Жаныбарлар сʏйкʏмдʏʏ! Муну менен ким талаша алат? Дʏйнɵнʏн бардык ɵлкɵлɵрʏ улуттук символ катары кайсы бир жаныбарды кабыл алышкан. Мисалы, Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу болуп саналат. Дээрлик бардык ɵлкɵлɵрдʏн расмий улуттук жаныбары бар. Алардын айрымдары тууралуу айтып беребиз.
Кытай пандаларын ижарага берет, бирок сатпайт
Кытай ɵлкɵсʏ пандаларын эч качан сатпайт. Бирок, аларды жылына жʏз миңдеген долларга башка ɵлкɵлɵргɵ ижарага берет. Эгерде панда ижарага берилген ɵлкɵдɵ тɵлдɵсɵ, жаныбардын ээси мамалактарын кошо кайтарып алуу келишими бар. Кытайда жыл сайын март айында “панда кʏнʏ” белгиленет. Кытайдын сыймыгы болгон бул сʏйкʏмдʏʏ жаныбар тамакты жана уйкуну жакшы кɵрɵт. Кʏнʏнɵ 14 саат тамактанып, калган убактысын уктап ɵткɵрɵт. Чоң пандалар 12ден 38 килограммга чейин бамбук жей алат. Белгилей кетсек, пандалар мыкты сиңирʏʏ жɵндɵмдʏʏлʏгʏнɵ ээ.
Артка жыла албаган кенгуруну австралиялыктар жакшы кɵрʏшɵт
Австралия кенгуруну артка жыла албаганы ʏчʏн тандап алган. Жаныбардын бул кемчилиги “алдыга гана жылууну билдирген” терең маанини камтыйт деп ишенишет. Австралиянын гербинде да кеңгурунун сʏрɵтʏ тʏшʏрʏлгɵн. Бугʏнкʏ кʏндɵ аталган материкте он миллиондогон жапайы кенгуру жашайт. Суусуз кɵпкɵ чейин жʏрɵ алган жаныбарлардын бири. Кенгурулардын кɵзʏ курч жана угуусу мыкты болот. Аларда ʏйʏрдʏн бир мʏчɵсʏ коркунучта калганда башкалары буту менен жер чаап эскертет. Бир секирʏʏ узактыгы 2 метрдей аралыкты тʏзɵт. Кенгурунун буту жамбаш сɵɵгʏнɵн эки эсе узун. Ал эч качан артка эмес, алдыга гана секирип жыла алат.
Суу ʏстʏнɵ ʏй салган канадалык бобр кундузу
-Бобр кундузу – Канаданын улуттук жаныбары катары дʏйнɵ жʏзʏнɵ белгилʏʏ. 1975-жылы 24-мартта Канаданын улуттук символу деп жарыяланып, ушул кʏнгɵ чейин белгилʏʏ. Канадалык кундуз сууда жашоочу сʏт эмʏʏчʏлɵр тʏркʏмʏнɵ кирген кемирʏʏчʏ. Кундуздун денесинин узундугу 90-117 сантиметр, салмагы 30-32 килограммга чейин жетет. Евразия кундузунан айырмаланып, канадалык кундуздун денеси анчалык узун эмес, кɵкʏрɵгʏ кең, башы кыска, кулактары чоңураак, кɵздɵрʏ бири-бирине жакын жайгашкан. Куйругунун учу бир аз учтуу сʏйрʏ. Канадалык кундуздардын териси кызыл-кʏрɵң же кара кʏрɵң тʏскɵ ээ, суу ɵткɵрбɵйт. Чоң азуу тиштеринин жардамы менен катуу жыгачты майдалайт. Канадалык кундуздун жапайы жаратылышта орточо ɵмʏрʏ 10-20 жыл.
Ɵлгɵн бʏркʏттɵргɵ “жан берген” эл
Бʏркʏт — 1782-жылы Америкада Кошмо Штаттарынын символу катары кабыл алынып, эркиндиктин символун билдирет. АКШда бʏркʏттʏн сʏрɵтʏ аскердик бɵлʏмдɵрдʏн туусунан тарта ар бир доллар бирдигине тʏшʏрʏлгɵн. Американын жергиликтʏʏ калкы бʏркʏттɵрдʏ ыйык кɵрʏп, жаныбардын канатын дагы жерге таштабайт. Ал тургай ɵлгɵн бʏркʏт болсо да таштандыга эмес, атайы ɵлгɵн бʏркʏттɵрдʏ таштоочу жайга алып барышат. Америкада бʏркʏттʏ сактоо боюнча улуттук борборлор иштейт. Жапайы жаратылышта бʏркʏттɵрдʏн бардык тʏрлɵрʏнʏн ɵмʏрʏ орто эсеп менен 30-65 жылга чейин жетет. Бул канаттуулар ɵзгɵчɵ мʏнɵзʏ жана ийилбеген эрки менен айырмаланат. Бʏркʏттʏн канатынын узундугу 2,4 метрге, денесинин узундугу 88 сантиметрге чейин жетет. Саатына 190 километрден 240 километрге чейин ылдамдыкта учушат. Канаттарынын ɵзгɵчɵ тʏзʏлʏшʏ бороондо да эркин учууга жол берет.
Индия ээлеген жолборс
Индиянын кинолорун же мультфильмдерин элестетиңиз. Мисалы, Мауглиде Шерхан аттуу жолборс негизги каармандардын бири. Демек Индиянын чытырман токойлорунда жолборстор кɵп болгондуктан улуттук жаныбары болуп саналат. Бенгал жолборсу улуттун кʏчʏн, жарашыктуулугун, сергектигин, акылын жана туруктуулугун билдирет. Жолборс мышыктар тʏркʏмʏндɵгʏ эң кɵлɵмдʏʏсʏ. Табиятта ак жолборстун кɵзʏ кɵк болот. Жолборстор жалгыз аңчылык кылышат жана сууну жакшы кɵрʏшɵт. Дээрлик ɵмʏр бою жалгыз жашашат. Эркектер ɵз аймагын катуу коргойт. Алар кɵбʏнчɵ жапыз жерлерди тандап, тегиз чɵптɵрдɵ жана саздарда жʏрʏшɵт. Жолборс жок болуп бара жаткан жаныбарлардын тизмесине киргизилген, жана аларды сактап калуу ʏчʏн Индия ɵкмɵтʏ 1973-жылы жолборс долбоорун ишке ашырган.
Анжелика Урматбек кызы
Окшош макалалар
ОшТУда “Манас” күнүнө карата тегерек стол болуп өттү
ЖИКС – саламаттык сактоодогу глобалдуу көйгөй
Жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшырылды