болду. Бирок чет жактарга чыгып баштаганыма бир эле жыл болду. Анткени ортодо тыныгуу болуп калды. 1-2-курстарымда таштап койгон учурларым да болду. Анын ʏстʏнɵ ата-энем дагы каршы болуп, жибербей коюшкан эле. Спорт менен машыкпай жʏрʏп бир кыздан токмок жеп калганмын, анан спортту улантпасам болбойт деп кайра баштадым. Башында ʏйдɵгʏлɵргɵ айтпай, ар жерде иштеп, залдын акчасын таап, анан залга барып машыкчумун. Ошентип спортко киришип, акыркы бир жыл аралыгында ийгиликтерди катар-катар багындырдым десем болот.

“Олимпиадага катышсам деген тилектемин”

-Эң алгачкы жеңишим республикалык чемпионат болду. Жети облустун ичинен биринчи орунду алганмын. Спорт менен бир нече ɵлкɵлɵргɵ дагы чыктым. Дʏйнɵ чемпионатынан Ɵзбекстан мамлекетине барып, 42 мамлекеттин арасынан 1-орунду алдык. Ал эми Казакстанда Азия кубогу болду. Андан 32 мамлекеттин ичинен 3-орунду алып келдик. Буюрса, 2 жылдан кийин олимпиада. Ага дагы катышсам деген ниеттерим бар. Акыркы жолу катышкан таймашым 5 мамлекеттин арасында болуп ɵткɵн Бишкек ачык таймашы болду.

“Кыйынчылыктар кɵп болот”

-Спортто сɵзсʏз кыйынчылыктар болот. Кээ бир учурда таймаштарга даярданганда 1 ай мурун эле баштайбыз. Эрте менен, тʏштɵ, кечинде сɵзсʏз 3 маал машыгуу болот. Ошол маалда кɵп кыйналам. Кечке маал аябай чарчап калгандыктан, ʏйгɵ барганда башка жакка чыкканга каалоо жок калат. Тамак дагы ошого жараша болот. Спорт деп кɵп жактан тыйылып каласың. Спортту тандаган соң жалгыз спорт менен гана кеткенге туура келет. Кɵп жакка барбай, жада калса барганга убакыт дагы болбой калат.

“Бир баланын эсин оодара тээп…”

-Мен залга жаңы катышып баштаганымда бир баланын эсин оодара тепкенмин. Анан агай “ушундай болсоң залдан кууп чыгам” деп урушкан эле. Ошондон кийин балдарды тепкис болгом…

“Спорттон сырткары сʏрɵт тартканга кызыгам”

-Азыркы учурда спорттон башка эч нерсе менен алектенбеймин. Тʏшкɵ чейин окусам, тʏштɵн кийин машыгуу болот. Бош кезде топ ойноп турам. Андан сырткары сʏрɵт тартам. Аны дагы спорт менен бирге алып кетʏʏгɵ аракет кылып жатам. Келечекте спортту улантсам деген максаттарым чоң. Албетте, Кыргызстаным кɵтɵрʏп, колдоп турса эле…

11 жылдан бери тогуз коргоол ойногон 23 жаштагы Гʏлзат Эсеналиева:

“Спорт мага ийгиликтерди алып келди”

-Тогуз коргоол оюнун мага атам ʏйрɵткɵн. Атам Абдырахманов Бакытбек мектепте дене тарбия мугалими болуп эмгектенет. Атам ʏйрɵткɵндɵн тартып 2013-жылдан бери ойноп келем. Алгач баштаганымда мектеп окуучусу элем. Райондук жана облустук мелдештерге барып катышчумун. Эң алгачкы жеңишим 2017-жылы Моңголия мамлекетинде ɵткɵн Азия чемпионатына жолдомо алуум жана ошол эле мелдеште коло медалга татыганым болду. Андан соң Тʏркия мамлекетинин Бурса шаарында ɵткɵн мелдешке жолдомо алып, катышып келдим. 2013-жылы Жалал-Абад шаарынын мэринин кубогу болду. Ал мелдеште экинчи орунду ээледим. 2018-жылы республикалык мелдештерге катышып, жеңʏʏчʏ болдум. Андан сырткары Жалал-Абадда, Таласта, Ош шаарында, Бишкекте ɵткɵн мелдештерде алдыңкы орундарга жетишип жаттым. 2018-жылы Монголия шаарында ɵткɵн Азия чемпионатында 3-орунду ээледим. 2021-жылы Казакстан шаарынын Актɵбɵ облусунда ɵткɵн Азия чемпионатында тогуз коргоол оюнунун 7 мʏнɵттʏк жана 2 сааттык 2 тʏрʏнɵн 3-орунду ээледим. 2019-жылы Азия чемпионатына жолдомо алганмын. 2022-жылы Чехия мамлекетинде ɵткɵн акыл оюндарында 3-орунду ээлегенмин. Булар менин эн чоң жетишкендиктерим болду.

 “Тогуз коргоол – акыл оюну”

-Тогуз коргоол акыл оюну болгондуктан мага ойлонгонду ʏйрɵттʏ. Жашоодо эмне кылсам, кандай кылсам, кайсы ишти кылсам туура болот деген суроолорду ɵзʏмɵ кɵп берчʏмʏн. Тогуз коргоол оюну менен ар бир адам ɵзʏң сабырдуулукка, чыдамкайлыкка тарбиялай алаарына ишенем.

“Окуучуларым дагы ийгиликтерди багындырууда”

-Тогуз коргоол оюнун окуучуларга ʏйрɵтʏп келʏʏдɵмʏн. Азыркы учурда Ош шаардык дене тарбия комитетинде иштеп жатам. 30 чакты окуучум бар. 10 дон ашууну Ош шаарынын курама командасында ойнойт. 2023-жылы Монголия мамлекетинде ɵткɵн Азия чемпионатына 4 окуучум жолдомо алып, андан эки окуучум ийгиликтʏʏ кайтты. Алдыдагы пландарым кыргыздын улуттук оюндарын ɵнʏктʏрʏʏ, ага салым кошуу, ошону менен биргеликте кɵптɵгɵн окуучуларды мелдештерге чыгаруу.

“Окуучуларымды баламдай эле кɵрɵм”

-Мелдештерге чыкканда командадагы адамдар менен бир туугандай, бир ʏй-бʏлɵдɵй болуп барып келебиз. Кызыктуу окуялар дагы кɵп болот. Кɵбʏнчɵ окуучуларымды мелдештерге ɵзʏм алып барам. Окуучуларым дагы бири-бири менен бир туугандай эле болуп калышат. Ар бир кыймылына маани берип, барып келгиче ɵзʏмдʏн баламдай эле кɵрʏп калам.

“Кудайга шʏгʏр, кирешем жакшы”

-Айлыктан сырткары спорт тармагынан, мелдештерден уткан байгелер менен каражат табам. Алды 30 миңге чейин барат. Андан сырткары ата-энелер дагы балдарына жеке сабак ɵтʏп бер деп алып келишет. Негизгиси кудайга шʏгʏр, Кыргызстанда жашап эле спорт менен ырыскыбызды таап жатабыз.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы