26 декабря, 2024

Мыйзамсыз менчиктен мамлекетке кайткан мʏлктɵр

Коррупция менен кʏрɵштɵ акыркы жылдары мыйзамсыз менчиктелген мамлекеттин мʏлктɵрʏ кайра мамлекетке кайтарылып жатат.  Ушул ай ичи эле УКМК  “мамлекетке кайтарылды” деген  маалыматтарды кʏн сайын тизмектеп таратууда. Мамлекеттик мʏлктʏ башкаруу агенттигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы  720 курулуп бʏтɵ элек батир жана 28 жер тилкеси мамлекетке алынган.  2024-жылы 100дɵн ашуун мʏлк кайтарылаган. Бул боюнча К. Ташиев “Мурдагы башаламан заманда кɵптɵгɵн ишканаларды, элдин, мамлекеттин байлыгын арзан акчага сатып алып же эптеп-септеп, коррупциялык жолдор менен менчиктештирип, кɵптɵрʏ бай болуп жʏрʏшпɵйбʏ. Ошолордун баарын тартипке салышыбыз керек. Ал элдин байлыгы. Жʏз миңдеген, миллиондогон элдин байлыгын бир адам же беш адам басып алып отурат. Алардын бардыгын кайтарышыбыз керек” деген сɵзʏнʏн ɵтɵɵлʏнɵн чыгууда десек болот. Мындай иш-аракеттер башталганы ɵлкɵ башчысына жана УКМК тɵрагасына белгисиз адамдардан коркутуу каттар келип жатканын Ташиев маалымдады. Бирок “биз коркуп калбайбыз, артка чегинбейбиз, мыйзамсыздык боюнча кʏрɵш токтобойт” деп жеке менчикке мыйзамсыз ɵтʏп кеткен мʏлктɵрдʏн бардыгы мамлекетке кайра кайтарыларын билдирди.

Накталай жана мʏлк тʏрʏндɵгʏ капитал

2024-жылдын башынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жʏргʏзгɵн иштеринин натыйжасында мамлекетке алынган жʏздɵн ашуун мʏлктɵрдʏн баасы 46 млрд сом жана 56 млн. доллар. Айрым билдирʏʏлɵрдɵ мʏлктɵрдʏн так суммасы жазылбаган. Мʏлк ээлери аларды кийин курган имараттары жана бизнестери менен кошо ɵз ыктыяры менен мамлекетке кайтаргандары да бар. КРнын финансы министри Алмаз Бакетаевдин  Жогорку Кеңеште берген маалыматы боюнча, 46 млрд сом акчалай, калганы мʏлк тʏрʏндɵ алынган. Мамлекеттик мʏлктʏ башкаруу агенттигинин билдиргендей,   алынган мʏлктɵрдʏн 21 млрд сому мамлекетке, калганы муниципалдык менчикке кайтарылды.Коррупция менен кʏрɵшʏʏдɵн накталай жана мʏлк  тʏрʏндɵгʏ капитал алынганын ɵз сɵзʏндɵ К. Ташиев мындайча белгилеген: “Накталай тʏрдɵ 40 миллиард сомдон ашык каражат мамлекеттик бюджетке которулду. Эгерде биз мамлекетке толук ɵтʏп бʏтɵ элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мʏлк, мал, унаалар ж.б. тʏрʏндɵгʏ кирешелерди эске алсак, акыркы ʏч жылда коррупцияга каршы кʏрɵштɵн тʏшʏп жаткан сумма 100 миллиард сомдон ашып кетти. Сот иштери бʏткɵндɵн кийин калган каражаттар да ɵндʏрʏлʏп, тʏздɵн-тʏз казынага барып тʏшɵт”.

 Маданият ʏйʏнɵн бери менчиктеп алышкан…

Мамлекетке алынган мʏлктɵрдʏн кɵпчʏлʏгʏн жер тилкелери, батирлер, турак жай эмес имараттар, ɵндʏрʏштʏк жайлар, автобазалар тʏзɵт. Мындан тышкары, мурунку бала бакчалар менен социалдык багыттагы имараттар да бар. Мамлекеттик мʏлктʏ башкаруу агенттигинин сайтындагы маалымат боюнча, агенттик  39 мʏлктʏ аукцион аркылуу сатыкка чыгарган. Алсак, 6 автоунаа, батирлер, турак эмес имараттар, жер тилкелери жана компаниялардын акциялары. Аукциондогу мʏлктɵрдʏн жалпы баасы 5,2 млрд сомдон ашат. Мамлекетке кайтарылган мыйзамсыз мʏлктɵр негизинен  мурунку бажычы, коррупция боюнча соттолгон Райымбек Матраимов менен кримтɵбɵл маркум Камчыбек Кɵлбаевге таандык. Булардан сырткары экс-депутат, мурунку вице-премьер-министр, экс- облус-шаар башчылары, укук коргоо органдарынын жетекчилери да бар.

Аламʏдʏн районундагы бала бакча

УКМК тарабынан текшерʏʏ иш-чараларынын натыйжасында Аламʏдʏн районунун Октябрь айылында жайгашкан, жалпы аянты 1,236 га жана болжолдуу баасы 101 млн.843 миң сом болгон бала бакча мамлекетке кайтарылды.

Арашан айылындагы маданият ʏйʏ

Чʏй облусунун Аламʏдʏн районунун Арашан айылындагы жалпы аянты 0,62 га, болжолдуу баасы 126 млн.сомду тʏзгɵн маданият ʏйʏ мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Маданият ʏйʏ жеке пайдаланууга берилип, кийин ал жеке жак тарабынан мыйзамсыз сатылып алынгандыгы аныкталган. Имараттын ээси ɵз ыктыяры менен объектти мамлекеттин балансына ɵткɵрʏп берген.

Мектеп курууга багытталган 111 млн сомдук жер тилкеси

Жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган мамлекеттик объекттерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жʏргʏзʏлʏп жаткан иштердин алкагында баасы 111 млн. сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

2008-жылы айрым кызмат адамдары Бишкек шаарынын Свердлов районунун «Айкɵл» конушундагы 350 орундуу башталгыч мектеп курууга арналган 0,62 га жер тилкесин жеке менчикке алып чыгууга кɵмɵктɵшкɵндʏгʏ аныкталды.

Токмоктогу “Радиозавод” АТКсы

Токмок шаарында жайгашкан жалпы аянты 1 га жана болжолдуу баасы 3 млрд.сомдон ашык «Радиозавод» АТКсы мамлекетке кайтарылды.

Токмок шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 15-апрелиндеги № 201 токтому менен «Радиозавод» АТКнын административдик имараты Ы.А.К.га сатылып, бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин декларацияланган акча каражатын объекттин баасын толук тɵлɵбɵй келгендиги аныкталган.

Жʏргʏзʏлгɵн иштердин жыйынтыгында Ы.А.К. ɵз ыктыяры менен «Радиозавод» АТКсын Токмок шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына ɵткɵрʏп берген.

Таласта мыйзамсыз менчиктештирилген 845 миллион 849 миң сомдук жер тилкеси

Тергɵɵ-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында “Э.А.Х” ЖЧКсынын автомектебине таандык аянты 5,5 га, базар баасы 845 млн.849 миң 503 сом болгон жер тилкеси Талас шаарынын мэриясынын балансына кайтарылды.

Аталган жер тилкеси КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Р.Жээнбековдун аффилирленген жактарына мыйзамсыз берилген.

Токмок шаарындагы «Темирбетон» ААКсы

Токмок шаарындагы болжолдуу баасы 5 млрд. 855 млн. сомду тʏзгɵн «Темирбетон» ААКсы мамлекетке кайтарылды.

«Темирбетон» ААКсынын акцияларынын 40%ы мамлекетке таандык экендиги аныкталып, бирок, кɵрсɵтʏлгɵн ʏлʏш «В.П» акцияларынын негизги пакетинин ээсинин жалган жактарына мыйзамсыз берилген жана толугу менен жеке менчикке менчиктештирилген.

Акциялардын пакетинин негизги ээси «В.П.» ɵз ыктыяры менен объектти мамлекеттин балансына ɵткɵрʏп берди.

Оберон «Дордой» жана Оберон «Орто-Сай» базарлары

Бишкек шаарынын аймагындагы жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин кайтарып алуу иштеринин жʏрʏшʏндɵ «Оберон» ЖЧКсы тарабынан укук белгилɵɵчʏ документтерди мыйзамсыз алуу фактысы аныкталган.

Жер тилкелерин мыйзамсыз сатып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Оберон» ЖЧКсы тарабынан «Дордой» (ɵлчɵмʏ 6,42 га) жана «Орто-Сай» (ɵлчɵмʏ 1,68 га) базарларында жайгашкан жер тилкелери ээлеп алынгандыгы такталган.

«Оберон» ЖЧКсынын ээлери тарабынан 1998-жылы аталган жер участоктору убактылуу пайдаланууга (ижарага) алынган, буга карабастан «Оберон» ЖЧКсы тийиштʏʏ кызмат адамдары менен сʏйлɵшʏп, жогоруда аталган базарларга жеке менчик укугу жɵнʏндɵ мамлекеттик актыларды мыйзамсыз алышкан.

Кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мʏлктʏ башкаруу департаменти тарабынан мыйзамсыз берилген токтомдорду жараксыз деп табуу ʏчʏн административдик доо жɵнɵтʏлгɵн.

Ошентип, Бишкек шаарынын административдик жана шаардык сотунун кабыл алган чечимине ылайык, аталган базарлар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине ɵткɵрʏлʏп берилди. Муну менен наркы 3 млрд. 889 млн. 563 сом, жалпы аянты 8,1 га жер тилкелери мамлекеттин пайдасына кайтарылды.

«Селмаш» стадиону жана бассейни

Бишкектеги М.В. Фрунзе атындагы мурда айыл чарба машина куруу заводуна тиешелʏʏ болгон стадиондун жана бассейндин аймагын мыйзамсыз менчиктештирʏʏ фактысы аныкталган.

Стадион менен бассейн бир убакта Фучик атындагы парктын аймагына таандык болуп, социалдык объектилердин статусуна ээ болгон, ал эми аларды М.Фрунзе атындагы заводдун жумушчулары пайдаланып келишкен, ошондуктан «Сельмаш» деп аталган. Заводдун аймагындагы объекттерди менчиктештирʏʏнʏн жʏрʏшʏндɵ Фрунзе атындагы заводдун жеке адамдары, кызмат адамдары менен тил табышып, стадионго жана бассейнге жеке менчик укугун тастыктаган документтерди алышкан.

Ленин райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечими менен белгиленген аймак Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине ɵткɵрʏлдʏ. Ошентип, жалпы аянты 3,6 га болгон 1 084 248 000 (бир миллиард сексен тɵрт миллион эки жʏз кырк сегиз миң) сомдук объекттер мамлекетке кайтарылды.

«Кара-Жыгач токою» сейил багындагы 126,7 млн. сомдук жер

 Бишкектеги «Кара-Жыгач токою» сейил багындагы элге мыйзамсыз берилип кеткен баасы 126 миллион 780 миң сомду тʏзгɵн 1,2 гектар жер муниципалдык менчикке кайтарылды.

Раззаков шаардык автобекети

«Лейлек-Автобекет» ЖЧКсынын акционерлери 2024-жылдын 17-сентябрында Лейлек районунун Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына Дадасян кɵчɵсʏ, 47Б дарегинде жайгашкан, базар баасы 76 млн 500 миң сомду тʏзгɵн 0,51 га жер тилкеси менен шаардык автобекетти ыктыярдуу тʏрдɵ ɵткɵрʏп беришти.

Баткен облусунда баасы 50 млн. доллардан ашуун алтын кени

УКМК тарабынан кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой эле К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергɵɵ-ыкчам иш-чараларын жʏргʏзʏʏнʏн алкагында «Апрелское AZI» алтын кени Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин балансына ɵткɵрʏлʏп берилди. Аталган жерде алтындын жалпы кору 10 тоннага жакын жана 15 тонна кʏмʏштʏ тʏзʏп, алдын ала эсептɵɵлɵр боюнча кендин баасы 50 миллион АКШ доллар.

Ак-Талаа районундагы май куюучу жай

Ак-Талаа районунун Баетов а/а балансына май куюучу жайдын жер участогу кайтарылды, анын болжолдуу баасы 12 млн 300 миң сомду тʏзɵт.

«Лагуна Сити» эс алуу борбору

«Лагуна Сити» эс алуу борборунун мʏлк комплексинин бир бɵлʏгʏ, анын ичинде коттедждер, мончо жана сауна, кафелер жана ресторандар, административдик имараттар ж.б. мамлекеттин балансына ɵткɵрʏлдʏ. Аталган мʏлктɵрдʏн алдын ала болжолдуу баасы 5 миллион АКШ долларын тʏзɵт.

Мурдагы «Нарын эт комбинаты» ишканасынын 4 гектар жери

 Мурдагы мамлекеттик «Нарын эт комбинаты» акционердик коомунун жалпы аянты 4 га жер тилкеси жана анын аймагында жайгашкан имараттары Нарын шаарынын мэриясынын балансына кайтарылды, алардын болжолдуу баасы 114 млн.500 миң сомду тʏзɵт.

Муниципалдык менчикке 5 мʏлк ɵтɵт

Мамлекеттик мʏлк фондунан Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына 5 мʏлк ɵткɵн. Алар: “Динамо” кʏрɵш залынын жери имараттары менен, “Эрем” спорт клубу жер аянты менен, футбол талаасы жана эки кабаттуу имарат. Учурда мʏлк фонду менен ɵткɵрʏп алуу процесси жʏрʏп жатат. Толук ɵткɵрʏп алуу аяктаса муниципалдык менчик башкармалыгы ишин баштайт.