7 декабря, 2024

Окууга да, ишкерлике да жетишкен студенттер

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ жаштардын арасында бизнеске кызыгуу кʏч. Окуу менен бирге ишкерликти баштап, ийгиликтерге жеткен студенттер аз эмес. Ноябрдагы жаштар кʏнʏ, студенттер майрамына карата окуп да, иштеп да ʏлгʏргɵн алдыңкы студенттерди ʏлгʏ катары беребиз.

Мээрим Кадырова, ОшМУнун кыргыз-кытай факультетинин 3-курсунун студенти, Кытайдагы завод-фабрикалар менен тʏзмɵ- тʏз иштешип, Кыргызстанга дʏң жана чекене баада  товарларды алып келет. 2022-жылы КМШ ɵлкɵлɵрʏнʏн арасынан эң мыкты студент наамына татыган, аракетчил, дилгир кыз.

“Тил билгеним чакан ишкерликти баштоодо оңой болду”

— Кыргыз-Кытай факультетинде окугандыгым ʏчʏн кытай тилин жакшы билем. Ошондуктан да кытайлар менен сʏйлɵшʏʏ, жеке ишкердигимди баштоо, мен ʏчʏн оңой болду. 2-курсумдан тартып кытайлар менен иштешип, товар алып келип баштаганмын. Андан кийин ɵз алдынча иштɵɵгɵ ɵттʏм. Жеке ишкер болуу, чакан бизнес баштоо, менин кичинекей кезимдеги кыялым эле. Кызыгуум кʏч болуп, кыялдарымды орундатуу ʏчʏн окуп жʏргɵндɵ эле ар кандай семинарларга, бизнес тренингтерге барчумун. Бизнес тармагына келʏʏмɵ, ар кандай иш-чараларга барып ɵзʏмдʏ ар кандай тармакта ɵнʏктʏрʏʏм дагы чоң тʏрткʏ болду. Алгач сооданы баштаганда, биз кардарлардын буйрутмаларына эч кандай акча кошпой,ɵзʏнʏн баасына алып келип берет элек. Болгону Кытайдан Ошко чейин келген жол киресин айтып, андан 10%ын гана алып калаар элек. Алгач ошентип акча таап баштаганмын. Бара-бара тажрыйба да топтолду. Кардарларыбыздын саны кɵбɵйдʏ. Ɵзʏмɵ болгон ишеним артып, дагы да башка жолдорду издене баштадым. Кардарлардын каалоосуна жараша заводдор менен келишим тʏзʏп, товарларды дʏңʏнɵн алып келип баштадык. Ал эми ɵзʏбʏздʏн кеңсебизди ачууга жʏз миңден ашык акча кетти. Ошентип бул бизнести экинчи курсумдан бери жʏргʏзʏп келем. Тагыраак айтканда, 1000 сом менен баштаган ишкерлигим азыркы учурда  чоң бизнеске айланып олтурат. Анткени бул бизнести баштаганда 1000 сомго товар буюртма берип кɵргɵнмʏн. Андан кийин кɵбʏрɵɵк суммадагы акчага буюртма берип баштадым. Буюрса алдыдагы максаттарымдын бири – Кыргызстанга жаңы ачылыштарды алып келип, чоң ишканаларды негиздесем деген пландарым бар.

“Товарлар жараксыз болсо акчасын кайтарып беребиз”

-Биз Кытайдагы компаниялар менен тʏздɵн-тʏз иштешебиз. Кытайдын Синьцзянь (ʏрʏмчʏ-Кашкар-Улуу-чат), Иу жана Шаньдун ʏч шаарында биз менен иштешкен ɵнɵктɵштɵрʏбʏз бар. Кардарлардын каалоосуна жараша бардык товарды алып келебиз. Мисалы, кийимден баштап, машина, станок, чоң кɵлɵмдɵгʏ бардык буюмдарды дʏң баада алып келип беребиз. Товарларды Кытайдан Ошко келгенге чейинки жоопкерчилиги биздин мойнубузда болгон ʏчʏн  аларды ээсине жеткирип берʏʏ ʏчʏн бардык жоопкерчилигин алабыз. Ар бир товарды текшерип, сынбай, бузулбай жакшы келʏʏсʏнɵ кɵзɵмɵл жʏргʏзʏп турабыз. Бирок  кээде келген товарлар жараксыз абалда да болуп калат. Мындай учурда биз кардарларыбыздын товарын алып келʏʏдɵ жоопкерчиликти алганыбыз ʏчʏн жараксыз абалда келген товарды кайра баштан ɵзʏбʏз буюртма кылып алып келебиз же  акчасын кайтарып беребиз. Эң башкысы кардарлар менен жакшы мамиледе болуу ʏчʏн жоопкерчиликти сезип, дайыма ар бир кардарыбызды дайымкы иштешʏʏгɵ алып калабыз.

“2022-жылы КМШ ɵлкɵлɵрʏнʏн арасынан эң мыкты студент наамына татыдым”

-Негизи эле бизнес эмес, окуу менен бирге кандай иш болбосун алып кетʏʏ чындыгында оор. Башында мага дагы абдан кыйын болгон, жумуштан кеч чыкканда, тʏнʏ менен тапшырмамды аткарып уктабай калган кʏндɵрʏм болчу. Айрыкча модуль, экзамен убактарында кыйналганмын. Кээде жумуш оор болгон кʏндɵрʏ сабагыма дагы барбай калган учурум болот. Албетте, мугалимдерим дагы бул менен кесибиме байланыштуу жумуш болгондуктан тʏшʏнʏʏ менен карап, колдоолорун берип келишет. 2022-жылы КМШ ɵлкɵлɵрʏнʏн арасынан эң мыкты студент наамына татыдым. Кыргызстандын 2023-жылы алдыңкы студенттин катарына кирдим. Менин бардык ийгиликтеримдин дагы эң чоң себепчиси эжекелерим деп айта алам.

“Ишкерликти баштоо ʏчʏн моралдык жана физикалык жактан даяр болуш керек”

-Кɵпчʏлʏк студенттер “бир аз кɵп акчам болсо окууну таштап, бизнес баштамакмын” деп кыялданышат. Бирок бул ɵтɵ чоң жанылыштык. Анткени бизнести баштардан мурун адам ɵзʏн физикалык, моралдык жактан даярдаш керек. Окууну бʏтʏп кандайдыр бир кесиптин ээси болуп, билими бар болуусу дагы кɵп тажрыйба алып келет. Бул нерсе, бизнести баштоодогу пайдубалды курууга дагы чоң жардамын берет.  Кыргызстанда бизнес баштап жаткан жарандар ʏчʏн инвесторлор абдан кɵп. Болгону алардын семинарларына катышып, даяр бизнес план менен барып,  гранттарды утса болот. Бул нерсе ар бирибиздин ɵзʏбʏздʏн колубузда. Андан сырткары биз ийгиликке жетʏʏ ʏчʏн чɵйрɵ дагы абдан маанилʏʏ. Ийгиликтерге жетишкен адамдар менен байма-бай баарлашып, алар менен биргеликте жаңы идеяларды тʏзʏп, тажрыйба топтосок болот.

Элдана Талантбек кызы, ОшМУнун математика жана информатика факультетинин 4-курсунун студенти. Окуу менен биргеликте торт жасап, ɵзʏнʏн чакан бизнесин жʏргʏзɵт. 

“Бизнесимди 5000 сом менен баштагам”

-Алгач инстаграмды карап олтуруп, торт жасап киргизген айымдарды кɵрʏп калдым. Мен да ошолордой торт жасагым келди. Элгиза деген торт жасаган эжекени  инстаграмдан кɵрчʏ элем. Анан 2 кʏндʏк мастер- классын угуп калып, ага катышууну чечтим. Сентябрь айы эле, мастер-классты 5000 сомго сатып алып окуганмын. Болгону 2 кʏн эле. Бирок эң алгач тортту декабрь айында жасаганмын. Жасаган тортумду соц тармакка жʏктɵп койдум. Анан группалашым жазып калды, “атамдын туулган кʏнʏ эле, мага торт жасап берчи” деп. Ага эч кандай ашыкча акча албай, рецептке кеткен гана акчага жасап бердим. Ошентип буюртма  алып баштадым. Эң алгачкы кардарларым жакындарым болду десем жаңылышпаймын. Азыркы учурда социалдык тармак, тагыраагы, инстаграм мага кардар табууда чоң жардам берет. Мен жасаган ар бир тортумду сʏрɵткɵ тартып жʏктɵп турам. Ошондон мага кардарлардан буюртмалар тʏшɵт.

“Убакытты туура бɵлʏштʏрʏп, баарына жетишем”

-Алгач бул ишкерликти баштаганымда жумасына 2 же 3 гана жолу торт жасайт элем. Майрам кʏндɵрʏ болуп калса кʏнʏнɵ 5-10 тортко заказ тʏшʏп калар эле. Азыр турмуш куруп, ʏй-бʏлɵ кʏткɵнʏмɵ байланыштуу торт жасоого акырындан буюртма алып баштадым. Учурда окууну, бизнести жана жеке турмушту алып кетип жаткан учурум. Бирок мага кыйынчылык анча деле байкалбай жатат. Дайымкыдай эле эрте менен турам, сабагымды окуйм, ʏй жумуштарына да жетишем. Кечиндеси тʏшкɵн заказдарды жасайм. Эрте менен окууга барганча ала барып, ɵз ээлерине тапшырам. Негизи эле жумушум окуума таасирин анча деле тийгизбейт. Анткени тʏштɵн кийин окугандыгыма байланыштуу, торт жасоого да, сабагымды аткарууга да, университетке барууга да кеңири ʏлгʏрɵм. Майрам кʏндɵрʏ болуп калганда, буюртмалар аябай кɵп тʏшɵт. Мындай убакта сабагыма барбай калган кʏндɵрʏм дагы болот.

“Тортторум окшошпой калса, 3-4 жолу жасачумун”

-Бир нерсени баштоодо биринчи орунда сɵзсʏз тʏрдɵ сабыр керек экен. Мен алгач торт жасап баштаганда окшошпой калып, 3-4 сыйра жасаган убактарым дагы болгон. Кээде камырым кɵтɵрʏлбɵй, кээде жасаган дизайным окшошпой калат эле. Бирок ɵжɵрлʏгʏмɵ таянып, кайра башынан  окшошкуча жасай берет элем. Анткени буюртма алып алган соң сɵзсʏз тʏрдɵ ɵз убагында кардарга даяр кылып берʏʏ керек болот. Бул бизнестеги эң чоң жоопкерчилик.

“Ири ишкерликке айлантсам дейм”

-Мен атайы ʏйрɵнɵм дегендерге мастер- класс ачып койгонмун. Аны сатып алып ар бир торт жасагысы келген айым, жеке ишкердигин баштаса болот. Же болбосо жакын адамдарына деле жакшы маанай ʏчʏн жасап берип, кɵңʏлʏн кɵтɵрɵт дегендей кеп. Азырынча мен мастер- классымды мына ушул сыяктуу торт жасоону каалагандарга сатып ʏйрɵтʏʏдɵмʏн. Буюрса, алдыда мындан да чоң пландарымды ишке ашырып, торт жасоочу филиалымды ачып, ɵз бизнесимди жʏргʏзсɵм деймин.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы