Ɵлкɵнʏн атын дʏйнɵгɵ таанытууда маданият менен спорттун орду чоң экени талашсыз. Ошондуктан “маданият – улуттун жʏзʏ” деп айтылат. Элибиздин кайталангыс кʏʏлɵрʏ, обондору, бийлери жана башка бардык баалуулуктары эл аралык сынактарда, фестивалдарда даңазаланып, жетишерлик кадыр-баркка ээ болуп келет. Туристтердин Кыргызстанга тартылып, кооз жерлерин кɵрʏʏгɵ ашыккандары да бекеринен эмес. Ош шаары да маданиятыбызды таанытууда эбегейсиз эмгектерди жасап келʏʏдɵ. 2-ноябрь ɵлкɵдɵ маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленет. Изденʏʏнʏ талап кылган ары тʏйшʏктʏʏ, ары жоопкерчиликтʏʏ кызматты аркалап, ири иш чараларды уюштуруп, маданият кызматкерлеринин башын бириктирип келе жаткан Ош шаардык маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркулов “Бейне” рубрикабыздын коногу.
“Бала чагым Жалал-Абад шаарында ɵттʏ”
-Элдияр мырза, алгач айылыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

-Ɵзʏм Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылынан болом. Бирок, Алай районунун Гʏлчɵ айылында тɵрɵлгɵн экемин. Ал убакта атам укук коргоо органдарында иштегендиктен аймактарга которуулар кɵп болуп, ʏй-бʏлɵбʏз Алайда жʏргɵн кезде жарыкка келипмин. Бала чагым Жалал-Абад шаарында ɵттʏ. 1-класста ал жактагы №4 гимназияга кабыл алынып, эки жыл окуган соң кетип, Базар-Коргондогу Б.Алыкулов орто мектебинде 8-класска чейин билим алдым. Калган окуумду кайрадан №4 гимназияда улантып 11-классты аяктадым. Ал ортодо бухгалтерия адистигинде бир жыл окууга да жетиштим. Ошентип атамын жумушу Ош шаарына которулмак болуп ʏй-бʏлɵбʏз менен Ошко кɵчʏп келдик. Мен Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетине тапшырып, андан кийин юридика институтунда магистратураны уланттым.
-Маданият тармагына кантип кызыгып калдыңыз эле, чыгармачылыкка болгон жɵндɵм ким тарабынан ɵткɵн деп ойлойсуз?
-Айтып ɵткɵнʏмдɵй, ата-энем чыгармачылыктан алыс кишилер. Атам учурда ардактуу эс алуудагы полковник. Апам да мектепке чейинки билим берʏʏ мекемесинде директорлук кызматты кɵп жыл аркалап, азыр пенсия курагында. Ата журтум тарапта да, тай журтум тарапта да элге кызмат кылган инсандар кɵп. Анын ичинде улуу таекебиз Кыргызбай Арапбаевич Осмонов чыгармачылык чɵйрɵдɵ эмгектенет. Мендеги чыгармачылыкка болгон жɵндɵм тайларым жактан ɵткɵн болуш керек. Мектепте окуп жʏргɵндɵ маданий иш-чараларга тынбай катышып, ырдап, бийлеп, класстагы активист окуучулардан элем. Студент кезимде башкы режиссер Муратов Турат агай менен борбордук аянтта кɵбʏрɵɵк иштеп калдым. Ошол учурда 2007-жылы “Step by step” бий тобун ачканбыз.
-Бий тобун ачууңузга эмне тʏрткʏ болгон?
-Казакстандагы маданий иш-чаралардын биринде жʏрʏп, заманбап бийлерди аткарган кɵптɵгɵн бий топторун кɵрʏп калдым. Ɵзʏ да кичинемден бийге кызыккандыктан “бизде да ушундай топторду тʏзсɵ эмнеге болбосун” деген дем менен келип “Step by step” тобун тʏздʏм. Бийден сырткары ырдайт да болчубуз. Кыска убакыт аралыгында кадыр-баркка ээ болуп, ошол кездеги эң атактуу бий топторуна айланды. “Сырдуу ойлор” деген ырыбыз элге бат эле сиңип кеткен. Гастролдорго да чыгып жʏрдʏк. Тилекке каршы, бий тобубуздун ɵмʏрʏ бир аз кыска болуп калды. 2010-жылкы Ош окуяларынан кийин топтун мʏчɵлɵрʏ турмуш-тиричилик деп тарап кеттик. Мен 2011-жылдан тарта Ош шаардык мэриясынын жаштар комитетинде иштеп калдым.

“5-6 жыл ишкерлик менен алектендим”
-Маданият чɵйрɵсʏндɵ иштегениңизге канча жыл болду?
-Жогоруда айтканымдай маданият тармагына кызыгып жʏрʏп, жаштык кездеги хоббим кесиптик тармакка айланып кетти десем жаңылбайм. Студент кезде Рысбай Абдыкадыров атындагы филорманияда балетмейстер, администратор, режиссер, орун басарлыкка чейинки кызматтарды аркаладым. Кийинчерээк ишкердик чɵйрɵсʏн тандап, маданияттан 5-6 жылча алыстап кеттим. Ошентип ишкердик кылып, маданиятка анча аралашпай жʏргɵн кезде маданият башкармалыгынан сунуштар тʏшʏп калды. Мамлекеттик сынактар аркылуу, этаптардан ɵтʏп отуруп 2019-жылдан бери шаардык маданият башкармалыгынын жетекчилик кызматын аркалап келем.
“Бир иш-чараны ɵткɵрʏʏгɵ эки ай даярданабыз”
-Мекеменин жана кызматкерлердин жетишкендиктери тууралуу айтсаңыз?
-Буга чейин Маданият башкармалыгы алдында тɵрт топ тʏзʏлгɵн. “Акак Ош”, “Мурас”, “ʏйлɵмɵ аспаптар оркестри” жана Ош шаарынын мэри Бакытбек Жеңишбековичтин колдоосу менен “Кыргыз эл аспаптар” оркестри Ош шаарында тарыхта биринчи жолу ачылды. Учурда оркестр кыргыз эл кʏʏлɵрʏн, асаптарын сактоого, жайылтууга олуттуу салым кошуп келе жатат. Республикалык сынактарда Ош шаары дайыма байгелʏʏ орундарды багындырып келʏʏдɵ. Кызматкерлер боюнча айтсам, аппаратта жалпы 9 адам эмгектенет. Андан сырткары жетекчи, орун басар жана башкы адистерибиз. Маданият башкармалыгында эмгектенген ырчы, бийчилер, комузчулар эл аралык деңгээлдеги фестивалдарга катышып, концерттерди тартуулап келшʏʏдɵ. Акыркы эки жылдан бери маданият кызматкерлерин чет жактагы фестивалдарга кɵбʏрɵɵк жɵнɵтʏʏнʏ колго алдык. Бул шаарыбыздын туризм багытын ɵнʏктʏрʏʏгɵ салым кошот. Мисалы, эл аралык деңгээлге канчалык кɵп чыгып, кɵп таанылсак шаарыбызга кызыккан чет элдик туристтер, блогерлер кɵбɵйɵт. Ошто ɵткɵрʏлгɵн эл аралык деңгээлдеги иш-чарага келген коноктордун баарын Оштун кооз жерлерин, тоолуу жайларын кɵрсɵтʏп келебиз.
Материалдык-техникалык база
-Азыр заман талабына ылайык бардык нерсе санариптештирилʏʏдɵ. Биздин башкармалыкка да жергиликтʏʏ бийлик тарабынан лед экрандар, ʏн аппараттары, санариптик пульттар алынып берилди. Буга чейин техникаларды ташыганга бир эле унаабыз болгон. Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен дагы бир портер ʏлгʏсʏндɵгʏ унаа сатып алдык.

“Жарым сааттык иш-чаранын артында эбегейсиз мээнет жатат”
-Жумушуңуздун тʏйшʏктʏʏ жагы. Бир иш-чараны ɵткɵрʏʏ ʏчʏн канча убакыт даярданасыздар?
-Бир иш-чарага жок эле дегенде эки ай даярданабыз. Мында режиссер, балетмейстер, сʏрɵтчʏлɵр, жарык, ʏн режиссерлору жана башка кɵптɵгɵн адистер отуруп алып кеңешип, сунуштарды айтабыз. Жетекчилер кɵрʏп чыгып, алар да сунуштарын беришет. Жарым саат же бир сааттык иш-чаранын артында эбегейсиз мээнет жатат. Манасты да манас кылган кырк чоросу демекчи, бардык кыйынчылыктарды команданын ынтымагы, уюшумдуулугу менен жеңип келе жатабыз. Иш-чараларда айтылган мактоолор, кол чабуулар, социалдык тармактар аркылуу келген жакшы комментарийлер, дегеле Маданият башкармалыгынын алкышка татыктуу болушуна ал жерде иштеген улан-кыздардын салымы чоң. Негизи бизде кызматкерлердин басымдуусун жаштар тʏзɵт. Ɵз ишин сʏйгɵн креативдʏʏ, идеяга бай жаштарыбыз бар.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы