27 июля, 2024

  “Табиятка болгон мамилебизден улам сел жʏрʏп жатат”

Дʏйнɵдɵ болуп жаткан азыркы абал – сел, суу ташкыны, табият кубулушундагы кырсыктар болууда. Кургакчылыктагы ɵлкɵ-шаарларда нɵшɵрлɵгɵн жамгыр жаап, сел каптоодо. Коңшу Казакстандын, Россиянын айрым облустары, Кытай да суу каптоого кептелип, миллиондогон жарандар эвакуацияланууда.  Нɵшɵрлʏʏ жамгырдан улам канчалаган ʏйлɵр кыйрап жатат. Бул коркунуч бʏгʏнкʏ кʏндɵ бизге да келип олтурат. Ɵткɵн апта Кыргызстандын Чʏй, Талас, Ош, Жала-Абад олблустарынын айрым жерлеринде сел каптоолор болду. Ош облусунда бир жаран селден улам сууга агып каза болсо, 17 жаштагы жигит чагылган тийип каза болду.  Бирок куткаруучулардын айтымында азырынча Кыргызстанда анчалык деле кооптуу аймак жок. “Бул боюнча атайын чаралар кɵрʏлʏп, ыкчам топтор иш алып барып жатышат”,-дешти  ведомстводон. 

Жаан – жерге жага турган кубулуш

География илимдеринин кандидаты, ОшМУнун тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар борборунун директору Аккулов Абдижапар:

-Климатологтордун тили менен айтканда жылдын 4 мезгилиндеги жаан- чачындын эң кɵп кɵлɵмʏ кʏзгɵ жана жазга туура келет экен. Биз жаан жаап жаткандыгына сʏйʏнʏшʏбʏз керек. Дʏйнɵдɵ кургакчылыкка байланыштуу канчалаган олуттуу маселелер болуп, канчалаган элдер тынчсызданып жатышат. Бирок бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ жаанга кайгырып жатабыз. Жаандын кесепети, сел ташкындарынын айынан кайсы бир жерлерде жер кɵчкʏлɵрдʏ пайда кылса, кайсы бир жерлерде турак жайлардын кыйроосун пайда кылып жатат. Негизинен алганда жаан –жерге жага турган кубулуш. Жер тойсо, анан эл тоёт. Ɵзгɵчɵ дыйканчылыкта, айыл чарбасы да, мал чарбасы да аябай чоң мааниге ээ. Тилеке каршы, суулар жерге сиңбей эле, жердин ʏстʏнкʏ бети менен жылгалардан, ɵзɵндɵрдɵн топтолуп келип, чоң агымдарды пайда кылып жаткан учуру. Дарыялардын деңгээли кɵтɵрʏлʏп, айылдарга чейин кирип келип, жолдорду талкалап, кɵпʏрɵлɵрдʏ бузуп, эгин талааларды басып, канчалаган турак жайларды каптап калып жатат. Бирок мурдагыдай климаттык нормага салыштырмалуу азыркы жаан чачындын жалпы саны азыраак.

“Билип туруп жасайбыз…”

-Биз адамдар жаратылыштын кубулушуна даяр болушубуз керек. Бизде Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлиги аба ырайы кандай болот, кайсы мезгилде узак жолдорго чыкканга болбойт, баарын алдын ала белгилеп турушат. “Кар кɵчкʏ жʏрʏп кетиши мʏмкʏн, сел агып кетиши мʏмкʏн, этият болуп, узак жолго чыкпай туруңуздар, чыксаңыздар мынча аралыкты сактайсыздар” деп маалымат берип эле жатышат. Бирок ошол айткан нерсени аткарбаган ɵзʏбʏздɵ кʏнɵɵ болуп жатпайбы.

“Жайыттар жоголгону ʏчʏн дагы сел пайда болуп жатат”

-Тоокен ɵнɵр жайы – экономикалык локомотиви деген ураан алдында ар кандай кендерди жазуунун масштабы кеңейип кеткендиги да селдерди, жер кɵчкʏлɵрдʏ пайда кылган эң башкы факторлордун бири. Андан сырткары климат ɵзгɵрʏп, кургактык каптап келе жатат. Биринчиден, кургакчылыкты пайда кылган жаан- чачындын санынын аздыгы болсо, экинчиден, ɵсʏмдʏктɵр дʏйнɵсʏн кыйратып алдык. Биз тоолуу ɵлкɵ болгонубузга байланыштуу тоо аймактарында ɵсʏп жаткан ɵсʏмдʏк талааларын таптакыр талкалап алдык. Биринчи кезекте жайыттарыбыз талкаланып кетти. Сел мына ушул себептерден да пайда болуп жатпайбы. Алыскы тоолордон деле келип жаткан жери жок. Айылдардын жака бели жыл бою дээрлик жайыт катары пайдаланылып, кыртыш биротоло талкаланып калды. Жер алдында жандуу тамыр системасы жок. Жаан кыртышка тʏшсɵ, ошону ɵзʏнɵ сиңирип алган тамырлар да жок. Кʏн ысыса жерлер жарылып кетип жатат. Жаан- чачындан, кар эригенден пайда болгон суулар сиңбей калып, жер кɵчкʏлɵрдʏ, селдерди пайда кылып жатат.

 “Адамдын табиятка болгон мамилеси кенебес”

-Айылдан же шаардан жʏктɵлгɵн таштандыларды талаага алып барып тɵгʏп койгон учурлар аябай кɵп. Талаа толо таштанды болуп кеткен. Жаратылыш деле бизден ɵч алып жаткандай. Мына таштандыны силер бул жакка ташып келдиңер эле, эми ɵзʏңɵр алгыла, керек болсо агызып ʏйʏңдʏн короосуна чейин алып келип берип койду. Таштандылар кɵпʏрɵнʏн оозун бʏтɵп, канчалаган тʏтʏктɵр, канчалаган арыктарды жаап, кошул-ташыл таш менен топурак шагыл менен келип, тосуп калган жерлер бʏтʏндɵй суу нугунан чыгып кетип, кɵчɵлɵрдʏ, айылдарды, турак жайларды каптап жаткандыгын кɵрʏп жатабыз. Адам табиятка болгон мамилеси менен кенебес, жоопкерчиликсиз, абийирсиз болуп, жаратылышты талкалап салды. Керек болсо жаратылыштын кубулушу адамдардын ɵмʏрʏн алып коюп жатат. Канчалаган экономикалык зыяндар келʏʏдɵ. Бир ʏй селдин айынан кɵчсɵ, канча тиричилиги агып, жок болуп кетип жатат. Мунун биринчи себеби бидин жаратылышка жасап жаткан мамилебиздин кесепети деп ойлойм.

Кыргыз Республикасынын Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нɵɵмɵт кызматынын башчысы, майор Абдилла Анарбаев:

 “Нɵшɵрлɵгɵн жаан арыктарды жеп, жолдун четтерин жиреп кеткен”

-Баарыбызга белгилʏʏ болгондой 2024-жылдын 21-апрелинен баштап  3 кʏн аралыгында нɵшɵрлɵп жааган жаан болуп ɵттʏ. Жаандын кесепетинен шаардагы турак жайларды , кɵчɵлɵрдʏ суу катап, арыктар толду. Эң негизгиси биздин Ош шаарында Ноокат жолу тарабынан, нɵшɵрлɵп жааган жамгырдын кесепетинен суулар сайларга толуп, биздин Ош шаарына чейин келип жетти. Агып келген суу, сел суулары агып ɵтɵ турган арыктарды, жакын жайгашкан жолдордун жээктерин кошо жеп кеткен. Ал менен эле токтоп калбастан, турак ʏйлɵрдʏн короолоруна, жер тɵлɵлɵрʏнɵ чейин кирип кеткен. Кошумча бɵлмɵлɵр дагы жаанга туруштук бере албастан бузулуп калгандары катталды. Кээ бир жарандардын турак ʏйлɵрʏнʏн короо жана ажатканаларына чейин кирип толуп, ашып кеткен. Ал боюнча дагы иш алып барып жатабыз.

“Ош шаарында ɵтɵ деле кооптуу жерлер катталбады”

-КРнын ƟКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу бɵлʏктɵрʏндɵгʏ куткаруучулардын жалпы 6 бɵлʏгʏ болсо, алардын ичинен бешɵɵ ɵрт ɵчʏрʏʏчʏлɵр бɵлʏгʏ, бир бɵлʏгʏ куткаруу бɵлʏгʏ болчу. Бардыгы жалпы курамды чогултуп, шаардын ичиндеги толуп калган арык, сел ɵтʏʏчʏ канал, жана ички чарбалык жолдор менен жанаша жайгашкан арыктарды, ар кандай айыл чарба шаймандары менен тазалашууда. Андан сырткары Ош шаарынын мэриясынын тапшырмасы менен атайын техникалар бɵлʏнгɵн. Экскаватор, жʏк ташуучу унаалар бɵлʏнʏп, кол менен болбой турган иштерди бɵлʏнгɵн техникалар менен аткарып жатышат. Болуп жаткан жаандын кесепетинен улам аккан селдер материалдык жактан чыгымды ɵтɵ кɵп алып келбесе дагы, жарандардын жашоосуна ыңгайсыздык жаратууда. Айрым айылдардагы жарандарыбыздын баскан- турганы ылай, ичкени сел суулары болуп калды. Куткаруучулар атайын тапшырма менен шаар аймагындагы бардык конуштарга жооптуу болуп дайындалып, 5-6 дан бɵлʏнʏп, жарандардын абалын текшерип туруу ʏчʏн келген зыяндардан коргоп, аныктоо ʏчʏн кыдырып карап жатышат. Бирок ɵтɵ деле кооптуу делген аймактар аныкталган жок.

“Убактылуу сактоочу куралдарды жасап жатабыз”

-Жол менен кошо бузулган жерлерге, жʏк ташуучу автоунаалар шагылдарды алып келип берип, куткаруучулар атайын ыктыярчылардын жардамы менен алынып келинген каптарга кумдарды салып, кооптуу жерлерге атайын тосмо кылып тизип жатышат. Бирок бул убактылуу сактоочу куралыбыз. Ошентсе дагы агып келген селден коркунуч жаралбайт.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы