Ар бир ɵлкɵ баланы тарбиялоонун ɵзгɵчɵ ыкмасын колдонуп, салт-санаага, маданиятка жана коомдун талабына ылайык жʏрум-турум нормаларын калыптандырат. АКШда кɵзɵмɵл кʏчтʏʏ болсо, Европа ɵлкɵлɵрʏ кɵбʏнчɵ эркиндикке басым жасайт. Ал эми Азияда тартипке негизделген тарбия кеңири тараган. Ушул сыяктуу ɵзгɵчɵ методдор менен балдарын тарбиялаган кээ бир ɵлкɵлɵр жɵнʏндɵ сɵз кылабыз.
Данияда балдарды сыртта, таза абада уктатып коюу адатка айланган
Данияда жана Скандинавия ɵлкɵлɵрʏндɵ ата-энелер балдарын таза абада уктатууну адатка айлантышкан. Мисалы, короодо, сейил бакта, ресторандардын же дʏкɵндɵрдʏн сыртында коляскада жалгыз калтырып уктатып коюшат. Ата-энелер балдарына жаштайынан кɵз карандысыздыкты, туруктуулукту жана табиятты баалап, ɵстʏрʏʏ ʏчʏн ачык абада убакыт ɵткɵрʏʏ маанилʏʏ деп эсептешет. Албетте, балдарынын коопсуздугу ʏчʏн камера байкоолору болот. Жогоруда айтып ɵткɵндɵй таза абада балдарын кɵбʏрɵɵк коюп, сергек, дени сак болуп чоңоюусуна ɵбɵлгɵ тʏзʏшɵт. Бул нерсе аларга эч кандай коркунуч жаратпайт.
Кытай ата-энелери балдарынын пианиного баруусун каалашат
Кытайдын калкынын кɵптʏгʏнɵ байланыштуу эмгек рыногунда катуу атаандаштык бар. Ага байланыштуу ата-энелердин балдарына койгон талабы жогору. Алар балдарын бакчага баргандан баштап окуу курстарына жана спорт залдарына бере башташат. Кɵбʏнчɵ арифметика, хореография, пианино черткенди ʏйрɵнʏшɵт. Анткени бул музакылык аспап баланын интеллектуалдык ɵнʏгʏʏсʏн жана искусствого болгон кызыгуусун жогорулатат деп эсептешет.
Бразилияда балдарды тарбиялоо ата-эненин билимине кɵз каранды
Бразилияда ата-энелер балдарынын ɵсʏшʏ жана ɵнʏгʏʏсʏ ʏчʏн эң жакшы шарттарды камсыз кылуу ʏчʏн колдон келгендин баарын жасашат. Бирок, балдарды тарбиялоо кɵптɵгɵн бразилиялык ʏй-бʏлɵлɵрдʏн жашоо шартына, социалдык-экономикалык абалына туура келбейт. Кɵптɵгɵн балдар ʏй-бʏлɵсʏнɵ жардам берʏʏ ʏчʏн бала кезинен иштɵɵгɵ аргасыз болушат. Бул алардын ɵнʏгʏʏсʏнɵ жана билим алышына тоскоол болот. Орто катмардагы жана бай ʏй-бʏлɵлɵрдɵгʏ балдар адатта жакшы билим жана медициналык жардамды алып турушат. Ата-энелер балдарынын ɵсʏп-ɵнʏгʏшʏнɵ кɵп кɵңʏл буруп, алар менен бирге спорт, музыка, сʏрɵт жана башка иш-чаралар менен кɵп алектенишет.
Балдарына алгачкы мугалим болгон француз ата-энелери
Француз ата-энелер, сабырдуулукту балдарына, бала кезинен баштап калыптандырууга басым жасагандыктан, оюн аянтчасында болгон балдарынын чыр-чатактарына да кийлигишʏʏдɵн алыс. Алар баласына ɵзʏн-ɵзʏ коргоп ʏйрɵнʏʏгɵ мʏмкʏндʏк беришет. Бирок олуттуу кылмыштарга аралаштыруудан алыс. Эгерде кандайдыр бир кылмыштуулук болсо, кылмышкерди балдардын кɵз алдында жазага тартышат. Себеби бала кылмыштуулуктун кесепеттери эмнеге алып келээрин билиши керек. Андан сырткары балдарын кичинекей кезинен эле адептʏʏлʏккɵ багыттайт. Мисалы, конокторду, кошуналарды тосуп алуудагы сыйды, кезек кʏтʏʏдɵгʏ сабырдуулукту, коомдук транспортто улгайган адамдарга орун берʏʏнʏ жаштайынан ʏйрɵтʏшɵт. Андан сырткары балдары сылык-сыпаа сʏйлɵɵсʏ ʏчʏн бешиктен баштап эле, «рахмат», «кутмандуу кʏн», «суранам», «кош бол”, деген 4 сɵздʏ жаттатып баштайт.
Баласына 5 жашка чейин баарына уруксат берген жапон ата-энелери
Жапондор адептʏʏлʏктʏ, токтоолукту баалагандыктан, балдарына да ошол нерсени ʏйрɵтʏшɵт. Салт боюнча баласына 5 жашына чейин бардык нерсеге уруксат берет дагы, кылган каталары ʏчʏн эч качан жазалабайт. Кыйкырып, ур-токмокко алуудан алыс болушат. Баланын каталыгын бала болгондугу ʏчʏн жасады деп эсептешет. Балага жакшы жʏрʏм-турумдун ʏлгʏсʏн кɵрсɵтʏп, баласын боорукерликке тарбиялап, бала менен дайыма жакын мамиледе болууга аракет кылышат. Ал эми эң кызыгы, жапон балдары, мектепке барганга чейин сɵзсʏз ата-энеси менен бир бɵлмɵдɵ чогуу укашат.
Адилет Султанбек уулу
Окшош макалалар
ОшТУда “Манас” күнүнө карата тегерек стол болуп өттү
ЖИКС – саламаттык сактоодогу глобалдуу көйгөй
Жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшырылды