Бул мекемеде ар бир керебет — бир тагдыр. Ар бир бɵбɵк — бир ʏмʏт. Кээ бири тɵрɵт ʏйʏнɵн тʏз келсе, кээ бири ата-энесинин оор турмуштук жагдайынан улам убактылуу баш паанек издейт. 1960-жылдары тʏштʏк аймагы ʏчʏн атайын курулган бул борбор бʏгʏн да жʏздɵгɵн балдардын жашоосуна жарык чачып келет. Ош шаарындагы ʏй-бʏлɵнʏ реабилитациялоо борборунун директордун милдетин аткаруучусу Бактыгʏл Хамракулова менен балдардын тагдыры, ата-эненин орду жана коомдун жоопкерчилиги тууралуу маектештик.

-Борбор тууралуу кененирээк айтып берсеңиз. Качан курулган, кандай багытта иш алып барат?
-Биздин мекеме 1960-жылдары тʏштʏк региону ʏчʏн атайын курулган. Ошол мезгилден бери оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарды кабыл алып, тарбиялап келебиз. Бул жерде ата-энеси каза болгон, же финансылык кыйынчылыктан улам баласын карай албай калган ʏй-бʏлɵлɵрдʏн балдары убактылуу жайгаштырылат. Мисалы, айрым ата-энелер батир акысын тɵлɵй албай, же жумушсуз калып, баласына тийиштʏʏ шарт тʏзɵ албай калат. Кээде жашы жете элек кыз тɵрɵп, ата-энеси аны кабыл албай койгон учурлар болот. Ушундайда биз алар ʏчʏн баш калка болуп беребиз.
-Борбор канча балага ылайыкталган? Жаш курагы боюнча чектɵɵ барбы?
-Мекеме 40 керебетке ылайыкташкан, башкача айтканда 40 орун бар. Бирок жыл ичинде балдар келип-кетип турат. Балдарды ымыркай кезинен 4,5 жашка чейин кабыл алабыз. “0 жаш” дегенибиз — тɵрɵт ʏйʏнɵн тʏз келген бɵбɵктɵр. Мындан тышкары “Эне-бала” бɵлʏмʏбʏз бар. Жашы жете элек кыздар тɵрɵсɵ, же бара турган жери жок болсо, тɵрɵт ʏйʏнʏн дарыгерлери биз тууралуу маалымат берип, сунушташат. Эгер эне ɵзʏ кааласа, биз кабыл алабыз. Ал жерде эне менен бала бирге жашайт.

-Балдарды кабыл алуу тартиби кандай?
-Биз Социалдык коргоо кызматынын чечими менен иштейбиз. Балдарга алгач 6 айлык убактылуу буйрук чыгарылат. Ошол мɵɵнɵт аяктагандан кийин тиешелʏʏ органдар кайрадан чечим кабыл алышат. Кээде бала 2-3 ай гана болуп, ата-энеси кайра алып кетиши мʏмкʏн. Бизге “карагыла” деп алып келишсе, карайбыз. “Кайтарып бергиле” деген буйрук келсе, кайра беребиз. Бардык укуктук маселени социалдык кызмат чечет. Биздин милдет — баланы багуу, тарбиялоо, камкордук кɵрсɵтʏʏ.
-Балдардын психологиялык абалы кандай болот?
-Канчалык жакшы шарт тʏзбɵйлʏ, ата-эненин ордун эч ким баса албайт. Эң оор нерсе ушул. Бала кичинекей болсо да баарын сезет. Ата-энеси менен жашап жатып эле бир кʏндɵ бизге келип калса, албетте стресс болот. Куса болот. Кайсы куракта болбосун, эне-атанын мээрими башкача. Айрым балдар ʏйʏндɵ уруш-талаш, ичимдик, кɵңʏл коштук кɵрʏп келет. Запкы жеген баланын психологиясын калыбына келтирʏʏ биз ʏчʏн эң чоң сыноо. Эгер бала 6 ай бизде жʏрсɵ, нукка тʏшʏп, ɵзгɵрʏп калат. Ал эми 1-2 ай болуп кайра кетсе, толук калыптанып ʏлгʏрбɵйт.

-Борбордо балдарга кандай шарттар тʏзʏлгɵн?
-Тамак-аш жагынан толук камсыздалганбыз. Балдар кʏнʏнɵ 5 маал тамак ичет. Кийим-кече жетиштʏʏ. Эне-бала бɵлʏмʏндɵ да жашоого бардык шарт бар. Эненин ɵз кийими болбосо, тамагы, жашаган жери баары камсыз болот. Быйыл биз ʏчʏн чоң ɵзгɵрʏʏ болду. Ош шаарынын мэриясы, мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаевдин буйругу менен имаратыбыз толук капиталдык оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵттʏ. 1960-жылдан бери капиталдык оңдоп-тʏзɵɵ кɵргɵн эмес элек. Имараттын ичи-сырты жаңыланып, эмеректер, идиш-аяк, ашкана — баары заманбап шартка ылайык жаңырды. Бул биз ʏчʏн чоң белек болду.
-Балдарды ата-энелери келип кɵрɵ алабы?
-Ооба, бирок баары Социалдык коргоо кызматынын расмий уруксаты менен. Апта ичинде 2-3 жолу атайын белгиленген убакытта келишет. Кээде бир балага 2-3 адам “кɵрɵбʏз” деп келет. Биз алардын ким экенин билбейбиз да. Ошондуктан социалдык кызмат ким кɵрɵ турганын фамилиясы менен жазып берет. Ошол тизме боюнча гана уруксат беребиз.

-Борбор кайсы мекемеге карайт?
-Биз Саламаттык сактоо министрлигине карайбыз. Медициналык кɵзɵмɵл кʏчтʏʏ. 5 медайым, 9 педагог иштейт. Психолог, логопед, физкабинет, массаж бар. Кызматкерлер 24 сааттык нɵɵмɵт менен иштешет. Ар бир бала дайыма кɵзɵмɵлдɵ. Баспаган баланы бастырып, горшокко отурбаганын ʏйрɵтʏп, сʏйлɵбɵгɵнʏн сʏйлɵтʏʏгɵ аракет кылабыз. Максатыбыз — баланы психологиялык жактан калыбына келтирип, коомго кошуу.
-Балдар 4 жашка чыкканда эмне болот?
-Эгер бала 4 жашка чейин ата-энесине кайтарылбаса, аны андан ары башка тиешелʏʏ мекемеге ɵткɵрʏп беребиз. Биздин милдет — 4 жашка чейин тарбиялап, мʏмкʏн болушунча коомго даярдоо.
-Ден соолугунда мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген балдар да кабыл алынат дедиңиз. Аларга кандай жардам кɵрсɵтɵсʏздɵр?
-Ооба, ден соолугуна байланыштуу кɵйгɵйʏ бар балдар да келет. Кээде операция керек болот. Андайда ооруканага чуркап, бардык маселесин чечʏʏгɵ аракет кылабыз. Кызматкерлерибиз ɵз баласындай болуп жанында болот. Чынында, эгер ата-энеси ɵзʏ карап, мээрим тɵгʏп чоңойтсо, балким айрым оорулар болбойт беле деп ойлойсуң. Бирок кандай шарт болбосун, биз колдон келген жардамды кɵрсɵтɵбʏз.
-Балдар менен коштошуу канчалык оор?
-Эң кайгылуусу баланы узаткан учур. “Ата-энесинин жанында болсун” деп тилейсиң. Бирок айрым балдар бизге боор тартып калат. “Кетпейм” дегендер да болот. Кээ бири бɵбɵк кезинен келгендиктен, ата-энесин эстебей да калат. Бизди “апа”, “эже” дешет. Отпускадан кайтып келсең, жʏгʏрʏп келип кучакташат. Тарбиялануучуларды да жакшы кɵрʏшɵт. Бул биздин эң чоң сооп ишибиз деп ойлойм.
-Сиздин оюңузча, мындай борборлордун азайышы ʏчʏн эмне кылуу керек?
-Менимче, ата-энелер менен иштешʏʏ керек. Психологиялык жардам, колдоо зарыл. Жаш ʏй-бʏлɵлɵргɵ тʏшʏндʏрʏʏ иштерин кʏчɵтʏʏ керек. Айрым кыздар окубай, билим албай, турмуштук оор чечимдерге кабылат. Баласын таштап кеткендердин кɵбʏ билимсиз, эрте турмушка чыккан кыздар. Кыздарга айтаарым, окугула, билим алгыла. Билим ой жʏгʏртʏʏнʏ кеңейтет. Туура чечим кабыл алууга жардам берет. Ата-энелерге айтаарым, балдарыңарды уккула, бирок ɵзʏңɵр да жоопкерчиликтʏʏ болгула. Туура жолду тандагыла.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы


Окшош макалалар
«ЭКИ ДОС» ТАНДЕМИ: Президент бардык суроолорго жооп берди
ООГАН СОГУШУ — УНУТУЛГУС САБАК
Тʏзʏлгɵнʏнɵ эки жыл боло элек ишкананын бюджети эки эсеге ɵсʏʏнʏн алдында турат