7 декабря, 2024

Сулуу, сʏрдʏʏ, сырдуу формачан айымдар

Милиция кызматындагы аялдар 100 жылдан бери ɵлкɵ коопсуздугун камсыздоодо зор салым кошуп келишет. Алар бардык нерселерге жетишип келген: балдарды тарбиялап, жылуу ʏй-бʏлɵлʏк очокту сактап, эркектер менен бирдей шартта кылмыштуулук менен кʏрɵшʏʏдɵ  ишин татыктуу аткарышат. Бул макалада аял милиция кызматкерлеринин кʏнʏмдʏк турмуштагы кыйынчылыктарга карабастан коомду коргоодогу эрдиги, кызыктуу окуялары менен кызматтагы ийгиликтери баяндалат.

Милициянын майору Гʏлназ Базарбаева, Араван РИИБнин аймактык улук тескɵɵчʏсʏ.

“Жолдошум экɵɵбʏз тең милиция кызматкерибиз”

-Эркек кишиге салыштырмалуу аялзаты  жоопкерчиликтʏʏ жана аракети кʏч болобуз. Убакытка так жʏргɵнгɵ дайыма аракет кылам. Жумушум чындыгында кыйын. Башында аябай кыйналганмын. Бирок эч качан жумуштан баш тартып,  таштап коюуну ойлонгон эмесмин. Анткени жолдошум дагы милиция кызматкери. Мага дайыма колдоо кɵрсɵтʏп келет. ʏй-бʏлɵ менен ишти бирдей алып кетʏʏмдʏн бирден бир чоң себеби да ушул. Албетте, бардык эле кесипте кыйынчылыктар болот. Кээде балдарымдын мектебине же чогулушуна барганга убакыт болбой калат.  Бирок кандай учур болбосун баарына жетишкенге аракет кылып келем. Жумуш деп балдарымды, балдарым деп жумушту таштап коюудан алысмын.

“Жумушумдагы мени ойлонткон маселе жаш балдардын кылмыштуулукка баруусу”

-Балдар арасындагы кылмыштуулуктун катталуусу былтыркы жылга салыштырмалуу аз. Бирок, бизге катталган кылмыштардын 70-80% уурулук. Мындай кадамга барган балдардын кɵпчʏлʏгʏ  ата-энеси миграцияда жʏргɵндɵр же ата-энеси жакшы кɵзɵмɵлдɵбɵгɵн балдар болушат.  Ар бир ата-эне баласына жакшы тарбия берʏʏсʏ керек. Анткени тарбия ʏйдɵн башталат. ʏйдɵ болобу, кɵчɵдɵ болобу, коомдук жайларда, деги эле кай жер болобосун баласына ɵзʏн кандай алып жʏрʏʏ керектиги тууралуу айтып берип, баланы жакшы жакка ʏндɵшʏ керек. Кɵпчʏлʏк ата-эне балдарын мектепке жɵнɵтʏп коюшат дагы тʏшкɵ чейин, болбосо кечке чейин деле кабатыр болбой, баласынан кабар албай  жʏрɵ беришет. Ата-энеси кɵзɵмɵлдɵбɵгɵн бала жаман иштерге баруусу толук ыктымал. Биз ата-энеси миграцияда жʏргɵн балдарды атайы  кɵзɵмɵдɵп да турабыз. Андан сырткары тʏшʏндʏрʏʏ иштерин ай сайын жʏргʏзʏп, мектептерге барып окуучулар менен жолугушуп турабыз.

“Балдарын уруша албаган ата-энелер бар”

-Азыр балдар башкача. Биздин убакка салыштырмалуу азыркы балдардын кабыл алуусу тез жана агрессивдʏʏ. Кээ бир ата-энелер балдарына катуу сʏйлɵй алышпайт. Суицидге барат деп да корккондор кɵп. Биз жумушубузду аткарып жатып тартип бузган балдардын ата-энелерин чакырып келгенибизде ушундай окуяларды кɵп кɵрɵбʏз. Кээ бир ата-энелер балдарын тилдеп же уруша албайт, ал гана эмес катуу сɵз сʏйлɵй албагандар кездешет. Тескерисинче, баласын коргоп, “менин балам мындай эмес, ушул жерге келип, бул досу менен мындай болду, тигиндей болду” деп кʏнɵɵнʏ башкалардан издеп, ɵз баласын корголоого шашылышат.

Мира Бакытбекова,  Ноокат РИИБнин тергɵɵ кызматынын тергɵɵчʏсʏ, милициянын лейтенанты.

“Зомбулукка туш болгон аялдар тергɵɵнʏ аял кызматкер жʏргʏзʏʏсʏн каалашат”

-Азыркы учурда ʏй-бʏлɵлʏк зомбулук, аялдарга карата жасалган кылмыштуулук кɵп орун алууда. Окуяда жабырлануучу жагдайды толук ачып айтып берʏʏсʏ ʏчʏн тергɵɵчʏ аялзаты болгону жеңилирээк. Анткени зомбулуктун курмандыгы болгон аялдар кээде тергɵɵ иштерин аял киши алып баруусун каалашат. Андан сырткары эркек милиция кызматкерине караганда аял кызматкер зомбулукка кабылган аялды тʏшʏнʏп, ичине кирип, сезе алат.

“Жумуштан сырткаркы саамалыктарга эч убактым болбойт”

-Азырынча ʏй-бʏлɵ кура электигиме байланыштуу жумушум жеке жашоомо кɵп деле таасирин тийгизбейт. Бирок жумуштагы милдеттериме байланыштуу кɵп учурда жумуштан сырткары жолугушууларга, ʏй-бʏлɵлʏк саамалыктарга же болбосо курбу-курдаштар менен чогулуп, айланууларга катыша албай калам. 

“Чыныгы аял милиция кызматкери жоопкерчиликʏʏ болушу керкек”

-Мен аял кызматкери катары эркек кесиптештеримден аялдык тилектештик, аялдык сезим, туйгу менен айырмаланам. Башка кесиптерге караганда ички иштер органдарынын аял кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин аткарууда физикалык жактан кыйын учурлар кɵп эле кездешет. Мындай кырдаалга чыдап иштеген аялдар аз. Бирок замандын талабына ылайык, азыр ɵсʏп келе жаткан кыздардын кɵпчʏлʏгʏ бул кесипке кызыкпай койбойт. Милиция кызматына киришкени жаткан жаш кесип ээлерине менин кеңешим — бул кызматта эч качан артка тартпагыла жана жоопкерчиликтʏʏ болгула демекчимин. Биздин кесипте эч убакта баары кызматкерге ыраазы болбойт, нараазы тарап сɵзсʏз болот. Мына ошого чыдап иштеген адам гана чыныгы милиция кызматкери боло алат.

Милициянын майору Нурзат Бактыяр кызы, Ош облусунун ИИБнин кадрлар бɵлʏмʏнʏн ɵздʏк курам менен иштɵɵ жана кесипке даярдык боюнча бɵлʏмчɵсʏнʏн тескɵɵчʏсʏ.

“Башында ʏйдɵгʏлɵр бул кесипти тандоомо каршы болушкан”

-Менин ʏй-бʏлɵмдɵ негизи милиция тармагында иштеген эч ким жок. Мен 9-классты бʏтʏп кесип тандан баштаганымда атайын форма кийип бара жаткан эки милиция кызматкер эжени кɵрʏп калдым. Мага формасы аябай жагып калды. Анан ʏйгɵ барып ʏйдɵгʏлɵргɵ “мен милиция кызматкери болом деп чечтим” деп айттым. ʏй-бʏлɵм башында чындап чочуу менен кабыл алышкан. “Сен кантип иштейсиң, буга чейин туугандарда деле эч ким милиция болгон эмес, кыйналасың, кыйын кесип” деп каршы пикир  айтышкан. Себеби ал кезде аял кишилер милиция тармагында аз болчу. Ошентсе дагы каршылыктарга карабай окуу жайга тапшырып, бул кесипти аркалап калдым. Жумуштан сырткары спорт менен алектенем, алыш кʏрɵш менен машыгып келем.

“Эжеке экɵɵбʏз окуучуну араң сооротконбуз”

-Бир жолу жумушум боюнча бир мектепке барып калдык. Анан окуучуларга тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп жатсак эле бир мугалим келип, “жʏрʏңʏз, менин 1-классыма кирип коркутуп коюңузчу” деп калды. Биз баргыча эле эжекеси “азыр милиция кызматкери келсе, силерди камайт” деп коркутуп коюптур. Мен бараарым менен эле тентектик кылган бала мени кɵрʏп ыйлай баштады. Эжекеси экɵɵбʏз баланы араң сооротконбуз. Мына ошондон улам дагы бизди кээ бир мектептердеги балдар башкача элестетип алышат дагы биз барганда коркуп качып кетишет.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы