8 декабря, 2024

Электр энергиясын ʏнɵмдɵɵнʏ ʏйрɵнʏңʏз

Кʏн сууктап, кеч кʏздɵн баштап эле электр энергиясын колдонуу кɵбɵйɵт. Айрыкча кыш мезгилинде электр энергиясын ашыкча колдонуудан улам авариялык жагдайлар пайда болуп,жарык ɵчʏп, ʏзгʏлтʏккɵ учурайт. Энергиянын булагы болгон суу сактагычтарда суунун кɵлɵмʏ азайса да таңкыстык пайда болот. Электр энергиясын ʏнɵмдɵɵ жолдору тууралуу энергетика жана транспорт инcтитутунун директору,техника илимдеринин кандидаты, профессор Нуркул Мурзакулов айтып берет.

“Энергия алуунун эң арзан жолу – суу”

-Электр энергияны алуудагы эң арзан жол  бул – суудан энергияны алуу болуп саналат. Бизге маалым болгондой, Кыргызстан суу ресурстарына бай ɵлкɵлɵрдʏн катарын толуктайт. Биздин ɵлкɵ суу потенциалы боюнча КМШ мамлекеттеринин ичинде 3-орунда турат. Биринчи орунда Россия, экинчи орунда Тажикстан болсо, 3-орунда Кыргызстан. Анткен менен суу ресурстарынын толук пайдаланылбай жаткандыгы жана акыркы жылдары  суунун азайып кетʏʏсʏ энергетикалык кризиске алып келип жатканы маалым. Бирок суунун запасы былтыркыга салыштырмалуу быйыл кɵбʏрɵɵк.  Таңкыстыктан чыгып кетʏʏнʏн бирден бир жолу – ири суу электр станцияларын куруу. Финансылык жактан каражат жетишсиз болгондуктан бул маселебиз толук  чечилбей жаткан учуру. Ошентсе да азыркы убакта Камбар- Ата -1 гидроэлектростанциясы жана бир канча чакан суу станциялары  курулуп жатат. Эгер бул жаңы куруулар жакшы жыйынтык берсе, Кыргызстан тез эле энерготаңкыстыктан чыгып кетет деген ойдомун. Суунун кɵлɵмʏнʏн азаюусу акыркы жылдар ичинде кɵбʏрɵɵк байкалууда. Ошондуктан да биз энергия алуунун башка жолдорун издеп жатабыз. Мисалы, шамал, кʏн жана башка ушул сыяктуу жолдор. Кыргызстанда  шамалдын потенциалы азыраак болгондуктан, кʏндɵн алууга басым жасоого туура келет. Кʏндɵн таза электр энергиясы алынат, экологияга дагы зыяны тийбейт. Ойлондурган нерсе кʏн панелдерин башка мамлекеттерден сатып алганыбыз ʏчʏн карапайым калкыбызга бир аз кымбатыраак болуп жатат. Ошол эле мезгилде  бизде электр энергиянын баасы тɵмɵн болгондуктан кʏн панелдеринин  ɵзʏн-ɵзʏ актоосу кɵбʏрɵɵк убакытты талап кылат. Колдонулуп жаткан электр жабдууларынын 80 пайызы эскилиги жеткендиктен жаңылоо муктаждыгы жаралып жаткан учуру. Акырындык менен электр энергияга болгон баанын жогорулашы жабдууларды оңдоп- тʏзɵɵгɵ кетет. Бул нерсени элибиз туура тʏшʏнʏʏ менен кабыл алуусу зарыл.

Майда,бирок маанилʏʏ ʏнɵмдɵɵ жолу

Энергияны ʏнɵмдɵɵчʏ технологиялар бʏгʏнкʏ рынокто маанилʏʏ сатуучу буюм. Бул энергетикалык чыгымдарды азайтуу жана айлана-чɵйрɵнʏ коргоо ʏчʏн мыкты жол. Энергияны керектɵɵнʏ азайтуу жана энергия тɵлɵмдɵрʏн ʏнɵмдɵɵ ʏчʏн ар кандай жолдор менен колдонсо болот. Ар бир адам электр энергиясын коромжусуз колдонууда билинбеген, бирок майда нерселерге кɵңʏл буруусу абзел.

• Мисалы, ʏйʏбʏздɵгʏ терезелерди чоң кылып курушубуз керек, анткени, бир чети жарыкты жакшы берсе, экинчиден, жылуулукту дагы кɵбʏрɵɵк берет. Же болбосо бɵлмɵбʏздʏн терезелери тʏндʏктʏ караса же дарактар тосуп калган болсо, мындай бɵлмɵдɵ табигый жарык жетишсиз болот жана жасалма жарыктандырууну  кɵбʏрɵɵк талап кылат.

•  Табигый жарык жетиштʏʏ болсо жарык берʏʏчʏ приборлорду колдонбошубуз керек. Анткени бул электр энергияны гана эмес, кɵзʏбʏздʏ да чарчатып коёт.

• Ал гана эмес, тамак жасап жатканда дагы тамак жасоочу казаныбыздын диаметри менен тамак бышыруучу плитабыздын диаметри дал келиши керек.

• Жада калса ток чайнегине суу кайнатканыбызда дагы сууну толтуруп куюп кайнатып, анын жарымын иштетип, жарымын калтырып коёбуз. Андан кийин кайра дагы суу толтуруп кайната беребиз. Бул нерсе дагы туура эмес.

• Жɵнɵкɵй эле компьютерибизди жумушубуз бʏткɵн соң ɵчʏрбɵй таштап салабыз. Же болбосо ʏнсʏз режимге тʏшʏрʏп сайылган боюнча калат. Билинбегени менен бул нерселер дагы кɵп электр энергиясын алат. Бул приборлордун розеткага тынымсыз кошулуп турушунан болгон жоготуулар башка тиричилик приборлорундагыдай чоң эмес.

•  Бирок, «заряддагычтар» электр булактарын алмаштырып жатышат, мындай тʏзʏлʏштɵр жʏксʏз иштɵɵнʏ жактырбайт. Аларга уюлдук телефон, плеер, ноутбук ж.б. кирет. Мындай аппараттар ысып, иштен чыгып, ɵрткɵ алып келиши мʏмкʏн!

• Эгерде сиз компьютерди колдонбосоңуз, мисалы, жумушка же окууга кеткен болсоңуз ɵчʏрʏп коюу акылдуулукка жатат. Бул жабдуулардын иштɵɵ мɵɵнɵтʏн узартат жана батирдин энергиясынын керектɵɵсʏн азайтат.

•  Кɵпчʏлʏк адамдар ысыткыч лампаларды иштетишет. Ысытуу лампаларын светодиоддук лампаларга алмаштырыңыз! Анткени LED лампалары салттуу ысытуу лампаларына караганда 80%га чейин аз энергияны сарптайт жана 25 эсеге чейин узак иштейт.

•  Дагы да электр энергиясын ʏнɵмдɵɵ ʏчʏн жер тамда тургандар жɵнɵкɵй эле мешти, электроприборлорунун ордуна иштетсе кɵбʏрɵɵк ʏнɵм болот. Анткени андан тамагыбыз да бышат, суубуз да кайнайт, ʏйʏбʏз да жылуу болот.

•  Спираль менен иштеген плиталар токту кɵп жейт. Анын кызып, кʏйʏп кетишинин ыктымалдуулугу да кɵбʏрɵɵк.

• ʏй буюмдарынын ичинен муздаткыч эң аз электр энергиясын алган буюм болуп саналат. Бирок ага деле тамактарды муздатпай туруп салып койгон болбойт. Анткени ал тамакты ɵз градусуна сактоо ʏчʏн дагы да муздатуусуна туура келет. Ошол учурда электр энергиясын кɵбʏрɵɵк талап кылып баштайт.

• Чаң соргуч. Бул буюмду колдонууда таштанды контейнерин бат-баттан бошотуп, аба кирʏʏчʏ жана чыгуучу чыпкаларды чайкап, алмаштырып туруубуз керек. Кошумча аэродинамикалык каршылык чаң соргучтун кыймылдаткычынын ысып кетишине жана электр энергиясын керектɵɵнʏн кескин ɵсʏшʏнɵ алып келет. Мисалы, чаң контейнери 30%га толгондо, электр энергиясын керектɵɵ 40-50%га кɵбɵйɵт. Андыктан чаңын тез- тезден тазалап туруубуз зарыл.

• Азыркы учурда жылуу пол (теплый пол) колдонгондор дагы аз эмес. Негизи жылуу пол дагы ɵзʏнʏн чарчы метрине жараша электр энергиясын алат. Жылуу полду адамдар эки ыкма менен колдонушат. Биринчиси ток менен колдонушса, экинчиси от менен. Керек болсо ток менен да, от менен да иштей тургандай кылып койсо болот.

• Электр энергиясын ʏнɵмдɵɵ адам факторуна да таасирин тийгизе алат. Болгону бул нерсени ар бир адам тʏшʏнʏшʏ керек. Мен эмнени, кантип колдонуп жатам деген суроону ɵзʏнɵ бериши керек. Бул нерселер бир жагынан ʏнɵмдʏʏ болсо, экинчи жагынан ар бир адамдын чɵнтɵгʏнɵ чоң пайда.

Электр приборлорун алаарда эмнеге кɵңʏл буруу керек?

Электр приборлорун тандаганда  электр энергиясын кɵп коротпой турган приборлорун карап алыңыз. Мисалы, А+++, А++, А+ дегендер болот. Андан кийинкилери А, В, С, D, E, F,G болуп кете берет. Ушул нерселерге кɵбʏрɵɵк кɵңʏл бурушубуз керек. Эгерде А+++ дегенин алсак, бул электр энергиясын кɵп талап кылбайт. Талап кылса дагы аз ɵлчɵмдɵ дегендик. Ал эми А++, А+ дегенди алсак бул 50%га кɵбʏрɵɵк энергияны алышы мʏмкʏн. Ал эми калганы мындан кɵп энергияны алып кете берет. Ошондуктан маани берʏʏчʏ негизги нерселер таблицада кɵрсɵтʏлгɵн. 

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы