13 мая, 2024

ТУРИСТТЕР YЗYЛБƟГƟН ГЕРМАНИЯНЫН “ТЫНЧ ТОКОЙ” АЙЫЛЫ ТУУРАЛУУ

Кыргызстан тоолуу ɵлкɵ. Тоо коюнунда нечендеген кыштак, айылдарыбыз жайгашкан. Баары акырындан ɵнʏгʏʏ жолунда. Ɵз ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ бар. Дал ошол биздин кичинекей кыштактардай эле, Германиянын кичинекей айылына саякатка барабыз. Ал айыл немисче Фридевальд (Friedewald) же бизче «Тынч токой» деп аталат экен. Айылдын ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ, жетишкендиктери тууралуу бизге журтташ кызыбыз Алтынкыз Шаршенкулова айтып берет.

“Эки миңден ашык жашоочусу бар”

-Мен жашаган айылдын аты кыргызчага «Тынч токой” же “Тынчтыктын токою» деп которулат. Бул айылга келгениме жакында бир жыл болот. Бул аралыкта ɵзʏм кʏбɵ болгон айылдын артыкчылыктары, кызыктары тууралуу бɵлʏшɵ кетейин.

Айыл Германиянын борбордук бɵлʏгʏндɵгʏ Гессен деген жергесинде, жакынкы шаардан 11-12 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылда 2 миңден ашык адам жашайт.  Мында эки супер маркет жана мен иштеген мейманкана бар. Бул жерде 17-19-кылымга таандык сепил жана анын жанында туристтерге ылайыкташтырылган музей орун алган. Кичинекей айыл болгону менен туристтер кɵп келет. Башка жактан келген жумушчулар да кездешет.  Балким, ошол ʏчʏн эки супер маркет ачышкан. Негизи айылдарда кɵп деле  андай чоң соода борборлор боло бербейт эмеспи.

Ошондой эле атайын жаштарга арналып курулган имарат бар. Жаштар ошол жактан кɵңʏл ачышат. Ар кандай спорттун тʏрлɵрʏ ʏчʏн спорт аянтчалары да бар. Жашоо ʏчʏн айыл аябай ыңгайлуу, бардык шарттар тʏзʏлгɵн. Кыргызстандагы айылдарга салыштырып кɵрсɵм, мында жолдору тʏз, бардык жакта  таштанды салуучу урналар бар. Кɵчɵлɵрдɵ иттердин кыктары ʏчʏн да урна бар (кʏлʏп). Ит менен сейилдегени чыккандарга атайын ылайыкташтырылган. Таштандыны туш келди таштаганын кɵрбɵйсʏз.

“Кошуналар бири-бирин тааныбай деле жашай беришет”

-Айылдын тургундары кайсы жакта иштегендерин билбейм. Кɵбʏнчɵ шаарга барып иштесе керек, шаар ɵтɵ эле алыс эмес. Андан сырткары жогоруда айтып кеткендей, супер маркеттерде, мейманканада иштегендер бар. Дыйканчылык менен алектенишпейт. Анча-мынча бир нерселерди эгип, кɵчɵт тиккендерин кɵрɵм. Тегерек четте аз санда мал баккандар бар. Биздегидей чоң короолору, чоң огороду барларды кɵрбɵдʏм. Германияда кошуналардын да бири-бири менен чайлашып, жакын мамиледе болгонуна кʏбɵ боло элекмин. Бири-бирин тааныбай деле жашай беришет.

Биздин айылдарда жок, бирок бул жакта бар болгону тʏз кɵчɵлɵр. Атайын жɵɵ жʏргʏнчʏлɵр ʏчʏн сейилдегенге ылайыкталган жайлар, орундуктар бар. Токойдун арасын аралап ɵткɵн жолдор курулган. Анда жол белгилер орнотулуп, веложол, жɵɵ жʏргʏнчʏлɵр ʏчʏн тротуарлар, бʏт бардыгы каралган.

Ошол эле тазалык боюнча айтсам, айыл абдан таза. Каяктан келип тазалап кетишет билбейм. Атайын тазалап жатышканын кɵрбɵдʏм, бирок дайыма таза. Кээде кɵчɵдɵ тургундар ɵздɵрʏ айланасын тазалап, короолорун жыйнап атканына кʏбɵ болом. Айыл эли аябай кооз гʏлдɵрдʏ, ɵсʏмдʏктʏктɵрдʏ отургузганды жакшы кɵрʏшɵт экен. Мисалы, кече эле кɵрдʏм, жашы 80ден ашып калган апа укмуш кооз гʏлдɵрдʏ ɵстʏрʏптʏр, ɵзʏ коляска менен жʏрсɵ да, гʏлдɵрʏнɵ кам кɵрʏп, сейил куруп жатыптыр.

“Жашоочулар ɵлкɵнʏн ичинде эле саякат кылганды жактырышат”

-Айылда окшош типтеги ʏйлɵр бар. Алар качан курулган билбейм. Курулганына аз эле болсо керек. Жашоочулар табиятка аяр мамиле жасашып, айланасын таза карашат. Ошонусуна аябай баа бердим. Мисалы, токойлордо куурап калган бактарды кыйганга туура келгенде  ордуна  башка отургузушат. Анан жаңы кɵчɵт отургузганда жаныбарлар сындырып кетпеши ʏчʏн чекесин коргоп, жакшы кам кɵрʏшɵт экен. Кɵчɵлɵрʏндɵ айылга кɵрк кошкон тʏрдʏʏ гʏлдɵр, гʏлʏ кооз бак-дарактар тигилген. 

Германияда ички туризм абдан ɵнʏккɵн. Жашоочулар ɵлкɵнʏн ичинде эле саякат кылганды жактырышат. Биз сɵз кылып жаткан чакан айылга да туристтер ʏзгʏлтʏксʏз келип турушат. Мейманканалардан коноктор ʏзʏлбɵйт.

“Чакан айылда карылар ʏйʏ да бар”

-Жергиликтʏʏ бийлик тууралуу эч нерсе билбейм, кɵргɵн эмесмин. Ɵздɵрʏн кɵрсɵтʏшпɵйт деле. Бирок, айылды жакшы карашат. Белгилеп кетʏʏчʏ нерсе, Европада негизинен коомдук транспорт жакшы ɵнʏккɵн. Мисалы, бул жакта дем алыш кʏндɵрʏ 2 саат сайын, ал эми иш кʏндɵрʏ 1 саат сайын автобус  каттап турат. Кыргызстанда азыр ойлоп кɵрсɵм андай коомдук транспорт жок экен, такси жалдашың керек, бирок такси дагы дайыма эле табыла бербейт эмеспи. Айылдагылар ʏчʏн коомдук транспорттун болгону жакшы экен.

Айылдарда жашоочулардын кɵбʏ кары-картаңдар. Мен жашаган чакан Фридевальд айылында да карылар ʏйʏ бар. Балким,  айылдарда жумуш аз болгон ʏчʏн жаштар билим алганы же иштегени шаарга кетип калышкан. Анткен менен майрам кʏндɵрʏ адамдар кɵбɵйɵт, даталуу кʏндɵрдʏ дал биздегидей эле ʏй-бʏлɵ чогулуп, чогуу майрамдашат.

Жумагʏл Кочкорбай кызы