Учурда кулпунайдын сезону кызуу жʏрʏп жаткан кез. Кɵз жоосун алып, кулпурган жыты бар жемишти ɵстʏрʏʏгɵ сиз да кызыгып жʏрɵсʏзбʏ? Анда бул макала сиз ʏчʏн. Жапалак айыл аймагындагы дыйкан, жеке ишкер Замирбек Камчыбек уулу ɵз тажрыйбалары менен бɵлʏшɵт.
-Замирбек мырза, мында кулпунай кɵчɵттɵрʏ пленканын астына эгилип, тʏтʏктɵр менен суу жеткирилиптир. Кандай ыкма бул?

-Бул кулпунайды интенсивдʏʏ жол менен ɵстʏрʏʏ ыкмасы болуп эсептелет. Пленканын астына эккенибиздин себеби топуракты нымдуу кармап, отоо чɵптɵрдʏн чыкпоосуна шарт тʏзɵт. Ошондой эле жамгыр жааган учурда мɵмɵсʏ топуракка, ылайга тийбей пленканын ʏстʏндɵ таза турат. Эгер кулпунайга чаң, ылай тийсе товардын кɵрʏнʏшʏ бузулат да ɵтʏмдʏʏлʏгʏ азаят. Андан сырткары тамчылатып сугаруу системасын колдонобуз. Тамчылатып сугаруу сууну 80% ʏнɵмдɵп, жер семирткичтерди бергенде кɵчɵттʏн ɵзʏнɵ толук жетет.
-Кɵчɵттɵрʏн кайсы жактан алгансыз?
-Учурда Кыргызстанды кулпунай кɵчɵттɵрʏ менен камсыздаган 3-4 компания бар. Алардын бири “Клубника Кыргызстана” компаниясы. Кɵчɵттɵрдʏ Европадан жана Тʏркия ɵлкɵлɵрʏнɵн алып келишет. Мен да аталган компания менен байланышып, кɵчɵттɵрʏн сатып алгам. Алар кɵчɵттʏн ɵзгɵчɵлʏгʏ боюнча дыйкандарга жеткиликтʏʏ маалымат берип келишʏʏдɵ. Андан сырткары бир жыл бою акысыз кɵчɵт ɵстʏрʏʏнʏн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган агроколдоолорун кɵсɵтʏшɵт.
-Учурда мɵмɵсʏ бышып, терилип жаткан кулпунайлардын сорту эмне деп аталат?
-Мында жаңы “клери”, “сандра” деп аталган сорттору бышып жатат. Биз аларды эрте бышар деп коебуз. Быйылкы жыл жаанчыл болгондуктан тʏшʏм жыйноо май айына туура келди. Негизи апрель ичи мɵмɵсʏн берип бʏтɵт. Ал эми кеч бышарлары эгилген кʏндɵн тарта 70 кʏндɵн кийин бышат. Мисалы, апрелдин 15тери эгилсе, июндун ортосунда мɵмɵсʏ терилип, ошол бойдон кеч кʏзгɵ чейин быша берет.
-Клери жана сандра сорттору канча жыл жашайт?
-Европанын ыкмасы боюнча бул кɵчɵттɵр бир эле жыл жашайт экен. Биз экономикалык жактан ʏнɵмдɵйлʏ деп 3 жылга чейин мɵмɵсʏн алып жатабыз. Андан кийин кɵчɵт карыйт. Жанынан майда кɵчɵттɵр чыгып, мɵмɵсʏ да майда болуп калат. Ошондо жерди айдап, жаңы кɵчɵттɵрдʏ эгʏʏ сунушталат.


-Анда жылдар бою жашаган кулпунайлар башка сортко киреби?
-Ооба, “черный принц”, “кобра” деп аталган сортторунун мɵмɵсʏ майда келип, кɵп жыл тʏшʏм берет.
-Кулпунай талааңыз канча аянтты ээлейт жана тʏшʏмдʏʏлʏгʏ боюнча айтсаңыз?
-10 сотых жерге эгилген. Мисалы, 10 сотых жерге 5 миң тʏп кɵчɵт эге турган болсок, ар бири 300-400 граммга чейин мɵмɵсʏн берип жатат. Ошондо 10 сотых жерден 1,5-2 тоннага чейин тʏшʏм алууга болот. Эске алуучу жагдай, кулпунай ɵтɵ назик ɵсʏмдʏк, эгип туруп таштап койгон туура эмес. Ооруп калса, ооруга жараша дарыларын убагында берип, жетпеген азык-витаминдерди сɵзсʏз берʏʏ зарыл. Эрежелердин баары так аткарылса гана кɵрсɵткʏчкɵ жараша тʏшʏм ала алышат.
-Кɵчɵттʏ эгерден мурда жерди кантип тандайсыздар?
-Кулпунайды эккенге чейин топуракты анализге тапшыруу керектигин агрономдор ʏйрɵтʏшкɵн. Анализдин жыйынтыгына карап топуракка кайсы азыктар жетишпесе, компаниянын агрономдору жазып беришет. Витаминдер эки тʏр менен: бирɵɵсʏ жалбырагынан, экинчиси суу аркылуу тамырына берилет. Мурда биз билгенден азот, мочевина берилип келсе, жаңы ыкма боюнча витаминдерге басым жасалып, калий, бор, гумат сыяктуу азыктарды берип жатабыз.


-Мурутчасынан тамыр алып, кɵбɵйʏп кетʏʏсʏн кантип алдын аласыз?
-Мурутчасынан чыккан кичинекей кɵчɵттʏ жаңы касетага отургузуп, кɵчɵттʏн санын кɵбɵйтʏп алууга мʏмкʏн. Жогоруда айтылган подпленка эгилгендин дагы бир пайдалуу жагы мурутчасы тʏшкɵн жерден тамыр алып кетʏʏсʏнɵ жол бербейт.
-Ɵзʏбʏздʏн рыноктон сырткары чет жака экспорттолобу?
-Кыргызстандын башка аймактарында, анын ичинде Ош облусу боюнча кулпунай кɵп эгилди. Бул ɵзʏбʏздʏн рынокко кɵптʏк кылат. Азыр “Клубника Кыргызстана” компаниясынын жардамы менен Россия, Казакстан ɵлкɵлɵрʏнɵ экспорттоп жатабыз.
-Суукка чыдамдуулугу кандай, ысыкты сʏйгɵн жемиш деп калышат?
-Негизи кулпунай эки тʏрдʏʏ болот. Бирɵɵсʏ салкын абада ɵсʏʏчʏ кеч бышарлар. Биз да кеч бышар альбион, монтарей сортторунан эккенбиз. Эгилгенине 20 кʏнчɵ болуп калды. Дагы 50 кʏндɵ бышып, кеч кʏзгɵ чейин мɵмɵ берет. Анан эрте бышарлары Араван, Кара-Суу райондорунда кɵп ɵстʏрʏлɵт. Баса белгилеп кетʏʏчʏ жагдай, кʏн ɵтɵ ысып кеткенде да кɵчɵттɵргɵ терс таасирин тийгизет. Ошондуктан ʏстʏнɵн салкындатып коргоочу тор тартылат.
-Кулпунайдагы кенен тараган оорулар кайсы?
-Кулпунайда эң кɵп кездешкен оору боз чирик (серая гниль) болуп саналат. Боз чирик нымдуулуктан пайда болот. Айрыкча жамгыр кɵп жааганда бул оорунун коркунучу кɵбɵйɵт. Тилекке каршы, быйылкы жылы боз чирик менен ооруган кулпунайлар кɵп болууда. Мындан сырткары витаминдер жетишпеген учурда жалбырактары саргарат. Ар бир ооруну убагында дарылап, кɵчɵттʏ сактап калуу зарыл.

Кызыктуу фактылар:
1. Кулпунай — уруктары мɵмɵнʏн ичинде эмес, сыртында жайгашкан саналуу ɵсʏмдʏктɵрдʏн бири. Ар бир мɵмɵдɵ болжол менен 200 уруктун орду бар.
2. Сырты назик тери менен капталгандыктан, аларды жээрде гана жууган сунушталат. Эгерде алдын ала жууп койсо, кулпунай пайдалуу касиеттерин жоготуп, курамы тез эле бузулат.
3. Кулпунай С витаминине бай. 100 граммы С витаминдин суткалык керектɵɵсʏнʏн 98%ын камтыйт.
4. Кулпунайда 50дɵн ашык жыпар жыттуу заттар бар. Алар адамга кʏч-кубат жана жакшы маанай тартуулайт.
5. Курамындагы пайдалуу заттар холестериндин деңгээлин нормалдаштырып, жʏрɵк кан-тамыр ооруларын алдын алат.
6. Жаңы ʏзʏлгɵн кулпунайдан жасалган маска беттеги бырыштардан жана сепкилдерден арылууга мʏмкʏндʏк берет. Табигый косметиканын кʏйɵрмандары кулпунайдын таасири менен тери ак, жумшак болуп, кирлерден жана ɵлгɵн клеткалардан тазаланат деп ырасташат.
7. Кулпунайдын эң ири ɵндʏрʏʏчʏсʏ Американын Калифорния штаты болуп саналат. Калифорнияда жылына 1 миллиард тоннага чейин кулпунай жыйналат. Ошол эле учурда Улуу Британияда кулпунайдын сапаты боюнча дʏйнɵдɵгʏ эң мыкты деп табылган.
8. Кулпунай жɵнʏндɵ биринчи маалымат биздин заманга чейин 230-жылдарда айтылып, аны Италияда ɵстʏрɵ башташкан. Европага 16-кылымда гана жайылтылып, жогорку атакка ээ болгон.
9. Планетабызда кулпунайдын 300дɵн ашык тʏрʏ ɵстʏрʏлɵт.
10. Израилдик дыйкандар дʏйнɵдɵгʏ эң кɵлɵмдʏʏ кулпунайды ɵстʏрʏʏ менен Гиннестин рекорддор китебине кирген. Кулпунайдын салмагы 289-290 граммды тʏзʏп, узундугу 18 сантиметрге, айланасы 34 сантиметрге жеткен.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы