12 мая, 2024

Оор жана ɵзгɵчɵ оор кылмыштардын сотто кароо ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ жана далилдерди изилдɵɵ тартиби

Азыркы жазык сот ɵндʏрʏшʏнʏн негизинде тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун конституциялык принциби жатат. Атаандаштык принциби жазык сот ɵндʏрʏшʏнʏн бир катышуучусу бир гана жазык-процесстик функцияны аткарууга тийиш экендигинде турат. Атаандаштык принцибин сактоо ʏчʏн айыптоочу тарап менен жактоочу тарап сɵзсʏз тʏрдɵ жазык процессине катышуусу керек. Айыптоону мамлекеттин атынан прокуратура органынын кызмат адамы жʏзɵгɵ ашырат жана ал мамлекеттик айыптоочу деп аталат. Демек, эгерде мамлекеттик айыптоочу кылмыш процессинде мамлекеттин ɵкʏлʏ болсо, анда далилдɵɵ милдети ага жʏктɵлɵт.

 Соттук териштирʏʏнʏн жʏрʏшʏндɵ сот тарабынан жазык процессинин демократиялык принциптерин ишке ашыруу шарттарында ишке тараптардын активдʏʏ катышуусу менен судьянын ички ишенимин калыптандыруу жана иш боюнча мыйзамдуу жана негизделген чечимди (ɵкʏмдʏ, токтомду, аныктаманы) чыгаруу ʏчʏн далилдерди изилдɵɵ жʏргʏзʏлɵт.

 Биринчиден, кылмыш деген эмне? Анын кандай тʏрлɵрʏ бар? деген суроолорго кыскача тʏшʏнʏк бере кетели.

 Кылмыш деген бул кылмыш-жаза мыйзамында каралган коомго коркунуч келтирген, кʏнɵɵлʏʏ жана жазалануучу жосун, тактап айтканда аракет же аракетсиздик.

 Кылмыштар мʏнɵзʏнɵ жана коомдук коркунучтуулук даражасына жараша коркунучтуулугу аз, анча оор эмес, оор жана ɵзгɵчɵ оор кылмыштар болуп бɵлʏнɵт. Кылмыштын оордугу ал ʏчʏн каралган жазанын жогорку мɵɵнɵтʏ же олчɵмʏ менен аныкталат.

 Биз тема кылып жаткан оор кылмыштарга мыйзам тарабынан 5 жылдан ашык, бирок 10 жылдан ашпаган мɵɵнɵткɵ эркиндигинен ажыратуу тʏрʏндɵ жаза каралса, ɵзгɵчɵ оор кылмыштарга 10 жылдан ашык мɵɵнɵткɵ эркиндигинен ажыратуу же ɵмʏр бою эркиндигинен ажыратуу тʏрʏндɵ жаза каралган.

Мисалга оор жана ɵзгɵчɵ оор кылмыштардын катарына адам ɵлтʏрʏʏ, зордуктоо, адам сатуу, каракчылык, кыйноолор, барымтага алуу, бангизат каражаттарын сатып ɵткɵрʏʏ, мародёрлук, экоцид, геноцид ж.б. кирет.

Кылмыш-жаза мыйзамында соттун чечими боюнча 5 жылдан ашык мɵɵнɵткɵ эркиндигинен ажыратуу тʏрʏндɵгʏ жаза каралган кылмыштарды жасаган айыпталуучуларга карата бɵгɵт коюу чарасы катары камакка алуу колдонулат. Демек, оор жана ɵзгɵчɵ оор кылмыштарды жасаган адамдарга карата алардын андан ары да кылмыштуу аракеттерди улантуусун токтотуу максатында жана соттун ɵкʏмʏн аткарууну камсыз кылуу ʏчʏн бɵгɵт коюу чарасы катары камакка алуу тʏрʏн тандоо шарт.

Соттун кароосуна келип тʏшкɵн кылмыш иштердин ичинен сот ɵзгɵчɵ оор кылмыштар боюнча алдын ала угууну ɵткɵрɵт. Алдын ала угуу иш сотко келип тʏшкɵн кʏндɵн тартып 10 суткадан кечиктирилбестен, ɵзгɵчɵ учурларда 15 суткадан кечиктирилбестен ɵткɵрʏлʏʏгɵ тийиш.

 Соттук отурумду дайындоо маселесин чечʏʏдɵ сот инсандын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар жана башка кылмыштар жɵнʏндɵ иштер боюнча ишке катышуучу жактардын жашоосунун купуя жактары жɵнʏндɵ маалыматтарды же алардын ар-намысын жана беделин кемсинткен маалыматтарды жайылтпоо максатында жабык соттук териштирʏʏ дайындашы мʏмкʏн.

 Ишти сотто териштирʏʏдɵ айыпталуучуга карата гана жана ага коюлган айыптоо боюнча гана жʏргʏзʏлɵт.

 Эгерде адам тарабынан оор кылмыш жасалган кʏндɵн тартып жана ɵкʏм мыйзамдуу кʏчʏнɵ кирген кʏнгɵ чейин 7 жыл, ал эми  ɵзгɵчɵ оор кылмыш жасаган учурдан 10 жыл мɵɵнɵт ɵткɵн болсо кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. Бирок кылмыш жасаган адам тергɵɵдɵн же соттон качса, эскирʏʏнʏн ɵтʏшʏ токтотулуп турат.

 Мыйзамга ылайык ɵмʏр бою эркиндигинен ажыратуунун дайындалышы мʏмкʏн болгон ɵзгɵчɵ оор кылмыш жасаган адамга карата эскирʏʏнʏ колдонуу жɵнʏндɵ маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде сот эскирʏʏнʏ колдонуу мʏмкʏндʏгʏн таппаса, ɵмʏр бою эркиндигинен ажыратуу дайындалышы мʏмкʏн эмес жана 15 жылдан 20 жылга чейинки мɵɵнɵткɵ эркиндигинен ажыратууга алмаштырылат.

 Эскирʏʏ мɵɵнɵтʏ адам ɵлтʏрʏʏ (КР КЖКнин 122-бер. 2-б.),  кыйноолор (137-бер.), зордуктоо (154-бер. 3-б 1,2-пп., жана 4-б.), сексуалдык мʏнɵздɵгʏ зомбулук аракеттер (155-бер. 3-б. 1,2-пп. жана 4-б.), сексуалдык мʏнɵздɵгʏ аракеттерге мажбурлоо (156-бер. 2-б. 1-п. жана 3-б.), сойкулук кылууга тартуу (159-бер. 3-б.), сойкулукка жана ыпластыкка кɵмɵктɵшʏʏ (160-бер. 2-б.), баланы порнобизнеске тартуу, террордук акт, экстремисттик уюмду тʏзʏʏ жана каржылоо, тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар жасалган учурларда колдонулбайт.

 Белгилей кетчʏ жагдай, соттук кароонун жыйынтыгы менен сот сексуалдык мʏнɵздɵгʏ зомбулук аракеттер боюнча козголгон кылмыш иштер боюнча (155-бер. 2-б.);  эгерде адам уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыш жасаса; автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын, аларды эскплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин ɵзгɵчɵ оор залал келтирʏʏ менен мас абалда жасаган кылмыш иштер боюнча (312-бер. 4-б.) жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартса же айыпталуучу менен макулдашууга жетишсе да кылмыш-жаза сот ɵндʏрʏшʏн  жокко чыгарып, ишти кыскартуусуна мыйзам жол бербейт.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде сот анчалык оор эмес жана оор кылмыштар ʏчʏн эркиндигинен ажыратуу тʏрʏндɵ жазаны дайындоодо, соттолгон адамды жаза ɵтɵбɵстɵн тʏзɵтʏʏ мʏмкʏн экендиги жɵнʏндɵ тыянакка келсе, сот пробациялык кɵзɵмɵлдʏ колдонуу аркылуу аны жаза ɵтɵɵдɵн бошотуу жɵнʏндɵ чечим кабыл алышы мʏмкʏн.

Пробация – бул инсанды тʏзɵɵгɵ, анын укук бузууларды жасоосунун алдын алууга жана социалдаштыруу боюнча чараларды кɵрʏʏгɵ багытталган мамлекеттик социалдык-укуктук институт дегенди тʏшʏндʏрɵт.

Пробациялык кɵзɵмɵл анча оор эмес кылмыш жасагандыгы ʏчʏн 1 жылдан 3 жылга чейин, ал эми оор кылмыш ʏчʏн 3 жылдан 5 жылга чейинки мɵɵнɵткɵ белгиленет. Бирок аталган норма ɵзгɵчɵ оор кылмыштары ʏчʏн соттолгондорго карата колдонулбайт.

Кылмыш иш боюнча сот адилеттʏʏ жана мыйзамга негизделген чечим кабыл алуу ʏчʏн албетте далилдерди иликтеп, аларга баа берет. Иш боюнча чогултулган далилдер ар тараптуу жана объективдʏʏ текшерилʏʏгɵ тийиш. Текшерʏʏ алынган далилге талдоо жʏргʏзʏʏдɵн, аны башка далилдер менен салыштыруудан, жаңы далилдерди чогултуудан, аларды алуунун булактарын текшерʏʏдɵн турат.

        Соттук териштирʏʏдɵ мамлекеттик айыптоочу айыптоо актысын баяндагандан кийин сот далилдерди иликтɵɵнʏн тартибин аныктайт. Айыпталуучу соттук териштирʏʏнʏн кайсы гана учурунда болбосун соттун уруксаты менен кɵрсɵтмɵ бергенге укуктуу.

 Далилдерди иликтɵɵнʏн ырааттуулугун айыптоочу тарап дагы, жактоочу тарап дагы ɵз алдынча аныктайт. Мыйзамдын бул талабы атаандаштык принцибине негизделген, ал эми тараптардын ар бири соттук тергɵɵнʏн жʏрʏшʏндɵ далилдерди толук жана ар тараптуу изилдɵɵ укуктарын кыйла толук ишке ашыруу мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ ээ.

 Ошентип, жабырлануучуну жана айыптоонун кʏбɵлɵрʏн суракка алууда биринчи болуп мамлекеттик айыптоочу жана айыптоо тараптан соттук териштирʏʏнʏн башка катышуучулары, ал эми соттолуучуну жана жактоочунун кʏбɵлɵрʏн суракка алууда – жактоочу жана соттук териштирʏʏнʏн жактоо тарабынан башка катышуучулары суроо беришет.

 Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесине ылайык далил катары шектʏʏнʏн, айыпталуучунун, жабырлануучунун, кʏбɵнʏн кɵрсɵтмɵлɵрʏ, эксперттин корутундусу жана кɵрсɵтмɵлɵрʏ, адистин кɵрсɵтмɵлɵрʏ, буюм далилдери, тергɵɵ жана сот аракеттеринин протоколдору жана башка документтер саналат.

 Эгерде адамдардын тобу тарабынан кылмыш жасоо жɵнʏндɵ жазык иши каралса, анда ар бир соттолуучунун далилдерди берʏʏ кезектʏʏлʏгʏ тараптардын пикирин эске алуу менен сот тарабынан аныкталат. Далилдерди изилдɵɵнʏн мурда белгиленген тартибин сот аны сунуштаган тараптын ɵтʏнʏчʏ боюнча гана ɵзгɵртɵ алат.

 Тергɵɵ учурунда ишке тиркелген, ошондой эле жаңыдан келтирилген буюм далилдери сот тарабынан каралып чыгууга жана тараптарга кɵрсɵтʏлʏʏгɵ тийиш. Карап чыгуунун натыйжалары соттук отурумдун протоколунда чагылдырылат.

 Бардык далилдерди иликтɵɵ аяктаганда, сот тараптардын соттук териштирʏʏнʏ толуктоо жɵнʏндɵ ɵтʏнʏчтɵрʏн сурап, билдирилген учурда аларды талкуулайт жана чечет. Ɵтʏнʏчтɵр чечилгенден жана зарыл соттук аракеттер аткарылгандан кийин соттук иликтɵɵ аяктады деп жарыяланат жана сот тараптардын жарыш сɵздɵрʏнɵ ɵтɵт. Айыпталуучунун акыркы сɵзʏн угуп, сот иш боюнча ɵкʏм кабыл алуу ʏчʏн ɵзʏнчɵ жайга дароо чыгып кетет. Сот ɵкʏмгɵ кол коюлгандан кийин сот залына кайтып келип ɵкʏмдʏ жарыялайт, катышып отургандардын баары ɵкʏмдʏ ордунан туруп угушат.

Кабыл алынган чечимди тараптар апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу. Апелляциялык инстанциядагы соттогу иш жазык-процессуалдык кодекстин 47-главасында каралган жоболорду кошпогондо, биринчи инстанциядагы сотто ɵндʏрʏш эрежелери боюнча жʏргʏзʏлɵт.

Урматтуу окурман, бул маалымат сиз ʏчʏн пайдалуу болот деп ишенебиз.

Ош шаарынын прокуратурасынын    улук прокурору, юстициянын подполковниги

А.Улукбекова