28 февраля, 2026

Жанар Акаев инвесторлорду калааны ɵнʏктʏрʏʏ долбоорлоруна  инвестиция салууга чакырды

Жанар Акаев Ош шаарына жаңы мэр болуп келип, мэриянын аппараты менен чакан кеңешме уюштуруп, коллективден колдоо кʏтɵрʏн айтты. Аны менен кошо калаа башчысы эски Борбордук базардын ордун кɵрʏп, инвесторлорду шаарды ɵнʏктʏрʏʏгɵ багытталган долбоорлорго инвестиция салууга чакырды.

Акаев «Ош» базарына барып, соодагерлердин ʏнʏн угуп, «Келечек» базарынын соодагерлери менен жолугуп, базар ɵз убагында кɵчʏрʏлɵрʏн белгиледи. Ага улай эле шаар башчысы «Достук» пунктунун алыс эмес жайгашкан айлампадан жаңы базарга чейинки жолду 8 тилке кылып кеңейтʏʏ, чаржайыт тартылган электр жана коммуналдык зымдарды жер астынан ɵткɵрʏʏ ʏчʏн Энергетика министрлиги менен сʏйлɵшʏʏлɵр жʏрɵрʏн билдирди.

Ошондой эле ал темир базар жакка кол ɵнɵрчʏлɵр ʏчʏн жай курулуп, туристтерди ɵзʏнɵ тарткан аймак болорун айтып, Манас-Ата МАБындагы
 Т. Касымбеков кɵчɵсʏн бойлой парк куруларын жар салды.

Тɵмɵндɵ жаңы мэрдин жаңы иштери боюнча кенен кеп кылабыз.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев алгачкы иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан эски «Ош» базарынын аймагын жеринде кɵрʏп чыгып, сунушталып жаткан долбоорлор менен таанышты.

Таанышуунун жʏрʏшʏндɵ шаар мэри аталган аймакты иретке келтирип, шаар тургундары жана коноктору ʏчʏн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап эс алуу жайына айландыруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле жɵɵ жʏрʏʏчʏлɵр ʏчʏн шарттарды тʏзʏʏ, жашыл аймактарды кɵбɵйтʏʏ, кызмат кɵрсɵтʏʏ объектилерин заман талабына ылайык жайгаштыруу маселелерине ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурулушу керектигин айтты.

Калаа башчы тиешелʏʏ мекеме-ишканаларга аталган аймак боюнча кыска мɵɵнɵттʏн ичинде комплекстʏʏ жаңы долбоорду иштеп чыгып, аны ишке ашырууда жеке ишкерлер менен тыгыз кызматташуу зарылдыгын белгиледи. Ошону менен бирге, шаар мэри ишкерлерди аталган долбоорго инвестиция салууга чакырып, мэрия тарабынан тиешелʏʏ колдоо жана шарттар кɵрсɵтʏлɵрʏн баса белгиледи.

Ошондой эле мэр ɵз сɵзʏндɵ эски «Ош» базары жʏз жылдар бою соода-сатык жʏргʏзʏлʏп келген, жергиликтʏʏ тургундар менен катар чет ɵлкɵлʏк туристтерди да ɵзʏнɵ тартып келген тарыхый жана маанилʏʏ жай экенин белгиледи. Аталган аймакты туристтик потенциалы жогору, шаар экономикасына кошумча киреше алып келе турган, Ташкенттеги Magic City сыяктуу заманбап эс алуу жана маданий борборуна айландыруу керектигин айтты.

Жанар Акаев эски «Ош» базарын кыдыруунун алкагында темир усталар менен жолугушту.

Жолугушуунун жʏрʏшʏндɵ шаар башчысы базардын учурдагы абалына кɵңʏл буруп, усталар иштеп жаткан жайларды заманбап талаптарга ылайык иретке келтирʏʏ, санитардык жана коопсуздук шарттарын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Мэр аталган аймакты иретке келтирип, улуттук кол ɵнɵрчʏлʏктʏ ɵнʏктʏрʏʏгɵ багытталган туристтик шаарчага айландыруу боюнча тиешелʏʏ тапшырмаларды берди. Ошондой эле бул аймак соода-сатык жʏргʏзʏлʏʏчʏ жайга айланбай, негизинен кол ɵнɵрчʏлɵрдʏн шаарчасы катары иш алып барарын белгиледи.

20-февраль кʏнʏ Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелʏʏ кызматтардын жетекчилери менен бирге Б. Осмонов кɵчɵсʏн кыдырып, жолдогу кɵйгɵлɵрдʏ жеринен кɵрʏп чыкты.

Шаар мэри аталган жол эл аралык мааниге ээ экендигин белгилеп, Баткен багытына каттаган унаалар ушул тилке аркылуу ɵтɵрʏн, учурда унаа тыгындары кɵп экенин жана келечекте «Ош сити» шаарчасы пайдаланууга берилгенден кийин тыгындар дагы кɵбɵйʏшʏ мʏмкʏн экенин билдирди.

Андыктан Б. Осмонов кɵчɵсʏндɵгʏ курулуш иштерин тездетип, аны белгиленген мɵɵнɵттɵн мурда пайдаланууга берʏʏ зарылдыгын белгилеп, 6 тилкелʏʏ жолду реконструкциялоо иштеринин алкагында мʏмкʏнчʏлʏк жаралса, жолду 8 тилкеге чейин кеңейтʏʏ маселесин кароо боюнча тапшырма берди.

Мындан тышкары, шаардын кɵркʏн бузган электр чубалгыларын тартипке келтирʏʏ боюнча тиешелʏʏ кызматтар менен биргеликте иш алып баруу зарылдыгы айтылды.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жаңыдан ачыла турган “Келечек” базарына барып, соодагерлер кɵтɵргɵн кɵйгɵйлɵр менен жеринен таанышты. Ал базардын учурдагы курулуш иштери жана шарттары менен таанышып чыгып, курулушту тез арада жыйынтыктоо боюнча тиешелʏʏ кызматтарга тапшырма берди. Ошондой эле соодагерлерди жакынкы кʏндɵрʏ толук кɵчʏрʏʏ зарылдыгын билдирди.

Мындан тышкары, калаа башчы Ош базарынын соодагерлеринин да кайрылууларын угуп, “Келечек” базарына кɵчʏрʏʏ иштери жʏргʏзʏлбɵсɵ, соода-сатык солгундап жаткандыгы тууралуу маселелер жакын арада чечилерин билдирди. Мэр базарларды кɵчʏрʏʏ боюнча коюлган талап сɵзсʏз тʏрдɵ мурда белгиленген мɵɵнɵттɵ ишке ашарын баса белгиледи.

Жолдорду, кɵпʏрɵлɵрдʏ, парктарды жана социалдык объектилерди куруу пландалган аймактарда бузуу иштери жʏргʏзʏлɵт

Ош шаарынын мэри Жанар Акаев шаар аймагын кыдырып, маанилʏʏ инфраструктуралык долбоорлор боюнча жеринде таанышып, тиешелʏʏ пландарды тʏзʏʏдɵ. Шаар башчысы тиешелʏʏ кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Тɵлɵгɵн Касымбеков кɵчɵсʏнɵ тʏшчʏ эс алуу паркын жеринен кɵрʏп чыкты.

Иш-чаранын жʏрʏшʏндɵ аталган аймактагы ишкерлердин жана жергиликтʏʏ тургундардын сунуш-пикирлери угулду. Жашоочулар бул аймакта майыптыгы бар жарандар жана кары-картаңдар жашай турганын белгилеп, буга чейин бошотулган жер тилкелерин башка максатта пайдаланбоону ɵтʏнʏштʏ.

Шаар мэри Тɵлɵгɵн Касымбеков кɵчɵсʏ Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы негизги кɵчɵлɵрдʏн бири экенин, аэропорттон жана «Достук» ɵткɵрмɵ бекети аркылуу Ɵзбекстандан келген туристтер дал ушул кɵчɵ аркылуу шаарга кирерин белгиледи. Ушуга байланыштуу аталган кɵчɵнʏн инфраструктурасын жакшыртуу мэриянын приоритеттʏʏ багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Ошондой эле шаар башчысы Касымбеков кɵчɵсʏндɵ заманбап эс алуу паркы куруларын, буга чейин иштелип чыккан долбоор толугу менен улантыларын маалымдады. Ал мындан ары шаардыктар менен тыгыз кызматташып, сапаттуу жана заманбап долбоорлорду ишке ашыруу негизги максат экенин кошумчалады.

Дооран Токтошев

About The Author