Соңку айда борборубуздагы таза суунун жетишсиздиги элди бир топ тʏйшʏккɵ салды. Буга чейин Бишкек мэриясы айрым унаа жуучу жайлардын, мончолордун, бассейндердин ишин убактылуу токтоткон эле. Бирок, кырдаал дароо оң жагына чечилбей, Жогорку Кеңеш, шаар бийлиги тарабынан каралып жатат. Канткенде суу кɵйгɵйʏн алдын алабыз, Ошто абал кандай?
Таалайбек Кожоев, “Ош шаар сууканал” ишканасынын директорунун орун басары:
“Ичʏʏчʏ сууну башка масксатта колдонууга тыюу салынат”
-Таалайбек мырза, учурда борбордо таза суу тартыштыгы жаралды, бул кɵйгɵй Ош шаарында жаралбайбы деген суроо баарын тʏйшɵлтʏп турат.
-Биздин ишкана жыл сайын май айынан баштап, октябрь айына чейин рейд ɵткɵрʏп келет. МАБдардагы квартал комитеттери, эл башы, кɵчɵ башчылар менен биргеликте ʏймɵ-ʏй кыдырып тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзɵбʏз. Андан сырткары массалык маалымат каражаттары аркылуу сууну колдонуу эрежелерин элге жеткирʏʏгɵ аракет кылабыз. Ичʏʏчʏ таза сууну эгин сугарганга, короо-жайды же автоунааларды жууганга тыюу салынган. Анткени таза суу ʏч-тɵрт этап менен тазаланып, залалсыздандырылып анан элге берилет. Буга кɵптɵгɵн каражаттар, электр энергиясы сарпталат. Шаардын айрым жерлерине, мисалы, Он-Адыр, Бир-Адыр аймактарына суу тʏз эле бир насос менен барып калбайт. Биринчи насостон экинчи насоско айдап отуруп, ʏч-тɵрт ирет бийиктикке алып чыгып жеткиребиз. Айрым жарандарыбыз “бул кудайдын суусу, ушуга да тɵлɵмɵк белек” деп ойлошот. Туура, кудайдын суусу, бирок ал ɵзʏнɵн-ɵзʏ тʏтʏктɵргɵ тʏшʏп алып келбейт да.
Кээ бир учурларда эгиндерди сугарууга такыр мʏмкʏнчʏлʏк жок болуп калат. Мындайда таза сууну тʏнкʏ саат 12ден таңкы саат 5ке чейин колдонууга уруксат беребиз. Негизи жыл сайын Ош шаарынын мэриясы жазгы ʏч айлык жарыялайт. Ишембиликке чыгып арыктарды чаап, лотокторду тазалап жатпайбызбы. Ошол тазаланган арыкка суу буруп келʏʏдɵн эринген айрым жарандар эшик алдындагы таза сууну пайдаланышат. Шаарда каналдарыбыз да бар, эгиндерге ошол суу коюлууга тийиш. Кɵп кабаттуу ʏйлɵр менен жер ʏйлɵрдʏ кошкондо Ош шаарында жалпы 87 600 ʏй бар. Алардын 20 миңи бир убакта сууну ачык таштаган болсо, суунун деңгээли тɵмɵндɵп кетет. Ал учурда 4-5-кабаттагыларга суу чыкпай калышы мʏмкʏн. Ушундай кырдаалды болтурбоо ʏчʏн сууну туура эмес пайдаланган ʏй болобу же ишканабы алгач эскертʏʏ берилет, экинчисинде айып пул саланып, акт тʏзʏлʏп суусу кыркылат. Ага да болбосо техникалык шартнамасы жокко чыгарылып, суу берʏʏ токтотулат.
Элге сууну жайын-кышын бирдей беребиз. Жаз-жай мезгилдеринде жарандарыбыз унаасын, килем-паласын жууп, огородун сугарып сууну кɵп коротушат. Кээ бирлери сууну жɵн эле агызып коюшу мʏмкʏн, айрымдары бузулган крандарын оңдобой жʏрɵ беришет. Кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн ажатканасындагы сливной бачоктору иштебегендер бар. Бир сливной бачокко 10 литрдей суу батат. Ал иштебесе ажатканадагы суу сутка бою агып тура берет. Адамдарга билинбегени менен бул кɵрʏнʏштɵр канчалаган чыгымга кептейт.
“Милдетибиз – алгач шаардыктарды таза суу менен камсыздоо”
-Шаар четинде жайгашкан айылдарга да суу шаардан берилет, райондор бул маселени ɵзʏнɵ алса болбойбу?
-Шаар четинде жайгашкан Шарк, Кашкар-Кыштак, Нариман, Мады, Тɵлɵйкɵн, Папан, Катта-Талдык айыл ɵкмɵттɵрʏнɵ келишим менен суу берип келебиз. Бирок, 5-10 жылдан бери Кара-Суу районунун акимине, айыл ɵкмɵттɵрдʏн ɵзʏнɵ кат менен кайрылып, Ош шаары чоңоюп жатат, калктын саны ɵсʏʏдɵ деп эскертип жатабыз. Жогоруда аты аталган сегиз айыл ɵкмɵттɵ 40ка жакын скважиналар бар. Алардын кɵбʏ иштебей калган. Кат менен кайра-кайра кайрылып отуруп, быйыл Шарк айыл ɵкмɵтʏ бир скважинаны иштете баштады. Шаарга суу жетпей калганда биз да чектɵɵ коюуга аргасыз болобуз. Биздин милдетибиз алгач Ош шаарынын элин таза суу менен камсыз кылуу. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Кашкар-Кыштак, Нариман айыл ɵкмɵттɵрʏ да скавижаналарды иштетʏʏдɵ. Ошону менен дагы 20дай скважина иштетилбей жатат. Аларды иштетсе деле болот, бирок, электр энергиясынын чыгымынан улам иштетпей коюшууда.
-Ошко караган Жапалак аймактык башкармалыгында суу тартыштыгы бар…
-Ош шаарындагы кɵйгɵйʏбʏз Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы суунун тартыштыгы. Бул маселени чечʏʏ ʏчʏн Араванга 600дʏк тʏтʏк менен линия тартылып жатат. Ошол линиядан Жапалак аймактык башкармалагы ʏчʏн 150лʏктɵн ʏч кошумча суу тʏтʏгʏ тартылат жана кɵлɵмʏ 1000 метр куб. болгон резервуар куруу ʏчʏн жерди трансформация кылуу жумуштары жʏрʏʏдɵ. Бул долбоорлорду ишке ашыруу 1-2 жыл аралыгына пландалган.
“Сууну ʏнɵмдɵɵ боюнча эскертʏʏ таратып жатабыз”
-Ичʏʏчʏ сууну башка максатта колбонбогула деп рейд жʏргʏзʏп жатабыз дедиңиз, жыйынтыгы кандай болууда?
-Рейддин жыйынтыгы менен кɵп кабаттуу ʏйлɵрдɵгʏ мыйзамсыз чыгарылган 116 колонкаларды, жер ʏйлɵрдɵн 44 колонканы ɵчʏрдʏк (сʏрɵттɵ кɵрʏп тургандай). Жарандар алдын- ала кабардар болсун деп тɵлɵм кагаздарын таркатып жатканда кагаздын артына КРнын суу колдонуу эрежесинин негизинде Ош шаарынын суу колдонуу эрежесинин шаардык Кеңеште бекитилген талабын, эскертʏʏсʏн кошо берип жатабыз. 7 аймактык башкармалыкка бир айдан бери саар-кеч рейддер уланууда. Таза суунун кошумча булагын кɵбɵйтʏʏ максатында бир нече резервуарлар курулуп жатат. Ош шаарынын мэриясы курулуп бʏткɵн 12 скважинаны бизге ɵткɵрʏп берсе, аны да ишке киргизебиз.
Андан сырткары кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏ куруп жаткан курулуш компанияларына квартиралардын ар бирине суу ɵлчɵмʏн эсептеген эсептегичтерди койгула деп талап кылып жатабыз. Мисалы, кичинекей эле аянтта жайкашкан кɵп кабаттуу ʏйдɵ 100 квартира болушу мʏмкʏн, бул бир айыл деген сɵз. Биринчи проект менен Туран МАБга 3600 эсептегич койгонбуз, ал иштеп жатат. Экинчи проект менен Он-Адырга 7 000, Ак-Тилек 1 500, Достукка 1 500 эсептегич бергенбиз. Учурда кɵпчʏлʏгʏ иштеп жатат, ошону менен бирге орнотулуп бʏтɵ электери да бар. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ жалпы 87 600 абоненттин 13 миңдейи эсептегич менен сууга кеткен чыгымды тɵлɵшɵт. Коммерциялык, бюджеттик ишканалар 2 500 дʏ тʏзсɵ, баары эсептегич менен тɵлɵшɵт. Келечекте жер ʏйлɵрдʏн ар бирине эсептегич койдурууну пландап жатабыз. Эгер 100% эл эсептегичке ɵтсɵ, тургундар ɵздɵрʏ эле сууну ʏнɵмдɵй баштайт.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Легендарлуу парламент депутаттары: “Мамлекеттин бир тыйынына кɵз артпай иштегенбиз”
Энени тʏйшʏккɵ салган тɵрɵттɵн кийинки депрессия
STEАM – сабакты теория эмес, практиканын негизинде ɵтʏʏ