Ɵлкɵнʏн эң чоң байлыгы адам ресурсу болуп саналат. Тактап айтканда, жарандардын дени сак болгондо гана мамлекет ʏчʏн кызмат кыла алышат, дени сак болгондо гана ʏй-бʏлɵнʏн бʏтʏндʏгʏн камсыздай алат. Ошондуктан жарандардын ден соолугуна зыян келтирʏʏ кылмыш болуп эсептелет. Интернет ɵнʏккɵн заманда ɵзʏңʏз билбеген абалда кылмыш жасап коюудан сак болуңуз. Сɵз “онлайн консультациялар” жɵнʏндɵ болуп жатат. Анын ичинен медициналык кеп-кеңеш берʏʏгɵ кимдер укуктуу? Алдыда кенен баяндайбыз.
Элмира Жээналиева, №1 ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борборунун дарыгери.
“Онлайн консультациянын да оң жана терс жактары бар”
-Биздин жумушта протокол боюнча онлайн жазылуу деген бар. Пандемия мезгилинде башка тармактар сыяктуу эле бизде да онлайн кеңеш берип иштеген учурларыбыз болду. Бирок, онлайндын да оң жана терс жактары бар. Мисалы, тɵрɵтʏ жакындап калган келин поликлиникага байланышып, суу кетʏʏ, толгоо сыяктуу белгилерди айтса, келтирип убара кылбай дароо тɵрɵтканага багыттама беребиз. Ошондой эле ФАПтан, ооруканадан алыс жашаган жашоочулар тʏндɵсʏ чалып кеңеш сураган учурлары болот. Эгер кичинекей баланын температурасы жогорулап жатса эстен танып калбашы ʏчʏн кандай аракеттерди жасаш керек экенин айтып беребиз. Бирок, онлайн диагноз коюп, дарылап, антибиотиктерди жазып бергенге мыйзам жол бербейт. Анткени келген пациенттин сɵзсʏз кɵзʏн, терисин карап, ɵпкɵсʏн текшеребиз. Айталы, бирɵɵ жɵтɵл менен келди. Жɵтɵл пневмонияда да, бронхитте да же жɵн эле сасык тумоо тийип, тамагы кызарганда да болушу мʏмкʏн. Аны айырмалай билʏʏбʏз ʏчʏн бейтаптын ɵзʏ болуусу керек. Кокус терисине бир нерсе чыкса же гепатитте сары тʏскɵ айланса ал видеочалуудан да, сʏрɵттɵн да даана кɵрʏнбɵйт.
“ʏй-бʏлɵлʏк дарыгер болгондуктан участкабыздагы орулуулардын баарын билебиз”
-Врач кɵзʏ менен кɵрʏп, колу менен сезип, кулак менен укмай сайын диагнозду так кое албайт. Ошону жɵнɵкɵй жарандар да медицина кызматкерлери да дайыма эске алуусу керек. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ социалдык тармактар аркылуу деле бейтаптарды дарылап, кеңеш берген врачтар жок эмес. Аны кɵргɵн эл “врач айтып атат, демек ушуну ичишим керек экен” деп кереги бары деле, кереги жогу деле ичип алышы мʏмкʏн. Ошондуктан билимди, лицензияны талап кыла билʏʏ зарыл. Анан баарына ʏстʏрттɵн чогуу кеңеш айтпай, ар бир кырдаалга жараша консультация берилгени туура. Биз ʏй-бʏлɵлʏк дарыгер болгон ʏчʏн кимдин кан басымы жогору, ким боор же бɵйрɵктɵн жабыркайт, кимде ашказан кɵйгɵйʏ бар, участкабыздагы дээрлик баарын тааныйбыз. Аларга жазып берген дарыларыбыз тʏгɵнгɵндɵ же дагы башка суроолору пайда болгондо чалып сурашат, жооп беребиз. Негизи №1 ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер борбору мамлекеттик мекеме болгондуктан калкка телефондорубуз жеткиликтʏʏ. Онлайн кайрылгандарга акысыз кеп-кеңештер берилет жана ар бири каттоо журналына жазылып турат.
Адина Шʏкʏрбек кызы, психолог.
“Жабыркаган бейтаптар унчукпай кала берген учурлар кɵп болот”
-Акыркы жылдары онлайн курстарды сатуу Кыргызстанда ɵтɵ кɵбɵйʏп, кайсы бир деңгээлде орчундуу маселеге айланып баратат десем жаңылбайм. Билген маалыматы менен бɵлʏшкɵн бир чети жакшы, бирок, ошол тармак боюнча билими болсо. Кɵбʏнчɵ психологиялык абалы бʏтʏн эмес адамдар ар тʏрдʏʏ маалыматтарга ишенип, айткан нерсени жасай беришет. Мисалы, медициналык бир кызматты алып, пайдаланып жатса кызмат кɵрсɵтʏп жаткан адамдын билимин тастыктоочу документин, тажрыйбасын сурашпайт. Мага кайрылгандардан арасында айрыкча медицина жаатында даттанып келгендер бар. Мисалы, “кɵзʏмɵ сурма жасаткан элем, оюмдагыдай болбой калды” же “косметологго барып, бетими кʏйгʏзʏп алдым, тактарым кетпей калды” дешет. Кɵпчʏлʏк адамдарда ɵзʏнɵ болгон баасы тɵмɵн ʏчʏн бир чети элибизде адамгерчилик деген нерсе бар эмеспи, ошону эске алып жабыркаган пациенттер унчукпай кала беришет. Учурда интернет жеткиликтʏʏ, маалымат тез тарайт, кызмат кɵрсɵткɵндɵр да экиге бɵлʏнʏп калды. Биринчиси профессионалдык деңгээлдеги тажрыйбалуулар, экинчиси ɵзʏн-ɵзʏ тʏптɵгɵндɵр. Мисалы, бир аз билим алып эле ошол билимди ɵзʏ да практикада колдонбой туруп башкаларга беришʏʏдɵ. Ушул сыяктуу кырдаалдардан улам эл кээде профессионалдык деңгээлдеги адистерге да ишенбей калууда.
Жылдыз Айтбаева, ОшМУнун жарандык укук жана процесси кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты.
-Диплом, сертификат, лицензия кайсы учурда талап кылынат?
-Медицинанын бир бɵлʏгʏ болгон косметология тармагында да онлайн кеңеш берʏʏ, кандайдыр процедураларга сунуштоо абдан ɵнʏккɵн учуру. Негизи Кыргыз Республикасында косметолог болуп иштɵɵ ʏчʏн лицензия алуу зарылчылыгы кɵрсɵтʏлʏʏчʏ кызматтардын тʏрʏнɵ жараша болот. Анткени косметология бул медициналык жана эстетикалык болуп экиге бɵлʏнɵт. Эгерде косметолог медициналык процедураларды жʏргʏзсɵ, мисалы ботекс, инъекция сайып, мезотерапия же аппараттык процедураларды жасаса, анда медициналык билимге ээ болуп, Саламаттыкты сактоо министрлигинен медициналык ишмердʏʏлʏгʏнɵ лицензия алуусу керек. Бул мыйзамдуу талаптар «Лицензиялык уруксат берʏʏ системасы жɵнʏндɵ» Кыргыз Респуликасынын мыйзамында кɵрсɵтʏлгɵн. Андан сырткары тиешелʏʏ ɵкмɵттʏк токтомдор да каралган. Ал эми эстетикалык косметологияда, мисалы, бетти тазалоо, маскаларды жасоо, макияж сыяктуу медициналык эмес кызматтарды кɵрсɵтсɵ медициналык диплом талап кылынбайт. Бирок, ишкердик мыйзамдарына ылайык, акы тɵлɵнʏʏчʏ кызмат болгондон кийин жеке ишкер же юридикалык жак катары катталууга тийиш, андан сырткары сɵзсʏз санитардык-гигиеналык нормаларды сактоосу зарыл. Жоопкерчилигин айта турган болсок, лицензиясы жок медициналык кызматты кɵрсɵтʏʏ административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет. Мисалы, ɵткɵн жылы рейддер, текшерʏʏлɵр жʏргɵндɵ Бишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык салон аныкталып, айып пул салынып, ишмердʏʏлʏгʏ токтотулган.
-Психологиянын кайсыл тарабы медициналык ишмердʏʏлʏккɵ тиешелʏʏ?
-Медицинадан сырткары, психология жаатында да бирɵɵгɵ сабак берʏʏ, кеңеш берʏʏдɵ сертификат, дипломдордун болуусу зарыл. Бул билим берʏʏ, саламаттыкты сактоо жана ишкердик чɵйрɵсʏндɵгʏ мыйзамдар менен жɵнгɵ салынат. Эгерде психологиялык жардам, психотерапия же болбосо коррекциянын элементтерин камтыса бул медициналык ишмердʏʏлʏккɵ тиешелʏʏ. Мындай учурда медициналык билим жана медициналык ишмердʏʏлʏккɵ лицензия талап кылынат. Эгерде психологдун аракети ага ишенип келген бир адамга зыян келтирсе, зыяндын ордун толтуруп берʏʏ жарандык кодекстте каралган. Ал эми мыйзамсыз иш аракеттери ʏчʏн административдик айыптар каралып, Укук бузуулар кодекси менен жɵнгɵ салынат. Диплом талап кылынбашы мʏмкʏн болгон, сертификаттын негизинде кɵрсɵтʏлʏʏчʏ кызматтарды коучинг же жеке ɵсʏʏ, стрессти башкаруу, эмоцианалдык интеллект сыякту темаларда гана пайдаланса болот.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
ОшТУда “Манас” күнүнө карата тегерек стол болуп өттү
ЖИКС – саламаттык сактоодогу глобалдуу көйгөй
Жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшырылды