8 сентября, 2024

ОРУС-УКРАИН  ТИРЕШИ:  СYЙЛƟШYYГƟ ЧЕЙИНКИ СƟЗДƟР

Россиянын экс-премьер-министри Виктор Черномырдин бир кездерде “Эч качан мындай болгон эмес эле, мына эми кайра эле” дегендей,  АКШ Украинага  кайра эле  аскердик жардамга деп 61 миллиард доллар бɵлʏп олтурат. Ырас, аталган сумманын баары Киевге акчалай тʏрʏндɵ келбейт, аскердик курал-жарактар кайра эле ошол тараптардан сатып алынат эмеспи, кɵпчʏлʏк ʏлʏшʏ ошол жакта эле калат. АКШ жана Европанын Украинаны аскердик жактан колдоосу белгисиз мɵɵнɵткɵ  дейре улантылат.

“СУРАБА, ЭЧ КИМ БИЛБЕЙТ”

Украинага аскердик жардам катары курал-жарак АКШдан бир чети реалдуу согушта сынап кɵрʏʏ  ʏчʏн, бир чети экинчи дʏйнɵлʏк согуштан кийин Россияда жана албетте, Европада сакталып турган аскердик курал-жарак жана техникаларды жок кылуу максаты (тактикалык жʏрʏш),  экинчи жактан Россияны согуш аркылуу биротоло алсыздандырып (стратегиялык жʏрʏш), дʏйнɵ тʏзʏмʏн монополярдык, баарына АКШ кɵзɵмɵлдʏк жʏргʏзʏʏчʏ системаны сактап калууу  аракети менен башынан эле келип турганы маалым. Украинга кезектеги жардам, 61 миллиард доллар америкалыктарда  республикачы жана АКШдан Украинага аскердик жардамдарды токтотуу демилгеси менен аты чыга баштаган республикачы Трамптын аракеттери аркылуу бир  катар тоскоолдуктардан ɵткɵнʏ да белгилʏʏ. Бирок, демократ Байдендин, орустун айрым байкоочулары ал бир нече ирет жыгылып-тайгалангандан кийин “ɵзʏ жʏрʏʏчʏ Байден” (“Самоходный Байден”) деп куйкумдатканга ʏлгʏрʏшкɵн Байдендин  Украинадагы… “демократия” ʏчʏн делинген 61 миллиард доллар жардамы Конгрессте акыр  тʏбʏ колдоо тапты. Деги эле орус аналитиктеринин  пикиринде америкалык эки партиянын  ажырымдай кɵрʏнгɵн  мындай “мышык-чычкан” оюндарына  ишене бербеш керек. Алардын баары бирдей, баары тең бир максатты – согуштун улантылышын жана акыбетинде Россиянын алсызданышын каалашат. Эске сала кетсек, тʏпкʏ тарыхында республикачылар партиясы  борбордук, федералдык бийликтин бекем болушун жактоочулардан, демократтар партиясы штаттардагы демократиялык  принциптердин кеңейʏʏсʏн талап кылгандар тарабынан тʏзʏлгɵнʏ маалым. Башкача айтканда, республикачылар партиясы АКШнын ɵнɵр жайлуу тʏндʏк штаттарында, демократтар партиясы дыйканчылык ɵнʏккɵн тʏштʏк штаттарда абройлуу болгон.

Айрым аналитиктердин  эсебинде Вашингтондогу саясатчылар орус-украин согушун  эки жылга чамалап эсептеп чыгышкан. Эки жыл аралыгында дале советтик деп аталган Россиянын аскердик курал-техникасынын запасы акырына чыгышы керек эле. Ал эми бул мезгилде орустар азыркынын курал-техникасын, болгондо да улам кɵбɵйтʏп чыгарып жатканына негедир ишенгилери келбей жаткандай. Ал тарапта азыр эч ким эч кимге жана эч нерсеге ишенбейт. Ошол эле батыштык жана америкалык блогерлердин форумдарында белгиленгендей , азыр АКШ  калкынын активдʏʏ бɵлʏгʏ ɵз ɵлкɵсʏндɵ эмне болуп жатканын тʏшʏнбɵй жаткан кырдаал пайда болду.

 Батыштын блогерлери бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ абалды тʏшʏнʏʏ ʏчʏн италиялык окумуштуу жана жазуучу Примо Левиге шилтеме жасашат. Примо Леви 1943-жылы гитлерчилер тарабынан камакка алынып, Освенцим концлагерине тʏшʏп калат. Тирʏʏ калуу же ɵлʏп калуу кɵп учурда кокустуктун гана иши экендигин ал ошол жерде тʏшʏнɵт. Лагерди башкарып, кармап турган аскер бɵлʏктɵрʏнʏн офицерлери жана солдаттарынын эмне кылып жатканы алдын ала айтууга да, болжоого да, тʏшʏнʏʏгɵ да таптакыр мʏмкʏн эмес эле. Немис тилин билгендиктен, ал бир ирет лагердин кароолчусунан “эмне ʏчʏн суу ичʏʏгɵ  мʏмкʏн эмес?” деп сураса, “бул жерде “эмне ʏчʏн жок” деген жооп болгон.

Бʏгʏн америкалыктар дал ошондой эч кандай  “эмне ʏчʏнʏ” жок турмушта жашап жатышканын айтышат. Жоопторду эч ким билбейт. АКШда Украинадагы согушка АКШнын катышып жаткан чыныгы себебин айтып-тʏшʏндʏрʏп бере ала турган адамды таппайсың.

Жалпы хаосту америкаллык Конгрессте жана штаттардын губернаторлорунун арасында Байдендин жʏрʏм-турмунан “акылдары алты, эстери эки”  болуучулук маанайы кʏчɵтʏп жатканын эксперттер белгилешет.Алардын байкоосу боюнча, бери дегенде америкалыктардын жарымы ядролук улуу державанын башчысы Байденди  эс-акылына ажырай баштаган жана ɵтмʏштʏн  ишке ашпай калган куру кыялдары менен жашаган оорукчан адам катары эсептешет. Бир ай мурда ал 1996-жылы эле  дʏйнɵ салган  Франция министри Франсуа Миттеран менен сʏйлɵшкɵнʏн бʏт Америкага жар салса, жакында эле ɵзʏнʏн аталаш абаларынын бирин каннибалдар жеп салганын кабарлады. Эми алардын шайлоодо эмне ʏчʏн Байденди алмаштыраар киши жок деген суроосуна эч кимден жооп да жок калууда.

УКРАИНА КАРЫЗДЫ КАНТИП КАЙТАРАТ?

Украина тыштан келип жаткан насыяларды  ɵзʏнʏн табигый ресурстары менен тɵлɵɵгɵ ниеттенгени башынан эле белгилʏʏ болчу. Бирок, аны америкалык басма сɵз жакында гана ачыктады. “Уолл Стрит Жорнал” басылмасынын эксперттеринин айтымында,  америкалык мыйзам чыгаруучулар, анын ичинде республикачыл сенаторлор  экс-президент Дональд Трамп менен ɵткɵн жолугушууда  Киев бийлиги алган карыздарын бʏт бойдон кайтараарын, бирок ал ʏчʏн Украина Россиянын ʏстʏнɵн жеңишке жетиши шарт экенине ынандырышты. Алардын маалыматы боюнча, Украина жер алдынан казылып алынчу жаратылыш ресурстарына бай. Бирок, анын бир топ бɵлʏгʏ азыр Россия  басып алган аймактарда жайгашкандыктан, Украинага аскердик жардамдарды берʏʏнʏ токтотпош керек болуп турат. Байден менен Зеленскийдин кезектеги жана айла кеткендеги “клоунадасына” Трамп мына ушундай шарт менен кантип алданганын ɵзʏ да билбей калды дешет орус эксперттери.

АКШнын БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛГА КАРАТА УКРАИНА YЧYН ПЛАНЫ

Киевдик режимге 61 миллиард доллар бɵлʏнгɵндɵн кийин океандын ары жагында 2024-жылга Украина ʏчʏн план тʏзʏʏ башталды. Бир жыл мурда мындай план тʏшʏнʏктʏʏ болуп, ал 1991-жылдагы чек араларга кайтууну ичине камтыса,  азыр Киев ʏчʏн ɵтɵ ɵлɵсɵлʏʏдɵй болуп турат.  Контрчабуулдун быт-чыты чыгып, фронт батышты карай жылып кетти. Азыр Вашингтондогулар бɵлʏнгɵн акча Украинага бир жылдык тыныгуу берип, коргонууну турукташтырууга кɵмɵк кɵрсɵтɵт деген ишенимде турушат. Украинанын жаңыдан чабуулга ɵтʏшʏ жагдайында азырынча бир ооз сɵз да жок.

Ал арада АКШда Вашингтон Москваны ɵз шартына ынандыра алат деген ʏмʏттɵн                   жанбай турат. Ал шарт Россиянын бир гана Украинанын эмес, мурдагы Россия империясы жана СССРдин  бардык аймактарынын ʏстʏнɵн кɵзɵмɵлдʏктʏ орнотуудан, ошондой эле таасир чɵйрɵсʏн кеңейтʏʏдɵн баш тартуусун камтыйт. Бир сɵз менен айтканда, азырынча америкалык элита ɵз фантазиясынан кайта элек жана Украинага бɵлʏнгɵн  акча аларга жаңы дем бергендей таасир калат. “Блоомбер” агенттиги жазгандай “2024-жылкы контрчабуулдун оңунан чыкпай калуусу Украина жеңишке жетпейт дегенди билдирбейт, ал Киевдин стратегиялык жеңишинин бир гана бɵлʏгʏ  болуп калууга тийиш.  Эгерде Зеленскийдин режими жашоосун улантып кетсе,  анда ал бул убакытты  ɵзʏнʏн  аскердик курамын, ПВОну, алыска атуучу артиллерияны кайра кураштыруу,  бир  эле маалда “Ф-16” истребителдерди жана башка жогорку технологиялуу техникаларды ɵздɵштʏрʏʏ ʏчʏн пайдалана алат”. Канткен менен океандын ары жагында деле мындай ʏмʏттʏн алсыздыгын моюнга алып турушат.

ВАШИНГТОН КЫТАЙДА ƟЗYНƟ  ƟЗY ЧУҢКУР КАЗУУДА

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен апрелдин этегинде кытай чиновниктери менен Шанхайда жана Пекинде жолугушту. Сʏйлɵшʏʏлɵр негизинен Кытай менен Россиянын тыгыз жана  жылуу мамилесине, кызматташтыгына арналганы белгилʏʏ. АКШ Мамдепартаментинин расмий ɵкʏлʏ  Метью Миллер жакында билдиргендей, Москванын аскердик жактан кʏчтɵнʏʏсʏнʏн артында Кытайдын ʏлкɵн экономикалык ресурстары турат. “Биз кɵрʏп тургандай, Кытайдан Россияга ɵтʏп жаткан материалдарды Россия ɵзʏнʏн ɵндʏрʏштʏк базасын тикелɵɵгɵ жана курал-жарак ɵндʏрʏшʏнɵ пайдаланууда”.

Батыш эксперттеринин пикири боюнча АКШ азыр пародоксалдуу кырдаалга туш болууда. Кытай, Россия жана Иранга каршы кабат-кабат санкция салуу аркылуу АКШ бул ɵлкɵлɵрдʏ улам бири- бирине жакындатууга аргасыз кылууда. Ушундай жол менен гана алар кʏчтʏʏ жана айбаттуу боло алуусу шексиз. АКШ улам эле Кытайга киргизип жаткан жаңы санкциялары Пекиндин Россияны  колдоосуна чоң стимул болуп кызмат кылууда. Россия ишенимдʏʏ  энергетиканын, маанилʏʏ коргонуу технологияларынын жана Евразиянын кургактагы  орчундуу кɵпʏрɵсʏ катары Пекиндин стратегиялык ɵнɵктɵшʏ болуп саналат. Салынган санкциялар Кытай ʏчʏн анча деле кооптуу эмес. Америкалык флот тарабынан деңиз соода жолдорун тосуп салуу Кытайга мындан он жыл мурункудай  чочута албайт. Азыркы учурда Кытай верфтери жылына дʏйнɵ кораблдеринин жарымынан кɵбʏрɵɵгʏн ɵндʏрɵт. АКШнын ʏлʏшʏ мында  болгону 1 пайызды тʏзɵт.

Блинкендин Кытайга жумушчу сапары менен  АКШ Конгресси Тайванга  кɵп миллиард долларлык аскердик жардамга макулдук берген учуру туташып олтурат. Америка ɵзʏнɵ ɵзʏ Кытайда чуңкур казып жатканын тʏшʏнɵ элек.

Абдираим Мамытов