27 апреля, 2024

“КЕЛМЕ-КЕЗЕК” КАЧАН КЕТЕТ?

  Жогорку Кеңеш жайкы каникулга мына кетет деп турган маалда ага чейин бир азга тыным алгансыгандай тʏр кɵрсɵткɵн  саясий талаа кызый тʏшкɵнсʏдʏ. Ага ɵлкɵнʏн башкы прокурорунун парламенттеги “Бʏтʏн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Жогорку Кеңештен макулдук суроосу кɵбʏрɵɵк ролду ойногондугун танууга болбойт.

КЕЗЕК МАДУМАРОВКО ДА ЖЕТТИБИ?

Эске сала кетсек, башкы прокурор Курманкул Зулушев  Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берʏʏ ɵтʏнʏчʏ менен парламентке экинчи ирет кайрылуу жасап жатат. Жогорку Кеңештин мындан мурунку, алтынчы чакырылыштагы депутаттары мындай кайрылууну кабыл албай коюшканы белгилʏʏ.

“Сыягы, Конституцияны сактоо зарылдыгына менчелик Конституциялык сот да чакырык жасабаса керек”,-деп билдирди Мадумаров буга байланыштуу ɵткɵргɵн басма сɵз жыйынында. “Мага массалык башаламандыкты уюштуруу жагынан айып тагууга аракет жасап жатышат. Кудай бар да, анын алдындагы жоопкерчиликтен эч ким качып кутула албайт. Мен мага кандай дооматтар бар деп сурадым. Абаны кɵп жутамбы, сууну кɵп ичемби, же Бишкекте жɵɵ кɵп басамбы? Алар бийликти кʏч менен басып алууга аракетти айтышат. Мен ар дайым эле айтып жʏргɵндɵй, ал жакка сʏйрɵсɵңɵр да барбайм. Алар ɵздɵрʏ деле Мадумаровго канча жолу сунуш кылдык, бирок макул болбой жатат деп айтып жатышпайбы. Анан кантип бийликти басып алуу жɵнʏндɵ сɵз кылышат, билбейм. Мен каалабасам, чакырса барбасам, анан эле бийликти кʏч колдонуп басып аламбы?  Бийлигинен ашыра пайлаланды дешет. Айткылачы, менде кайсы бийлик бар, аны колдоноюн”,-деди ал.

Мадумаров ага карата кылмыш ишин козгоо боюнча аракеттерди ɵзʏнʏн Кемпир-Абад, казино жана жарандарга тɵлɵнʏʏчʏ жɵлɵк пул боюнча бийликке карата айткан сын-пикирлери менен байланыштырат.

Мындан тышкары, Мадумаров депутатка карата кылмыш ишин козгоого прокуратура органдарына макулдук берген Конституциялык соттун чечимине комментарий берди. Жогорку Кеңештин иштɵɵ регламентинде мындай чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алары жазылган. Жогорку Кеңеш  башкы прокурордун ɵтʏнʏчʏ боюнча Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигигине тартууга негиз болуп жаткан кылмыштардын тɵрт беренесинин мыйзамдуулугун аныктоо максатында, парламенттик комиссия тʏзʏлгɵнʏн эскерте кетʏʏ керек.

КОНСОТ ТƟРАГАСЫНАН ТYШYНДYРМƟ

 Депутат Жанар Акаев ɵз кезегинде Конституциялык соттун тɵрагасынын отставкасын да талап кылганга ʏлгʏрдʏ. Ал эми Конституциялык соттун тɵрагасы Эмиль Ɵскɵнбаев “Кактус медиага” берген маегинде конституциялык соттун сынга алынган чечимин комментарийлеп, депутатка карата кылмыш ишин козгоо ʏчʏн Жогорку Кеңештин макулдугу керек эместигин билдирди. Кылмыш-процессуалдык мыйзамдуулугуна ылайык, бул маселени чечʏʏ Башкы прокуратуранын ыйгарым укугуна кирет жана чечимди ал ɵз алдынча кабыл алууга тийиш.

-Конституциялык сот соттун дал ɵзʏ болуп саналат жана маселенин маңызы дал ушунда жатат. Анын демилге кɵтɵрʏʏгɵ, башкача айтканда, конституциянын башка мыйзамдарга шайкеш келишин ɵз алдынча текшерʏʏгɵ укугу жок,-дейт ал. Парламенттин жана ар бир депутаттын укуктук макамы, албетте, укуктук иммунитеттин болушун, бирок бийликтин башка бутактары укутарынан ашыкча пайдаланбоосу ʏчʏн  талап кылат. Конституцияда депутат ɵзʏнʏн депутаттык ишмердʏʏлʏгʏн аткарып жатканда сʏйлɵгɵн сɵздɵрʏ жана пикирлерине же берген добушунун акыбетине байланыштуу куугунтукка алынуусу мʏмкʏн эмес деп жазылган.

Депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу,  ал кылмыш жасап жатканда кармалгандан башка учурларда, депутаттардын жалпы санынын басымдуу кɵпчʏлʏгʏ макулдук бергенде гана мʏмкʏн. Бирок, ɵлкɵдɵ ар бир жасалган укук бузуулар ʏчʏн жоопкерчилик тартуудан  кутулууга мʏмкʏн болбогон жагдай эчак эле орногон жана бул функцияны аткарбай туруп мамлекет эч качан ɵлкɵ ичиндеги мыйзамдуулук режимин жана коомдук тартипти камсыз кыла албайт. Муну  процессуалдык мыйзамдуулуктун аракеттеги структурасы боюнча турмушка ашыруу ʏчʏн  жана айталы,  кылмыштын белгилери бар деп эсептелсе, анда  конкреттʏʏ тʏрдɵ кимдир-бирɵɵгɵ, кандайдыр бир факты боюнча, кайсы  бир  окуя боюнча кылмыштын изи табылган учурда кылмыш иши козголушу керек.

Жоопкерчилик тартуудан кутулууга мʏмкʏн болбогон жагдай дегенде, ар бир кылмыш  иликтенип-изилденишин, кʏнɵɵкɵрдʏ аныктоо ʏчʏн тергɵɵнʏн бардык аракеттери кɵрʏлʏшʏн тʏшʏнʏʏ керек.

КИМДИН КИМДИН ЗАМАНЫ

Ошентип, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго карата кылмыш ишин козгоого макулдук берʏʏнʏн мыйзамдуулугун аныктоо ʏчʏн парламенттик комиссия тʏзʏлдʏ. Комиссиянын курамында юридикалык жактан практикасы бар деп саналган эки депутаттын бар экендигине Мадумаровдун кʏйɵрмандары чоң ʏмʏт артып турушканы да чындык. Мадумаровдун ɵзʏнʏн алдын ала айтканына караганда, парламенттик комиссия маселени анын пайдасына чечээрине ишеним аз. Демек, парламенттик комиссиянын тигиндей же мындай тыянагына Мадумаровдун эле жеке тагдыры эмес, жалпы эле депутаттардын тарыхый кадыр-баркы да кɵз каранды болуп тургансыйт: Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышындагы депутаттар  ɵз статусуна ылайык  ɵз алдынча иш тутууга даярбы же баягыдай эле бийликтин айтканынан чыкпаган, айдаган жагына ойлонбой эле баса берген койдой жоош кол баласы кейпинде кала береби? Насилинде, бийликтин бутактарынын ортосундагы функциялар  так бɵлнʏп эле турганына карабай, кыргыз саясатында бийлик бутактарынын иш жʏзʏндɵ бири бирине карата кɵз карандысыздыгы жана ɵз алдынчалыгы, тилекке каршы, аягына жете калыптанып бʏтɵ электигин танууга азырынча мʏмкʏн болбой турат.

Жʏрʏм-турумуна караганда  радикалдуу оппозициянын “акыркы могиканындай” болуп бараткан Мадумаровду саясий майдандан сʏрʏп чыгаруунун мынчалык оңой жолу кыргыз коомчулугунда азыртан эле колдоого алынбай жатканын аңдоо кыйын эмес. Мадумаровду бир эле сокку менен жыга чабууга мʏмкʏн эмес. Ошол себептен ага карата кылмыш ишин козгоо тɵрт кылмыштык берене негиз кылып алынгандай таасир калат. Алардын ичинен эң эле кооптуусу жана оозго оңой алынып,  колго коомай илинээри- ал мамлекеттик катчы кызматында иштеп турган мезгилде  кыргыз-тажик чек арасынын Тɵрт –Кɵчɵ учаткасы боюнча тʏзʏлгɵн  келишимге  коюлган анын колу. Ал келишимге эки ɵлкɵнʏн тең мамлекеттик катчылары гана кол коюшкандыктан, аны эл аралык практиканын алкагынан караганда катардагы эле карапайым дипломатиялык документтердин бири деп саналуусу керек эле. Тилекке каршы,  кыргыз чек арасын тактоо жана аныктоо маселесинде стратегиялык жактан маанилʏʏ деп эсептелген дал ушул тилке кɵйгɵй жаратып келет. Баягы “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген берененин Мадумаровго тиешелʏʏ болуп жатканы да ошол себептен деп тыянак чыгарууга мʏмкʏн. Маселенин талуу жери ушунда жатат.

Кандай болгондо да Мадумаровго карата болуп жаткан бийликтин мындай мамилеси коомчулукту кы      йла копшолтуп, бʏйʏрʏн кызытып турганын да кɵрмɵксɵн-билмексен кылып койгонго болбойт. Оппозиция менен оңду-солду  ойной берʏʏнʏн да чеги болушу шарт. Же кыргыз саясатында айтылуу Макиавеллинин:”Эмне болорун билʏʏ ʏчʏн буга  дейре эмне  болгонун билип коюу жетиштʏʏ, анткени адам атпайдын бардык иштери ар дайым бирдей эле кумар-каалоолорго ээ болгон адамдар тарабынан жасалат да, ошол себептен бирдей эле натыйжаларды берет”,-деген накылы бул ирет  да кыргыз саячатчылары тарабынан бышыкталабы?

Абдираим  Мамытов