13 мая, 2024

МАЛИНА – Кадамжайдын бренди

Орус эли кɵйгɵйʏ жок жашоону таттуу малинага салыштырып коёт. Бирок, мунун тʏпкʏрʏндɵ турмуштун бʏтпɵгɵн тʏмɵн тʏйшʏгʏнʏн мааниси да бар. Чын эле бышып турган малинаны тикенинен коркуп жебей койсоң мɵмɵ сеники эмес. Бʏгʏн жашоо жɵнʏндɵ эмес, малинанын ɵзʏ тууралуу кеп кылабыз. Каарманыбыз жана анын ʏй-бʏлɵсʏ Кадамжай шаарынын Пʏлгɵн айылында кɵп жылдан бери багбанчылык менен алектенишет. Бул ʏй-бʏлɵ ɵстʏрʏʏдɵ, жыйноодо чоң мээнетти талап кылган малинаны кирешелʏʏ булакка айланта алган.

Мухабат Шерматова, багбан: 

“Эгилгенден тарта экинчи жылдан тʏшʏмгɵ кирет”

-Быйыл баарыбызга белгилʏʏ болгондой кыш мезгили катуу суук менен коштолду. Андан сырткары жаздагы туруксуз аба ырайынан улам малинанын кɵпчʏлʏгʏн ʏшʏк алган эле. Ошондуктан жылдагыга салыштырмалуу быйыл тʏшʏм азыраак болууда. Кудайга шʏгʏр, негизгиси бар. Учурда малина жыйноо иши кызуу жʏрʏп жатат. Жылда май айынын акырында, июндун башында жыйнап баштасак, быйыл жаз эрте келгендиктен эрте жыйналууда.

Малина ɵстʏрʏʏ чынында татаал иш. Кɵчɵтʏн эккенден тарта жакшы карасаң экинчи жылдан тʏшʏм бере баштайт. Эгер туура кам кɵрʏлбɵсɵ тʏшʏм берʏʏсʏ да кечеңдейт. Топурагына органикалык жер семирткичтерден кɵң, кʏл чачабыз. Минералдык жер семирткичтерден мочевина жана зыянкечтерге каршы дарылар себилет. Малина бышкан убакта кɵбʏнчɵ жɵргɵмʏчтɵр жана келгин куштар зыян келтиришет. Алардан сактоо ʏчʏн да тийиштʏʏ ыкмаларды колдонобуз. 

“Кʏздɵ бышкан малина кымбат болот”

-Малина жаз жана кʏз мезгилдеринде эки ирет тʏшʏм берет. Жаздагысы кɵбʏрɵɵк бышат да арзан болот. Кʏздɵ болсо апта сайын бышып, кымбатка сатабыз. Азыркы учурда баа туруктуу деп айта албайм, кʏн сайын ɵзгɵрʏп кетʏʏдɵ. Мисалы, бʏгʏн килограммы 130 сомдон сатылса, эртең 160-170ке кɵтɵрʏлʏшʏ мʏмкʏн. Андан эртеси кайра арзандаса таң калуунун кажети жок. Тʏшʏмдʏ жыйноодо бизге ишчилер жардамга келишет, алардын кʏнʏмдʏк акысы 800-1000 сомго чейин каралган. Ɵзʏбʏз базарга алып барып сатканга шартыбыз жок болгонуктан алып сатарларга беребиз.

“Ички базардан сырткары чет жактарга да сатабыз”

-Малинаны башка мɵмɵ-жемиштердин кɵчɵтʏндɵй эле кʏндʏн ысышына карап эрте жазда эккен оң. Март, апрель айлары ыңгайлуу мезгил болуп саналат. Малина кɵчɵтʏн эккенден кийин тез-тез суу коюп туруу зарыл. Сууну кɵчɵттʏн тʏбʏнɵ жеткире койбой, алысыраак алынган жɵɵктɵргɵ коёбуз. Ошондой эле отоо чɵптɵрдɵн тазалап туруу керек.

20 сотых жерди малина кылганбыз. Канча тʏп экенин так айталбайм, негизи 2 метрге 9 тʏптɵн эгилет. Учурда биздин малиналар Кытай, Россия, Казакстан, Ɵзбекстан республикаларына чейин сатылып жатат. Андан сырткары ɵлкɵбʏздʏн бардык аймагына жеткирилет.

Малина — роза гʏлдɵрʏнʏн тукумунан чыккан бадал болуп саналат. Ал дʏйнɵнʏн бардык бурчуна таралган. Малинанын уруктары археологдор тарабынан таш доорундагы конуштардан да табылган. Демек, эң байыркы ɵсʏмдʏктɵрдʏн бири экени талашсыз. Байыркы убакта малина дары ɵсʏмдʏгʏ катары гана колдонулган деп тарыхый булактарда жазылып жʏрɵт. Мисалы, байыркы римдиктер менен гректер малина гʏлдɵрʏн жылан, чаян чаккандарга даба катары колдонушкан. Мɵмɵнʏн кургатылганын кайнатып суук тийʏʏнʏ дарылашкан. Жапайы малина негизинен Европада, Азияда жана Тʏндʏк Америкада кездешет. Учурда малинанын 600 дɵн ашуун сорту бар.

Ден соолукка пайдасы

Малина витаминдер менен минералдарга укмуштуудай бай. Анын курамында В, С, А витаминдери, кремний, магний, марганец, кальций, темир, фосфор, натрий, хром, цинк кɵп. Мындан сырткары малинада антиоксиданттар – флавоноиддер, фенолдор, антоцианиндер, каротиноиддер кеңири кездешет.

Мындай бай курамы тɵмɵнкʏ ооруларды алдын алууга жардам берет:

• жʏрɵк-кан тамыр жана нерв системасынын абалын жакшыртуу;

• иммунитетти бекемдɵɵ;

• зат алмашууну нормалдаштыруу;

• эркектердин тукумсуздугун алдын алуу;

• аялдардын менструалдык циклин жɵнгɵ салуу;

• онкологиялык ооруларды алдын алуу;

Суук тийгенде малина кошулган чай ичʏʏ да бекеринен эмес. Курамында С витамини кɵп болгондуктан аспирин катары сасык тумоо жана суук тийʏʏнʏ дарылоодо эң сонун жардам берет. Температураны тɵмɵндɵтɵт жана курамында темир кɵп болгондуктан аз кандуулук менен кʏрɵшʏʏдɵ эффективдʏʏ.Ошондой эле малина теринин абалын калыбына келтирʏʏ жана жакшыртуу ʏчʏн косметологияда активдʏʏ колдонулуп келʏʏдɵ.

Кимдерге жегенге болбойт?

Малинадан баш тарткан адам дээрлик жок. Бирок, ден соолук буга жооп бербей жатса токтотуңуз.

Курамында канды суюлтуучу салицилат кислотасы, К витамини болгондуктан кандын уюшуна каршы дарыларды кабыл алган адамдар малинаны этияттык менен колдонушу керек.

Органикалык кислоталардын жогорку курамы ашказан, ичеги-карын оорулары, гастрит менен жабыркагандарга сунушталбайт.

Бɵйрɵктʏн иштɵɵ функциясы бузулган адамдарга бул мɵмɵнʏ жеп кереги жок. Малина кичи зааранын тез-тез топтолушуна таасир эткендиктен, бɵйрɵккɵ оорчулук келтирет.

Бронхиалдык астма- тагыраагы, дем алуу жолдоруна доо кеткен, энтигʏʏсʏ бар адамдарга да сунушталбайт. Анткени малина кʏчтʏʏ аллерген. Эгер башка мɵмɵгɵ, мисалы, кулпунайга аллергияңыз болсо, малина да жебеңиз. Жɵтɵл, кɵздʏн, беттин кызаруусу, дем алуунун оорлошу сыяктуу аллергиялык реакция байкалса биротоло баш тартан туура. Ымыркайлардын кошумча тамак-ашына да кылдаттык менен киргизʏʏ керек.

Кызыктуу фактылар

Малина алгач кызыл тʏстɵ болгон. Ошондуктан малина сɵзʏ латындын “rúbus idáeus” тʏзмɵ-тʏз которгондо “кызыл бадал” маанисин тʏшʏндʏрɵт. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ малина кызгылт тʏстɵ экени баарыбызга белгилʏʏ. Ал тургай сары, кара тʏстɵгʏ сорттору бар. Окумуштуулар 16-кылымдан тарта малинаны ар кандай сортторго бɵлɵ башташкан.

Дʏйнɵ жʏзʏ боюнча малинанын ири экспорттогон ɵлкɵ Россия болуп саналат. Жылына 164 602 тоннанын тегерегинде малина сатса, экинчи орунда 137 829 тонна менен АКШ турат.

“Алтын малина” – антисыйлыгы. Америкада Razzie Award деп аталган антисыйлык бар. Ал 1981-жылдан бери эң начар актердук эмгекке,  сценарийге, режиссерго жана эң начар тасмаларга ыйгарылып келет. Сыйлыкты эмнеге малина деп аташкандары кызык, аны алуу ʏчʏн сыйлык ээлери келет болду бекен?

Малинанын кургатылган жалбырагынан чай жасоого болот.

Малина терилгенден кийин 2 же 2,5 суткага чейин гана туруштук берет. Андан ары курамы бузула баштайт. Ал эми муздаткычтарда 2-3 айлап сактоого мʏмкʏн.

Ажылдыз Тойиева