28 января, 2025

ЖЕРДИ МУЗДАТКЫЛА!

Илимпоздор глобалдык жылуулануу процесси менен кʏрɵшʏʏнʏн жаңы ыкмасын ойлоп табышты: Асманга муз ыргытуу керек. Ысык болсо, муздатуу зарылчылыгы пайда болот. Эрип бараткан балмуздакты муздаткычка салабыз. Дурусмун деген ресторандарда  шампанды муздуу чакага салып коебуз. Ал эми жер планетасы эмнеден кем? Сыягы, АКШнын океан жана атмосфера боюнча Улуттук администрациясынын изилдɵɵчʏлɵрʏ глобалдык жылуулануу менен кʏрɵшʏʏ ыкмаларын изилдеп жатышканда ушундай таризде ой  жʏгʏртʏп, акыл калчашса керек. Идея, жумшартып айтканда, жаман эмес – атмосферага муз ыргытуу керек. Кɵп муз. Аптасына эки тоннадан.

ПЛАНЕТА YЧYН МУЗДАТКЫЧ

Кɵз алдыңызга кандайдыр бир укмуш менен жерге кулап кетпеген айсбергдин элеси тартылдыбы э, жо-ок, жогоруда аталган мекемеде Голливуддагы кыялкечтер эмес, физиктер иштешет. Атмосферага алар майда муз  кʏкʏмдɵрʏн себʏʏнʏ  (синий-иней) мындай бир ʏлкɵн компресс. Кайрадан эле жок! Мында баары бир акыл калчабай кое албайсың. Илимпоздордун эсеби боюнча муз ɵзʏнʏн муздактыгы менен глобалдык жылууланууну сергитип кое албайт. Ал атмосферадагы сууланган бууну кургактого гана жардам берет. А буунун буга эмне тиешеси бар? Буу – жылуулануунун эң башкы  газы. Глобалдык жылуулануу жагдайында сɵз болгондо эле биринчи болуп кɵмʏр кычкыл газы СО2 оозго алынып, кээде гана метан эске тʏшɵт. Бирок, кадимки эле суу буусу маанилʏʏрɵɵк! Анан, ооба, жылуулануу эффекти – табигый нерсе жана да жалпы алганда, аябай пайдалуу процесс. Ансыз биздин планета орточо минус 18 градустук температурасы менен Кар Ханышасынын шайтан уясына айланып калмак. Азыркы орточо плюс 15 градустук температура биздин жашоого  ыңгайлуу жана жагымдуураак, кандай дейсиз?

 СО2 атмосферага ɵтɵ кɵп жана ылдам ыргытылып жаткандыктан буулануу эффектиси кʏчтɵнʏп, климат ɵтɵ ысык болуп баратканы башка маселе. Кандай болгондо да климаттын ɵзгɵрʏп жатканына карата расмий кɵз караш мына ушундай жана аны илимпоздордун кɵпчʏлʏгʏ карманышат.

Глобалдык жылууланууга каршы кʏрɵшʏʏ жагдайында кеп жʏргɵндɵ СО2 газын азайтуу элден мурда эске алынат. Ошонун айынан бир катар окумуштуулар, мисалы Гретта  Тунберг самолетто эч качан учушкан эмес. Келечекте мунай жана газ кʏн электро станцияларын, электромобилдер дизелди алмаштырууга тийиш. Окумуштуулар атмосферадагы ашыкча кɵмʏр кычкыл газын  алып чыгып жер алдына же деңиз тʏбʏнɵ “кɵмʏʏнʏн” оңойураак ыкмасы ойлоп табуулары керек.

ЖАМГЫРДЫН ОРДУНА МƟНДYРБY?

Буулануу эффектисинде суу буусу башкы ролду ойносо, анда ошону менен алектенʏʏ пайдалуураак болмокпу же кандай? Мына, америкалыктар  ошентип атмосфераны бир аз болсо да кургатууну ойлонуп жатышат. Муздун бийик асманга, стратосферага чыгарылган микроскопиялык кристаллдары суу буусун конденсациялоо ʏчʏн ядро болуп калышы керек. Ал  мɵндʏргɵ айланып, тɵмɵнгɵ жаашын жаратылыш мыйзамы талап кылат. Атмосферанын тɵмɵнкʏрɵɵк катмарларында абадагы чаң жана башка майда бɵлʏктɵр жогорудагыдай конденсациянын ядросу болуп калышы керек. Ал эми стратосферада да тазалык. Анда буунун конденсациялануусу ʏчʏн эч кандай негиз жок. Эгерде жердин ʏстʏндɵ суу буусу канчалык аз болсо, буулануу эффектиси ошончолук аз болот.

Бул методду “максатуу стратосфералык суусуздаштыруу” деп аташып, ага арналган коллективдʏʏ илимий макала физик Жошуа Шварцтын  жетекчилигинде белгилʏʏ илимий журналда жарыяланган.

 Музду асманга учак менен ыргытуу ʏчʏн учак 17 километрлик бийиктикке кɵтɵрʏлʏшʏ талап кылынат (жʏргʏнчʏлɵрдʏ ташуучу лайнерлер жерден 10-11 километрлик аралыктарда учушат). Албетте, бул максаттагы жабдык-пульверизаторлор же бийик тоолуу тоо лыжалуу курорттордогу кар пушкалар сыяктанган техникалык аппаратар ойлонуп табыла элек. Бирок, бул убакыттын иши.

Идеянын оригиналдуулугуна карабастан ага суроолор да арбын. Алсак, тонналаган музду  тынымсыз муздатып туруу ʏчʏ канчалаган энергия сарпталат! Учактар эле канча кʏйʏʏчʏ майды жейт! Атмосферага анысы менен дагы канча кɵмʏр кычкыл газ кошот. Ал эми кɵмʏр кычкыл газын кыскартуу глобалдык жылууланууга каршы  кʏрɵшʏʏчʏлɵр ʏчʏн мантра. Дегинкисин айтканда, илдетинен дарысы ɵтʏп кеткендей болуп калат.

“СМАРТФОНДУ БАЛКА МЕНЕН ОҢДОП-ТYЗƟƟГƟ БОЛБОЙТ”

— Ооба, акыбеттерден качып кутулуу оңой эмес, деп моюнга алат  Жошуа Шварц ɵзʏ. Эгерде аптасына эки тоннадан  музду асманга алып чыгып турганда деле ал жылууланууну антропегендик (адам фактору) таасиринин 5 пайызын  гана жеңилдетет.

“Бул атмосфераны кɵмʏр кычыл газы менен толтурууга каршы кʏрɵштɵ накталай альтернатива болуп бере албайт. Бирок, кошумча инструмент катары кызмат кылуусу мʏмкʏн. Жаңы методдорду изилдеп кɵрʏʏ бизге  насилинде эмнени пайдаланып, эмнени алып таштоону тʏшʏнʏʏгɵ жардам берет.

Бирок, башка окумуштуулар аны менен анча деле макул эмес экенин да айтышат.

-Климаттык татаал системага ɵзʏнʏн инструменттери менен киришʏʏ аябай кооптуу. Ал бир катар жаңы кɵйгɵйлɵрдʏн бʏтʏндɵй каскадын жаратып коюусу мʏмкʏн. Бул эмне десем, смартфонду балка менен оңдоп-тʏзɵɵгɵ барабар нерсе”,-дейт Канада университетинин климатологу Эндрю Уивер.

“Сиз эгерде  буга окшогон эксперименттерди лабораторияда жасасаңыз, балким анча деле кооптуу эмес. Бирок, иш качан реалдуу шарттарга, мейли чоң эмес масштабда деле жеткенде  дʏйнɵлʏк коомчулуктан макулдук сураш керек болот. Геоинженеринг  (глобалдык жылууланууга каршы курчап турган айлана-чɵйрɵгɵ жасалма таасир этʏʏ).

 Бул маанисинде жасалма интеллектиге окшошуп кетет”,-дейт БУУнун айлана-чɵйрɵнʏ коргоо боюнча программасынын аткаруучу директору Ингер Андерсен.

КЛИМАТТЫ ƟЗГƟРТYYНYН ДАГЫ КАНДАЙ ДОЛБООРЛОРУ БАР?

• Вулкандык кыш. Вулкандык кʏчтʏʏ атылуудан кийин жерде абанын салкындоосу пайда болот: атылууда пайда богон кʏл-чаң  кʏн нурларын тосуп турган барьерге айланат. Бул ой 1970-жылдан бери талкууланып келе жатат.

• Булуттарды туздаштыруу. Учкучсуз кораблдер асманды туздуу деңиз суусу менен суулайт. Спрей булутка айланып, адаттагы булуттарга караганда кун нурларын туз бɵлʏкчɵлɵрʏнʏн шарапаты менен жакшы чагылдырат.

• Планетаны ай чаңы менен ороо. Блокбастердик сценарий катары угулат: айга замбирек орнотуп, айдын чаңы менен жерди аткылоо. Чаң  кʏн менен жердин ортосунда вуаль (парда) кызматын аткарат

• Кʏн нурларын орбитадан кʏзгʏлɵр менен чагылтуу. Ошол эле маани: кʏн нуру менен жерди ысытууга тоскоолдук кылуу. Кʏн менен жердин ортосундагы барьердин кызматын орбитага жайгаштыпрылган гигант кʏзгʏлɵр же нур чагылткыч линзалар аткарат. Сонун, бирок фантастикалык мааниде  аябай кымбат.

Абдираим Мамытов

About The Author