Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университети – жаңы доордун алтын туткасы!
Кымбаттуу келечек ээлери! Урматтуу ата-энелер!
Рынок экономикасынын шартында бардар турмушка жеткире турган кесип ээси болууну ар бир жаш адам, анын ата-энеси каалай тургандыгы талашсыз. Мындан тышкары ɵлкɵбʏздʏн ар тараптуу ɵнʏгʏшʏнɵ салым кошуп, алыскы жана жакынкы чет ɵлкɵлɵр менен болгон карым-катышта кызмат кɵрсɵтʏʏнʏ максат кылган мекенчил жаштарыбыз кɵп экендигине шек саноого болбойт. Себеби, биз технологиялык башкаруу доорунда, билимдʏʏлɵрдʏн заманында жашап жатабыз. Жогорку билим аркылуу дʏйнɵлʏк маданияттын мыкты ʏлгʏлɵрʏн улуттук ɵзгɵчɵлʏктɵрʏбʏзгɵ ылайыкташтырып модернизациялоого барбасак, ааламдашуу алкагында улут катары жашап, эгемен мамлекетибизди сактап калуу мʏмкʏнчʏлʏгʏбʏз чектелип калышы ыктымал. Ошондуктан, кесиптик билим берʏʏ ишмердигин жʏргʏзʏп жаткан жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына мамлекет тарабынан мезгил талабына жараша адистик билим берʏʏ тапшырмасы коюлган.
30 жылдык тарыхы бар Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университети кыска убакыттын аралыгында ɵлкɵбʏздɵгʏ, алыскы жана жакынкы чет ɵлкɵлɵрдɵгʏ кадр таңкыстыгын кыскартуу багытында жемиштʏʏ иш жʏргʏзгɵн жогорку окуу жай катары таанылды. Биздин бʏтʏрʏʏчʏлɵр дʏйнɵнʏн бардык булуң-бурчунда эмгектенип, адамзат коомунун ɵнʏгʏшʏнɵ ɵзгɵчɵ салым кошуп жаткандыгын айтпай кетʏʏгɵ болбойт.
Кымбаттуу жаш достор! Жогорку кесиптик билим берʏʏ ишмердигин жʏргʏзʏп жаткан окуу жайлар жергебизде кɵп. Ал окуу жайлардын катарында Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университети Ош жергесиндеги эл аралык статусу бар жалгыз университет. Жаңы муундагы кадрларды даярдап чыгарууда 1+1, 2+2 программасы аркылуу башка ɵлкɵлɵрдʏн университеттери менен биргелешип билим берʏʏнʏн жыйынтыгында кош диплом берʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ жетишкен ɵзгɵчɵ окуу жай.
Эртеңки келечек ʏчʏн керектʏʏ кадр болууну самаган болсоңуз – туура тандоо эртеңки турмушуңуз ʏчʏн маанилʏʏ учур болуп эсептелет. Анткени, мезгил талабына жараша сапаттуу билим алуу — ар бир адамдын алдына койгон максаттарын иш жʏзʏнɵ ашырууга зор мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ жаратат.
Келечек тагдыры ʏчʏн мыкты максат кое билген бʏтʏрʏʏчʏ, анын ата-энеси биздин университетти тандайт деген терең ишеничтемин. Анткени, Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университети ар бир адамдын аруу тилектерин ишке ашырууга ишенимдʏʏ жол ачат. Тагыраак айтканда, заманбап мультимедиялык, компьютердик класстар, адистештирилген кесиптик лабораториялар, окуу-илимий борборлор, ар тʏрдʏʏ багыттагы студенттик ийримдер ( маданий-массалык, спорттук) эл аралык масштабдагы окумуштуу аалымдар, иш билги ɵндʏрʏш чеберлери кесиптик билим берʏʏ кызматын кɵрсɵтɵт.
Достуктун туусун желбиретип, илим-билимдин, интеллектуалдык- маданияттын ордосуна айланган Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университетинин эшиги жаңы кɵз караштагы жаштар ʏчʏн ар дайым ачык.
Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университетинин ректору, э.и.д., профессор
Мамасыдыков Абдилбает Асанович
Окуу процесси заманбап кааналарда жʏргʏзʏлɵт!
Отуз жылдык тарыхы бар Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университетиндеги окуу процесси Ош шаарындагы жети, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы эки окуу имаратында интерактивдʏʏ доскалар жана проекторлор менен камсыздалган заманбап кааналарда жʏргʏзʏлɵт. Адистик ɵзгɵчɵлʏгʏнɵ жараша акыркы ʏлгʏдɵгʏ жабдуулар менен камсыздалган лабораториялар, интернет желесине уланган компьютердик класстар, инновациялык технологиялар менен жабдылган мультимедиалык кааналар окуу ишмердигинде пайдаланылат. 300 миң нусканын тегерегиндеги китеп фондунан турган китепканалар студенттердин кызматында. Окуу процессин уюштуруп, башкаруу ʏчʏн AVN маалыматтык системасы жайылтылган. Анын алкагында окуу процесси жана Kelbil билим берʏʏ платформасы толук автоматташтырылган. Жаштардын тил билʏʏ жɵндɵм-шыгын ɵнʏктʏрʏʏ багытында университеттин базасында TOEFL борбору ачылган. Тʏрк тилин ʏйрɵтʏʏчʏ TOMER окуу борбору менен келишим тʏзʏлгɵн. Ош жергесинде жашаган элдердин байыртан бери келе жаткан достугун чагылдырган тарых музейи, тил жана Айтматов таануу, манас таануу борборлору окуу жараянында пайдаланылат. Илимий ишмердиктин натыйжасы катары университетибизде таанымал окумуштуулар тарбияланып чыгып, туруктуу илимий мектептер тʏптɵлдʏ. Жыл сайын мамлекеттик бюджеттен каржыланган илимий долбоорлордун аткарылышы аркылуу таанылган 9 илимий борбордон турган инновациялык изилдɵɵ институту негизделди. Ал илимий борборлордо 43 багыт боюнча кабыл алынган аспиранттар изилдɵɵ иштерин алып барууда.
34 багытта ишмердигин жʏргʏзʏп келет
Бʏгʏнкʏ кʏндɵ педагогикалык, юридикалык, экономикалык жана инженердик адистиктер боюнча 34 багытта бакалавр, 11 адистикте магистрлик багытта билим берʏʏ ишмердигин жʏргʏзʏп жатат. Ал эми кесиптик жана Ала-Бука кесиптик колледжеринде педагогикалык, юридикалык, экономикалык жана инженердик адистиктер боюнча 15 багытта, медициналык колледжде акушердик, фармация, медайым, дарылоо иши жана ортопедиялык стоматология багыттары боюнча орто билимдʏʏ адистерди даярдайт. Университетте кесиптик билим берʏʏ менен катар эле кыска мɵɵнɵттɵгʏ компьютердик, айдоочулук, тилдик багыттагы курстар иш алып барат. Ал курстардын бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏнɵ атайын сертификаттар берилет.
Профессордук-окутуучулар курамы
Бʏгʏнкʏ кʏндɵ профессордук-окутуучулар курамы чарбалык иштердеги кызматкерлерди кошпогондо 416 адамдан турат. Алардын 54ʏ илимдин кандидаты, доценттер, 14ʏ илимдин доктору, профессорлор. Алардын катарында эл аралык деңгээлдеги академиктер бар. Студенттердин илимий изилдɵɵ ишмердигин ɵнʏктʏрʏʏ багытында тʏрдʏʏ кружоктор иш алып барат. Атайын семинарлар, аймактык, республикалык жана эл аралык илимий конференциялар уюштурулуп турат. Натыйжада студенттерибиз аймактык, республикалык предметтик олипиадаларда мыкты кɵрсɵткʏчтɵргɵ ишенимдʏʏ жетишет.
Билим берʏʏдɵгʏ биргелешкен аракеттер
Кыргыз-Ɵзбек эл аралык университети алыскы жана жакынкы чет ɵлкɵлɵрдʏн 70тен ашуун жогорку окуу жайлары жана илимий мекемелери, Кыргызстандын кырктан ашуун университеттери менен эки тараптуу келишимдерди тʏзʏп, алар менен тыгыз байланышта иш жʏргʏзɵт. Келишимдин негизинде университет эл аралык ректорлор форумдарына, онлайн жана расмий жолугушууларга, билим берʏʏ кɵргɵзмɵлɵрʏнɵ, семинарларга ʏзгʏлтʏксʏз катышып турат. Университеттин базасында чет ɵлкɵлʏк белгилʏʏ окумуштуулар катышкан эл аралык конференцияларды ɵткɵрʏʏ салтка айланган. Д.Устинов атындагы “ВОЕНМЕХ” Балтия мамлекеттик техникалык университети менен 2+2, 1+1 программалары жʏзɵгɵ ашырылат. Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университети “ТʏРКСОЙ” – Тʏрк маданиятынын эл аралык уюмуна, Тʏрк кенешинин тʏрк университтеттер ассоциациясына, Россия-Кыргызстан техникалык университеттеринин консорциумуна, Азия университеттеринин ассоциациясына, Азия-Африка университеттеринин биримдигине мʏчɵ болууга жетишкен. Алар менен тʏзʏлгɵн келишимдин негизинде: Орхун, Mevlana, Erasmus+, EDUVISO, DAAD, UNESCО программалары жʏзɵгɵ ашырылат. Анын алкагында алкагында Грециянын, Тʏркиянын, Венгриянын, Россиянын, Казакстандын жана Ɵзбекстандын жогорку окуу жайларына академиялык мобилдʏʏлʏк уюштурулуп турат. Ошондой эле ал ɵлкɵлɵрдʏн ЖОЖдорунда эмгектенген кɵрʏнʏктʏʏ окумуштуулары тарабынан конок лекциялар, инновациялык семинарлар тынымсыз ɵткɵрʏлʏп турат.
Студенттер окуудан сырткары бош убактысын ɵткɵрʏʏ ʏчʏн тʏзʏлгɵн шарттар
Студенттердин жана профессордук-окутуучулар курамынын маданий эс алуусун камсыздоо максатында маданий-массалык, спорттук иш чаралар ʏзгʏлтʏксʏз ɵткɵрʏлʏп турат. Ал эми жалпы студенттердин бош убактыларын натыйжалуу пайдалануу багытында университеттин маданий-эстетикалык борбору тарабынан таланттуу студенттер ʏчʏн “Комуз”, “Ыр”, “Улуттук бий” ийримдери уюштурулган. Студенттик жаштар комитети, “Интеллектуалдар” борбору, “Достук” чыгармачыл жаштар борбору студенттер менен тыгыз иштеп келет. Жакында эле башкы окуу имаратыбызда акысыз Wi-Fi тʏйʏнʏ менен камсыздалган эс алуу борборун ишке киргиздик. Спорттук иш чаралар ʏчʏн “Достук” спорт клубу иш алып барат. Спорттук секциялар ʏчʏн спорт манежи, спорт залы, кичи футбол аянтчасы тʏзʏлгɵн. Спорт багытында тʏзʏлгɵн мыкты шарттын натыйжаларында университеттин студенттери да, окутуучулары да шаардык, облустук, республикалык, эл аралык мелдештерде байгелʏʏ орундарды багындырып турушат. Алыскы аймактардан келип окуган студенттер мезгил талабына жараша жабдылган студенттик жатаканага жайгаштырылат. Университеттин ар бир окуу корпусунда студенттик ашканалар иштейт. Студенттик “Достук планетасы” газетасы ай сайын чыгарылып, “Достук” теле студиясы студенттердин чыгармачылык ийгиликтерин чагылдырып турат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ 15 миңге чукул студент университеттин кʏндʏзгʏ жана сырткы бɵлʏмдɵрʏндɵ билим алып жатышат. Алардын 6 миңден ашууну алыскы жана жакынкы чет ɵлкɵлʏк студенттер.
Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университети–рынок шартындагы атаандаштыкка туруштук берип, ɵз ордун таба турган кесипкɵй адистерди даярдап чыгарган уникалдуу университет. Келечегиңдин пайдубалын ишенимдʏʏ тʏптɵгʏң келсе, Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университетиндеги мʏмкʏнчʏлʏктʏ пайдалып калууга шашыл! Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университети – технологиялык башкаруу доорундагы билим берʏʏ талаптарын так аткарган университет!
Окшош макалалар
Сарык оорусунун алдын алуу оңой- ал өздүк гигиенаны сактоо!
Бирдиктүү салык декларациялары боюнча тынымсыз прокурордук көзөмөл жүргүзүлүп жатат
“Балдарды комплекстʏʏ ɵнʏктʏрʏʏ зарыл”