12 мая, 2024

ЖОМОКТОР АЙМАГЫНА САЯКАТ. КАПАДОКИЯГА БАРУУГА ЭҢ НЕГИЗГИ БЕШ СЕБЕП

Кападокия Түркиянын укмуштуудай кооз табияты жана тарыхый жерлери менен туристтерди өзүнө тарткан эң кызыктуу аймактарынын бири. «Жомоктор аймагы» деген ат менен белгилүү болгон бул локация үңкүр мейманканалары, түркүн-түстүү аба шарлары, өзгөчө маданий аялдамалары, миңдеген жылдык жүзүм талаалары жана карапа жасоо мурастары менен көпчүлүккө кызык жер.  Кападокия дагы эмнеси менен таң калтырат? Эң негизги беш себепти тизмектеп беребиз.

ПЕРИ МОРУЛОРУ: КАПАДОКИЯНЫН СИМВОЛУ

Кападокия дегенде эң биринчи эле көз алдыңа “ Пери морулары” келет. Кыркалуу, аска тоо сыяктуу, конус сымал чакан-чакан тоолор Кападокиянын символу десек болот. Мору сыяктуу таш үңкүрлөр бул аймакка башкача атмосфера берип турат. Пери моруларынын эң кооз жери бул Пашабаг. Пашабаг айрыкча түнкүсүн түрдүү түс жана ар кандай чоңдуктагы аба шарлары өзгөчө кооздукка бөлөнөт. Газ үйлөгөн балон акырындык менен асманга көтөрүлгөндө, бут астыңыздан Кападокиянын тик көтөрүлгөн, кыркалуу өрөөндөрүн көрөсүз.

ҮҢКҮР МЕЙМАНКАНАЛАРДАН ӨЗ БӨЛМӨҢҮЗДҮ ТАНДАҢЫЗ

Кападокиянын «Үңкүр мейманканларында» түнөө зыяратчылар үчүн эң унутулгус окуялардын бири болуп калат. Аскалардагы үңкүр мейманканалардын уникалдуу архитектурасы жана дизайны бул жердин кооздугун дагы да арттырып турат. Тарыхый жана табигый текстуралары менен заманбап люкс стилдер айкалышкан бул мейманканаларда кофе ичип жатып, күндүн батышын көрүү туристтер үчүн эч эстен кеткис көз ирмем тартуулайт.

ТАРЫХКА КАЙТАРГАН КЕРЕМЕТТҮҮ ЖЕР АСТЫ ШААРЛАРЫ

Кападокия (б.з.ч  2000 жылдык) хетиттер доорунан берки цивилизациялардын изи калган тарыхый жер. 1985-жылдан бери ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинен орун алган Гөреме Ачык асман музейи ташка чегилген ыйык жерлери жана алгачкы христианчылыктын маанилүү көрүнүштөрүн чагылдырган фрескалары менен өзгөчөлөнөт. Жер астындагы шаарлар Кападокия саякаттарын укмуштуудай кылган кызыктуу жерлердин бири болуп саналат. Биздин замандын 7-8-кылымдарында пайда болгон бул шаарларды алгач христиандар ачык сыйынуу үчүн колдонушкан. Каймаклы, Деринкую, Өзконак жана Мазы сыяктуу жер астындагы шаарлар ондогон жылдар бою сакталып, туннелдери, бөлмөлөрү, сарайлары, шарап жертөлөлөрү, ашканалары, чиркөөлөрү жана азык-түлүк кампалары менен аймактын элинин байыркы «жер астындагы» жашоосун даана чагылдырып турат. Үзенги дарыясын бойлой созулган Гомеда өрөөнүндө да ташка чегилген чиркөөлөр, көгүчкөн бактары, жүзүмзарлар жана жер астындагы шаар бар. Ортохисар сепилинде жана Үргүп районундагы «Үч сулуу» пери морулары да Кападокияда сөзсүз көрүлүшү керек жерлердин баш сабында турат.

КАПАДОКИЯНЫН КЫЗЫКТУУ ЖЕРЛЕРИ

Кападокиянын башкалардан айырмалап турган дагы бир нерсе — бул ысык аба шары турлары болуп саналат. Off-road Safari тажрыйбалары аймактын өрөөндөрүн, аскалуу конуштар жана пери моруларын жакыныраактан көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми Кападокияны жөө кыдыргыңыз келсе, аймактын кызыктуу жөө жүрүү жолдору да бар. Кападокия«кооз аттардын өлкөсү» деп аталат. Бул локацияны ат менен да айланып чыксаңыз болот.

Кападокиянын дагы бир уникалдуу өзгөчөлүгү — бул карапа өнөрчүлүгү. Бул аймакта карапа идиштери жасалат. Кызылырмак дарыясынын жээги жумшак жана майлуу чопосу менен белгилүү. Аваностогу карапа устаканасына барып, ал жердеги топурак, чопо иштетүү өнөрүн көрүү да кишиге жагымдуу маанай тартуулайт.

ГАСТРОНОМИЯНЫН УНИКАЛДУУ ТАЖРЫЙБАЛАРЫ

Кападокия туристтер үчүн жергиликтүү ашканасы, бай гастрономиясы менен да кызык. Тести кебабы аймактын түшүмдүү жерлеринде өстүрүлгөн жашылча-жемиштерден даярдалган рецепттерге бай тамактардын бири болуп саналат. Ошондой эле шишкебек, куркума кошулган күрүч пудинги, Невшехир мантысы бул жердин даамдуу тамактарынын тизмесин толуктайт. Муну менен катар Кападокияда тамыры миңдеген жылдарга созулган шарапчылык мурасы бар. Жергиликтүү жүзүмдөрдүн шараптарынан даам татып кетсеңиз болот.