13 мая, 2024

Ш.ПАЙЗИЕВ: «ШААРДА ЖЕР ҮСТҮНӨН ӨТҮҮЧҮ ЭКИ, ЖЕР АСТЫНАН ӨТҮҮЧҮ БИР ӨТМӨК КУРУЛАТ»

Борбор Азиядагы эң байыркы шаар болуп эсептелген Рим менен жашташ Ош шаары бʏгʏн курулуш кучагында. Дегеним ушул тапта шаарыбызда тʏрдʏʏ курулуштар жʏрʏп, кʏн санап ɵзгɵрʏʏлɵр болууда. Ар тараптан ɵнʏгʏʏдɵ десем да туура болор. Албетте, мунун баары тургундар ʏчʏн жакшы шарт тʏзʏʏ. Бирок, ошол эле кезде аткарылып жаткан иштердин сапаты да зор мааниге ээ эмеспи. Аптада дал ушул курулуш жаатында шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын ишмердʏʏлʏгʏ менен таанышып, аткарылып жаткан долбоорлор тууралуу мекеменин жетекчиси Шумкарбек Пайзиев менен маектештик.

-Шумкарбек мырза, айтсаңыз, жɵɵ адамдар ɵтʏʏчʏ ɵтмɵктɵрдʏ куруу планы качан башталды?

-Ош шаарында же негизи эле чоң шаарларда жол тыгынын жаратуучу жагдайлардын бири кесилиштердеги жɵɵ адамдар ɵтʏʏчʏ зебралар эсептелет. Жол тыгынын жоюу ʏчʏн жыл башында шаардык жолдор башкармалыгы жана жол коопсуздугун кɵзɵмɵлдɵɵ кызматы менен биргеликте атайын анализ жʏргʏзгɵнбʏз. Анда чоң жол тыгыны жаралган А.Масалиев кɵчɵсʏнʏн А.Навои, Раимбеков кɵчɵлɵрʏ менен кесилишкен жерлер жана Г. Айтиев кɵчɵсʏ менен Курманжан Датка кɵчɵсʏнʏн кесилиши аныкталган. Аталган кɵчɵлɵрдʏ талдап, кайсыл жерде калктын кɵптʏгʏнɵ карап, долбоор жасап баштаганбыз. 2023-жылга эки долбоорду ишке ашырууну максат кылганбыз. Анын бири азыркы тапта курулуш иштери жʏрʏп жаткан А.Масалиев кɵчɵсʏ менен А.Навои кɵчɵсʏнʏн кесилишиндеги жɵɵ адамдар ʏчʏн жол ʏстʏнɵн ɵтʏʏчʏ ɵтмɵк. Ага 45 млн. сом каралып, аткарууну “Сапат Курулуш ЛТД” компаниясы колго алган. Учурда жалпы 12 тʏркʏк (опора) болсо анын сегизин орнотуп бʏтʏштʏ. Мында бир гана куруу иштери эмес, жогоруда тартылган электр аба чубалгыларынын баарысын жер астынан алып ɵтʏʏ иштери да жасалууда. Буюрса, 31-август – Эгемендʏʏлʏк кʏнʏнɵ бʏтʏп калса деп пландоодобуз. Ал эми экинчиси, А.Масалиев кɵчɵсʏ менен Раимбеков кɵчɵсʏндɵгʏ кесилиште жер астынан ɵтʏʏчʏ ɵтмɵк куруу. Бʏгʏн ал боюнча долбоор даярдалууда. Жергиликтʏʏ бюджетке байланыштуу быйыл долбоор жасалса, кийинки жылы ишке ашырууну баштайбыз. Ошондой эле жогоруда айткан Курманжан датка кɵчɵсʏ менен Г.Айтиев кɵчɵсʏнʏн кесилишине да жɵɵ адамдар ɵтʏʏчʏ ɵтмɵктʏ куруу долбоору кийинки жылга пландалууда.

-Ɵтмɵктɵрдɵ кандай шарттар каралган?

-Жер ʏстʏнɵн ɵтʏʏчʏ ɵтмɵктɵ адамдар тɵрт тарабынан чыгып-тʏшʏʏчʏ тепкичтер каралган. Тепкичтин бийиктиги жердин деңгээлине карап 13 метрден 16 метрге чейин курулат. Андан сырткары мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелгендер, кары-картаңдар ʏчʏн атайын лифттер орнотулат. Буюрса, шаардын тургундары, коноктору ʏчʏн заманбап, ыңгайлуу шарты бар ɵтмɵктʏ куруп берʏʏгɵ аракет кылып, иштеп жатабыз. Курулуш аягына чыкса, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына ɵткɵрʏлʏп берилет, кɵзɵмɵлдɵɵ жагы боюнча да сунуштарды берип жатабыз. Аталган долбоорлордун бардыгы жергиликтʏʏ бюджеттин эсебинен каралууда.

-Канчалык деңгээлде ɵтмɵктɵр ɵз натыйжасын берет деп ойлойсуз?

-Ɵтмɵктɵрдʏ куруунун натыйжасында аталган кɵчɵлɵрдɵгʏ жол тыгын маселелери чечилип, жɵɵ адамдар тоскоолдуксуз ɵтʏп калат деп кепилдик бере алабыз.

Тургундар ɵтмɵктʏн социалдык тармакта тараган даяр долбоорун кɵрʏп, бʏткɵндɵ ага окшобой каларынан камтама болушууда…

-Ооба, соцтармактардан жарандар тарабынан айтылган пикирлерди мен да окуп турам. Туура, андай пикирлер бар. Долбоордун сʏрɵттɵрʏ 3D форматында жарыяланган. Анда кооздолуп, боёлуп берилет. Негизинен долбоордо кандай берилсе, ошондой болуп бʏтɵт. Анда белгиленгендей курулуш материалдары колдонулуп, кɵрсɵтʏлгɵн нормада курулат. Бекитилген долбоордон кайсы бир жери ɵзгɵрʏп кетʏʏсʏ мʏмкʏн эмес.

-Жер астынан ɵтʏʏчʏ ɵтмɵктʏ куруу кандай пландалууда?

-Учурда долбоорлоо боюнча иштер жʏрʏп жатат. Эки-ʏч айдын ичинде толук аягына чыгып калат. Каражат болуп калса быйыл, болбосо кийинки жылы курулуш иштерин баштайбыз.

-Бул жылы сиздердин мекеме тараптан бир катар иштер жасалары айтылып келʏʏдɵ.

-Быйыл жылдагыга караганда жасай турчу жумушубуз абдан кɵп. Бул жолу эгемендʏʏлʏк кʏнʏ Ош шаарында белгилɵɵ пландалып жатат. Ага чейин аягына чыгаруучу долбоорлорубуз бар. Атап айтсак, беш социалдык объектти бʏткɵрʏʏ демилгеси колго алынган. Тактап айтканда, эки мектеп, ʏч бала бакчаны жаңы окуу жылына бʏтʏрɵбʏз. Мунун экɵɵ жергиликтʏʏ бюджеттен, ʏчɵɵ республикалык бюджеттен каржыланууда. Акча каражаттары чечилген. Учурда курулуш темпи график менен жʏрʏʏдɵ.

Мындан сырткары шаарыбыздын борбордук стадионун капиталдык оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏʏнʏ да баштаганбыз. Анда 12миңге жакын орундуктун баарын алмаштырып гана койбостон, орундуктар жайгашкан бетонду баштапкы абалына чейин тазалап, башынан оңдолуп, жасалат. Жумушчулар эки нɵɵмɵттɵ кʏнʏ-тʏнʏ иштеп жатышат. Эгемендʏʏлʏк кʏнʏнɵ карата иш-чаралар да стадиондо ɵтɵт эмеспи, ага чейин оңдоп-тʏзɵɵ иштерин аягына чыгарууну кɵздɵɵдɵбʏз. Буга республикалык бюджеттен 25 млн. сом акча каражаты бɵлʏнгɵн.

Кийинки чоң жумуштарыбыздын бири таза суу менен ʏзгʏлтʏксʏз камсыздоо маселесин чечʏʏ. Биздин мекеме бʏгʏнкʏ кʏндɵ этап-этабы менен жумуштарды аткарып келʏʏдɵ. Биринчи этапта, эски скважиналарды калыбына келтирип, жаңы алты скважина куруп, магистралдык суу тʏтʏгʏнɵ кошо алдык. Скважиналардан кʏнʏнɵ 25 миңден 30 миң кубга чейин суу ала алабыз деп турабыз. Бул дагы жамгыр кɵп жааган мезгилде ʏзгʏлтʏккɵ учураган таза суу маселесин чечкенге чоң ɵбɵлгɵ болот. Кийинки этабында Иминов кɵчɵсʏндɵ сыйымдуулугу 6 миң куб болгон тɵрт суу кампа курууну баштадык. Шаарыбызда мындай кɵлɵмдɵгʏ суу кампа 1995-жылдан бери ʏчɵɵ гана курулганын, республикалык казынадан каржыланган белгилеп коюу керек. Бʏгʏн бир убакта тɵрт суу кампа жергиликтʏʏ бюджеттин эсебинен курулууда. Буюрса, суу кампаларды дагы кʏз айларына чейин бʏтʏрʏʏ аракетиндебиз.

-Ийгиликтер коштосун. Маегиңизге рахмат!

Жумагʏл Кочкорбай кызы