13 мая, 2024

“ЭМГЕКТИ КОРГООГО КАЙДЫГЕР БОЛУУ ЧОҢ ЧЫГАШАЛАРГА АЛЫП КЕЛЕТ”

“Жумуш учурунда ден соолугума зыян келип, кенемтени ала албай жʏрɵм, ишкана мага жардам берген жок” дегендер арабызда жок эмес. Кенемте (компенсация) бул жабыр тарткан адамга же анын ʏй-бʏлɵсʏнɵ жоопкер тараптан тɵлɵнʏʏчʏ каражат. Ал кандай учурда ɵндʏрʏлɵт, жумушчу же жаран кандай укуктарын билʏʏсʏ керек, юрист Чыңгызтɵрɵ Жолонов айтып берет.

-Кандай учурда моралдык зыяндын орду толтурулат?

-Моралдык зыяндын ордун толтуруу жумуш берʏʏчʏ менен кызматкердин ортосундагы тʏзʏлгɵн эмгек келишиминин негизинде жʏргʏзʏлɵт. Ошондой эле КРнын Жарандык кодексинин 2-бɵлʏмʏнʏн 1027, 1028, 1929-беренелеринин негизинде жɵнгɵ салынат.

Биринчи кезекте жумуш берʏʏчʏ менен кызматкердин ортосундагы эмгек келишиминде кɵрсɵтʏлгɵн эки тараптын эмгек учурундагы бири-биринин жоопкерчиликтери жана милдеттери каралат.

Экинчиден, жогоруда атап ɵткɵн мыйзамдардын негизинде моралдык зыян келтирʏʏчʏ тараптын кʏнɵɵсʏнʏн даражасына карап моралдык зыяндын орду толтурулат.

Жарандык кодекстин экинчи бɵлʏгʏндɵгʏ 1027-беренесинде белгиленгендей, моралдык зыяндын орду аны келтирген жактын кʏнɵɵсʏ бар же жок экендигине карабастан толтурулат. Ал КРнын Жогорку Сотунун 2004-жылдын 4-ноябрындагы №11 токтому менен кабыл алынган атайын пленумунда дагы кɵрсɵтʏлгɵн. Моралдык зыяндын ɵлчɵмʏн бир гана сот аныктайт.

Жумуш учурунда кайсы бир кызматкердин дене мʏчɵсʏнɵ залал келип, моралдык зыянга учурап калуусу мʏмкʏн. Мындай учурда дагы сот тарабынан моралдык зыяндын ɵлчɵмʏ аныкталат жана ɵндʏрʏлɵт. Ошол эле учурда адамдын ар намысына, адеп-ахлагына шек келтире турган моралдык зыяндар дагы сот тарабынан ɵндʏрʏлɵт. Же жɵнɵкɵй жарандарга укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз иш аракеттер кɵрʏлгɵн болсо дагы моралдык зыянга учуроого жатат.

Жарандык кодексте дагы, Жогорку Соттун пленумунда дагы моралдык зыяндын ɵлчɵмʏн аныктоону сотко калтырган, сот гана аныктайт.

-Сот кандай тартипте моралдык зыяндын ордун аныктайт?

-Моралдык зыянга кабылган жарандын ден соолугуна доо кетип же ɵмʏрʏ менен кош айтышып, жакын туугандары моралдык зыяндын ордун толтуруу боюнча кайрылса, соттук териштирʏʏлɵрдɵ зыян келтирʏʏчʏнʏн кʏнɵɵсʏнʏн даражасы эске алынат. Эгерде бирɵɵгɵ зыян келтирʏʏ максатында атайын кылмыш жасалганы аныкталса же кылмыштын аракеттери, курамы байкалса, анда моралдык зыяндын ɵлчɵмʏ сот тарабынан жогору ɵлчɵнɵт. Сот кʏбɵлɵрдʏн кɵрсɵтмɵлɵрʏнɵ жана иш материалдардагы тиркелген документтерге, ички туюмуна таянып туруп чечим чыгаруусу атайын мыйзамда дагы, Плениумда дагы каралган. Эгерде кокустук катары карала турган болсо, ошого жараша моралдык зыян ɵлчɵнɵт. Бул учурда сɵзсʏз тʏрдɵ эмгек келишими каралат. Андан сырткары менчигинин тʏрʏнɵ карабастан кандай гана ишкана болбосун, милдеттʏʏ тʏрдɵ техникалык коопсуздук эрежелеринин журналы болуусу керек. Жумуш берʏʏчʏ жаранды жумушка аларда ошол техникалык коопсуздук эрежелери менен бир сыйра тааныштырып, атайын инструкциядан ɵткɵргɵндɵн кийин гана жумуш орунуна коюшу кажет. Жумуш берʏʏчʏ менен жумушчунун ортосунда бул нерселер аткарылган болсо, моралдык зыяндын ордун толтуруу боюнча сотто эске алынат. Жумушчу техникалык коопсуздук эрежелери менен таанышып туруп, ɵз катачылыгы менен жумуш учурунда зыянга учураса, анда ошого жараша моралдык зыяндын ɵлчɵмʏ аныкталат.

-Эгерде тазалык же дагы башка ушул сыяктуу тейлɵɵ кызматында иштеген жарандар жумуш учурунда ден соолугунан жаракат алып же ɵмʏр менен кош айтышса, кандай чара кɵрʏлʏʏсʏ керек? Маселен, жумуш учурунда жол кырсыгына кабылса…

-Мындай учурда муниципалдык мекеме-ишканалар тарабынан жардам иретинде гана акчалай жардам кɵрсɵтʏлʏʏсʏ мʏмкʏн. Ал эми моралдык зыяндын ордун толтуруу зыян жеткирген тарапка сот тарабынан милдеттендирилет. Себеби мында кʏнɵɵлʏʏ башка жак болууда. Анда жол кырсыгы боюнча кылмыш иши ачылып, жоопкер тарап кʏнɵɵсʏнɵ жараша жазасын алат. Ошол эле учурда келтирилген моралдык зыян дагы ɵндʏрʏлɵт. Тагыраагы жол кырсыгынын катышуучулары жоопкер.

-Кɵпчʏлʏк учурда жумуш берʏʏчʏ менен жумушчунун ортосунда эмгек келишими тʏзʏлбɵйт. Эмгек келишимин тʏзʏʏнʏн зарылчылыгы тууралуу айта кетсеңиз.

-Азыр мамлекеттик мекемелерден айырмаланып, кɵптɵгɵн жеке ишканалар, курулуш компаниялар, завод-фабрикалар, кафе-ресторандар бар. Ушул сыяктуу жеке сектордогу ишканалар кɵпчʏлʏк учурда коопсуздук эрежелерин сакташпайт, эмгек келишимин тʏзбɵйт. Жеке компанияларга жумушка орношкон жарандар да ɵз жумуш ордуна кайдыгер мамиле жасап, жумуш берʏʏчʏдɵн коопсуздук эрежелери менен тааныштырууну же эмгек келишимин тʏзʏʏнʏ талап кылышпайт. Бул ɵтɵ кайдыгерлик десек болот. Эгерде эмгек келишими тʏзʏлсɵ, эки тарапка тең жакшы. Себеби жумуш учурунда адамдын ден соолугуна зыянын тийгизген ар тʏрдʏʏ кокустуктар болуп кетсе, жумуш берʏʏчʏ да, жумушчу да ɵз укуктарын коргоп кала алат. Эмгек келишиминин негизинде жумушчу эмгек акысын убагында алып, жумуш учурунда коопсуздугу ʏчʏн керек болгон шаймандарды жумуш берʏʏчʏдɵн талап кыла алат. Муну менен жумушчу ɵзʏнʏн ден соолугуна да, коопсуздугуна да кам кɵрɵт. Тилекке каршы кɵпчʏлʏк жарандар муну эске албайт. Анан кандайдыр бир кокустуктар болуп кетсе, анын жоопкерчилиги, моралдык зыян ɵндʏрʏʏ жумушчу ʏчʏн бир аз кыйынга туруп калат. Андыктан, жумушка киргенде алдын ала коопсуздук эрежелери менен таанышып, эмгек келишимин тʏзʏп алышса, келечеги да жакшы болот. Жалпылап айтканда иш берʏʏчʏлɵр эмгекти коргоо маселесине ɵзгɵчɵ кɵңʏл буруусу керек. Кырсык болуп кетсе чоң чыгашаларга алып келет.

-Моралдык зыян ɵндʏрʏʏдɵ жарандар дагы кандай фактылар менен кайрылышат?

-Моралдык зыян негизинен жарандын мʏлктʏк жана мʏлктʏк эмес нерселерине зыян келтирилсе жана адамдын инсандык беделине шек келтирилген учурда ɵндʏрʏлɵт. Бизге кɵбʏнесе жумуш учурунда ден соолугуна залал жеткирилген жана социалдык тармактарда адамдын сʏрɵттɵрʏн ар кандай максатта жайылтып, аброюна шек келтирген пикирлерди жазып койгондугу ʏчʏн атайын кайрылгандар бар. Мындай фактылар укук коргоо кызматкерлери тарабынан тастыктала турган болсо, сɵзсʏз тʏрдɵ мунун жоопкерчилиги дагы бар жана моралдык зыян дагы толтурулат. Жалпылап айтканда, социалдык тармактар аркылуу бирɵɵгɵ жаман пикир калтыруу же сʏрɵтʏн ар кандай максатта жайылтуу бул кылмыш, мунун жоопкерчилиги бар.

Эске салсак, жакында эле кызмат учурунда каза болгон прокурордун ʏй-бʏлɵсʏнɵ тɵлɵнгɵн кенемте коомдо кызуу талкууну жаратты. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик тʏзʏлʏш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде маселе каралып, анда финансы министри Алмазбек Бакетаев бюджеттен каржыланган мекемелердин кызматкерлери жумуш учурунда каза болсо канча компенсация тɵлɵнɵрʏ тууралуу маалымат берген. Анда кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болсо ʏй-бʏлɵсʏнɵ тɵлɵнʏʏчʏ кенемтенин суммасы жɵнʏндɵ тɵмɵнкʏлɵрдʏ билдирген:

-ИИМдин кызматкерлери – 2,5 млн. сом;

-соттор – 1-1,5 млн. сом;

-мектеп директору, мугалим – 5-5,5 млн. сом;

-дарыгерлер – 5 млн. сом;

-мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер – 1 млн. сом;

-айдоочулар – 1 млн. сом;

-пол жуугуч кызматкерлер – 400-500 миң сом.