13 мая, 2024

КАЙМАНА АТЫ МЕНЕН ТААНЫЛГАНДАР

Каймана ысым, жашыруун ысым, орусчадан псевдоним деген аталыш менен кыргыз тилине киргендиги маалым. Каймана аттар келип чыгуу жагынан ар тʏрдʏʏ шарт-кырдаалдарды ɵзʏнɵ камтыйт. Айрым каймана ысымдар адамды бʏт ɵмʏргɵ коштоп, элдин эсинде берилген ошол ысымдар менен тʏбɵлʏккɵ кала берген учурлар да бар. Мисалы, Совет мамлекетинин кɵрʏнʏктʏʏ жол башчылары Ленин менен Сталин дʏйнɵ жʏзʏнɵ псевдонимдери менен эле таанылган боюнча кала беришкен. Демек, кеп мында айланып келип эле  каймана аттын жалпы маани-маңызында эмес, каймана атты алып жʏрʏʏчʏнʏн жеке сапаттарында жана элдин эс-тутумунда жатуусу да ыктымал. Айрым каймана ысымдар кокусунан берилип калгансыганы менен, эсте сакталуу жагынан алып караганда, узагыраак ɵмʏр сʏрʏп калуусу мʏмкʏн. Мисалы, кадимки эле совет доорунун сексенинчи жылдарында Ноокаттын райондук ички иштер бɵлʏмʏн Итатар башкарган. Сезип турганыңыздай, “Итатар” анын каймана аты. Каймана ысымды ал ɵзʏнɵ ɵзʏ эле ыйгаргандай болгону менен, Итатар каймана аты аны Ноокаттан кеткенге дейре коштоп жʏрдʏ, кийинкиси табышмак бойдон калды. Ал  мындай каймана атка кантип конуп калганы кызык: ал аталган кызматка жаңы эле дайындалган кʏнʏ кол алдындагы тирикарагыраактай сезилген  бир кызматкерден “ бул райондо жетекчилерге каймана ат койгондор барбы?” деп сурайт. Бар дейт тигил кызматкер, “айрыкча Абдыкадыр акеден сак болуңуз, ал киши каймана ат койбогон жетекчини райондо таба албайсыз”. Начальник Абдыкадыр дегенди жаттап калат. Райондук кайсыл бир жыйындан кийин тиешелʏʏ жетекчилерге берилген сый тамак учурунда ал Абдыкадыр аке менен атайылап таанышып, сɵз арасында баарына угуза: “Эй, Абдыкадыр! Сен мага каймана ат коем деп ойлонбой эле кой, мага каймана ат койгон эле кʏнʏ сени иттей кылып атып салам”!-десе, Абдыкадыр аны мостое тиктеп туруп: ”Мен сага Итатар” деп каймана ат кое электе эле мени иттей кылып атып салам дегениң эмнеси?” дегенде, кʏлбɵгɵн киши калбай, кʏлкʏсʏн токтото албаган айрымдар сыртка чыга качышып, оонап жʏрʏп кʏлгɵн дешет. Ноокатта мындай сɵз жерде калабы, дуу тарап кетет.

Темага олуттуураак баам таштаганда, кʏлɵ турган да, кʏлбɵй турган да каймана аттар толтура.Каймана аттар Совет мамлекетинин жетекчилерине деле жашыруун же ачык да ыйгарылгандыгына тарых кʏбɵ.

АБЫШКА

Большевиктер партиясынын лидери Владимир Ульяновду бʏткʏл дʏйнɵ Ленин деген ысым менен тааныйт. Бирок, эң алгачкы каймана атын Володя ɵзʏ тогуз  жашында ойлоп тапкан. Анын улуу эжеси Аннанын эскерʏʏсʏ боюнча, алардын агасы Александр ʏй-бʏлɵлʏк кол жазма журналын уюштуруп, ɵзʏ редактор, Анна адабий сынчы, кичинекей Оля менен Володя адабий кызматкерлер болгон. Володя журналга Кубышкин деген каймана ысым менен кол койгон. Петербургдагы технологиялык институттагы марксистик ийримге катышып жʏргɵн 23 жашында ал «Петербургдук» деген каймана ысым менен белгилʏʏ болгон. 25 жашында “Народничествонун экономикалык мазмуну жана ага карата Струвенин китебиндеги сын” аталышындагы макаласына Ильич “Тулин” деген каймана ысым менен  кол койгон. 26 жашында Петербургдагы “Жумушчуларды боштондукка чыгаруу ʏчʏн кʏрɵш союзунда  Володя “Абышка” деген купуя ысым менен таанылган (“аны мынтип жазы маңдайы жана чоң эрудициясы ʏчʏн атап алышкан” деп эскерген СССР Мампланынын  болочок министри Глеб Кржижановский).

27 жашында революционер “Россияда капитализмдин ɵнʏгʏшʏ” деген аталыштагы китебин “Владимир Ильин” деген авторлукысым менен чыгарган.

Ленин деген атка ал 1901-жылдын декабрында ”Заря” журналына “Агрардык маселе жана Маркстын сындары” аталышындагы макаланын бɵлʏмдɵрʏн Н.Ленин деген ысымдын астында жарыялагандан кийин конгон.  Кээ бир изилдɵɵчʏлɵр Ленин деген ысымды Лена кɵлʏ менен, ал эми тарыхчы Владлен Логинов Ильич каза болуп калган соттук судья Николай Лениндин паспортун пайдалангандыгы менен байланышы бар деп эсептешет. Башка версиялар да бар.Кыскасы, эмне себептен Ленин болуп калганы азыркы кʏндɵргɵ чейин табышмак болуп келе жатат.

КОБА

Лениндин ишин ири ийгиликтер менен уланткан Иосиф Жугашвили бʏт дʏйнɵгɵ Сталин деген каймана ысым менен таанымал. Грузиндик Гори айылынын тургуну, осетин Виссариондун уулу Иосифтин кскартылган аты Сосо бала кезден эле айтылган. Ал эми 26 жашында, Иркутск губерниясынын Новая Уда селосундагы сʏргʏндɵн качып келгенден кийин Коба деген каймана ысым жабыштырылган. Александр Казбегинин “Отце убийца” повестинин каарманы ушундайча аталган.

-Ал экинчи Коба, атактуу кʏрɵшʏʏчʏ жана каарман болгусу келген,-деп эскерген бала кезден берки досу Иосиф Иремашвили.-Аны биз Коба деп атаганда, кɵздɵрʏ сыймыктангандан жалжылдап кете турган.

28 жашында ал “ Иванович” деген ысым менен РСДРПнын тɵртʏнчʏ сьездинин протоколдорунда учурайт. 34 жашында Сталин деген фамилияны алат. Эң оболу К.Сталин инициалы кошо жазылган ( балким,Коба Сталин).

1913-жылы болочоктогу “элдердин атасынын” “ Марксизм жана улуттук маселе” аттуу биринчи эмгеги Сталин деген фамилия менен жарыяланган. Тарыхчы Вильям Похлебкиндин пикири боюнча, Сталин псевдоними Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” поэмасын орус тилине которгондордун бири Евгений Сталинскийдин таасиринде алынган. Башка бир версия боюнча, фамилиянын биринчи бɵлʏгʏнʏн маанисин билдирет (“жуга”- болот дегенди туюнтат).Yчʏнчʏ версия боюнча, болочоктогу жолбашчы сʏргʏндɵ жʏргɵндɵ таанышкан революционер Людмила Стальскаянын фамилиясынан алынган.

КОЛХОЗЧУ, ЖYГƟРYЧY ЖАНА ХРУЩ

Никита Хрущев партиялык каймана ысымга ээ эмес эле. Ал эми калк ага барып турган карапайым жана жерге жакын турган каймана аттарды—Колхозчу жана Жʏгɵрʏчʏ, Хрущ деген аталыштарды ыроологону белгилʏʏ.  Хрущев бул каймана аттарга эт менен сʏттʏ ɵндʏрʏʏ жагынан АКШдан озуп кетʏʏ,  дың жерди ɵздɵштʏрʏʏ, АКШнын Айова штатына жасаган визитинен кийин андагы адам бою болуп ɵскɵн жʏгɵрʏнʏн таасири менен СССРдин бардык эгин талаасын жʏгɵрʏгɵ толтурууга карата тырышып аракет  жасагандыгы ʏчʏн конгон. Ал эми “хрущ” сɵзʏ орусча маанисинде коңуздун ʏлкɵн ʏй-бʏлɵсʏн туюнтат.

 Хрущевдун доору Сталиндик керт башка сыйынуучулук мезгилинен кийинки “желаргылык” деп аталган волюнтаристтик кезең менен алмаштырылып, эске сала кетсек, Кыргызстанга айтылуу Исхак Раззаков башчы болуп келген зор ɵзгɵрʏʏлɵргɵ жана ɵсʏп-ɵнʏгʏʏлɵрдʏн доору катары Кыргызтандын тарыхында калгандыгы менен  мʏнɵздɵлʏп жʏрɵт.Волюнарист Хрущевдун тилин Раззаков кандайча таапкандыгы албете кошумча иликтемелерге муктаж экендиги маалым.

“КОШ КАШТУУ БYРКYТ”, ”МОЛДОВАНИН”, ”БРОВЕНОСЕЦ ПОТЕМКИН”

СССРди узак мезгил башкарган Леонид Ильич Брежневневге жогорудагыдай каймана аттар ыйгарылып калгандыгы маалымдалат.Брежневге “Молдован”  деген каймана ысымды алгачкы жолу Сталин ыйгарган экен.Кайсыл  бир партконференцияда элдердин атасы ал кездеги Молдавия компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп калган  Брежневге кʏлʏмсʏрɵй карап: «кандай ажарлуу молдованин” деген экен.Ал эми Хрущев Брежневди “Балерина” деп д атап алганын жазуучу жана тарыхчы Рой Медведев эскерет. Ар кандай сыйлыктарды алууга жана  берʏʏгɵ карата болгон алсыз мамилеси ʏчʏн Брежнев эл арасында “Советтер Союзунун эки жолку Ильичи” атыгып кеткени айтылып калган.

“БОЦМАН” ЖАНА “МƟƟРЛYY”

Биринчи каймана ысым Юрий Андроповго, экинчиси-СССРдин акыркы башкаруучусу Михил Горбачевго таандык. Андроповдун мындан сырткары жана Союздун акыркы жылдарындагы иш-аракеттерине абдан шайкеш келген “Могикан” деген да каймана аты бар. Бул каймана атка ал немистер оккупациялап алган Карело-Фин Республикасынын аймагында подпольелик топту уюштурганда конгону маалым. Тарыхтын тамашасын караңыз, Юрий Андропов кийинчерээк СССРдин мамлекет башчыларынын ичинен партиялык-советтик тартипти катуу сактоо аркылуу   гана ɵлкɵдɵгʏ ɵлɵсɵлʏʏ абалды оңдоого боло турганын бекем тʏшʏнʏʏ менен иш туткандардын акыркы могиканы (могикандар-тʏндʏк америкалык индеецтердин жок болуп кеткен уруусу) катары тарыхта калды. Андроповго саясий реформа жʏргʏзгɵнгɵ тек гана убакыт жетишпеди. А балким, ага убакыт беришпегендир.

Михаил Горбачев болсо,  СССРде кайра куруу  жана шарданалыкты эле эмес, антиалкоголдук реформаны да баштаганы белгилʏʏ.Аны эл арасында Минералдык катчы, Лимонаддык Джо ( америкалык фильмдин аталышы) деп атай башташкан. Бирок, эл тарабынан берилген каймана ысымдардын ичинен  “Мɵɵрлʏʏ” (“Меченый”) дегени ɵзʏн шумдуктуудай актаганын (“меченый” деп Горбачевду маңдайындагы тубаса калы ʏчʏн аташканы белгилʏʏ)  айтып калышат.Мындай белги эл арасында жамандыктын мɵɵрʏ катары кабылданып, аны алып жʏргɵн жол башчы ɵлкɵнʏ кууратып-курутаарын алдынан эле айтышкан. Ошондой эле болду окшойт.

Абдираим Мамытов