13 мая, 2024

ЖАШАРТУУЧУ ҮЛҮЛ ТЕРАПИЯСЫ

Учурда дʏйнɵдɵ табигый нерселер актуалдуу. Мисалы, адамдардын социалдык тармакта ɵзʏн жасалмасы жок алып жʏрʏʏсʏ, фастфуд менен газ суу эмес, курамы витаминдерге бай азыктарды кабыл алуусу баары модага айланып баратат. Айымдар мурда сулуулук ʏчʏн жанын курман кылууга даяр болсо, азыркы заманда табигый жол менен сулуулукка жетишʏʏнʏ эңсегендер кɵп. Косметологиядагы ʏлʏл терапиясы жɵнʏндɵ уктуңуз беле? Балким, ʏлʏлдʏн экстракты кошулган бет майларды кɵп эле колдонот чыгарсыз. Алдыда ʏлʏл терапиясы жɵнʏндɵ Сʏйʏмкан Эркинбек кызы айтып берет.

-ʏлʏл терапиясын адамдар качантан бери колдонушат, Ошко алып келгениңизге канча жыл болду?

-Сулуулук тармагында ʏлʏл терапиясы тээ илгертен эле колдонулуп келет. Баарыбызга белгилʏʏ болгондой ʏлʏлдʏ тамак-аш катары да пайдаланышат. Анткени, адамдар ʏлʏлдʏн ар тараптуу пайдалуу экенин кɵп жылдар мурда эле байкаган. Косметологияга келе турган болсок, ʏлʏл терапиясы шаарыбызда мурдатан жасалып келген. Жеке ɵзʏм ʏлʏлдɵрдʏ алып келип, иштей баштаганыма эки жылдай болду. ʏлʏл терапиясын алгач ɵзʏм колдонуп кɵргɵм. Менин бетим аябай кɵйгɵйлʏʏ беттердин катарын толуктар эле. Жакшы эффект болгондон кийин бул ыкма менен башка айымдарга да бɵлʏшкʏм келди. Ошентип ʏлʏл терапиясын ɵзʏм жасай баштадым. Буюрса, айымдар жакшы кабыл алып жатышат. Кʏнʏнɵ аз дегенде 7-8 кардар кайрылат.

-Yлʏл бɵлʏп чыгарган суюктуктун курамы эмне?

-Бул адегенде бетке пайдалуу коллаген жана витаминдин тʏрлɵрʏн бɵлʏп чыгарат. Бетти нымдаштырат, гипер сезгич болуп, кээ бир косметикаларды жактырбай аллергия боло берген беттерге да пайдалуу. Эч кандай каршы кɵрсɵтмɵсʏ жок. Мындан сырткары табигый антибиотикке ээ болгондуктан тырыктан же безеткилерден калган ар кандай тактарды кетирʏʏгɵ жардам берет. Мындай кɵйгɵй менен кайрылган жарандарыбызга кеминде 15 ирет процедурадан ɵтʏʏнʏ сунуштайбыз.

-Сʏлʏк курт сыяктуу адамдын денесинен кандайдыр заттарды жебейби?

-Бизде кɵпчʏлʏк сʏлʏк курт менен ʏлʏлдʏ адаштыра беришет. Экɵɵ такыр бɵлɵк нерсе. Сʏлʏк курт кан сорсо, ʏлʏл ɵзʏнɵн илешкээк, курамында витаминдери бар былжыр суюктукту бɵлʏп чыгарат. Жɵнɵкɵйлɵтʏп айтканда биз ʏлʏлдɵргɵ бадыраң, банан, помидор сыяктуу мɵмɵ-жемиш, жашылчаларды берип багабыз. Ошолордон алган пайдалуу азыгын кайра эле бетке кусуп берет. Ошону менен бирге ʏлʏл тынымсыз кыймылдап тургандыктан жылган сайын бетке массаж жасалат. Бул тырыштан арылуунун эффективдʏʏ жолу.

-Бул ʏлʏлдɵр кадимки ʏлʏлдɵрдɵн айырмаланат экен, ээ?

-Ооба, кɵлɵмʏ да чоң. Ахатин ʏлʏлʏ деп аталат. Климаты тропикалык ɵлкɵлɵрдɵ кенен жайылган. Мен жарымын Кытайдан, жарымын Фергана облусунан сатып алгам. Учурда жумурткаларынан ɵзʏм да кɵбɵйтʏп жатам.

-Процедура канча убакытка созулат, таасири тез эле билинеби?

-Бир процедура 20 мʏнɵткɵ созулат. Беттин бардык бɵлʏгʏнɵ жана моюнга койгонго болот. Процедура бʏткɵн соң бетти сууга чайкоо зарыл. Бизге кɵбʏнчɵ бетине тырыш тʏшкɵндɵр, безеткиси бар, тагы бар же ɵтɵ кургак терилʏʏ айымдар кайрылышат. Айрыкча такты кетирʏʏдɵ аябай эффективдʏʏ. Биринчи процедурадан кийин эле таасири байкалат. Беттин агарышына, жумшарышына жардам берет. 

-Бир бетке канча ʏлʏл коёсуз? Терини тиштеп зыян келтирбейби?

-Негизи ʏлʏлдʏн 200дɵн ашуун тиши бар, бирок, адамдын бетин тиштебейт. Беттин кɵлɵмʏнɵ жараша бир бетке кичинекей ɵлчɵмдɵгʏ ʏлʏлдɵрдɵн 10го чейин, чоң ɵлчɵмдɵгʏ ʏлʏлдɵн 4-6 даанага чейин коюлат.

-Буларды  канча жылга чейин колдоно аласыз?

-Косметологияга колдонулган ʏлʏлдɵр 2-3 жылда ɵлɵт. Жашоо убактысы бʏтɵйʏн деген ʏлʏлдʏн кыймылы азайып, жакшы тамак жебей, ʏйʏнɵн чыкпай калат.

Кызыктуу фактылар

ʏлʏлдʏн азыктануусуна жараша бɵлʏп чыгарган былжырынын курамында А, С, Е, В6, В12 витаминдери, гликол кислотасы, коллаген, хитозан, эластин жана башка пайдалуу компоненттер бар.

Байыркы убакта Египеттин жана Римдин айымдары Ахатин ʏлʏлʏнʏн былжырлуу маскалары менен жʏзʏн тунартып, кɵйгɵйлʏʏ тери менен кʏрɵшʏшкɵн. Ошондой эле жашы улгая баштаган аялдар бырыштарын кетирʏʏ максатында ʏлʏл былжырына сʏт, бал кошуп колдонушкан. Жылдар ɵтʏп, ʏлʏл унутула баштаган эле. Бирок, экинчи дʏйнɵлʏк согуш учурунда африкалык ʏлʏлдɵр кайрадан оозго алынды. Моллюскаларды атайын чарбаларда багып, аскер адамдары ʏчʏн протеиндик азык катары берʏʏ каралган.

Бул чарбада иштеген кызматкерлер колунун терисиндеги чийилген, кесилген жарааттары ʏлʏл былжырынын таасиринен улам тез айыгып кеткенин байкашкан. Андан кийин окумуштуулар бир катар изилдɵɵлɵрдʏ жʏргʏзʏп, ʏлʏл былжырыны регенерациялоочу жана жашартуучу таасирин аныкташкан.

Yлʏл терапиясы жаңы доордо

Ахатин ʏлʏлдɵрʏ Японияда биринчилерден болуп косметикалык процедураларда колдонулган. ʏлʏлдɵрдʏ тазаланган бетке суу же сʏт чачып коё беришчʏ. Ахатин  ʏлʏлдɵрʏ акырын булчуңдуу буттары менен оодарылып, массаж жасап, ошол эле учурда теринин ɵлʏк клеткаларын сууну же сʏттʏ азыктанганча жешчʏ.

Медицинанын атасы Гиппократ да ʏлʏлдʏн аш болумдуу жана дарылык касиетине суктанган. Эт жана икра оңой сиңирʏʏчʏ продуктылар, 70% холестерол протеининен турат, Гиппократ алар менен аз кандуулуктан баштап кургак учуктун оор формаларына чейин кɵптɵгɵн ооруларды дарылаган. 

Айжылдыз Тойчиева