7 декабря, 2024

“Союз мезгилинде ɵлкɵдɵ мунай кенине кɵңʏл бурулбай калган…”

Минералдар тобуна кирген мунайзатты “кара алтын” деп атап коюшканы менен ал табияттан кʏрɵң, жашыл изумруд, янтарь же тунук тʏстɵ деле кезигиши мʏмкʏн. Маселе тʏсʏндɵ эмес, албетте, аны кимдер таап максаттуу пайдаланып жатканында. Дʏйнɵлʏк окумуштуулар  нефтинин ачыла элек запастары кɵп экенин белгилеп, ошол эле учурда кендин жер астында кандай кубулуштар аркылуу пайда болуусуна азырга чейин так жооп табыша элек. Биздин табиятта нефтинин кездешʏʏ ыктымалдуулугу канча, СССР маалында Кыргызстандын аймагы эмнеге толук изилденген эмес? Геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор, РУДН (Москвадагы) ардактуу профессору Орунбай Шамшиев агайдын пикирин угуп кɵрдʏк.

-Агай, айтсаңыз, мурда биздин аймакта мунайды изилдɵɵ коңшу ɵлкɵлɵргɵ салыштырмалуу эмнеге солгун болгон?

-Кыргызстан Совет доорунда сымап, сурма кендери боюнча лидер болгондуктан мунайзат пайдалуу кенине ойдогудай кɵңʏл бурулган эмес. Себеби ал убакта кʏйʏʏчʏ майлар Казакстан, Ɵзбекстан жана Россия мамлекеттеринен алынып келинген. Бирок аларда биздегидей сымап, сурма кендери жок болчу. Нефть изилдɵɵнʏн борбору  “Средаз нефть” деп Ташкентте жайгашып, ал борбордо нефть изилдɵɵ жана бургулоо технологиялары, нефтиден чыгарылуучу заттарды изилдɵɵ борбору, ал тургай адистерди даярдоочу окуу жайы да ошол жерде жайгашкан. Биздин аймакта бир гана Кочкор-Атада мунай кени табылгандыктан аны  жергиликтʏʏ кызыкчылык ʏчʏн гана пайдаланышкан. Жыйынтыктап айтканда Союз мезгилинде мунайзатты изилдɵɵ жана аны ɵздɵштʏрʏʏ боюнча фундаменталдуу кызыкчылыктар, чечимдер чыккан эмес.

-Демек, биздин аймактар аз изилденген?

-Туура, башкаларга караганда азыраак. Себеби мамлекеттик дотация аз берилген демекчимин. Нефть – газдын геологиялык мыйзам ченемдʏʏлʏктɵрʏ, мунай зат камтыган чɵкмɵ тектер жана струкутуралык жайгашкан (мунай заттуу) региондорду изилдɵɵ коңшу территорияларда тынган эмес. Айта берсек геофизика методдору кенен таркаган. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Алай, Арпа, Аксай, Баткен аймактары мунайзат кездешʏʏсʏ мʏмкʏн делип, аныкталууда.

-Кыргыз окумуштуулары да нефтини изилдɵɵгɵ салым кошушканбы?

-Албетте, бизде нефтини изилдеген окумуштууларыбыз бар. Мисалы, Апаз Жумагуловду айтсак болот. Ал киши Москвадагы нефть-химия жана газ ɵнɵр жайы институтунда “тоо инженер-геологу” адистиги боюнча аспирантураны бʏткɵн. 1968-жылдары Фергана ɵрɵɵнʏнʏн тʏндʏк-чыгыш бɵлʏгʏнʏн геологиялык тʏзʏлʏшʏнʏн ɵзгɵчɵлʏктɵрʏн жана мунай-газдык потенциалына байланыштуу изилдɵɵсʏ менен илимдин кандидаттыгын жактаган. Докторлук наамын коргоодо да тоо-кен, геологиялык-минералогиялык темаларга басым жасады. Сʏйʏнбаев Мурат Насиридинович да нефть изилдɵɵгɵ салым кошкон кыргыз окумуштууларынын бири.

-Ɵлкɵ суверендʏʏлʏккɵ ээ болгондон бери мунайды табуу боюнча кандайдыр аракеттерди кɵрдʏбʏ?

-Эгемендʏʏлʏккɵ жетишкенден кийин Кыргызстан мунай зат кендерине абдан муктаж болду. Баарыбызга белгилʏʏ болгондой чектеш мамлекеттер ɵзʏндɵ бар завод-фабрикаларды каалагандай бɵлʏп алып, айрыкча нефтинин борбору аталган “Средаз нефть” жана “Средаз уголь” сыяктуу ишканалар жогорку сапаттагы бургулоо техникаларын ɵздɵрʏнɵ калтырып, бизге начарларын беришкен. Себеби Кыргызстанда нефть кендери жок дегендей мамиле жасалган. Анын ʏстʏнɵ жогорку даражадагы адистер ɵлкɵдɵн чыгып кеткен учуру эле.

-Ɵлкɵбʏздɵ мунайзат чыгып калышына ишеним бар десек адашпайт экенбиз да?

-Ооба, Кыргызстанда органикалык бай фауна калдыктары кɵп, чɵкмɵ тектер да арбын (алар мунайзат пайда кылуучу факторлор). Мурда изилденген тектер, битумдуу, керогендʏʏ, калың катмарлар кɵп. Анын ʏстʏнɵ булактар, кероген сыяктуу аралашмалуу балчыктар Карачатыр, Кожо-Кайыр аймактарында кездешет.

-Заманбап изилдɵɵлɵргɵ эмнелерди колдонууну кеңеш бересиз, эгерде мунай зат кени табылып калса заманбап нефть иштеп чыгаруучу заводго кɵз карашыңыз кандай?

-Азыркы изилдɵɵлɵрдɵ космостон келген маалыматтарды кенен колдонуп нанотехнологиялык анализдерге кɵңʏл буруп, нефть чыгаруу технологиясын ɵздɵштʏрʏʏ зарыл. Завод маселесине келе турган болсок жалаң гана нефть же нефти азыктарын чыгаруучу эмес, мунайдагы аралашмаларын (руда жана руда эмес) заттардын баарын чыгара алган, экологияга терс таасири тийбеген абалда иштɵɵсʏ керек. Мисалы, Япония ɵзʏнʏн аймагында кендер жок болгондуктан башка жактан келген металл калдыктарын ийгиликтʏʏ иштетип, дʏйнɵдɵ радио, машина куруу боюнча алдыга оозуп чыкты. Бизде курула турчу нефть иштетʏʏчʏ заводубуз ошондой абалда, мунай зат технологиясын издеп табуудан баштап колдонууга чейинки процесстерди камтышы керек. Биздин эл тууралуу япондор “силердин колуңардан баары келет, анткени Манас эпосун жатка билген элсиңер” деп калышат. Чын эле колубуздан баары келген жɵндɵмдʏʏ элбиз, ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵй дʏркʏрɵгɵн заводдорду иштетʏʏгɵ эмнеге болбосун. Баары ɵзʏбʏздɵн, ɵзʏбʏздʏн аракет, билим-деңгээл жана талыкпай изденʏʏбʏздɵн кɵз каранды.

-Маегиңиз ʏчʏн рахмат, бар болуңуз!

Мунайзат тууралуу кызыктар:

Бамбуктан жасалган алгачкы бургулоочу тʏтʏк

Болжол менен биздин заманга чейин 3 миң жылдыкта жакынкы Чыгыштын жашоочулары мунайзатты отун катары жана курал-жарак, курулуш материалдарын жасоого колдоно башташкан. Ал эми алгачкы нефти бургулоону байыркы Кытай ɵздɵштʏргɵн деген маалыматтар бар. Тагыраагы, биздин замандын 347-жылдары бамбуктун сабагынан бургулоочу тʏтʏкчɵ жасап, жер астынан суу чыгарууну кɵздɵшкɵн. Ошондой изилдɵɵлɵрдʏн биринде кытайлар мунай кенине туш болушат.

Деңиз жээгинен “кара заттын” агып чыкканын байкаган саякатчы

Бир топ мезгил ɵтʏп, 13-кылымдын аягында италиялык белгилʏʏ саякатчы Марко Поло Азербайджандын Баку шаарына болгон саякатында Каспий деңизинин жээгинде жерден кара заттын агып чыкканын, аны жергиликтʏʏлɵр ʏйлɵрдʏ жарыктандыруу ʏчʏн колдонушары жɵнʏндɵ жазган.

Лампочканын пайда болушу менен керосин жагуу кескин кыскарган

Томас Эдисон 1879-жылы лампочканы ойлоп тапканда шаарларды массалык тʏрдɵ электр жарыгына ɵткɵрʏʏ иши башталып, жарыктандыруу ʏчʏн керосинди керектɵɵ кескин кыскарган. Бул жаңылык дʏйнɵлʏк мунай ɵнɵр жайын кыска убакытка депрессияга тʏшʏргɵн.

Бензиндин “алтын доорун” баштап берген немис инженерлери

1886-жылга чейин бензин керосинди ɵндʏрʏʏдɵ пайда болгон кошумча продукт катары саналчу. Немис инженерлери Карл Бенц жана Вильгельм Даймлер бензин кыймылдаткычы менен жʏрʏʏчʏ алгачкы унааны иштеп чыккандан тарта бензиндин алтын доору башталган десек болот.

Мунайзаты медицина, сулуулук жана башка тармактарга колдонулат

Кɵпчʏлʏк адамдар мунайды бир гана дизелдик отун, бензин, керосин ɵндʏрʏʏ ʏчʏн деп ойлошот. Практика жʏзʏндɵ нефтини ɵнɵр жайдын таптакыр башка тармактарына да колдонушат. Мисалы, эриткичтер, боёктор, лактар жана башка косметикалык каражаттарда, атырларда, шампундарда, чач боёкторунда мунай бɵлʏкчɵлɵрʏ бар. Ошондой эле нефтинин кээ бир компоненттери медицинада кеңири колдонулат.

Нефть ɵндʏрʏʏ боюнча лидер ɵлкɵлɵр

Учурда мунай ɵндʏрʏʏ боюнча эл аралык энергетика агенттигинин маалыматында Акш, Сауд Аравия, Россия, Канада, Кытай, Бразилия жана Кувейт ɵлкɵлɵрʏ лидер болуп саналат. Нефтинин жалпы энергия керектɵɵдɵгʏ ʏлʏшʏ дайыма ɵсʏп келʏʏдɵ. Мисалы, 1900-жылы нефть — дʏйнɵлʏк энергия керектɵɵнʏн 3%ын тʏзсɵ, 1914-жылы анын ʏлʏшʏ 5%га, 1950-жылы 24%, 1972-жылы жана 2000-жылдары болжол менен 65%га жеткен.

Айжылдыз Тойчиева