26 декабря, 2024

“СТУДЕНТТЕР СУУ ТАШЫП, СУЛАЙМАН-ТОО YҢКYР МУЗЕЙИН КУРГАНБЫЗ”

Редакциябызга “Сулайман-Тоого чыкчу жолду, тепкичтерди жолдошум куруп, ʏңкʏр музейин курууга биз студенттер кыш-ташын ташыдык эле” деп Ош шаарынын тургуну Ирсалат Базиева баш бакты. Ал студент кезиндеги Ошту сʏрɵттɵп, сʏрɵттɵ жана кɵз алдында калган сʏртʏмдɵрдʏ бизге айтып берди. “Андагы шаардын тазалыгын айт, ал тургай кийимиңди ʏтʏктɵбɵй кɵчɵгɵ чыгуудан ɵзʏң уялчусуң” деп эскерет Ардагерлер кеңешинин мʏчɵсʏ, Элдик Курултайдын делегаты Ирсалат эже. Анда окурманыбыздын баянына орун берели.

“СУЛАЙМАН-ТООГО КЕЛГЕН ЗЫЯРАТЧЫЛАРДЫН АЯГЫ YЗYЛЧY ЭМЕС”

-Менин ата-энем малчы болгон. Жайында мал карап, жайлоого кетишчʏ. 1960-жылдары жаңыдан окуу жылы башталганда Жапалак айылындагы мʏрзɵнʏн ʏстʏндɵ жайгашкан эски кичинекей мектепке 1-класска баргам. Ал кезде мектептин жанында психикалык оорулуулар дарыланган оорукана бар болчу. Анда дарылангандарды дарыгерлер бир маал сейилге алып чыгар эле. Алар жолдо баратканыбызда ташбакаларды кармап алып, бизди коркуткан учурлар эсимде калыптыр. Кийин мени окуудан калбасын дешип, шаардын Комсомол кɵчɵсʏндɵ жашаган таежемдин ʏйʏнɵ жɵнɵтʏштʏ. Ошондо Сулайман-Тоо чар тарабы чукулбаган жɵнɵкɵй эле тоо болчу, боорунда мʏрзɵлɵр да аз эле. Панфилов мектеби тараптан тоого чыккан жолдо эч кандай тепкич жок, майда шагыл куюлуп турчу. Шагылды бата басып, томолонуп жатып адамдар тоонун башына чыгышчу. Тоого зыярат кылганы келгендердин саны кɵп болуп, аягы ʏзʏлчʏ эмес. Тоонун алдындагы азыркы ак ɵргɵнʏн жанында эски тамдар бар эле. Маргалаңдан, Самарканддан, Ферганадан келген зыяратчылар ошол ʏйлɵргɵ жатып, эки-ʏч кʏн зыярат кылып, оюн-зоок куруп кетишчʏ. Ал кезде биз жаш балабыз да, алардын жанына барып, ойногондорун кɵрʏп отуруп, кызыккан нерселерди сурап кетчʏбʏз. Кийин биз мектепти бʏтʏп, студент болгон мезгилибизде Сулайман-Тоонун боорундагы азыркы ʏңкʏр музейин куруу башталган, 1975-жылдар болсо керек. Анда шаарда адамдын саны дагы кɵбɵйɵ баштаган кез. Азыркыдай чоң жол курула элек болчу. Биз ошол куюлган таштар менен чыгып, студенттер турнадай катар тизилип, Калинин кɵчɵсʏнɵн чакалап суу ташыганбыз. Эсимде, бири-бирибизге узатып, колдон колго ɵткɵрʏп, куруучуларга жеткирип бергенбиз. Суу эле эмес курулуш материалдарын да ошентип ташыганбыз. Ал учурда Ошто бир гана ОшМУ (андагы аталышы ОГПИ) бар эле.

КЫНАПТАП ТИЗИЛГЕН “ОШ 3000” ЖАЗУУСУ…

— Карасам, мактанып айтчу, сыймыктанчу бир топ эле маанилʏʏ жайлардын курулуштарына кʏбɵ болгон экенбиз. Пионерлер менен биргеликте 1975-жылы Папан суу сактагычынын курулушуна да катышканбыз. Баарынан да студент кезибизде музейди тʏптɵɵгɵ ɵз салымыбызды кошуп калганбыз деп кубануу менен айтып калабыз. Анткени суденттер чыгармачылык менен колдорунан келгендерин жасап, музейдин тʏптɵлʏʏсʏнɵ зор кʏчтɵрʏн жумшаган. Тилекке каршы ал убактагыдан азыр эч нерсе жок.

Сулайман-Тоону кɵрктɵндʏрʏʏ, жашылдандыруу жана куруу иштеринде жолдошум Абдылдабек Шерипбаевдин да салымы чоң болгон. 2000-жылдары “Лайк” долбоору боюнча Оштун ʏч миң жылдыгына карата Сулайман-Тоонун тʏбʏнɵ таштан жол курушкан, жолдошум анда куруучулардын бригадири эле. Жогору жагынан байкасаңыздар ак таштар менен кынаптап тизилип жазылган “Ош 3000” деген жазуу бар. Бул жол “Жибек Жолу” деп аталып, Сулайман-Тоону айлантып тосулган тосмого тɵɵнʏн элеси чагылдырылган. Азыр да ошол бойдон. Жашылдандыруу максатында бооруна кɵчɵттɵрдʏ тигишкен, кийин “дарактарды карап, суюлтуп коюш керек” деп жʏрʏп кɵзʏ ɵтʏп кетти. Ал кезде тоодо сууда жок эле,  дарактар куурап калбасын деп  насос менен суу дагы чыгарылган. Анда курулушта иштегендерге азыркыдай шарт каякта, ɵтɵ кыйынчылык менен баштаган жумуштарын аягына чыгарышты. Тʏшкʏ тамагы дагы убагында берилчʏ эмес.  

 “ЖИГИТТЕР ШЫМЫНЫН КЫРЫН ЧЫГАРЫП YТYКТƟМƟЙYНЧƟ КƟЧƟГƟ ЧЫКЧУ ЭМЕС”

-1985-жылдардагы шаардын тазалыгын кɵрсɵңɵр, иретсиз эшикке чыккандан уялчубуз. Кɵчɵгɵ таштанды таштамак тʏгʏл жигиттер шымынын кырын чыгарып ʏтʏктɵмɵйʏнчɵ ʏйʏнɵн чыкчу эмес. Шаар ɵтɵ таза эле. Анда мектеп болобу, окуу жайдабы “комсомолдор уюму”, “пионерлер” деген бар болчу. Баарыбыз мыйзамга баш ийип, жогору жактан берилген тапшырмаларды ɵз убагында аткарып турганбыз.

Мектепти бʏткɵндɵн кийин дароо окуу жайга ɵтɵ алган жокмун. Ноокаттагы Н.Крупская атындагы мектепке пионер лидери (пионервожатый) болуп баргам. Ал кезде аталган мектеп орус, кыргыз аралашкан интернат болчу. Ошол жерде эмгек жолумду баштадым. Азыр ойлосом, жаш, ɵткʏр, курч мезгилим экен. Райкомдор бʏтʏн комсомол комитеттерин чакырып, паранжи кийʏʏгɵ тыюу салгыла деп кɵчɵгɵ азыркынын тили менен айтканда рейд уюштурган. Паранжи кийгендер кɵп болуп кеткенби билбейм, айтор ошондой тапшырма берилген. Рейддин негизинде кɵчɵдɵ паранжи кийип жʏргɵндɵрдʏн баарын чечип, ɵрттɵгɵн. Бул тескɵɵ 2-3 кʏнгɵ созулуп, ошентип паранжи жамынгандар жок болгон. Анда бийликтин тапшырмасына баары баш ийишчʏ да, анчейин каршылык деле болбоптур. Азыр бирɵɵгɵ тийишип кɵрчʏ, тоодой балээге каласың. Ошондон бери бетин толук жаап, паранжи кийгендер кездешпей калган, ал эми азыркы тапта андайлар коомдо кɵп.

“ЖУМУШ УЧУРУНДА КƟЧƟДƟ ЖʏРГƟНДƟРГƟ ЖАЗА КАТААЛ БОЛЧУ”

-Жогоруда тартип катуу болчу деп белгилебедимби. Жумуш учурунда кɵчɵдɵ жʏргɵндɵргɵ жаза катаал болчу, ал тургай камалчу. Кʏн болобу, тʏн болобу кɵчɵдɵ бейчеки баскан адам жок эле. Жумуш бʏттʏбʏ дароо бардыгы ʏйлɵрʏнɵ кетишчʏ. Анда шаарыбызда белгилʏʏ текстилибиз бар эле. 12-16 миң адам эмгектенчʏ. Бул жагы Араван, Ɵзгɵн, Кара-Суу райондорунан, Гʏлбаар айылынан жумушчуларды автобус менен ташычу. Кыргызстандагы алгачкы жана жалгыз болгон Жибек комбинаты, насос заводу сыяктуу дʏркʏрɵгɵн чоң ишканалар бар эле. 1990-жылдан кийин баары ɵзгɵрʏп кетти. Азыр андай ири ишканаларыбыз жок.

“ИРЕТСИЗДИК 1990-ЖЫЛДАРЫ БАШТАЛДЫ”

-Биз шаарда барды дагы, жокту дагы кɵрдʏк. 1985-жыл элди жакырчылык, жетишпестик каптаган маал. Нан саткан жердин баарында узун кезек жаралган. Манас-Ата кичи районунда нан завод бар эле. Кезекте туруп, тебеленип кɵз жумгандар болгон. Базарда ун жок, адамдар каптын тʏбʏндɵгʏ унду талашышкан. Тɵлɵйкɵн, Озгур айылдарынан анча-мынча тургундар нан жаап сатып келишип, адамдардын кɵбʏн ачкачылыктан ошолор сактап калышкан. Болбосо кɵп адамдар ачкачылыктан кɵз жумушмак. Азыр эми ак тɵɵнʏн карды жарылган мезгил. Бардык нерсе бар, базарда тɵгʏлʏп жатат. Ал кезде кайдан, дыйканчылык дагы жок. Адамдар бʏт нерсени талонго алып жашап калышкан, айлык эмгек акыга дагы талон берчʏ, талон менен соода кылчубуз. Акча жок болчу. Ошол мезгилде шаарда жашоочулар кɵбɵйдʏ, шаардын баягы кɵркʏ, тартиби дагы жоголду.

Балалыгың, мектеп курагың, студенттик мезгилиң, ɵмʏрʏң ɵтʏп жаткан жер баарыбир башкача кɵрʏнɵт эмеспи. Кезинде мээнет кылган жериң кɵзʏңɵ жылуу учурап, аяй берет экенсиң. Сулайман-Тоого чыкканда саргайып, куураган бак-даракты, таштанды кɵрсɵм кейип калам. Азыр мурдагыдай кароо жоктой. Ошубуздун сыймыгы болгон тообузду аздектесек, эс алуучулар, зыяратчылар да таштанды таштабай, тазалыкты сактап, ɵз жерибизге, баалуулуктарыбызга кʏйсɵк, ар бирибиз жоопкерчилик алсак деп ниет кылам жана башкалардан дагы ɵтʏнɵм. Ошондогу шаардын тазалыгын эстеп, азыркы жаштарга дагы жеткиргим келет. Шаарыбыз зор мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏн шаары. Аны ɵнʏктʏрʏʏ ар бирибиздин колубузда.

Жумагʏл Кочкорбай кызы