18 октября, 2024

Тез жардам борборунда бир кʏн

Бир жакка шашылуу, саатка тынбай карай берʏʏ кандай гана тʏйшʏк. Бул кадимки адамдар арасында анча-мынча болуп турчу кɵрʏнʏш. Ал эми тез жардам кызматкерлери ар дайым ушундай абалга туш болушат. Ысык-суукка карабай, унаага толгон жол менен мʏнɵт санап адам ɵмʏрʏн сактап калууга шашылышат. Мына ушундай жоопкерчиликтʏʏ кызматкерлерди ɵзʏнɵ камтыган тез жардам борбору тууралуу баяндайбыз.

Мирболот Султанов, Ош шаардык шашылыш медициналык жардам борборунун директору.

“Кышында суткасына 300-350гɵ чейин чалууларды кабыл алабыз”

-Ош шаардык тез жардам борбору мурда Ош шаардык оорукасынын карамагында болгон. 1974-жылдан кийин ɵзʏнчɵ борбор болуп тʏзʏлɵт. 2023-жылга чейин бизде 52 бригада болгон. Учурда административдик-аймактык реформанын негизинде Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак жана Тɵлɵйкɵн айыл ɵкмɵттɵрʏ Ош шаарынын аймагына ɵтʏп, бригаданын саны 1-апрелден тарта 64 бригадага кɵбɵйдʏ. Ошого жараша тейлɵɵ аймагыбыз да кеңейди. Адистештирилген бригадага: жʏрɵк оорулар бригадасы, психиатриялык оорулар бригадасы жана кɵчмɵ реанимация бригадасы кирет. Кɵчмɵ бригаданын курамында: дарыгерлер бригадасы, фельдшерлик бригадалар бар. Мекемеде 3 сменага бɵлʏнʏп, жалпы 180 кызматкер эмгектенет. Чакыруулардын саны айрыкча кечки саат 7ден 12ге чейин кɵп болот. Бул убакыт аралыгында кечигʏʏлɵрдʏн саны да кɵбɵйɵт. Ɵтɵ кɵп чакыруу тʏшкɵндɵ тез жардам кызматкерлери бир аз кечигиши мʏмкʏн. Мезгилге салыштырып карай турган болсок жаз, жай мезгилдеринде шаарда студенттер азайып, кɵпчʏлʏк шаардыктар айыл жергелерине кетишкендиктен чалуулар азаят. Бирок, кышта чакыруулардын саны кескин кɵбɵйʏп суткасына 300-350 гɵ чейин жетет.

“Маалыматтардын автоматтык тʏрдɵ жазылуусун камсыздай алдык”

-2020-жылы пандемиядан кийин тез жардам унаалары мамлекет тарабынан кɵп алынды. Учурда 25 жаңы автоунаанын баары жарактуу. Андан сырткары Санариптештирʏʏнʏн жʏрʏшʏндɵ Германия элчилиги менен Кыргызстандын макулдашып, “GIZ” программасы аркылуу чалуулардын автоматтык тʏрдɵ жазылуусун камсыздай алдык. Мурда бейтаптарга барганда картаны колдо жазып толтурсак, азыр электрондук тʏрдɵ толтурулат. Эгерде бир бейтап жʏрɵк оорусу боюнча чакыртса автоматтык тʏрдɵ базага тʏшʏп, бир айдан кийин кайра тез жардамга кайрылса жашаган дареги, оорусу жɵнʏндɵ маалымат дароо чыгат. Бул врачтарга абдан ыңгайлуу, пландалган жерге бараткандай толук даярдык менен чыгышат. “Жарым саат, бир саат кечигип келишти” деген сыяктуу даттануулар да болот эмеспи, ошон ʏчʏн 2023-жылдын июнь-июль айынан тарта жаңы система менен иштей баштадык. Келген чалуунун сааты, мʏнɵт-секундасы базага тʏшɵт. Унаалар GPS-навигатору аркылуу кайсыл жерде баратканы кɵрʏнɵт. Кызматкерлер барганда “тейлɵɵ” баскычын басып, бейтапты кɵрʏп чыккандан кийин бошогону тууралуу маалыматты кɵрсɵтɵт. Кɵзɵмɵлдɵгɵнгɵ, даттануу келген учурда карап бергенге ыңгайлуу.

“Шаар аймагына ɵткɵн айылдарга подстанция ачууну пландап жатабыз”

-2021-жылдан тарта айлык акыларыбыз бир аз кɵбɵйдʏ. Окууну жаңы бʏтʏп келген адистер 15-18 миңдин тегерегинде айлык алышат. Бул албетте, азыраак, ошон ʏчʏн жаш адистер жеке менчик ишканаларга кетип калышууда. Аларды алып калуу максатында башка клиникалар менен макулдашып, сменге чыкпаган убактарында иш таап бергенге аракет кылабыз. Билим деңгээлин жогорулатуу ʏчʏн жума сайын ишканабызда тренингдер ɵткɵрʏлɵт. Мисалы, азыркы мезгилде ɵнɵкɵт оорулардын кʏч алышы боюнча тренингдерге басым жасасак, сезонго карап жайда сууга чɵккɵн адамга, кышта иске ууланган  адамга биринчи медициналык жардам кандай кɵрсɵтʏлɵɵрʏн тынбай окутуп турабыз.

Башкы корпусубуздан сырткары 3 подстанциябыз бар. Ош районунда 2 бригада, Он-Адырда бир, Анар кичи районунда эки бригада тейлеп келген. Шаар аймагына ɵткɵн айылдардан Кызыл-Кыштакка да эки подстанция ачууну пландап жатабыз.

Дилфуза Эргешова, фельдшер.

“Чакырууларга УАЗ, РАФ унаалары менен барчубуз”

-1987-жылдан бери тез жардам кызматында иштейм. Жумушка келген алгачкы жылдары чакырууларга УАЗ, РАФ унаалары менен барчубуз. Айрым унааларыбыз абдан эски болгондуктан ʏстʏнɵн тамчы ɵтʏп, кол чатырыбызды кармап барган кʏндɵр да болгон. Кыш мезгилинде УАЗдарын ичи суук болчу, арткы салондун суугуна чыдабай айдоочу менен врачтын ортосундагы кичинекей мешке жылынар элек. Азыр кудайга шʏгʏр, эң сонун заманда жашап жатабыз. Жаңы, жылуу унаалар, жаңы аппараттар.

-Бир окуя эч эсимден кетпейт, азыркы А.Масалиев кɵчɵсʏндɵгʏ кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн бирине келин толготуп жатканын айтып чакырып калышты. Бешинчи кабатка кɵтɵрʏлгɵнгɵ чейин тɵрɵп коюптур, кирсем ымыркай тону менен кошо тʏшкɵн экен. Баланын эч нерсеси кɵрʏнбɵйт. Ɵзʏм да коркуп кеттим, бирок эч кимге билдирген жокмун. Дароо медициналык спирттелген кол каптарымы кийип, тонду ачып салдым. Баланын кыйкырган ʏнʏ угулуп, аман-эсен энесине тапшырып алганбыз.

“Тез жардам унааларына жол берʏʏнʏ ʏйрɵнɵлʏ”

-Айдоочуларга кайрылар элем, азыр унаа ушунчалык кɵбɵйгɵн, биз бир ɵмʏрдʏ сактап калуу ʏчʏн секунд дагы жай ɵтʏп жаткандай шашылып баратсак жол бербей койгондор болот. Чакырган бейтаптын кɵзʏ чачырап, кʏтʏп жатканын сезиңиздер, тез жардам унааларына жол берʏʏнʏ ʏйрɵнɵлʏ. 

Надира Тургунбаева, врач.

-Тез жардам борборуна 2005-жылдары жумушка келдим. Керектʏʏ аппараттарыбыз ар бир унаада эле болгон эмес. Жабдыктардан сырткары дары-дармектерибиз да жетишсиз болчу. Ошол мезгилдерде эмнегедир жɵн эле ойноп чалгандар аябай кɵбɵйʏп кеткен. Балким, телефон элге эми кенен тарай баштагандыктанбы, айтор айтылган жерге барганда “эч кандай тез жардам чакырбадык” деп айтышчу. Учурда ар бир унаада ЭКГ кардиографиялык аппарат, дефибриллятор сыяктуу керектʏʏ жабдыктарыбыз бар. 

Нурзат Максидали кызы, врач.

“Психологиялык жактан даярданып барабыз”

-Бизге кɵпчʏлʏк учурда жол кырсыгы катталган жерден чакыруулар келет. Билесиздер, ал жерде ар кандай кырдаал болуп калуусу мʏмкʏн. Психологиялык жактан даяр болууну окуу жайда ʏйрɵтсɵ да, ар жолку чакырууда даярданып барабыз. Ɵзʏбʏздʏ бекем кармап, эч нерсеге алаксыбай медициналык жардам кɵрсɵтʏʏгɵ гана аракет кылабыз.

Асел Сайфидинова, фельдшер.

“Чакырууларга барып ɵзʏмɵ тажрыйба топтоп жатам”

-Жумушка жаңы эле орноштум. Бир сутка иштеп, эки кʏн эс алабыз. Мага бул график аябай ыңгайлуу. Жаш адистердин ɵз алдынча изденʏʏсʏнɵ шарт тʏзɵт десем болот. Айлык акыдан да маанилʏʏсʏ мында врачтарды ээрчип жʏрʏп, чакырууларга кошо барып ɵзʏмɵ тажрыйба топтоп жатам. Эмгек жолумду тез жардам борборунан баштаганыма сыймыктанам.  

Айжылдыз Тойчиева

Абдас кызы Минура