12 мая, 2024

Ош шаардык архивинин алгылыктуу иштери

Шаардык архив кандай иштерди аркалайт, кызыгып кɵрдʏңʏз беле? Эмесе макала ушул тууралуу болмокчу. Биздин суроолорго аталган мекеменин маалымат бɵлʏмʏнʏн башчысы Турсункан Батырова жооп берет.

-Архивдин иши тууралуу кеңири маалымат берсеңиз?

-Ош шаардык архиви Архив кызматынын иштеп чыккан укуктук-ченемдик актылардын чегинде, Кыргыз Республикасынын Санариптик ɵнʏктʏрʏʏ министрлигинин, Архив кызматынын токтом, буйруктарынын негизинде жʏргʏзʏлɵт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 4-апрелиндеги № 2970-V «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жɵнʏндɵ» «Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу» токтомун ишке ашыруу боюнча Ош шаардык мамлекеттик архивинде кызматкерлердин иштɵɵ шартын жакшыртууга болгон муктаждыктарды чечʏʏгɵ, архивдин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, сактоодо турган документтердин баалуулугуна экспертиза жʏргʏзʏʏгɵ, Ош шаарынын тарыхын тʏзʏʏчʏ маанилʏʏ мекемелерди тактап, топтоо булагына киргизʏʏгɵ жана алардан кабыл алынуучу тандалма баалуу документтерди белгиленген тартипте иреттеп, топтоо жана архивди туруктуу сакталуучу документтер менен толуктоо иштери    жʏргʏзʏлʏʏдɵ. Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏнʏн 2020-жылдын 3-мартындагы  № 120, 2014-жылдын 18-мартындагы № 160 токтомдорунун мекемелерде аткарылышы такай кɵзɵмɵлгɵ алынып, топтоо булагына кирген мекеме-уюмдардын тизмеси такталып, аларга ар бир чейректе окуу семинарлар уюштурулат.

    -Азыр баары электрондук таризге ɵтʏп жатпайбы, электрондоштуруу сиздерде кандай жʏрʏʏдɵ?

— Бизде “Электрондук номенклатура” модулу киргизилип иш алып барылууда. Учурда республикада документтерди электрондук форматта жʏргʏзʏʏгɵ толук ɵткɵрʏʏ иши актуалдуу маселе болгондуктан “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жɵнʏндɵ” Кыргыз Республикасынын мыйзамына 2023-жылдын 15-мартында киргизилген ɵзгɵртʏʏгɵ ылайык документтерди электрондук каттоого алуу, электрондук документ, электрондук эсепке алуу, электрондук кол тамга, электрондук формадагы маалымат жʏргʏзʏʏ иштерин аткаруу менен катар 1996-жылга чейинки сактоодо турган документтердин тарыхый баалуулугуна экспертиза жʏргʏзʏʏ менен документтердин так санын аныктоо жана электрондук каттоого алуу иши кызуу жʏрʏдɵ.

 -Ар бир мекеме документтерди ɵзʏндɵ сактап калбадыбы, мындан улам сиздер тараптан мекеме, ишканаларга барып мониторинг жʏргʏзʏп турасыздарбы?

-Ооба. Мекеме-уюмдар менен иш алып барууда 2020-жылы ɵткɵрʏлгɵн паспортизациянын жыйынтыгынын статистикалык маалыматтары колдонулат. “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-32-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏнʏн №120, №160, токтомдорунун негизинде топтоо булактарында каттоодо турган мекеме-уюмдардын иш кагаздарын жʏргʏзʏʏ жана архив ишин алып баруусуна архив тарабынан кɵзɵмɵл жʏргʏзʏʏ менен методикалык жардамдар такай кɵрсɵтʏлɵт. Жарым жылдын ичинде тɵмɵндɵгʏ мекемелерге комплекстʏʏ жана тематикалык текшерʏʏ жʏргʏзʏлдʏ.

1. Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы;

2. Оштогу ɵрткɵ каршы ишканасы;

3. Ош шаардык Боорукердик ʏй интернат мекемеси.       

2023-жылдын 1-февралында Ош шаардык мамлекеттик архивинин топтоо булактарында каттоодо турган Кыргыз Республикасынын Билим берʏʏ жана илим министрлигинин Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын мектепке чейинки билим берʏʏ жана орто билим берʏʏ  мекемелеринин жетекчилерине, иш кагаздарын алып баруучу кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏнʏн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 Иш кагаздарын жʏргʏзʏʏ боюнча токтому жана кɵктɵмɵлɵрдʏн номенклатурасын тʏзʏʏ, электрондук номенклатура боюнча Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏнʏн 2020-жылдын 3-мартындагы  № 120 токтомун аткаруу максатында иш кагаздарынын жʏргʏзлʏшʏ жана ведомстволук архивдик документтердин сакталышы типтʏʏ нускаманын негизинде иргеп иреттɵɵ боюнча,  Ош шаардык мэриясы менен биргеликте  Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жʏргʏзʏʏ боюнча типтʏʏ нускама жɵнʏндɵ № 120 токтомдун негизинде окутуу семинары архив кызматкерлеринин катышуусу менен ɵткɵрʏлдʏ.

 Жоюлган мекеме-уюмдар боюнча мониторинг иши улантылып, штаттык бирдиктери жок мекемелердин жетекчилери менен иштɵɵ, штаттык бирдиктери каралган мекемелердин ɵздɵрʏн ишке тартуу улантылууда.

-Жарандар архивге кɵбʏнчɵ кандай суроо-талап менен кайрылышат. Кызмат акылуу да, ɵздʏк эсепке тʏшʏрʏлгɵн сумма тууралуу да сурайын дегем?         

-Ош шаардык мамлекеттик архиви КМШ мамлекеттеринин социалдык фонддорунан жана жергиликтʏʏ атуулдардан келип тʏшкɵн социалдык-укуктук багыттагы суроо-талаптарды  архивдик материалдарды пайдалануу менен  Кыргыз Республикасынын социалдык-укуктук маанидеги суроо-талаптарды аткаруу тартиби тууралуу нускаманын талаптарына ылайык аткаруунун ʏстʏндɵ иш жʏргʏзɵт. Арыз- суроолор менен кайрылган жарандар ɵздɵрʏнɵ керектʏʏ маалыматтарды архивдеги бирдиктʏʏ терезе аркылуу алышат. Арыз-суроолорго берилген архивдик тактамалардын сапаты, аткаруу мɵɵнɵтʏ, суроого жеткиликтʏʏ жооптун берилиши, прейскуранттын туура колдонулушу архив жетекчилиги тарабынан кɵзɵмɵлгɵ алынып турат. Социалдык-укуктук багытагы арыз-суроолорду архивдик материалдарды пайдалануу менен канааттандырууда, акы алып кызмат кɵрсɵтʏʏдɵн 1-чейректе атайын эсепке 156929 миң социалдык-укуктук багыттагы арыз- суроолорду аткарууда жана бала бакча жана мектептердин номенклатураларын бекитип берʏʏ боюнча 5000 сом,  жалпы 166829 сом акча каражаты банк аркылуу тʏшʏрʏлдʏ.                             

2023-жылдын 1-чейрегинде келип тʏшкɵн 2484 суроо-талаптардын 3326 катка канааттандырарлык жооптор берилди. Каттар электрондук СЭД аркылуу келип тʏшʏп каттоого алынат.                           

Архивдик маалыматтарды пайдалануу тармагында КМШ ɵлкɵлɵрʏнʏн макулдашуусунун негизинде архивдик маалыматтарга муктаж болгондорго социалдык-укуктук багыттагы архивдик маалымкаттар, кɵчʏрмɵлɵр берилет. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ жарандардын кайрылуулары ɵз убагында каралып, Ош шаардык мамлекеттик архив кызматы алгылыктуу иштерди аткарып келʏʏдɵ.