Бʏгʏнкʏ кʏндɵ экстракорпоралдык уруктандыруу же эл арасында кенен жайылган ЭКО тʏшʏнʏгʏ тукумсуздукту дарылоо ыкмаларынын бири болуп саналат. Кɵмɵкчʏ репродуктивдʏʏ технологиялар ондогон жылдар бою бир топ ɵнʏккɵнʏнɵ карабай, анын айланасында ар кандай айың кептер айтылып келет. Жарандар тарабынан кɵп берилген суроолорго адис жооп берет.
Клара Абдужапарова, Ош облусундагы адам репродукция борборунун ʏй-бʏлɵнʏ пландаштыруу боюнча бɵлʏм башчысы, Ош облусу боюнча координатор.
“2015-жылдан тарта биздин ɵлкɵдɵ жасала баштаган”
-Аялдарга кайсы учурда ЭКО жасатуу сунушталат?
-Экстракорпоралдык уруктандыруу (ЭКО) — акырында гана биздин ыкмалар жардам бербей калганда сунушталат. Ал кандай ыкмалар болушу мʏмкʏн? Эгер аял менен эркектин кандайдыр эндокриндик, инфекциялык же ɵнɵкɵт оорулар болуп, эркектин сперматозоидинин пайыздык кɵрсɵткʏчʏ аз болсо дарылоодон ɵткɵрʏп, балалуу болуусуна кɵмɵк кɵрсɵтɵбʏз. Эгерде тʏздɵн-тʏз генетикалык оорулары болуп, аялдын жатын тʏтʏктɵрʏндɵ, энелик тукумунда кɵйгɵйлɵр жаралса, эркектин сперматозоидинин пайызы ɵтɵ тɵмɵн же 0% болсо гана ЭКО жолу аркылуу балалуу болууну сунуштайбыз. Экстракорпоралдык уруктандыруу – аял менен эркектин организминен сырткары лабораториялык ыкма аркылуу уруктандыруу болуп саналат. Буга чейин ЭКОну кɵбʏнчɵ Тʏркия, Россия Казакстан сыяктуу ɵлкɵлɵргɵ чыгып жасатып келишер эле. Бул жарандарыбызга финансылык жактан бир аз кɵйгɵй жаратчу. 2015-жылдан тарта биздин ɵлкɵдɵ жасала баштаган.
“Эко репродуктологдор да ЭКОго 100% кепилдик бере албайт”
-ЭКОну биринчи сыноодо кɵпчʏлʏк учурда бойго бʏтпɵй калат дешет, бул канчалык деңгээлде туура?
-Негизи эко репродуктологдору да ЭКОго 100% кепилдик бере албайт. Мында организмдин функциясынын негизинде уруктандырылат. Адам организми уникалдуу, бири-бирине окшобойт. ЭКОго сунуштаганда биринчи кезекте эркектин сперматозоиди жана аялдын энелик тукумдары каралат. Эгерде алардын активдʏʏлʏгʏ жогору болсо биринчи сыноодо эле бойго бʏтʏʏ мʏмкʏн. Тагыраагы, эки тараптын ден соолугу чоң мааниге ээ. Себеби ата менен эненин дени сак болгондо гана дени сак бала тɵрɵлɵт. Узи, ультра ʏн текшерʏʏлɵрʏ жʏргʏзʏлɵт. Жыйынтыгында гормоналдык же инфекциялык же башка оорулар аныкталса, дагы кошумча лабораториялык текшерʏʏдɵн ɵткɵрɵбʏз.
-Бир аял ЭКО жолу менен канча ирет тɵрɵй алат, анын жаш курагы каралабы?
-Жашына маани берилет. ЭКОну 18 жаштан 50 жашка чейинки аялдарга сунуштайбыз. Экстракорпоралдык уруктандыруу аркылуу 3-4 жолу тɵрɵсɵ болот. Бирок, ЭКОдон кийин ɵзʏ тɵрɵгɵн аялдар да бар. Муну да эске алуу керек.
-ЭКО аялдын саламаттыгына терс таасир тийгизиши мʏмкʏнбʏ? Мисалы, жʏрɵк кан-тамыр ооруларын пайда кылып, кээде рак клеткаларын ойготот дегенге кошуласызбы?
-Медицинанын ɵнʏгʏшʏ менен ЭКО балалуу болууга биринчи жардам болууда. Айрым учурда аял эндокриндик жетишсиздиктен улам тʏйʏлдʏктʏ сактап калуу ʏчʏн гормоналдык дарыларды ичʏʏсʏ керек. Бул организимге гиперстимуляция делип, гормондор ɵз убагында туура эмес иштеп калуусу мʏмкʏн. Анын жʏрɵк кан-тамыр жана нерв системаларына таасири бар. Бирок медицина кызматкери катары рак клеткаларын ойготот деген сɵзгɵ кошула албайм.
-ЭКО жолу менен тɵрɵлгɵн балдардын келечекте балалуу болуусу кɵйгɵй жаратпайбы?
-ЭКО кадимки эле эки адамдын уруктануусу. Болгону алардын организминде жетишпей калган, баралбай калган функцияны лабораториялык тʏрдɵ жеткирип берип, уруктандырат. Кадимкидей эле бала тɵрɵлɵт. Келечекте ал да бирɵɵнʏ тɵрɵтɵ алат же бирɵɵгɵ тɵрɵп бере алат.
“Дени сак адам гана жашоодо ɵз ордун таба алат”
-Сиздердин борборго тукумсуздук кɵйгɵй менен кɵбʏрɵɵк кайрылышат эмеспи, негизги себептерин, кɵрсɵткʏчтɵрдʏ аныктап турасыздарбы? Жаш ʏй-бʏлɵлɵргɵ кандай кеңеш берер элеңиз?
-Биздин борборго кайрылгандардын кɵрсɵткʏчʏн жылда аныктап турабыз. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ азыркы учурда тукумсуздук абдан кɵп. Тукумсуздук аялдын кандайдыр бир эндокриндик жетишсиздиги же болбосо эркектердин уруктугунун пайызы тɵмɵндʏгʏ, айрым учурда генетикалык оорулар менен коштолушунан улам болот. Жаштардын ден соолугуна кам кɵрʏʏсʏ ɵтɵ маанилʏʏ. Ден соолукка кам кɵрʏʏ ɵздʏк гигиенадан, туура тамактануудан башталат. Жашоо-шартты оңдош керек. “Ооруну жашырсаң ɵлʏм ашкере” демекчи ар бир жаш кыздарга, балдарга кеңешим туура чɵйрɵдɵ жʏрʏп, ден соолугунда кандайдыр ɵзгɵрʏʏ болуп жатса аны жакындарына, ɵзʏнɵн чоңураак адамга же дабагерге айтышы керек.
Кɵйгɵй кантип келип чыгат? Жɵнɵкɵй эле мисал, “калың кийин” дегенди угушпайт, чɵйрɵсʏ начар, интернеттен тʏрдʏʏ нерселерди кɵрʏп, ою бузулуп, чылымга, алкоголдук ичимдиктерге эрте аралашып, тʏнʏ-кʏнʏ интернетте отуруп, уйкунун режими менен бирге нерв системасын бузушат. Нерв сиситемасы бузулганда организм жакшы жетилбейт. Дени сак адам гана жашоодо ɵз ордун таба алат. ʏй-бʏлɵнʏ пландаштырам деген ар бир жаштар ʏчʏн адистер жетиштʏʏ. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ɵспʏрʏмдɵр, жаш кыздар гинекологу, жаш балдар урологу бар. Учурда репродуктология жана генетикрепродуктология да ɵнʏгʏʏдɵ. Себеби генетикалык ооруларга да чалдыгып калышууда. Жаш эле келиндердин кайра-кайра боюнан тʏшʏʏсʏ же ɵспɵй калуусу. Даун синдрому, аутизм менен тɵрɵлгɵн балдар. Булардын баары иммундук системанын тʏшʏп кетʏʏсʏнɵн пайда болот. Баланы пландаштырууда текшерʏʏдɵн ɵтʏʏ оңой эле. Кан, заара, мазок, узи тапшырылат. Жаштар акчаны ичип-жеп, кийинип деле коюшат эмеспи, жылына бир ирет текшерʏʏдɵн ɵтʏп, эч болбосо кандын, зааранын анализин тапшырып коюшса, кандайдыр кɵйгɵйлɵрʏңдɵн кабар берип, алдын алганга кɵмɵкчʏ болот.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
ОшТУда “Манас” күнүнө карата тегерек стол болуп өттү
ЖИКС – саламаттык сактоодогу глобалдуу көйгөй
Жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшырылды